Жашоо сабактары

full1372797581

АКЫЛ

Акыл – бул адамдын дүйнѳ таанымына, жашоо ыңгайына жараша жашоо негизин  түзүп турган эбегейсиз зор, кубаттуу алкак.

Акыл – адамга жашоо түркүгү.

Акыл – адамдын жашоо кыймылы.

Акыл – адамдын жашоо негизи.

Акыл жараланса жашоо бузулат.

Акыл жараланса кубат кетет.

Акыл жараланса багыт кетет.

Жашоо кыймылы нуктан таят.

АКЫЛ САПАТТАРЫ

Акыл дүйнѳ – эң кубаттуу дүйнѳнүн бири. Акыл дүйнѳнүн кубаты менен адамда жетишкендик кѳп жана чоң. Акыл дүйнѳнүн бүтүндүгү жоюлса, адамдын жашоосу азапка малынат. Акыл дүйнѳдѳгү кубаттуу алкак ѳтѳ сырдуу жана таасирлүү.

Адамдын акыл дүйнѳсү жыл ѳткѳн сайын кубатталат, билимге толот, бүтүндүккѳ жетет. Адамдын акыл дүйнѳсүнүн катмары улам толукталат. Акылдын тунуктугун ѳмүрдүн аягына чейин сактап калган адам: акылман адам, даанышан адам, касиеттүү адам, терең адам. Бул жерде айтылган ар бир сапатта ѳзгѳчѳлүк бар. Бир эле адам баарын камтый албайт.

Акылман адамдын акыл тегеретүүсү, эске тутуусу, иликтѳѳсү ѳзгѳчѳ (терең жана кубаттуу).

Даанышман адамдын билими терең, кенен, кубаттуу.

Касиеттүү адамдын туюму, кабыл алуусу ѳзгѳчѳ.

Терең адамда эс тутуусу, иликтѳѳсү кубаттуу.

Акыл дүйнѳ жан дүйнѳдѳн айырмаланып турат (түзүлүшү).

Эгер жан дүйнѳдѳ дил ѳзѳгү болуп, андан кийинки катмарлар  ирээттүү болсо, ирээт адамдын жѳндѳмүнѳ жараша бир ыраатта болбойт.

Адамдын дараметине, ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша экинчи аккан дээр, зээр ѳзгѳрүп турат.

Зээн – бул адамдын жѳндѳмүн, акылынын жѳндѳмүн, кубатын, күчүн билдирчү сапат.

Дээр – бул адамдын акыл дүйнѳсүнүн жарыгын, тукумдан-тукумга чогулуп келаткан кубатын, билимин, жѳндѳмүн, кандан канга ѳткѳзчү касиетин сактап, улантып, кубаттап берчү алкак.

Дэс – ѳтѳ күчтүү алкак (акыл дүйнѳсүндѳгү). Адамдын тажрыйбалык казынасы, иликтѳѳсү, чечим чыгаруудагы кубаты ушул алкакта.

Эс – таасирленчү шарттар ѳтѳ кѳп. Эске ѳтѳ аяр мамиле жасоо зарыл. Себеби, эс ойноок (жоголуп кетет). Эгерде эс токтой турган сайды бекемдеп алса, эс-тутум күчтүү болот. Тамак-аш, жүрүм-турум, жашоо-шарт, чѳйрѳ эс-тутумга таасирин берет. Эси жок адамдын чечимдери жагдайды, шартты, жолду, мүмкүнчүлүктү, келечекти жана ушул шарттарды эске албаса, эси жок болуп калышы мүмкүн. Азыркы учурда эси жок адамдар тездеп толууда.

Учурда, чѳйрѳ таза болбогондуктан, жаштардын эс-тутуму жок. Аларга жайлоонун абасы, суусу зарыл. Муну жыттаган балдар азыр аз.

Сагыз чайнабагыла. Эс-тутум бош болуп калат. Эс-тутумду оңдош үчүн чайырдын жытын жытташ керек жана байтеректин (соснанын) ийнесин бир аз чайнаш керек экен (ийнесинин узунун).

Эстүү адам баарын эстеп (ѳткѳндү, келечекти) туруп, анан чечим чыгарат.

Жашоодо зээндүү адамдын дарамети күчтүү экен.

Азыркы учур – билим топтогон учур. Анан сиңирүү учуру болот. Анан таасир болот (башкаларга).

АКЫЛ КАЗЫНА

Акыл казынанын 3 түрү бар.
1.Жеке адамдын акыл казынасы
2.Улуттун акыл казынасы.
3.Адамзаттын акыл казынасы.

Ар бир алкак ѳзүнүн кубаты, күчү жана алкагы менен айырмаланып турат.

Жеке адамдын акыл казынасы анын эс-тутумуна, дээрине, зээнине байланыштуу. Дээрлүү, зээндүү, бирок эс-тутуму чабал болсо, анын акыл казынасы деңгээлине жете толо болбойт, себеби кѳнѳч түбү тешик болуп жогото берет, деңгээлине толо болбойт. Же болбосо капты шибеге менен тешип койгондой шуру аккансып агып кете берет. Эс тутум – эң маанилүү.

Улуттун акыл казынасы бѳксѳрбѳйт, себеби, колдонгон, билген, жасаган адам жоюлмайын ал улуттук казына болуп эсептеле берет. Баары билбесе дагы, бир-экѳѳ билип турса улут казынасы жоголбойт.

Улут казынасы кайсы убакта кемийт?
1.Улут улут катары жоюлганда (кыргын, зилзала же улут майдаланып башка улуттун ичине кирип кеткенде);
2.Күчтѳп тыюу салынып бир нерсени ѳрчүтпѳй койгондо. Буга мисал: бакшылык, кээ бир улуттук оюндар ж.б. Бакшылардын жыйнаган казынасы жоюлуп кеткен, илгери алардын эң кыйындары, күчтүүлѳрү учканды билишкен экен. Бакшылар, адамдын жаны чыгып баратса аны ѳз ордуна кое алышчу. Бакшы – жандын деңгээлинде иштейт, ал эми  табыптар жана бүбүлѳр дененин деңгээлинде иштешет.
3. Улуттун казынасынын сырын жоготуу, анын тереңин билбей калуу. Мисалы: Кыргыз ѳзүнүн улутуна таандык болгон сыр-аянды жоготуп койгону, учуктоонун сырын жоготкону. ( Учуктаганда сууну бүркүшѳт, мунун ырымын сактап калышкан, бирок сырын жоготушкан. Ѳчѳшкѳн жоону ѳлтүрүп туруп, анын канын ичкендин да сыры болгон).

Адамзатка таандык сырларды жоготуу. Негизи адамдарга күчтүү касиет берилген экен. Илгери куш, жылан, айбанат менен сүйлѳшѳ алышчу жана тоонун, суунун тилин билишкен. Буларды жер бетиндеги бүт адамзатка берген. Туура эместиктер болгондуктан Кудай бул касиетти алып салган.

Эң күчтүү, кубаттуу – бул адамзаттын акыл казынасы: чоң ачылыштар, Улуу билим, адамзатка берилген жалпы акыл, физиканын закондору, тажрыйба.

Акыл казынаны байытчу – бул Кудайдын мээрими.
Акыл казынаны толуктоочу – бул адамдын эмгеги.
Акыл казынаны кармап туруучу – бул адамдын мээнети.
Акыл казынаны бийиктетчү  бул адамдын ишеничи.
Акыл казынага тереңдик берчү жана кубаттоочу – бул адамдын билими.
Акыл казынасын сактап калчу – бул адамдын аяр мамилеси, сыйлоосу, барктоосу жана түшүнѳ билүүсү.

АКЫЛ ДҮЙНѲСҮНҮН АЛКАГЫ

Акыл дүйнѳсүнүн эң кубаттуу алкагынын бири – бул эс алкагы. Эс алкагы 3кѳ бѳлүнѳт:
1.Тамырлуу эс алкагы
2.Жеке адамдын эс алкагы
3.Келечекке топтолчу эс алкак

Тамырлуу эс алкак адамдын кубаты, адамдын жашоосу, тажрыйбасы, тууралыгы ж.б.у.с. мүнѳздѳргѳ ээ болуп турган сапаттарга тийиштүү алкак. Бул алкак адамдын кылымдап чогулткан казынасына толгон.

Мисалы, жѳндѳмдѳр: табигый шартка байланыштуу жѳндѳм, эс тутуу жѳндѳмү, сүйлѳѳ жѳндѳмү, чеберчилик жѳндѳм, кыялдануу жѳндѳмү, ѳнѳрлүк жѳндѳм, тамактануу жѳндѳмү (суук алкак, ысык алкак, мээлүүн алкак) ж.б.у.сымал сапат жѳндѳмдѳр.

Бул алкак адамдын ѳсүү жолундагы жогорку кубатты камтыган алкак.

Жеке адамдын эс алкагы. Бул алкакта адамдын кубатына жараша, ой толгоосуна жараша, жѳндѳмүнѳ жараша жана ѳсүү деңгээлине жараша кубат топтолот.

Тамырдан келаткан жана адамдын ѳсүшүнѳ жараша топтолгон кубат адамдын тукумуна же келечекке ѳткѳрүлүп берилет. Бул алкак – жашоонун ѳнүгүүсүн ѳткѳрүп-ѳстүрүп кубаттоочу алкак.

Жалпы эс алкагы адамдын жѳндѳмүнѳ жѳндѳм, кубатына кубат, шыгына шык топтоочу алкактын бири. Эс алкагына аяр мамиле кылып, анын ѳзүнүн ѳсүү жолуна бѳгѳт койбоо зарыл. Азыркы учурда  бѳгѳт коюу ыкмалары жаралууда. Эске бѳгѳт койгон ыкмалардын бири – бул жадыбал жаттагандай ойлонбостон окуган окуу.  Адам окуунун тереңине жетип, түшүнүп окуса, адамдын эсинин жолуна бѳгѳт коюлбайт. Эгер, мисалы, адамдын келечегине карата коркунуч коюп койсо, б.а. келечек менен коркутуу үстѳмдүк кыла баштаса, эсинин ѳсүү жолуна бѳгѳт коюлат.

Эс – чоң алкак, казына.
Эс-тутум – кичине эс алкагына тийиштүү жѳндѳм.

АКЫЛДЫН ТААСИРИ

Акыл адамга таандык жашоодо ѳзүнүн эбегейсиз зор күчүн адамдын ѳсүүсүнѳ, адамдын жѳндѳмүнѳ, кыймылына, аракетине, ѳксүүсүнѳ, ѳнѳрүнѳ, ѳмүрүнѳ тийиштүү деңгээлде кубаттап, пастатып, бекемдетип, белги берип, бийиктетип, тѳмѳндѳтүп ж.б. ыргакка жараша таасирин берип турат.

Бул таасир адамдын кѳңүлүнѳ тешелүү багыт берип, аны бекемдеп, катуулатып дем берип ѳстүрѳт. Адамдын акылы туюмуна шайкеш болот.  Туюм, сезим – бир алкактагы  күч. Адамдын каалоосуна жараша акыл бийиктейт, мүмкүнчүлүгүнѳ жараша иштейт, пайдасын берет. Адамдын акылы самаганына жеткизет.  Адам бул кубаттуу күчтү пайдалана билбейт, таасирин сезбейт, бирок адамдын акылы самаганына жеткизет. Адамдын акылынын кубаты ѳтѳ зор.

АКЫЛДЫН КЕРЕМЕТИ

Адамдын акылы ажайып сулуулукту таанууда, кѳркѳм тереңдикке сүңгүүгѳ, жан дүйнѳнү сезүүгѳ, асыл сапаттарды баалоого, жашоо деңгээлди түшүнүүгѳ, кубат-күчтү таанууга, керемет сырды чечүүгѳ, Кудайдын мээримин сезүүгѳ, улуулукту баалоого, кубулушту иликтѳѳгѳ, жан дүйнѳнү ѳстүрүүгѳ, жашоо деңгээлин кѳтѳрүүгѳ ж.б.у.с. изилдѳѳлѳргѳ сүңгүп, акыйкатты баамдап, жашоону изилдеп, жакшы-жаманды таанып, ак-караны билип, сулуулукка магдырап, кайгыга кейип, изилденип, бүтпѳгѳн тереңдиктерди ачып, байкоо жүргүзүп, илим изилдеп, багытты таап турчу керемет терең дүйнѳ.

Акылдын тереңдигин адам изилдеп бүтѳ албайт. Акылдын касиетин таанып бүтѳ албайт.

Кудайдын мээрими менен берилген ЖАРЫК НУР адам баласынын АКЫЛ ДҮЙНѲСҮ менен ЖАН ДҮЙНѲСҮНѲ  багыштуу. Адамга АК НУР келгенде акыл дүйнѳсүнѳн ѳтүп, жан дүйнѳсүнѳн орун алат. Акыл дүйнѳсүнүн тереңдигин ченеп болбойт. Кудайдын кудурети акыл дүйнѳнү маал-маалы менен кеңейтип, тарытып турат.  Бул ѳзгѳрүү адамдын оюна, ниет-пейилине, жан дүйнѳсүнүн тазалыгына жана актыгына байланыштуу. Кудайдын мээримин адам сезе албайт. Кудай баардык ѳйдѳ-тѳмѳндү, бийиктѳѳнү, багытты, тардыкты, кеңдикти сезип, адамдын акыл дүйнѳсүн бирде керип, бирде тарытып турат.

Адамдын кѳңүлү, пейили, ою бузулганда  – акыл дүйнѳ тайыздап жол таптырбай, адамдын убарасын кѳбѳйтүп, муктаждыгын кеңейтип, адамга сабак берип багат. Акыл дүйнѳнүн тереңдиги адамдын жан дүйнѳсү менен тыгыз байланыштуу. Сабак катары берилген жагдайды адам түшүнбѳсѳ, сабак уланат.

Акыл дүйнѳ тереңдигинде адамзат зарлап күткѳн акылды, илимди, багытты, бир адамга же топко ѳтѳ кыска мѳѳнѳттѳ эле берип коюшу мүмкүн.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *