“Бир баланы тарбиялоо – бир дүйнөнү ачууга барабар”

4-1Улукбек БОЛУШОВ, Эл аралык “Диалог Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлү, “Диалог Евразия” коомдук фондунун президенти

Ар бир учурдун өзүнө жараша жаратмандары болгондой эле, мамлекеттин бүтүндүгүн жана бийиктигин камсыздай турчу эл тилегинен бүткөн азыркы мезгилдин дагы  азаматтары бар.  Мындай азаматтарыбыз кайда болбосун Ата-Журттун камын көрүп, таламын талашып, саламаттыгын сактоого көрүнөө да, көмүскөө да иш-аракеттерди жасай бермекчи.  Ушундай атуулдарыбыздын бири, Чыңгыз Айтматов атабыздын демилгеси менен уюшулган эларалык «Диалог Евразия» платформасынын Кыргызстандагы президенти Улукбек БОЛУШОВ мырза –  бүгүнкү “Мекенчил дымак” рубрикабыздын каарманы болду. «Диалог Евразия» платформасы – бул  Евразия калкынын ортосундагы тынчтык, өз ара түшүнүүчүлүк жана диалогду кеңири жайылтуу максатында курулган эл аралык коомдук уюм. Буга 12 мамлекет мүчө болуп кирген жана ал 1998-жылдан бери жигердүү иштеп келүүдө.

Улукбек мырза,  чет өлкөдө билим алып жүргөнүңүздө Кыргызстанды башкаларга таанытканыңызды, өзүңүздүн билимиңиз менен башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн таңгалдырганыңызды укканыбыз бар. Ушул боюнча кененирээк сөз кылып бересизби?

– Ооба, мындай көрүнүш болгон. Мен Швейцарияда окуп жүргөн кезимде биздин бөлүмдө дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген студенттер окучу эле. Алардын көпчүлүгүнүн Кыргызстан тууралуу маалыматы жок болчу. Ошондуктан мага кайрылып “сиз кытайсызбы, жапонсузбу же корейсизби” деп көп сурашчу. Мындай суроолордон улам студенттерге Кыргызстанды таанытпасамбы деген ой-максатым күч алып жүргөн.

Анан эле ушундай күндөрдүн биринде студенттерди жакындан тааныштыруу үчүн 2 профессорубуз бизди бир аудиторияга чогултуп калды. Анан баарыбыздын ар башка өлкөнүн өкүлдөрү экендигибизди эске алып, канча тил билсеңер ошого жараша топ-топ болуп бөлүнгүлө дешти. Ошондо 3 тил билгендер көп болду, 4 тил билгендер да көп эле чыкты, 5тил билгендер 3-4 студент болду, 6 тил билген бир швейцариялык кыз чыкты, 7-8 тил билген эч ким жок, ал эми 9 тил билгенден мен чыктым. Ошондо Кыргызстан жөнүндө маалыматы жок кишилер таң калып, өлкөбүзгө кызыгуусун артып калышты. Ошондо жеке менде дагы өзүмө болгон ишенимим жогорулады. 40 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алдыга чыккандыктан, кийин менин студенттер арасындагы кадыр-баркым көтөрүлүп, мени менен дос болууну каалагандар да көбөйдү. Анан Кыргызстанды жакындан таанытуу үчүн кызыккандардын арасынан эки швейцариялык жигитти кийинки жылы Кыргызстанга алып келип, жети облусту кыдыртып, бай маданиятыбыз жана табиятыбыз менен тааныштырдым. Кайрадан Швейцарияга барганда тартып алган видео, фото материалдар менен башка студенттерге Кыргызстанды бирге тааныттык. Ошондо Кыргызстанга келген студенттерден Кыргызстанга чыныгы бааңарды бергиле дегенимде, негизи Швейцарияны кооз дечүбүз, бирок Кыргызстан андан да кооз экен деп жооп беришти. Мындай таанытуу аркылуу башка студенттер да мекенибизге келүүгө абдан кызыгып калышты. Ал студенттер менен азыр да байланышып турабыз.

– Алган билимиңиз жана алгачкы ишмердүүлүгүңүз кайдан башталды эле?

– Алгач “Ош Сема” Кыргыз-Түрк лицейин окуп бүтүргөм. Студенттик күндөрүм болсо Түркияда башталган. Түркиянын Конья шаарындагы “Селчук” университетинде Англис тили жана адабияты бөлүмүн окуп бүтүрдүм. Магистратурамды дагы ошол эле тил жана адабият бөлүмүндө Түркиянын Измир шаарындагы “Эге” университетинде окудум. Ошол мезгилде 22 жашымда эң жаш мугалим аталып, бир жыл лицейде аңглис тилинен сабак бердим. Магистратураны бүтүргөн соң Швейцариянын Цюрих шаарына барып калдым. Ал жакта Бенедикт деген мектепте бир жыл немис тилин өздөштүрдүм. Тил үйрөнгөн соң Орто Азия менен Европаны байланыштырып турган “New Silk Road” деген чоң фонддо төрт жыл башкы координатор болуп эмгектендим. Бул ишмердүүлүгүм менен катар Швейцарияда да бир университетте окууну максат кылып, “Эл аралык менеджмент” бөлүмүндө төрт жыл окудум. Диалог тармагындагы негизги ишим ушул фонддо башталды десем болот.

– Кыргызстан менен тыгыз байланышта болгон жана мекенибиздин, мекендештерибиздин кызыкчылыгына шай келген дагы кандай ишмердүүлүктөрдү аткардыңыз?

– Швейцариядан кийин Россияга барып иштеп калдым. Ал жакта “Орус-Кыргыз” достук фондун ачтык. Себеби, Москвада 200 000ге жакын мекендештерибиз эмгектенип жүргөндүктөн, ал жакта кыргызча билим берүүнү жолго коюу максатында кыргыз тилдүү бала бакча жана мектептерди курууга план койдук. Бул ишти Москва мэриясы менен биргеликте уюштурдук. Москванын айланасындагы аймактардагы мекендештерибизди да бул ишке тартып, “Достук көпүрөсү” деген гезит чыгарып, аны мекендештерибизге бекер таркатып жаттык. Муну менен катар каалоочулар үчүн кыргызча курстарды ачып окуттук. Алдыңкы жана мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге атайын стипендияларды бердик. Бул ишибиздин жемиши жакшы болгондуктан, кийин Омск, Екатеринбург, Хабаровск, Сахалин, Владивостокко чейин барып бул ишти уланттык. Мындан сырткары Россиянын көптөгөн жерлерине барып, мекендештерибиз менен жолугуп, аларга кандай жардам бере ала турганыбызды сурап, колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүп жаттык. Алар биздин “келгиле кыргыз тилинде окутуучу мектептерди, бала бакчаларды ачалы, кыргызча китеп, журнал жана гезиттерди чыгаралы” деген сунушубузга абдан ыраазы болушту жана “Кыргызстандан келгендердин көбү бизден акча сурап келишчү, силер болсо кандай жардам берели деп келип жатасыңар, мындай иш-аракеттериңер биздин мекенге болгон ишенимибизди арттырып, келечекке болгон үмүтүбүздү жандырды” деп ыраазычылык билдиришти.

Андан соң өлкө ичиндеги иштерибизди негиздеп,Бишкекте “Марал FM” радиосун ачтык. Бул радиодо биринчи директор болуп эмгектенип калдым. Радиону эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн иш-аракеттерди көп жасадык. Азыркы тапта “Марал FM” мекенибиздин жети дубанында сапаттуу тартып жатат. Ал ортодо кайрадан сыртка чыгууга туура келип, андагы сапарым АКШга багытталды да, Чикаго шаарында “Кыргыз-Америка” ассоциациясында башкы координатор болуп иштеп калдым. Ал жактагы биздин мекенчил атуулдарыбыз менен биргеликте маданий-агартуу тармагында көп иштерди аткардык. Мындай иш-чараларды Калифорнияда, Лос-Анжелесте, Хьюстондо, Сан-Франциско, Техас ж.б. шаарларда да уюштуруп турдук. Америкадан келгенден кийин “Диалог Евразия” платформасына ишке кирип, бир жылдан бери “Диалог Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлү жана президенти катары эмгектенип жатам. Бул ишим чет өлкөлөрдө топтогон тажрыйбаларымды мекенибизде колдонууга чоң мүмкүнчүлүк болуп калды.

– “Диалог Евразия” платформасы кандай иштерди аткарууда?

– Биздеги мекенчил атуулдарыбыз менен биргеликте көптөгөн иш-чараларды өткөрүлүп келүүдө. Орто эсеп менен 35тей мамлекетте болдум, ар бир мамлекетте Кыргызстанды даңазалоого жана ал жактан өлкөбүзгө пайдалуу нерселерди алып келүүгө аракет күч. “Диалог Евразия” платформасында таасирлүү жана учурдагы улуу адамдардан куралган “Улуттук кеңешибиз” бар. Бул кеңеште учурдагы ишке ашырууга зарыл болгон маселелерди талкууга алып, чыккан чечимге жараша иш жүргүзөбүз. Баардык максатыбыз коомдук аң-сезимди көтөрүүгө, өлкөнүн өнүгүшүнө ар-тараптуу салым кошууга багытталууда. Айтыштарды өткөрүп жатабыз. Китептерди чыгаруудабыз. “Мурас” фонду менен биргеликте “Тарыхта из калтырган инсандар” тууралуу семинар, конференцияларды өткөрүп келүүдөбүз. Баткенде Полот бийге, Нарында Арстанбек Буйлаш уулуна, Таласта Жусуп Мамай манасчыга арналган чоң конференциялар өттү. Жакында Ошто дагы улуттар арсындагы диалогду чыңдоо максатында чоң конференция өткөргөнү жатабыз. Мындагы негизги максатыбыз жергиликтүү жашоочулардын ынтымагын чыңдоого салым кошуу болуп саналат.

– Кыргызстандагы муун аралык диалогду кандай баалайсыз?

– Чет өлкөдөн келген учурумда бизде муун аралык диалогдун жоктугун байкадым. Конференция, жыйындарда жаштарга сөз берилбей калат. Улуу муундун өкүлдөрү гана сүйлөп, жаштар калып калууда. Ал эми АКШда, Европада кимдин билими жогору болсо, маалыматы көп же тажрыйбасы бай болсо, ошолорго сөзсүз сөз берилет. Сүйлөй-сүйлөй – чечен, көрө-көрө – көсөм болот. Бизде улууга урмат жакшы, кичүүгө ызаат анчейин болуп калып жатат. Жаш болсо да жоопкерчилик берип, өнүктүрүп, бышырып, муун аралык диалогду бекемдеп, биргеликте иштешибиз керек.

– Жаштардын адам катары калыптануусунда кандай чабалдыктарды байкай алдыңыз?  

– Бул жерден бир эле көрүнүштү айта кетейин, мисалы, “Диалог Евразия” платформасы Асан Ормошов, Бекжан Ахметов агайларыбыз менен биргеликте студенттер менен жолугушуп Ош, Жалал-Абад жана Бишкекте семинар өткөрүп калдык. Ошондо студенттерден алардын максаттарын сураганыбызда, 1 жылдык же 1 айлык деле максаты жок студенттер чыкты. Эртең эмне кылаарын билбегендер деле көп. Негизи максат коюшту, эмне үчүн окушту билиш керек. Мисалы, Европадагы студенттердин эч болбоду дегенде беш жылдык планы бар. Алар беш жыл ичинде эмнеге жетээрин, кайсыл тилдерди өздөштүрөөрүн, кайсыл өлкөлөргө чыгаарын так пландап, анан ошого жараша иш кылат. Биз да ушуга жетишибиз керек.

– Студенттердин максатты так коюуну билбегендигинин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Негизги себеби ата-энеде жана мугалимде. Баланын үйдөгү, мектептеги жана сырткы чөйрөдөгү убактысын, абалын ата-эне көзөмөлдөп турууга тийиш. Бизде көпчүлүк ата-энелер буга көңүл бурбай коюшууда. Өткөндө бир байке абдан жакшы пикир айтты, ал Жапониядан гүл алып келип өстүрүп аткан экен. “Ошол гүлгө суу куюп баккандай, кам көргөндөй балама кам көрбөйт экенмин. Биз баланы чоңоёт да деп карабай коёт экенбиз. Көрсө, биздин чоң катачылыгыбыз ушунда экен” деди. Бир баланы тарбиялоо – бир инсанды тарбиялоого, бир дүйнөнү ачууга барабар. Бул жерде мугалимдин да орду чоң. Мугалимдик – ардактуу кесип. Алар да бир өлкөнүн келечегин тарбиялап жаткандыктарын билүүгө тийиш. Анткени алар психолог, педогог катары баланын жөндөмүн жакшы билет. Ошондуктан ата-эне менен биргеликте баланын тарбиясы үчүн кам көрүп, анын артыкчылыктарын ачып, максатын аныктаганга жардам көрсөтүү керек.

– Учурда абитуриенттердин да кесип тандоого, жаңы баскычка көтөрүлүүгө камданып турган кези. Аларга кандай кеңеш бересиз?

– Көп учурда окуучуларга чет өлкөлөрдө окуганга аракет кылгыла деп айтам. Эч болбосо башка шаарга, облуска баргыла, өз айылыңардан алысыраак чыккыла дейм. Анткени мындай кадам жаңы тажрыйбаларды алып келет. Абитуриенттерге болсо, өзүңөргө бекем ишенгиле демекчимин. Анткени абитуриенттердин колунда чоң мүмкүнчүлүктөр жана кең келечек бар. Чет өлкөдөн билим алууга дараметиңер жетет. Бирок билим алган соң Кыргызстанга келип, өз мекенибизди өнүктүрүү үчүн иштешибиз зарыл. Ал эми чет өлкөдө окууну каалаган абитуриенттер болсо бизге кайрылса болот. Биздин Европадагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте университет тандоого, жашай турган жай менен камсыздоого жардам көрсөтө алабыз.

– Бир канча өлкөдө болдуңуз, алардын билим берүү системасын да талдап көрсөңүз керек. Ушундан улам биздин өлкөнүн да билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөрдү көргүңүз келет?

– Биздин билим-берүү тармагында реформалар жүрүп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Азыр бизге биринчи кезекте мугалимдерге багыт бере билүү керек болууда. Мугалимдер акча үчүн эмес идея үчүн иштегенге жетишсе, өлкөдө өсүү ылдам жана ырааттуу болот. Мисалы: Финляндиянын, Швейцариянын өнүгүшүндө мугалимдер алдыңкы катарларда турат. Мугалимдердин окуучуларына дем берүүсү, шыктандыруусу жана багытын аныктаганга жардам берүүсү мыкты инсандардын калыптануусуна шарт түзгөн. Азыр бул өлкөлөрдө мугалимдерге абдан жакшы кам көрүлөт. Анткени мугалим келечектин жолун салат эмеспи. Шведдер мугалимдердин билимин жаңылап, деңгээлин жогорулатып туруу үчүн ар бир 4 жылда бир жолу 1 жылдык бекер окуудан мугалимдерди өткөрүп турушат. Мугалим жаңыланса, окуучу да жаңыланып турат. Бизде да мындай тажрыйбалар ишке кирип, мугалимдерди эл аралык семинарларга, окууларга жөнөтүп турсак билим-тарбия жакшырат. Албетте, маяналарды да жогорулатуу зарыл.  Куш эки канаты бүтүн жана кубаттуу болгондо гана оболоп уча алат. Эл эми эки канат бул – билим менен тарбия. Мугалимдер да жакшы аттестациядан өтүүгө тийиш. Мектепти сүйдүрүү үчүн мугалим, ата-эне жана окуучулар бирге иш жүргүзүүсү керек. Мектепте жакшы окуган окуучулар мезгил-мезгили менен мектебине барып, окууларды, жолугушууларды уюштуруп турушу зарыл. Мындан сырткары окуу жабдыктары да сапаттуу болсо дейм.

– Сизди өзгөчө таасирленткен адыңкы үч адам же чыгарма кайсыл?

– Мен 16 жылдай чет өлкөлөрдө жүрүп калдым. Ошол учурларда абдан таасирленген кишилеримдин бири – түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлен болду. Ал киши заманыбыздын чыныгы ойчул кишилеринин бири. Гүлен мырзанын чыгармаларын күтүп окуйм. Анткени көз караш, дүйнө таанымыма төп келген инсан. Чыңгыз Айтматов атабыз да мен таасирленген адамдардын алдыңкыларынан. Чыңгыз атабыз менен Швейцарияда таанышып, кийин Кыргызстанда да кездешип, кеңеш алып жүрдүм. Анан албетте мени таасирленткен алдыңкы үч адамга өз атамды атайм. Дайыма мага кеңешчи болуп, туура багытка жолдогон адамым атам болду.

– Жетишкендиктериңиздин сыры эмнеде?

– Жашоодо дайыма жаңыланып турушубуз керек. Сууну деле идишке куюп туруп коюп койсоң эскирип, өзү эле эмес идишин да булгана баштайт эмеспи. Ошондуктан биз тунук дарыядай агып турушубуз керек. Күн сайын жаңыланып, өсүп турууга тийишпиз. Бул ойду идеялык принцибим катары тутунуп келем. Окуп жүргөнүбүздө Ф.Гүлен мырзанын окуучуларынын биринен мындай пикир уккам, ал жигит колуна китеп кармап туруп, “эгер сен өзүңдү жана дүйнөнү өзгөртөм десең, анда ушул китепти окуп бүтүрмөйүнчө уктаба” деп айткан. Башкача айтканда, күнүнө бир китептен окушубуз керек деген. Күнүнө болбосо да,  жумасына бир китептен окуп, ар дайым жаңыланып турууга тийишпиз. Мен баарын билем деген киши – эч нерсени билбеген киши.  90го чыкканына карабай, китеп окуп, изденип жүргөн кишини кезиктирген элем АКШдан. Ошондуктан изденүүнүн, окуунун чеги жок деген ойго токтолдум. Бош окуй бербей максат коюп, ошого жетүү үчүн көп-көп окушубуз шарт.

– Иштериңизди ийгилик коштосун деп, ыраазычылык билдиребиз!

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *