1916-2016. Үркүн окуясына – 100 жыл

1916-2016. Үркүн окуясына – 100 жыл

Улуу жолдун учун улаган билет,

Улуу тарыхты сураган билет

1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган руханий-практикалык жөө жүрүш

8-12

Улуттун трагедиясына айланган 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арнап, жүрүшкө жөө чыгууну, ченелүү гана азык алууну жана ашуу жерлерин басып өтүүнү көздөп, ушул жылдын 1-июлунан 7-июлуна чейин “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин 5 кишиден турган өкүлү: Мирхамид Токтогулов, Миррахим Токтогулов, Дөөлөт Рысбаев, Жоламан Жолдошбек уулу жана мен – Чолпонбек  Капарбек уулу  “Бишкек – Соң-Көл” багытында жөө жүрүшкө чыгып кайттык.

Кайратынан кайтпаган карылар, демди арттырган аталар, наристесин кучагына алган намысы бекем апалар, жигит-кыздар, балдар, кош бойлуу келиндер… үстүдө баскан жүк менен, аз сандагы мүлк менен, ар кимдин алына жараша малы менен, кар-мөңгүлүү катаал, аска-зоолуу татаал, ашуусу туюк, бели бийик азаптуу жолду ашып өтүшкөн эле. Кытайга жеткени жетти, жетпегени ар жолдо азап-арманга баткан боюнча ачык асман алдында мерт кете берди… Алар жашап өткөн бороон, ызгаар, ачарчылык, кыргын, оору, коркунуч, үмүт…

8-2

Булардын баарын ойлоо, элестетүү, ал тарыхты тактап окуу качан да болсун көкүрөктү өйүбөй койбойт. Мына ошондуктан биздин бул руханий-практикалык чакан жүрүшүбүз  -алар көргөн жөө жолдун кичине да болсо бөлүгүн сезип-туйуу, өзүбүздүн ал-күчүбүздү, кишилик деңгээлибизди, сапаттарыбызды таануу, сыноо жана чыңдоо, руханий абалыбызды бийиктетүү жана жандуу жаратылыш менен шайкештикке кирүү максатында болду.

8-Миррахим

Максатка ылайык, биздин сапарыбызда ар кандай жолду басып өтүүгө туура келди. Ашуу ашып, суу кечкен кезде кыйынчылыктар болбой койгон жок. Муну менен эркибизди, кубатыбызды,  күчүбүздү чыңдап жаттык. Аны менен бирге, биз ой-боюбуз менен жаратканга жана табиятка сиңип, тиленүү, тунуу абалдарын жашап жаттык. Мындай абал жүрүш учурунда жалпыбыздын жан дүйнөбүздү ээлеп турганы ачык байкалып турду. Мындан сырткары, ар кандай шартта түнөп калууга да туура келди. Мөңгүнүн үстүндө түнөгөн учурда ички жылуулук аркылуу сырткы жылуулукту жаратып, суукту сезбеген абалга жете алдык. Бир өзүбүздөн башка бөлөк адамдар кездешпеген табийгаттын койнунда ар бир таң менен Кудайдан жекелик, үй-бүлөлүк, элдик жана адамзат-ааламдык деңгээлде тиленип, кечиримибизди суранып, ыраазычылыгыбызды билдирүү менен ички-сырткы дүйнөбүздү тазалап жаттык.

Бул жөө жүрүш жеке биз үчүн чоң сабактардын бири болду десем жаңылышпайм. Андыктан, ар кандай таасирлерге, сезимдерге, ой-толгоолорго малынткан мындай жүрүштү ар жыл сайын уюштуруп турууну туура таптык. Эрте таң менен кошо туруп, түн менен бирге болуп, тоо ашып, суу кечип, ажайып гүлдөрдү көрүп, таштак да, карлуу да жерлерди басып келген ушул сыяктуу сапарлар адамды күнүмдүк көр оокаттан, түйшүктөрдөн арылууга, аталар баскан жолду таанууга, жашоонун анык барк-баасын сезүүгө, канда жаткан катылуу касиеттерди, тегиңден келаткан көмүскөдөгү мурасталган жакшы сапаттарды ачууга, эң оболу өзүңдү таанууга чоң салым кошоорун билгизди.

Бишкектен Ала-Арча ашуусу аркылуу Соң-Көлгө жөө барууну көздөгөн тобубуз эки ашууну ашып Суусамыр айылына чейин жетип, тилекке каршы  жагдай-шартыбызга жараша убакытыбыз ченелүү болуп, кайрадан Бишкекке унаа менен кайтууга туура келди.

Кандай болсо да, алгачкы бул жөө жүрүшүбүз текке кеткени жок. Жогоруда айтып кеткендей, эң негизгиси, биз Үркүн окуясында шейит кеткендердин арбагына таазим этип бир жумалык жолду жөө басып өтө алдык жана ата-бабалардын эл-жер үчүн деген сүйүүсүн, урматын, сагынычын кан-жаныбыздан өткөрүп, “Өз жериңдин топурагы алтын”, “Мекениң – көздүн кареги”, “Эл барда – сен барсың” деген улуу саптарды сезимдин төрүнө дагы бир жолу байырлатып, бул накылдарга көкүрөк тереңинен орун бердик…

8-3

Жүрүштүн катышуучусу Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

One thought on “1916-2016. Үркүн окуясына – 100 жыл

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *