Тыңшагын, балдарым!

1 02

Редакциядан: Маркум Нурак Абдрахманов бул насыятын 2009-жылы октябрь айында байбичеси Аман эже менен «Көк асабанын» редакциясына алып келип: “Жаңы эле жазылган насыят ыр, мүмкүн болсо гезитиңерге чыгарып койсоңор деп” таштап кетишкен эле. Насыят ошол эле күндөрү гезитибиздин эки санына бөлүнүп жарыяланган. Гезитти колуна алып окуп калганы бар, окубаганы бар, маани бергени болду, маани бербегени да болду. А бирок, минтип элдин кабыргасын кайыштырып күтүүсүздөн жана мезгилсиз дүйнө салган Нурак абанын кайталанып жарыяланып жаткан “Тыңшагын, балдарым!” насыятын ар бир адам бүгүн баам салып тыңшаар, ар бир адамга саптары да, сөздөрү да, тамгалары да кымбат көрүнүп, айткан насыяты жүрөккө орноп кадалаар…

 

НАСЫЯТ

ТЫҢШАГЫН, БАЛДАРЫМ!

Нурак АБДРАХМАНОВ

 

Тыңшагын, балдарым!
Атаңардын комуз күүсү
Кандай обон салганын,
Жашоодогу кубанычын,
Жүрөктөгү арманын
Өзүңөргө сабак болор
Сөздөрүнүн ар жагын
Ойлорунун салмагын.

 

Ата-энеден жаралганда,
Эркелейсиң, ойнойсуң.
Алдейлеген таттуу турмуш,
Бүтпөчүдөй ойлойсуң.

 

Ал аңгыча кез болосуң,
Улуу турмуш жолуна.
Учкан уяң артта калып,
Тизгин тиет колуңа.
Качсаң болбой кабыласың,
Чын жарыштын торуна
Улуу турмуш жолуна.

 

Адам деген бул турмушта,
Бакыт издеп жарышат.
Бак-талаайдын өрөөнүнө,
Ар жол менен барышат.

 

Бирөөлөргө бакыт деген,
Байлык болуп көрүнөт.
Байлык үчүн бүт өмүрү,
Убарага чөмүлөт.

 

Акыр бир күн байлыгынан,
Көз ирмемде бөлүнөт.
Канча байлык жыйса дагы,
Кур алакан көмүлөт.

 

Бекер оокат, байлык өтөт,
Балдарынын колуна.
Байлык деген башат болот,
Жалкоолуктун жолуна.

 

Жалкоолуктун жемиши ошол,
Акыл-эси байланат.
Бекерликке көнгөн бала,
Бечарага айланат.

 

Кай бирөөсү ал байлыкты,
Көбөйтүүгө камынат.
Адал жолдон адашкандар
Арам жолго кабылат..

 

Ач көздүккө берилгендер,
Көз жаш, канга малынат.
Адисинен ашкандары,
Акыр бир күн жарылат.

 

Ак эмгектен тапкан байлык,
Абийириңди булгабайт.
Абийири бар адал адам,
Арам байлык жыйнабайт.
Арам байлык жыйгандарды,

Чындап эч ким сыйлабайт.
Сый көрбөгөн байкуш ач көз,
Адам өңдүү жыргабайт.

 

Бакыт даамын татам десең,
Сыйга арзысын өмүрүң.
Арзыш үчүн сый-урматка,
Элдин тапкын көңүлүн.

 

Жаратканым өмүр берсе,
Жарык шамдай жанасың.
Аракетчил чынчыл болсоң,
Эл-журтуңа жагасың.

 

Адамдыктын ак жолунда,
Алга карай барасың,
Чын бакытты эл-журтуңдун,
Алкышынан табасың,
Сый-урматтан табасың.

 

Аракетсиз алсыз болсоң,
Эптеп өмүр сүрөсүң.
Алгалоонун жолун таппай,
Эл артында жүрөсүң.
Жаның канча кыйналса да,
Тирүүлүктү сүйөсүң.
Суугуна тоңосуң да,
Ысыгына күйөсүң.
Өз башыңан өткөрөсүң,
Көр тирликтин күрөшүн.
Жакшылыктан үмүт үзбөй,
Жармач өмүр сүрөсүң.

 

Улуу турмуш шарданында,
Сен да алга барасың.
Мен болбосом бул болор деп,
Балдарыңды багасың.

 

Балдарыңдан жакшы чыкса,
Бакыт шамын жагасың.
Өмүр бою эңсегенди,
Өз балаңдан табасың.

 

Эгер балаң жаман чыкса,
Акыл-эстен танасың.
Улуу көчтүн шарты ошондой,
Өз мараңа барасың.
Маркумдардын катарында
Бир чуңкурда каласың.

 

Кыскабы өмүр же узунбу,
Өз мараңа бармак чын.
Бактылуу да, бактысыз да
Бир чуңкурда калмак чын.

 

Ойлоносуң бул өмүргө,
Не максатка келдик деп.
Чексиз жашоо дайрасына,
Кандай пайда бердик деп.

 

Пайдасы жок, зыяны жок,
Ара жолдо жүргөн бар.
Эч максатсыз дейди сымал,
Эптеп өмүр сүргөн бар.

 

Андайлардан тукум калса,
Жолун таппай кыйналат.
Кыйналгандар акыр бир күн,
Муктаждыктан чыйралат.

 

Адамдарды туура жолдон,
Адаштырган муктаждык.
Адашканды туура жолго,
Жараштырган муктаждык.

 

Бүт жандууну улам алга,
Сүрөп келген муктаждык.
Бул жашоону уратпастан,
Тиреп келген муктаждык.

 

Муктаждыгың азайганда,
Аракетиң азаят.
Аракетиң азайганда,
Берекетиң азаят.
Бул жашоонун муктаждыгы,
Кайра минет мойнуңа.
Кайра баштан кабыласың,
Муктаждыктын оюна.

 

Ал муктаждык такыр кетпейт,
Эшигиңди тытмалап.
Муктаждыктан жалгыз гана,
Улуу максат куралат.

 

Улуу максат келген кезде,
Муктаждыктар чегинет.
Негизинен акыл күчүң,
Чоң максатка бөлүнөт.

 

Чоң максатка жетиш үчүн,
Көр тирликтен көтөрүл.
Майдасына алаксыбай,
Маанилүүгө өтө бил.

 

Баш катырма бул турмуштун,
Татаал сырын чече бил.
Адамзаттын агып жаткан,
Зор дайрасын кече бил.
Калкып аккан дөңгөч болбой,
Балык сындуу сүзө бил.
Адалдыктын, айкөлдүктүн,
Кемесине түшө бил.

 

Ошондо сен адамдыктын
Өтөсүнө чыгасың.
Көр оокатка көмүлбөстөн,
Кадыр-баркты жыясың.
Жакшылыктын жолун чапсаң,
Жалаң алкыш угасың.
Көзүңдү ачсаң бак-таалайдан,
Өрөөнүндө турасың,
Бак-таалайга тунасың.

 

Ал өрөөнгө жетиш үчүн,
Чоң жарышка киресиң.
Чоң жарышка кире албасаң,
Ара жолдо жүрөсүң.

 

Жанын сабап изденгендер,
Алга кетет зымырап.
Жалкоолукка берилгендер,
Артта калат кыбырап.

 

Жараткандын буйругундай,
Аракетке берекет.
Аракетсиз жүрө берсең,
Ошол болот өнөкөт.

 

Кол-бут берди жаратканым,
Аракетке келсин деп.
Акыл берди ойлонсун деп,
Көдү берди көрсүн деп.

 

Ар-намысты кошо берди,
Эл катары жүрсүн деп,
Ыйык жашоо шарданында,
Өз үлүшүн берсин деп.

 

Өз үлүшүн бергендерге,
Бакыт шамы жагылат.
Бул турмушта өкүнбөстөн,
Издегени табылат.

 

Үлүш кошпой жеп-жуткандын,
Алды туюк жабылат.
Бирөөлөрдөн каргыш алса,
Жамандыкка кабылат.

 

Жамандыкка кабылгандын,
Бир мисалы – Искендер.
Искендердин кейпин киет,
Арам жолго түшкөндөр.

 

Адам уулу бүт багынган,
Падышалык курам деп.
Дүйнө элинде теңдеши жок,
Сансыз байлык жыям деп.

 

Далай элди канга бөлөп,
Кырып жатты Искендер.
Колго тийген бүт байлыкты,
Жыйып жатты Искендер.
Көз жаш, кандан бүткөн каргыш,
Искендерге агылды.
Көп узабай Искендер да,
Кетпес дартка чалынды.

 

Өлөрүндө буйрук кылды,
Дүйнө калкы угар деп.
«Мен өлгөндө оң колумду,
Табытымдан чыгар» – деп.

 

«Бүт байлыкты, бүт бийликти,
Ушул колго топтодум.
Кур алакан кетип жатам,
Көрсүн ач көз досторум.
Менден кийин ушул жолдо,
Адашпасын эч бир жан.
Билсин акыл кутулбасын,
Көз жаш, кандан, каргыштан».

 

Деген сөзүн Искендердин,
Кары тарых сактады.
Каргыш, канга тойгон өмүр,
Отуз жаштан ашпады.

 

Ал аныктар тозок оту,
Алды аны кымтылап.
Азыр деле көп адамдар,
Ошол жолго умтулат.

 

Адам ата өзү дагы,
Ач көздүктөн жаңылган.
Өз напсисин тыйбай коюп,
Көп азапка кабылган.

 

Адамзатты ошол адат,
Бүгүн дагы кыйноодо.
Ач көздөрдүн азабынан,
Далай элдер кыйноодо.

 

Илгери өткөн бир заманда,
Бир падыша болуптур.
Кетпес кесел, кыйноо тартып,
Көп жыл тынбай ооруптур.

 

Жар чакыртат калың элге,
«Бар өнөрүн салсын» – деп.
«Кимдер мени айыктырса,
Сураганын алсын» – деп.

 

Бир дарыгер өнөрү ашкан,
Падышага келиптир.
Дартка даба дары тандап,
Өлчөм менен бериптир.

 

Дары жагып падышага,
Айыгыптыр дартынан.
«Сураганын алсын» дептир,
Айныбаптыр шартынан.

 

Анда тигил жанчыгынан,
Тери баштык чыгарып.
Ал баштыкка алтын тыйын,
Толтур дептир суранып.

 

Төрт там толо алтын тыйын,
Казыначы баш болуп,
Ал баштыкка солосо да,
Толбой калды аз болуп.

 

Бул шумдукту көргөндөрдүн,
Акылына сыйбады.
Акырында ал падыша,
Билгилерин жыйнады.
Билгилердин арасында,
Бир акылман бар экен.
Жүздөн ашык жашка чыгып,
Жүдөп калган чагы экен.

 

Эптеп жерге эңкейиптир,
Чымчып топо алыптыр.
«Топуракка тойгунуң» – деп,
Ал баштыкка салыптыр.

 

Теңдеши жок тери баштык,
Сыйкырынан жаныптыр.
Ашып-ташып алтын тыйын,
Жерге жайнап калыптыр.

 

Падыша да, тургандар да,
Таңгалышты ансайын.
Анда акылман түшүндүрдү,
Болгон иштин жөн-жайын.

 

«Падышанын оорусу да,
Сыйкыр менен салынган.
А бу баштык жасалыптыр,
Ач көздүн көз кабынан.
Ач көз адам дүнүйөгө,
Тойгон эмес эч качан.
Ач көз тоет, көргө көмүп,
Качан топо таштасаң.

 

Ошон үчүн тери баштык,
Толбочудай көрүндү.
Чымчып топо салынганда,
Ашып-ташып төгүлдү».

 

Ага далил бүгүн деле,
Айтылууда ушул кеп.
Дүнүйөгө тойбогон көз,
Топуракка тоет деп,
Ач көздүгүн коет деп.

 

Билгин уулум! Билгин кызым!
Бул жомокто маани бар.
Акылсызга анчейин кеп,
Акылдуулар ойго алар.
Канча кедей болсоң дагы,
Бир курсагың тоюнат.
Байысаң да ашказанды,
Кыла албайсың чоңураак.

 

Падышалар хан сарайда,
Бир бөлмөдө түнөшөт.
Алар деле сен сыяктуу,
Жашоо үчүн күрөшөт.

 

Байлар деле кийимдерин,
Он катарлап кие албайт.
Криминал, авторитет,
Сендей эркин жүрө албайт.

 

Ашык байлык баш жарат деп,
Аталардан калган кеп.
Ак болсоң да байлыгыңды,
Көрө албаган наадан көп.

 

Элдикинен ашык байлык,
Акыр бир күн баш жарат.
Дүйнөдөгү бардык жаңжал,
Чоң байлыктан башталат.

 

Байлык деген пайда берет,
Жалпы журтуң бай болсо.
Ач көздүккө берилбестен,
Акыл, билим шай болсо.

 

Чындык күйүп чыркырабай,
Чын калыстык орносо,
Керегинен ашык жыйган,
Ач көздөрү болбосо.

 

Керегинен ашыкчаны,
Жыйбайт эч бир макулук.
Ал жагынан төмөн турат,
Адам деген аты улук,
Ач көз деген макулук.

 

Чын бакытты көздөгөндөр,
Эл мүдөөсүн туу кылат.
Өз мүдөөсүн көздөгөндөн,
Элдин ичин чуу кылат.

 

Акылдуулар мансап күтсө,
Моюнга милдет тактым дейт.
Акылсыздар мансап күтсө,
Ал да менин бактым дейт.

 

Алга кетчү азаматтар,
Эл камына жүгүрөт.
Артта калчу арамзалар,
Өз камына күйүнөт.

 

Калкым үчүн жүгүргөндөр,
Калат элдин сообуна.
Кара ниет кайдыгерлер,
Калат элдин шоруна.

 

Элиң шордуу, сен бактылуу
Боло албайсың эч качан.
Мекен – сенин бакыт ордоң,
Эгер ыйык сактасаң.

 

Ошондуктан, чын жүрөгүң,
Өз элим деп соккону оң.
Көйгөй чыкса өлкөң үчүн,
Көкүрөктү тоскон оң.

 

Акылын таап көйгөйлөрдү,
Бирдик менен жойгон оң.
Бирдик күтүп чыга албасаң,
Элмин дебей койгон оң.

 

Билебиз го кумурсканы,
Тартиби күч орногон.
Өз уюгун өлгүчөктү,
Бирдик менен коргогон.

 

Элдүүлүктү, биримдикти,
Эч бир уруу койбогон.
Адам сындуу айбандар көп,
Кумурскача болбогон.

 

Акылы көп жөөттөр дагы,
Туура жолдон тайгылып.
Ар ким ойлоп өзүн гана,
Элдүүлүктөн айрылып.

 

Туш тарапка тарап кетип,
Мекени бош калыптыр.
Бөлөк элдер ал мекенди,
Бөлүп ээлеп алыптыр.

 

Көп замандар өткөн кезде,
Сезимдери ойгонуп.
Эми кайтты мекенине,
Элдүүлүктү ойлонуп.
Жакынкы эле замандарда,
Израиль болушту.
Өз мекенин бошотом деп,
Көп жыл тынбай согушту.

 

Акыл менен илим жактан,
Зор болгондор ошолор.
Элдүүлүгүн сактай албай,
Кор болгондор ошолор.

 

Канча кандар төгүлүүдө,
Какыр чөлдү талашып.
Кайтып жолду тапмак кыйын,
Калгандан соң адашып.

 

Эми биздин эл башчылар,
Ошол жагын ойлосо.
Бөрүлөргө жем болобуз,
Бөлүнгөнүн койбосо.

 

Элдүүлүктү сакташ үчүн,
Курмандыкка бармак эп.
Ата Мурас Ала-Тоону,
Аман сактап калмак эп.
Берекеси, кен байлыгы,
Не кааласаң төгүлгөн.
Алтын мекен Ала-Тообуз,
Чын бейиштей көрүнгөн.

 

Ушу жердин негизинде,
Мамлекет болдук биз
Чекесинен өөнөттүрүп,
Баркын билбей койдук биз.

 

Орозбеков заманында,
Перикана жер кетти.
Акаевдин заманында,
Үзөңгү-Кууш төр кетти.

 

Перикана кайран жерим,
Ферганага айланды.
Кытайча атап калабыз го,
Үзөңгү-Кууш кайранды.

 

Ханабаддан айрыды го,
Турдакундай агабыз.
Советабад кылып алды,
Өзүбектей тагабыз.

 

Аны кайрып алууга эми,
Келбей калды чамабыз.
Буланхандын урпактары,
Кимге ыйлап барабыз.

 

Буланхандын хан ордосу,
Суу түбүндө калды го.
Хандар өткөн кайран жерди,
Өзбек ээлеп алды го.

 

Минте берсек бул мекенден
Айрылат го элибиз.
Бөлөктөрдүн мекенине,
Айланат го жерибиз.

 

Эгер бул жер колдон чыкса,
Көргөн күнүң көр болор.
Укумуңдан тукумуңа,
Көз жаш дайра сел болор.

 

Алтын мекен Ала Тоодон,
Кыргыз калбай айдалар.
Бөлөк элдин арасында,
Түрткүнчүккө айланар.

 

Бейкам гана жата бербей,
Аракетке келели.
Мекен үчүн жанды үрөп,
Маңдай терди төгөлү.

 

Керек болсо Мекен үчүн,
Чымын жанды берели.
Бак-таалайдын даңгыр жолун
Элдүүлүктөн көрөлү,
Ынтымактан көрөлү.

 

Чын бакыттын даңгыр жолу,
Элдүүлүккө байланат.
Акыйкатчыл ак жол барып,
Чоң байлыкка айланат.

 

Ак жол менен байысаң да,
Айланаңды карагын.
Катарыңдан ашып кетсең,
Эл ишине жарагын.

 

Эл ишине жараганың,
Эрдиктердин эрдиги.
Жараткандын мээриминдей,
Өз элиңдин мээрими.

 

Жарандарга жардам берсең,
Ыгы менен берерсиң.
Сууну деле ылайыктап,
Сиңээр жерге төгөрсүң.

 

Жалкоолорго жардам берсең,
Зыян болуп табылар.
Чымырканбай алар кайра,
Жалкоолукка малынар.

 

Аракетчил муктаж болсо,
Жардам берсең жакшы кеп.
Жардамыңдан майнап чыкса,
Даңкын жарат жакшы деп.

Мына ошондо сен чыныгы,
Сый-урматка жетесиң.
Адамдардын көздөрүнөн,
Бакыт нурун сезесиң.

 

Мекен кылып өтөсүң сен,
Бак-таалайдын көчөсүн.
Ырыс-кешик өрөөнүндө,
Бай чынардай өсөсүң.

 

Байтик айылы, октябрь 2009-жыл

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *