Эми жаңылсак, тарых кечирбейт

«Реформа, реформа» деп сайраган сайын, ошончолук илим-билим, маданият, саламаттык сактоо талкаланды

kairyluu

Кусеин ИСАЕВ, мударис

Өлкөбүздөгү акыркы айрым саясий окуялар, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүүдөгү көпчүлүк элитанын терс жүрүм-турумдары, тилекке каршы, элдик социалдык ыңкылаптын асыл максаттарынан дагы тайып бараткандай. Бекеринен, айрым чөйрөдө, жаштар арасында, базарда үчүнчү ыңкылап жөнүндө ар кандай сөздөр да тарап жатпаса керек.

 Мен буга чейин Ыңкылап, Убактылуу Өкмөт, Конституция, Референдум жөнүндө элге кеңири жеткирүү максатында макалаларды, баарлашууларды гезиттерге, радиого, телекөрсөтүүлөргө үзбөй берип келгем. Бүгүн кайрадан калемсап алдым. Элге, өзгөчө элитага, бизди башкарып жаткандарга ачуу чындык болсо дагы элдик ыңкылаптын негизги максаты, ага жетүүнүн жолдору жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун тарыхый мааниси жөнүндө дагы бир жолу сөз айтууну эп көрдүм.

I. Ыңкылаптардын максаты – Кыргызстандын өнүгүшүн түп-тамырынан бери өзгөртүп, Чыгышка буруу. «Ыңкылап» деген түшүнүк – «революциянын” кыргызчасы “түп-тамырынан бери өзгөрүү» деп сөздүктөрдө чечмеленген. Демек, эмнелерди, кантип, качан түп-тамырынан бери өзгөртөбүз?

Биринчиден, тарыхый шартка байланыштуу акыркы кылымдарда «батышташтыруу» («вестернизация»), евролаштыруу саясаты экономикада эле эмес, маданиятта, социалдык өнүгүүдө, идеологияда жана ой жүгүртүүдө, пикирде өкүм сүрө баштаган. Мунун негизин «Жаңы доордон» биздин күндөргө чейин үстөмдүк эткен либералдык базар дүйнө түзүлүшү түзөт. Анын «мыкты» өзгөчөлүктөрүн ашынган жеке кызыкчылыктын атаандаштыгы, чексиз керектөөчүлүк, ашынган дүйнөкорлук, буюмчулдук, табигый кендерди жырткычтык менен түгөтүү, орой күч колдонуу жана коомдук пикирди туура жолдон чыгаруу. Рухтун атайын өнүктүрүлбөсү, манкуртчулук, жан-дилдин ээндиги, көңдөйлүгү, адамдык жашоонун маани-маңызынын бузулушу, адептин түшүшү, жоголушу, маданиятсыздыктын өкүм сүрүшү б.а. адамды көрө албастыктык, зордукчулук, күчкө салуу, баарына күч жасай берүү сыяктуу адамгерчиликсиз кылык-жоруктар түзөт.

Батыштын дүйнөкорлук, адамды сүйбөстүк, маданияты талкаланган духсуздук, рухсуздук, зордукчулук, Европа цивилин куулук, ылаажылык менен таратууга болгон аракеттери жер жүзүндө, ошонун ичинде Кыргызстанда калың каатчылыкка учуроодо.

Демек, элдик социалдык ыңкылаптын биринчи талабы – обу жок батышташтыруудан баш тартып, Чыгышка көңүл буруу, чыгыштын цивилдик мыйзамдарынын, баалуулуктарынын негизинде жаңы кыргыз коомун, мамлекетин түзүү, туура жолго түшүү, тарыхый ордун табуу.

Экинчиден, Кыргызстандын бир канча муундарынын ак эмгеги менен чогулган, жыйылган материалдык байлыктардын уурдалышына, тонолушуна жана ар кандай арамдык, амал-айлалар менен жеке менчиктештирилген көркоолорго, мамлекеттин аймагынын кертилгенине, обу жок жерди сатканга каршы болгон.

Үчүнчүдөн, маданияттын, илимдин, билимдин жана саламаттык сактоонун жетишкендиктерин көздүн карегиндей баалап, жаш муундарды тарбиялоого пайдалануунун ордуна, алардын сапатын төмөндөтүп, жок болуу деңгээлине жакындап калган. Билимсиз, кесипсиз, адепсиз, рухсуз жумушсуздардын саны республиканын бардык аймактарында геометриялык ыкма менен илгерилеп турган. Алардын эң чоң өзгөчөлүгү – баарында мамлекеттик жана акыркы жылдарда ыксыз көбөйүп кеткен жеке менчик жогорку окуу жайларынын «бакыйган» дипломдору чөнтөктөрүндө болгон. Ошол эле учурда ар бир шаардагы, райондогу ишканаларда техникалык, технологиялык, уюштуруучулук, башкаруучулук адистер боюнча орто билимдүү кесипкөйлөргө зарылчылык күн сайын өсүүдө.

Жалпы Кыргызстандын социалдык чөйрөсүн кытайдын же орустардын чалгындоочусу «ташын талкан» кылган жок. Баарын өзүбүздүн эле «интеллигент» элитабыз жасабадыбы. Мисалы, ЖОЖдордун үлгү көрсөтө турган Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин билим жана кесип берүүчү жайлардын классикалык түзүлүшүн бытын-чытын чыгарып, ар кандай жасалма институттарды «туудурушкан». Алардын негизги максаты – элибиздин балдарын окутуу үчүн төлөнгөн акчаларды амалкөйлүк менен маяна катары алуу гана болгон.

Мындай «жагымдуу» жөрөлгө республиканын көпчүлүк ЖОЖдоруна тараган. Ошолорду жасаган министрлер, ректорлор азыр деле момпоюп, эчтеке билбеген болуп дагы эле жулунуп жүрүшөт. Канчалык «реформа, реформа» деп сайраган сайын ошончолук илим-билим, маданият, саламаттык сактоо талкаланды. Министрликтер, комитеттер, ректораттар паракорчулуктун кебелбес уюткусуна айланды. Жоопкерсиздиктин мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө. Баса, акыркы жыйырма жыл бою президенттерден баштап айыл өкмөтүнө чейин жоопкерсиздик өкүм сүргөн заман болбодубу…

Эки ыңкылаптын тең, өзгөчө 2010-жылдын апрель ыңкылабынын моторлору, кыймылдаткычтары жана алып жүрүүчүлөрү жаштар эмеспи. Демек, үчүнчү ыңкылап болбошу үчүн коомду түптамырынан бери кайра өзгөртүү, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоо үчүн чечкиндүү, ыңкылаптык чараларды көрүү эң зарыл.

Жалпы социалдык ыңкылаптын теориялары жана тарыхый тажрыйбалары тастыктагандай, калк жеңип, жаңы бийликти орнотушу менен ыңкылап өзүнүн жаратмандык мыйзамдарын, тартиптерин жана келечектик жоболорун калкка сиңирүү менен алектенет. Ал мезгил бүткөнчө – өткөөл доор деп аталат. Ал канча убакытка созулат? Ыңкылап жеңген ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Кыргызстан мамлекети ыңкылаптык конституция кабыл алып, парламенттик республика башкаруунун негизи боло ала тургандыгын дүйнөгө жарыялады. Мыйзам чыгаруучу бийлик – Жогорку Кеңеш калыптанып, парламенттик башкаруунун негизги тартиптерин, эрежелерин орнотуп, жалпы калк жана жарандык коомдор парламенттик башкаруунун тартиптери менен жашай баштаганча, ыңкылаптык ыраат, жоболор иштеши озуйпа. Кыргыз Республикасынын ыңкылап Президенти Роза Исак кызы Отунбаеванын иштөө мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин аныкталганы кокусунан эмес.

II. Кыргыз өзүнүн тарыхый жолун жана ордун такташы озуйпа!
Теңиримдин жалгоосу, тарыхтын буйругу менен ХХ кылымдын аягында (90-жылдар) кыргыздар азаттыкка ээ болуп, «уңгусу жана тамыры болгон» бирдиктүү мамлекетти курууга бел байлаганына жыйырма жыл болду. Бирок, өткөндөрдүн кесепеттеринин тереңдигинен, алыскы жана жакынкы кошуналардын терс таасиринен,
коомду башкарууга бел байлаган улуттук элитанын билимсиздигинен, чечкинсиздигинен, чыккынчылыгынан мамлекет ушул убакка чейин олку-солку болуп, өнүгүүнүн туура жолуна түшө албай, Азия мейкиндигиндеги өзүбүздүн тарыхый ордубузду ээлей албай келүүдөбүз. Мунун себептери жана чечүүнүн жолдору акыркы он беш жылдан бери биздин ар кандай жарыялоолорубузда чечмеленип келүүдө. Аларды кайталабай, негизги жыйынтыктарга окурмандардын көңүлүн буралык.

1. Эгерде Батыштын баалуулуктарынын негизин – коомдун жана жеке адамдардын материалдык байлыктары түзгөн блсо, Чыгыштын баалуулуктарынын негизин – Адам жана анын рухий, маданий байлыктары ээлейт. Батыштын өнүгүү мыйзамы толук боюнча – либералдык базар дүйнө түзүлүшүнө, мүлктү ээлөө аракетине таянат. Ал эми Чыгыштын өнүгүүсүнүн мыйзамын социалдык-гумандык адамгерчилик, адамдын жан дүйнөсүн ойготуу багыттары ээлейт.

Тарыхый шартка байланыштуу акыркы төрт жүз жыл Батыштын цивилдүүлүгү (цивилизациясы) үстөмдүк этип, мүлк-байлыкка умтулуучулук адамдардын жашоосунун негизги максаты катары кабылданган. Бирок, ХХ кылымда эле дүйнөгө атагы чыккан немецтердин, америкалыктардын, англиялыктардын жана башка европалыктардын аалымдары Батыштын цивили адамга өтө терс таасирин тийгизгендигин, ал айыккыс каатчылыкка туш болуп, дүйнөлүк экономикалык, экологиялык кыйроого бара жатканын ачыктан-ачык жаза башташкан. Ошол эле учурда Чыгыштын – Япония, Корея, Кытай, Сингапур, Индия, Иран сыяктуу өлкөлөрү дүйнөнүн өнүгүшүнүн жаңы үлгүлөрүн тартуулоодо.

2. XXI кылым Чыгыштын кылымын, жер жүзүндөгү цивилдер Чыгыштан үлгү алууда, өнүгүүнүн багыты чыгышка бурулууда. Ал эми азаттыктагы Кыргызстан географиялык жактан алганда Чыгыштын чок ортосунда жайланышкан. Демек, Кыргызстандын тарыхый жолун жана ордун Чыгыштын өнүгүү мыйзамдарынан, анын рухий интеллектуалдык адептик баалуулуктарына жана кыргыздын улуу жана терең философиясынан, дүйнө таанымынан издешибиз толук мыйзамдуу көрүнүш. Кыргыздардын жоокерчилик узун тарыхында сакталуунун жана өнүгүүнүн өзөгүн түгөнгүс түптүү рух дөөлөттөрү, Манас атанын духу, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, көп тармактуу маданияты, ар-намыска, адептүүлүккө, адамгерчиликке негизделген каада-салты, зээни, табигат менен жуурулушкан турмушу, философиясы, Көкө Теңирге негизделген дүйнө таанымы – бүгүн да жандуу жана кут конгон Ата Журттун кайра жаралышынын түгөнгүс булагы.

3. Жалпы Чыгыштын жана кыргыздын гумандуулук салтына жана улуу ойчулдардын пикирине ылайык жашоону уюштуруунун жалпы негиздерин төмөнкү эрежелер түзөт:

а) Өндүрүш экономикалык түзүлүшкө эмес, Адамга кызмат өтөөгө милдеттүү. Инсандын кызыкчылыгы, мүдөөсү, талабы – коомдун өнүгүү максаты. Улуттук рух дөөлөт, адатка айланган каада-салт арбактын, Манастын духу кыргыздын жашоосундагы негизги табынуу куралы. Демек, Адам коомго эмес, тескерисинче, коом Адамга кызмат өтөйт. Адамдын табиятына ылайык коом курулат жана өнүгөт.

б) Адам табигат менен жуурулушуп, өз ара айкалышып жашайт. Анын табийгаты менен аяр мамилеси аны жырткычтык менен пайдаланууга жол бербейт;
в) Адамдардын байлыкты ээлеп алууга болгон өз ара карама-каршылыгы тилектештик, пикирлештик менен толук алмашышы зарыл;

г) Адамдын жыргалы, ыракаты, куунагы бардык социалдык кайра куруулардын, реформалардын эң негизги максатына айланышы абзел.

д) Акыл-эс менен пайдалануучулук гана адамдын саламатчылыгын жана аман-эсендиги үчүн кызмат өтөйт, өмүрүн узартат. Ошондуктан чексиз ач көздүк, сугалактык, тойбостук жаңы замандагы адамдын жашоо ыңгайы болбош керек.

и) Ар бир адам коомдук ишке жигердүү катышуусу, рухий өз алдынча жеткилеңдигин камсыздоо аркылуу өз мүдөөлөрүн, өзүнүн коомдогу ордун түшүнүүгө кызыкдар болуусу зарыл.

Албетте, бир канча муундардын (XIX – XXI кылымдар) өмүрү менен адатка айланган жашоонун ыңгайынан адамдар бат эле баш тартып кетет деген фантастикалык идеядан алыспыз. Өнүгүүнүн багыттарын туура кабылдап, биздин ордубуз жана багытыбыз Чыгыштын рухий баалуулуктарын жана дүйнөнүн илимдин, техникалык жана технологиялык жетишкендиктерин акыл-эс менен пайдаланууда экенин түшүнүшүбүз керек.

Демек, кыргыз коомун кайрадан түп-тамырына бери курууну – жаш муундарды улуттук тарбиялоону, руханий дөөлөткө, Манастын духуна сугаруу, үй-бүлөнүн табигый ордуна келтирүү жана аларга терең жана сапаттуу билим, кесип берүү аркылуу жаңы ойчул адамдарды калыптандырууну максаттап, аларды мамлекеттик саясатынын негизине айлантуудан баштоо зарыл.

III. Өлкөнүн социалдык натыйжалуу өнүгүшүн кайсыл күч камсыздайт?
Кыргызстан өз алдынча азаттыктагы өлкө катары жашай баштагандан берки жылдарда өзүнүн тарыхый жолун жана ордун тактоо жөнүндө иш эле эмес, ишенимдүү сөз да боло электиги тарыхый чындык. Албетте, кийинки кезекте кыргыз коомчулугунун айрым чөйрөлөрүндө бул маселелердин тегерегинде ар кандай сөздөр, талкуулар болууда. Бирок, бул талкуулар башкаруучу элитанын жана саясатчылардын деңгээлине жете элек. Анткени, алар ушул күнгө чейин европалык түшүнүктөр, аныктамалар менен билим алышкан жана ошонун чегинде жашоодо. Чын-чынында, 2005-жылы марттагы, 2010-жылы апрелдеги социалдык элдик ыңкылаптардын нагыз себептери – чыныгы мамлекетти – улуттун жашоосунун түрү катары куруунун ордуна жана башкаруучу элитабыз жалпы журт, коом, адамдар жөнүндө ойлонбой жеке керт баштарынын кызыкчылыктарын канагаттандыруу менен алектенгендиги болбодубу…

Дүйнөлүк мамлекет таануу илиминде – мамлекет үч бөлүмдүн биримдиги катары кабылданат:

1) Коом – мамлекеттин денеси, б.а. ички жана сырткы кызыкчылыктардын жана талаптардын туюнтмасы;

2) Улут – анын жан дүйнөсү, элдин мүнөзү;

3) Мамлекет – атайын түшүнүктө элдик дух жана анын акыл-эстүү уюштурулушунда.

Демек, кыргыз мамлекетин түп-тамырынан бери кайра куруу дегенде – мамлекеттин денеси болгон – коомдун ички жана сырткы кызыкчылыктары эмнеде, аны кантип туюнтабыз, аны түзгөн кыргыздын жан дүйнөсү кандай абалда, мамлекеттин уюштурулушунда кыргыздын духу жана акыл-эси канчалык деңгээлде камтылган деген маселелерди камтыйт. Башкача айтканда, мамлекет – канчалык деңгээлде аны түзгөн элди сөлөкөттөндүрөт. Бул мамлекет жөнүндөгү маркстык окуудан такыр айырмаланат, анткени, ал таптык курал эмес (ыгы келгенде өзүнчө чечмеленээр).

«Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын азаттыгын, элинин биримдигин сактоого бекем ишенгенибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип», 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик реферундум аркылуу кабыл алынган Конституция Кыргыз Республикасын «… социалдык мамлекет» экендигин бекемдеди. Демек, мунун өзү мамлекет коомду, элди, анын денесин, духун, жан-дүйнөсүн, мүнөзүн акыл-эс менен уюштурулушун туюндурат.

Калк өзгөрүүдө, өзгөчө 2010-жылдын апрель ыңкылабынан, Ош, Жалал-Абад аймактарындагы жүрөктү титиреткен, мамлекеттин сакталуу маселелерин күн тартибине койгон кайгылуу да, азаптуу да жана айрымдардын көпкөлөң наадандык, адырлык жүрүм-турумдарынан кийин түпкү, мамлекетти түптөгөн, түзгөн, наамын берген калктын эс-акылында, психологиясында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү байкабай коюуга болбойт. Мамлекеттин тагдыры, эртеңки келечеги, жарандардын өмүрү, бейпилдиги үчүн түпкү калктын жоопкерчилиги өсүүдө жана күн санап бекемделүүдө. Бул буга чейин – Советтер Союзунун шартында – болбогон жана болууга шарт туудурбаган жаңы социалдык, психологиялык, рухтун өзгөрүүлөрү кеңейүүдө. Мындай жоопкерчилигин сезген калк сатылбайт, алданбайт. Кыргызстан – түпкү калк үчүн жападан жалгыз Ата Мекен. Демек, жер жүзүнүн башка эч бир бурчунда кыргызга ыйык Ата Журтундай күйбөйт, тозбойт, батырбайт.

Менин байкашымча, мындай социалдык өзгөрүүлөр – карапайым калк үчүн өтө мүнөздүү. Алар болсо жалпы кыргыздардын 95 пайызын түзөт. Жаңы тарыхый шартта калктын негизги тобун жаңыча агартуу, маданиятты жогорулатуу жана укуктун, демократиянын баалуулуктарына «сугаруу» зарыл. Уурдап, алдап, тоноп алган байлыгына көпкөндөр, чет жерде аларын каткандар, карапайым адамдардын добушун, пикирин сатып алууга аракеттенгендер эң эле көп болсо – калктын 4-5 пайызын гана түзөт. Алар «элитабыз» деп көкүрөгүн койгулаган менен, нагыз элитанын мүнөзүнө адептик, билимдик, кесиптик, адамгерчиликтик сапаттары менен жооп бербеген, элдин каргышына калган, уятсыз, намыссыз, четтиктердин кулу болуудан баш тартпаган муңдуу топ. Тазалануу жөнүндө кеп мына ошолордон кутулуу, саясаттан беш-жети жылга алыстатуу жөнүндө эмес беле. Ыңкылаптык бийлик бул жагынан да уттурууда.

(Уландысы кийинки санда)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *