Гуанчжоудагы кыргыз студенттеринин жашоосу кандай?

IMG_2526Айгерим БАЙТИКОВА Тγштγк Кытай технологиялык университетинин (SCUT) магистранты, Соода жана Экономика факультетинин студенти

Гуанчжоу Кытайдын субпровинциялык маанидеги ири шаары. Расмий маалыматка караганда, шаарда 13 миллиондон ашык адам саны катталган. Гуанчжоу түштүк кытайдын саясый-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана транспорттук, ошондой эле финансылык борбору катары стратегиялык маанилүү ролду ойнойт. Шаардын эки миң жылдык тарыхы бар. Байыркы заманда Кытайдын деңиздеги жибек жолунун баштапкы пункту Гуанчжоу болгон. Бирок ал убакта шаар такыр башкача айтылчу. Бул шаар негизинен Кытайдын түндүктөгү салттуу шаарларынан тилдик өзгөчөлүгү жана климаттык шарты менен кескин түрдө айырмаланып турат. Ал эми кыргызстандыктар үчүн Гуанчжоу дүйнөлүк өндүрүш жана сооданын көргөзмөсү (CECF, Canton Fair) жана жайнаган дүң базарлардын очогу катары белгилүү. Ушул жерден көпчүлүк мекендештерибизде калыптанган стереотипти дароо четке кагып айта кетейин, бул шаар эч кандай арзанчылыктын шаары эмес.

IMG_2019Билим жана тил деңгээли

Бүгүнкү күндө Гуанчжоуда 600дөн 1000ге чейинки кыргызстандыктар жашап келет. 600 бул – туруктуу окуган, иштеген же үй-бүлө күтүп жашагандар деп саналса, калгандары сезондук келгиндер болуп эсептелет. Маалымат албетте божомолдуу, бирок негизинен ушундай. Бул жакта окууга келген студенттер тил курстарында, бакалаврда, магистратурада, докторантурада билим алып келишет. Тил окугандар үчүн бул жердеги жогорку окуу жайлар билим берүү деңгээли боюнча дээрлик айырмаланбайт, ошондой эле алардын контракттык төлөмү дагы адатта окшош келет. Кытайга окуу үчүн кыргызстандык студенттерге арналган гранттын үч түрү бар: өкмөттүк грант, Конфуций институтунун гранты жана университеттик грант. Жыл сайын Кыргызстандан бул шаарга магистр алуу үчүн үчтөн гана студент тапшырат, стипендиясы 482 $ды түзөт. Докторантурага негизинен бул жактын магистратурасын окуп бүтүп тапшыргандар көпчүлүктү түзөт. Докторантуранын стипендиясы 562 $ды түзөт. Биздин студенттердин басымдуу көпчүлүгү бакалаврда окуп келишет, алган стипендиясы 321 $ды түзөт. Адистик боюнча билим берүү, өзгөчө информациялык технологиялар бир катар жаңы форматтагы көз караш менен берилет. Мүмкүн болушунча дүйнөлүк стандарттардан калбоо бийиктигин мен окуган окуу жайдын деңгээлинен байкаса болот. Кытай тилин өздөштүрүү биздин жаштардын орчундуу максттарынын бири болгондуктан, бул багытта бардык ыкма жакшы жыйынтык берет. Менин байкоом боюнча студент окууга канчалык мотивацияланган болсо, анын тил окуудагы күчү дагы ошончолук. Бирок жалпы көрүнүштү алып карай турган болсок, биздин студенттердин тил билүү деңгээли ортодон жогору, башкача айтканда 100 %га чыга бербейт. Бирок орто деңгээл деп – кытай тилин билүү деңгээлин текшерген HSK системасынын 5-баскычын ала турган болсок (6-чы баскыч эң жогорку көрсөткүч), анда Кытайда жашоого жана күнүмдүк баарлашууга сөз байлыктары кенен жетет деп айтсак болот.

Жашоонун акча каражаты

Гуанчжоуда жашоого кете турган каражаттын минимуму Пекин менен Шанхайды эсептебегенде башка шаарлардан жогору турат. Орто эсеп менен биздин студент айына 300 $ коротот. Негизинен акча тамак-ашка сарпталат, анан мүмкүн транспортко кетет. Эгер окуу жайдын ашканасынан гана туруктуу тамактанып ашыкча баспаса, жана башка майда-чүйдө керектөөлөрдөн баш тартып сарамжал абалда жашаса, айына 180-200$ кетиши мүмкүн. Бул албетте эгер студенттин жашаган жатаканасы бекер болсо. Ал эми шаардын эс алуу жайларына жана балким музей, парктарга кире турган болсо, же соода борборлорун араласа, кинотеатрга кирсе, айына жок дегенде 500 $ сарпталат. Маданий-эстетикалык деңгээлди айтсак, опера-балет, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, классикалык концерт, чыгыш искусствосу, чай церемониясы, тайцзи – тилекке каршы, биздин жаштарды анчейин кызыктыра бербейт, буга балким студенттин бюджеттик мүмкүнчүлүгү туура келбей жаткандыр. Бирок,мыкты “Старбакс” кофейнясынан кофе ичүү, “Хаген Даз” аттуу атактуу дүкөнүнөн бал муздак сатып алуу, “imax”сапаттуу кинотеатрынан тасма көрүү жана италиялык, түркиялык ресторандардан тамактануу алда канча чоң умтулууну жаратып келет.

Гуанчжоунун субтропикалык алкакта жайгашкандыгы өтө кооз концептуалдык парктарды, тематикалык эс алуу жайларын, көчө декорациясын, ошондой эле өзгөчө архитектуралык маанайды жаратканга чоң өбөлгө түзгөн. Бүгүнкү Гуанчжоу салттуу Кытайды жаңы заманбап жашоого ийкемдүүлүк менен айкалыштырып, абдан кызык, контрасттуу шаар маданиятын берген. Бул жерден эски кытай операсынан баштап, дүйнөлүк поп жылдыздарынын концерттерине чейин көрсө болот.

IMG_2519

Студенттердин тамактануусу

Менимче, бул орчундуу маселе Кытайдагы студенттин философиялык суроосу деп айтса болот. Кайдан жана кандай тамак ичем деген маселе күн сайын ойлонууну талап кылат. Гуанчжоуга келген студент Кыргызстанда жеп көнүп калган нанын, ысык чайды, натурал сүт азыктарын табышы өтө кыйын. Бардык жерде күрүч, жашылча, деңиз азыктары, чочконун эти жана фастфуд (McDonalds, KFC). Бирок ар бир окуу жайдын ашканасында атайын халал бөлүмү болот. Ал жерден адатта КМШнын бардык өкүлдөрү тамактанат. Ашканадагы тамактын орточо баасы 8-12 юань турат (2$ – 114сом). Курамында: күрүч, картошка, тоок эти, жүгөрү, жашылча, күрүч нан. Дем алыш күндөрү студенттер мүмкүн болушунча окуу кампусунан чыгып, шаардын борборундагы биздин табитке ылайык ресторан-кафелерден тамактанышат. Алар: түркиялык, кавказдык, италиялык, бразилиялык, орус тамак жасоочу жайлар болуп саналат. Маселен, түркиялык ресторандын ашканасынан орточо эсеп менен бир адам 150 юань коротот (24$ – 1419 сом), буга: суюк тамак + эттүү тамак + нан + чай + пахлава кирет. Эми болсо биздин студенттер такай кирүүчүфастфуд тамактарын карайлы. “Макдональдс”  же KFC: гамбургер + картошка фри + 200 миллиграмм кола – 15-27 юанды түзөт (2,5$  же 141сом- 4,3$ же 255сом). Кыскасы 250 сомго бир гамбургер жеп чыгасыңар. Кытайлардын тамагы бат тажатып жиберет, анын үстүнө кытайлардын тамактануучу жайларында киши көп, кээде санитардык нормаларга туура келбейби деген кооптонуу менен ал жакка көп барбаганга аракет кылышат. Буларды айтып жатканымдын себеби, Кыргызстанга барсаң эле бул жактан окуп баргандардан “жылан, таш бака жедиңби” деп сурагандар көп. Жок, жылан, таш, бака, курт-кумурска, акула, крокодилди биз жебейбиз. Биринчиден, бул деликатестер сатыла турган ресторандар сейрек жана адата өтө кымбат болот, биз эмес кытайлардын өздөрүнө дагы жеткиликтүү боло бербейт. Мисалы, таш бакадан жасалган сорпонун бир порциясы эле 1500-2000 сомду түзөт, ал эми жыландын кичинекей эле эти 800 сомдон жогору турат.

Гуанчжоудаэки-үч жылдан бери окуп калган жаштардын дээрлик бардыгы өздөрү тамак жасап жегенге аракеттенишет. Майрамдарда кадимкидей боорсок жасап, бири-бирибизди конокко чакырып турабыз. Бул шаарда кыргыздардын саны салыштырмалуу көп болгону менен, атайын уюштурулган ынтымак жок, ар бир чөйрөөзүнүн окуусунун же ишинин айланасында гана кала берген. Бирок балдардын арасында уюштурулган футбол оюну кыргыздарды чогултууга жакшы жардам берет. Былтыркы жылдын акырында Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын расмий түрдө консулдугу ачылды. Консулдук менимче кыргыздардын ынтымагын арттырат жана жарандарыбызга алгылыктуу жардам берүүдө күчүн жана мүмкүнчүлүгүн аябайт деп ишенем.

Кыргызстандык ишкерлер

Дагы айта кете турган маселе, бул Гуанчжоудагы ишкерлер. Өтө көп болбосо дагы, бул жерде бизнес кылган мекендеш ишкерлерибиз жок эмес. Мен кызыгып сурамжылоо жүргүзгөн 50 ишкердин айтымында, алар көбүнесе логистика сферасында жана Кытайдагы ар кандай компаниялардын өкүлдөрү катары иш кылышат. Соодадагы кызматтар бул шаарда олуттуу керектөөгө ээ. Ошондуктан студенттер дагы активдүү түрдө иштегенге аракет кылып келишет. Бул жердеги өз алдынча иш баштаган мекендештерибиз алгач окууга келип анан бул жакта иштеп калгандар. Негизинен үй-бүлөлүүлөр көп, балдары бала-бакчага, мектепке барышат, кытайча кенен сүйлөшөт.

Шаар – дүйнөлүк өнүгүүнүн фонунда келечектүү мегаполис. Ошон үчүн бул жактагы биздин мекендештерибиздин саны дагы жыл сайын өсүүдө. Кытай тилин жана маданиятын мыкты билип түшүнгөн жердештерибиз убакыт өткөн сайын мыкты ишкерлерге айланышса, анда албетте Мекенибиздин экономикасына инвестиция кылбай койбойт деп бекем ишенем.

Гуанчжоудагы кыргызстандыктар 5-10 жыл аралыгында Чыгыштагы жаңы замандын чакырыктарын өздөрүнүн куралына айландырууга жетишүүдө.

Guangzhou-China

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *