Ушунча жылдар бою жол көргөзүп бере албаган бийлик менен оппозиция эми жол көргөзүп бере алабы? Жок!

1393875080_dsc_3594

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, Кытай, Гуанжоу шаары 

Украина бүгүн саясый технологиялардын  майданында геосаясый кызычылыктардын курмандыгы болуп жатканы бизди да олуттуу түрдө ойлонууга түрткү болуп жатат.

Украинадагы төңкөрүш азыркы учурда өнүгүүнүн экинчи фазасына ооду, биринчи фазасы сценарий боюнча романтикалык маанай менен башталган топту сүрөп отуруп Януковичтин кулашы жана жаңы бийликке оңчул радикалдардын келиши менен аяктады. Учурдагы кырдаал алда канча оор абалдын пайда болушуна бара жатат. Украинанын тагдыры эми же федерациянын курамына же транс атлантикалык регионго кирүү жолу менен чечилерин жана бул тирешүү ачык конфронтацияга чейин өсүп бара жатканын байкаса болот. Чынында бул жерден украин эли алсыздык кылууда, себеби оппозиция түпкү улуттук кызычылыкты дээрлик ойлоп койбогон саткын саясатчылардын кайрадан орун алмашканын көргөзүүдө. Украинанын көз карандысыз өздүк улуттук күчүн түзө турган элитанын жоктугу, жогоруда белгиленгендей, аймактык бөлүнүүгө жана мамлекеттик бүтүндүктүн бузулушуна алып келет. Анткени Москва дагы, Вашингтон дагы өзүнө гана тил ала турган ишенимдүү көз каранды бийликтин келиши үчүн  күрөшөт. Ошондуктан экөө тең Украинанын карапайым калкынын мээсине түрдүү түшүнүктөрдү сиңирип, өз алдынчалыгын басып,  маңкурт кылып кармап турганга кызыкдар.

Биздин элдин абалы украин элинен ашып түшпөйт. Эки жакка тең маалыматтык интервенция бирдей жүргүзүлүп келген. Бир топ түшүнүктөр элдин аң-сезиминде агы кара, карасы ак болуп калганын жашообуздан ачык байкасак болот. Биздин улуттук умтулуубузду дискредитациялап жаткан күчтөр денебизге эчак кирип, эми болсо жаныбызды тытмалап кирип жаткан учуру. Элдин көңүл борборун тынымсыз жүрүп жаткан ыплас саясаттын сазына салып, адамдардын психикасын бузууда. Эл акырындап бошоңдоп баратканы жакшы эмес. Украина буга жакшы мисал: эл толкуганы менен эңсегенине эч качан жетпейт, себеби эмнеге умтулуп жатканын түшүнбөгөндөн кийин ортодо чайналып, курмандыкка чалына берет. Эгер эл өзү сергектикке келбесе, бийликтен кантип таламын аткарттыра алат?  Андай бийлик элдин адашкан абалын кыянаттык менен  пайдалана берерин башыбыздан өткөрүп көрдүк го. Ал эми элдик кызыкчылыкты алып жүргөн идейный таза адамдардын бийликке эмнеге келбей жатканын түшүнгөндөр аз эмес болуш керек.

Баса, сөзгө ала кетейин, азыркы жаңы түзүлгөн «оппозициябыз» дегендерди идейный деп, ошол эле  учурда интеллектуалдык жана моралдык-маданий деңгээли жогору деп айта аласыңарбы? Ушулар мамлекеттин тагдырын колго алганга татыктуубу?   Же болбосо азыркы бийлик ээлеринин деңгээли элге жактыбы? Мага маселен баары бирдей: оппозициябы же азыркы бийликпи – экөө тең күзгүнүн алдында турган бир эле киши. Бири-биринин чагылышы. Эгер эл ушуларга дагы деле ишеним арта турган болсо – анда элдин тандоосу ошол. Башка эмне дей алабыз. Демек, эл дагы кыйналат, дагы канчалаган бир жылдарга чейин чайналган бойдон кала беребиз. Элдин акыл-эсине жарык кирип, жүрөгүндө от албаса – көкүрөгүбүз көр, башыбыз маң бойдон жүрө беребиз.

«Өнүгүү болуп жатат, акырындап оңолуп келе жатабыз» деген – болбогон кеп!  Кайсыл саясый система бизге идеялык умтулуу берди? Элдин келечекке карай көрүүсү жок. Себеби бир дагы бийлик, бир дагы оппозиция буга чейин багыттуу, кадамдуу келечектин жолун көргөзүп бере албады. Ошондо көргөзүп бере албагандар азыр көргөзүп бериши мүмкүнбү?

Биз эгемендүүлүктү алгандан бери кандай жетишкендиктерге жеттик? Маселен, өлкөнүн келечеги үчүн милдетиңди толук кандуу жана сыймык менен аткаруудан пайда болгон бакытка жете алдыкбы? Ар бирибиз ушуга чейин элди бир бүтүндүк катары түшүнүп, өзүбүздү анын ажырагыс бир бөлүгү катары сезе алдыкбы? Биздин ар бир алган демибиз менен жүрөгүбүздүн ар бир соккон доошу мамлекеттин жашоосу менен бир ыргакка түшө алдыбы?

Бул суроолорго жооп ар кандай болушу мүмкүн, бирок, баардыгыңыздар бир нерсе менен макул болосуздар, ал: коомубузда калыстык менен адилеттин жоктугу. Буга коом өзү күнөөлүү дегендер – туура ойдо. Буга менин дагы катыштыгым бар дегендер – жеке жоопкерчилигин сезгендер. Бул көрүнүштү жоюуга умтулгандар – чындап өзгөрүүнү каалагандар. Ички күчүң жана тилегиң менен умтулуудагы руханий күрөш адамдардын жасаган ишинде чагылып турса, ал башкалардын жаңыланууга карай сезимин ойготот. Өзгөрүү – эң биринчи руханий күрөштөн башталат. Ал нерсе албетте оор кыйынчылыктар жана жеке азап түйшөлүү менен коштолоору бышык. Адамдын ишеними оор жолду басып өткөндө гана урагыс бекем күчкө айланат. Биздин элдин ишеними да сансыз кылымдын барсканында чыңалып келгенин жакшы билебиз. Биз улут катары улуу тарыхый-тагдырыбызды кайдагы бир саясый, диний идеологияларга салып булгабашыбыз керек. Анткени кыргыздын дүйнө-жашоо куруу матрицасы ата-бабаларыбыздын жаны менен басылган. Кыргыздын маданият башаты жана салты ыйык, бул биздин ишеничибиз жана жаңы жашоону кура турган алмаштырылгыс пайдубалыбыз болуп эсептелет.

Эгер жаңы мамлекеттик түзүлүш жаратабыз десек, азыркы системанын табиятын түшүнүү зарыл. Табигый тандоо, жашоо үчүн күрөш, күчтүүсү алсыздарга доминант принциби коомдо группалык эгоизмди жаратты. Aдамдардын жашоосунда материалдык бакубатка жетүүдө конкуренциялык жарыш адамдардын адилеттүүлүккө болгон умтулуусун басууда. Мындай коом үчүн максималдык киреше башкы баалуулукка айланат. Жеке кызыкчылык коомдук кызыкчылыкты артка сүрүп таштайт. Адамдын эркиндиги эч бир моралдык-нравалык жоопкерчилик жана милдет менен чектелбей, эркиндик керектөөчүнүн чексиз каалоолору менен ченелип калып жатат. Шайлоо формалдуу гана мүнөздө өтүп, бийлик тар чөйрөдөгү чексиз каалоолорунун кулуна айланган приматтардын куралына айланууда. Булар коомдун байлыгын уурдоо жана алдоо жолу менен алып, байлардын күчтүү кастасын түзүштү дагы, элдин жашоосуна үстөмдүк кылганга жетишти. Азыркы биздин либералдык демократия (парламентаризм) мамлекеттик түзүлүшү элдин бүткүл катмарына өнүгүү алып келе албайт, анткени, жакшы жашоого муктаж болгон элдин катмары көп болгон сайын, азчылыкты түзгөн байлардын кастасынын кирешеси кескин төмөндөй баштайт. Бийликти кармап туруш үчүн байлыкты кучагына топтогон капиталисттик элита (депутат, чиновниктер) арга жок байлыгын ар кандай материалдык формада элге чачканга мажбур, чыгашасын, бийлигин сактап калса – эки эсе кылып кайра толуктап алып жатканын жакшы билебиз. Капитализмдин табияты кедейлердин катмарын жое албайт, себеби ал ага багытталган эмес, анткени бул системанын өзөгүндө байлыкты бөлүштүрүүнүн калыс механизми каралган эмес.

Азыркы системанын табияты либералдык саясый идеянын туундусу болуп жатат. Системаны өзгөртүүдө – мамлекеттик түзүлүш менен кошо баалуулуктардын дагы алмаштырылышы шартталат. Механикалык түрдө жүргүзүлгөн реформалар эч качан элдин жашоосуна жукпайт. Мунун баардыгы терең аң-сезимдик өзгөрүү менен келе турган нерселер.

Бакубаттуу мамлекетти келечектүү таза муун жарата алат. Алгач бизге тазалануу керек, андан соң гана келечек тууралуу сөз кылсак жарашат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *