Таалайбек КУЛМЕНДЕЕВ, «Кыргызфильм» киностудиясынын директору: «Кайдан-жайдан «кинону сактоочулар» пайда болгонуна таң калам»

kulm tГезитибиздин ѳткѳн санында «Кыргызфильмдин» Кѳркѳм Кеңешинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу кеңири маек берилип, кыргызды уят кылган пас деңгээлдеги киносценарийлер жокко чыгарылып жатканы боюнча сѳз болгон. Маек соңунда биз «Кыргызфильмдин» директору Таалайбек Кулмендеев жѳнүндѳ учкай кеп кылып, коомчулукта ага карата айтылып келаткан сындарга жооп алууга аракет кылаарыбызды билдиргенбиз. Тѳмѳндѳ, сиздердин таразаңыздарга суроо жана жооп «акыйнегин» койдук.

– Таалайбек мырза, акыркы мезгилдерде Сиз жетекчилик кылган Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясына жана ѳзүңүздүн дарегиңизге кинематографисттер: К.Абдыкулов, М.Мусаев, С.Макекадыров, М.Жергалбаев тарабынан ММКларда катуу сын пикирлер айтылууда. Ал жарыяланган маалыматтар кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Сиз киностудияны канчалык деңгээлде бүлдүргѳнүңүздү ѳзүңүздѳн билели дедик. Себеби, эч бир маалыматтык булактардан буга чейин үн катканыңызды кѳргѳн жокпуз

– Менин келгениме туура 3 жыл болду. Ал эми эгемендүүлүктү алган 90-жылдардан берки киностудиядагы  башаламандыктардын баарын мага жүктѳп койгондоруна эмне демекмин? Советтер Союзу жоюлуп, «Кыргызфильмдин» базасы талкаланып атканда, ошол мага каршы арызданып жүргѳндѳрдүн айрымдары бизнес кылып, элчи болуп, кээ бирѳѳлѳрү Акаевдин жеке оператору болуп, кээ бирѳѳсү анын  хроникасын тартып Ак үйдѳн чыкпай, кээ бирѳѳлѳрү биринчи президент жѳнүндѳ китеп чыгарып, дагы бири  жакында эле ушул киностудияда фильмдерин бүткѳрүп жүрсѳ, бири болсо киностудияда дубляж (кыргызчалоо) боюнча кызмат кылып, Кино үйүн жетектеп  ѳздѳрүнүн жеке амбицияларын орундатып жүрүшүп, эми бүгүнкү күнү кино жаатында кыймыл-аракет болуп, каражат бѳлүнүп, фильмдер тартылып, кѳрүүчүлѳр кинотеатрларга кѳп бара башташканда кайдан-жайдан «кинону сактоочулар» пайда боло калышкандарына таң калбай коё албайсың.

– Айыптап жазгандар студиянын техникалык базасы жок, декоративдүү-техникалык жабдыктар уникалдуу станоктору менен кошо жок болгон деп айыпташууда. Буга Сиздин канчалык деңгээлде тиешеңиз бар?

– Эми азыр жаңы доор, жаңы заманда кинолор жаңы технологиялар менен тартылып жатканы кѳпчүлүккѳ жаңылык эместир. Мамлекеттик долбоор болгон «Курманжан Датка» фильми бүгүнкү күндүн санариптик «RED EPIC», «RED SKARLET» камералары менен тартылып, 12 ядролук «MAC PRO» монтаждоо комплекси менен чогултулуп,  фильмдин кээ бир  бѳлүгү  киностудиянын кинотартуучу жайында тартылганын, фильм «post-production» процессине толук чыкканда эмне деп айта алам – биз чоң долбоорлорду аткарууга күчүбүз жетет деп гана айта алам… Ал эми кинопленкага байланышкан технологиялар эски заман менен кошо жок болгону бирѳѳлѳргѳ жѳн эле шылтоо жалаасы болуп жатканы  туура деле эместир. Бул, мобилдүү телефон байланыштары турганда «эски телефон аппараттары менен эле сүйлѳшѳбүз» дегендей болуп атат. Андыктан, киностудиянын «талкаланышына» менин канчалык тиешем бар экенине сурагандарга жообум: эч кандай тиешем жок. Колубуздун келишинче кино тартуунун жаңы технологияларынан артта калбай, алдыга кадам шилтей берүү аракетиндебиз.

– «20 жылдан бери имаратта жылуулук жок, киностудиянын бѳлмѳлѳрүнүн баардыгын болсо ижарага берип койгон» дегенге эмне дейсиз?

– Жылуулук жагын айтсам, жаңы студиянын аймагы 3 гектарлуу, мындан тышкары дагы 3 гектарлуу эски студиянын аймагы бар. Мындай кең имараттарды азыркы мезгилде жылуулоо бир топ каражатты талап кылаары бышык жана бул кооптуу жумуш дагы. Кандайдыр бир себептерден улам ушу маселе 90-жылдардан бери чечилбей келе жатат. Ижара жагына токтолсок, эми биз Мамлекеттик ишкана болгонубуз менен замандын талабына жараша  өлкөдө азырынча кыйынчылык болуп турган маалда биротоло мамлекеттин моюнуна отуруп албай изденип,  ѳзүбүздү ѳзүбүз багышыбыз керек, бош пайдаланылбай турган бѳлмѳлѳрдү ижарага бербегенде эмне кылмакчыбыз? Арызчылар жалган жалаа жапкандай эмес, ижаранын келишимдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу бекитилип , анын 30%ы мамлекетке, 70%ы ѳзүбүздѳ калат. Ал каражат деле чоң эмес, студиянын чыгымдарын жапканга гана жетет. Тактап айтканда, суммасы 170 миң сомдун тегерегинде. Бул боюнча Мамлекеттик мүлк фондусунан деле билсе болот, мындай маалымат алар тарабынан интернетке да жайгаштырылган.

– «Студияны бир канча жолу текшеришсе да, белгисиз себептер менен мыйзам бузууларды аныктап айтышкан жок» деп нааразы болгондоруна жана киностудияга техника сатып алууда эч кандай тендер жүргүзүлбѳйт, сатуу-сатып алуу келишимдери жок иштешет дегендерине эмне дейсиз?

– Студияны жетектегенимден бери, 2011-жылдын 21-февралында Финансылык полиция, 26-апрелде Социалдык фонд, 16-майда Салык кызматы, 2012-жылдын 28-февралында Социалдык фонд, 17-декабрда Эсеп палатасы, 2013-жылдын 24-июлунан баштап 30-сентябрга чейин Маданият министрлигинин комиссиясы текшерип бүтүп, жыйынтыгында арызчылардын жазгандары далилденген жок. Бүгүнкү күндѳ болсо КР Эсеп палатасы, КР Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрѳш кызматтары тарабынан да текшерүү жүрүп жатат.

Жабдуу-техникаларды сатып алуу боюнча айтсам, 500 миң сомго чейин тендердин кереги жок.  Арыздануучулар «Курманжан Датка» фильмине сатылып алынган техникаларды айтып жатышса керек. Алар «КР мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын» 38-статьясынын 2-беренесинин 4-пунктуна ылайык, «Маданият жана искусство тармагында чыгармачылык долбоорду ишке ашыруу максатында» деген берененин негизинде жүргүзүлгѳн. Негизгиси, интернет-магазин аркылуу алынган. Бүгүнкү санариптик технологиянын заманында бул ыкма оңой жана жѳнѳкѳй. Сайт  bhfotovideo.com деп аталат. Сайт аркылуу  канчага сатып алынган, канча күндѳ ишке ашырылган, каякка жѳнѳтүлгѳнүнѳ  чейин жазылып, эки тарап бири-бири менен жабдуулар алынып бүтмѳйүнчѳ кабарлашып турат. Мына дал ушундай сайттын жоктугунан 2008-жылы  техника алуу үчүн которулган 10 млн. сомго жакын каражат дайын-оту менен жоголуп, азыркыга чейин жок. Мен да кино үчүн күйүп, жетекчи болуп келгенден баштап ушу маселенин артынан түшүп, каражатты кайтарып алуу үчүн аракеттерди жасап келатам.

– Сиздин кино жаатындагы билимиңиз, иш тажрыйбыңыз, түшүнүгүңүз боюнча жана бул кызматка келип калганыңызда чоң шек бар дешет? Ѳзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз?

– Мен кино жаатына 1989-жылы келгем. 1991-жылы Алматыдагы  «Катарсис» студиясында иштеп, 1994-жылдары жеке менчик «Салтанат» студиясын жана ошол эле жылдары Улуттук продюсерлер фондун жетектеп келгем. Андан соң 1997-2001-жылдары Улуттук телерадиокорпорациясында кызмат кылып, Реклама–коммерциялык агентствосун түзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүп, продюсерлик кызматты аркаладым. 2001-2002-жылы Римдеги «Росевуд» киноакадемиясында билим алып келип, 2010-жылы Кыргызстан кинематографисттер уюмунун тѳрагасынын орун басары, Кино үйүнүн жетекчиси болуп иштеп баштап, ушул эле жылы  конкурстун жыйынтыгы менен «Кыргызфильм» киностудиясынын жетекчиси кызматына сунушталгам. Арыздануучулардын кооптонуусу – менин жетекчи катары КР премьер-министринин буйругу менен дайындалбай калгандыгымда болуп жатат. Эми, Эмгек кодексинин  беренесине ылайык, убактылуу кызматты аркалоо 3 айдан ашпайт экени, андан ашып кетсе 3 айлык сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин “мыйзамга ылайык аталган кызматка автоматтык түрдө бекитилет” деген жазуу бар. Биз мыйзамдуу ѳлкѳдѳ жашап жаткан соң, КР мыйзамдарын сыйлашыбыз керек го.

– Мамлекеттин бюджеттик акчасына тартылган «Жымжырттык» тасмасы утуп алган 20 миң доллар сыйлыгы  киностудияга кирештелбей, дайыны белгисиз болуптур…

– 2012-жылы Дубай эл аралык кинофестивалында  “Кыскаметраждуу «Жымжырттык»тасмасынын  «Атайын сыйлыгы» фильмдин продюсери Кулмендеевге берилет” деп, анан аны менин эсебиме салып жиберишсе, мен кайсы жобонун негизинде ал каражатты киностудиянын эсебине которушум керек эле? Кайсы бир фильм кандайдыр бир кароо-сынакта «Баш байге» жана «Мыкты фильм» номинациясынан башкаларына татыса, ал сыйлык ошол адистерге тиешелүү делип турат. Негизи, «эмне себептен Кулмендеевге  сыйлык бересиңер, бербей эле койбойсуңарбы!»  деп, бул маселени Дубай кинофестивалы менен сот түрүндѳ чечип алышса болот… Эми, ачык айтканда, бул жерде жалаа жапкандардын кѳр пендечилиги, ич күйдүлүгү гана кѳрүнүп турат.

Менин да атуул катары, кинематографист катары ѳзүмдүн оюм, сѳзүм, укугум бар. Жѳн эле жерден жаманатты кылууга, жалган жерден жалаа жаап каралоого жол бербейм. Жетекчилик кызмат атадан калган мурас эмес, 15 киши баардык инстанцияларга кат жазуу менен мени кетирүүгѳ далалат жасабаса деле,  Кудайдын буйругу менен бир күнү кызматтан  кетем. Бирок, 15 кишиден тышкары да, 250дѳн  ашуун кинематографисттер бар да. Бүгүнкү демократиянын шартында «кыйкырык салуу»  ѳнѳргѳ айланды. Тарбия кѳргѳн, билим алган, чет жактарды кѳрүп-билип жашап келген адам катары жогорудагы сиз атаган кесиптештериме жооп жазганды туура эмес кѳргөм. Бирок, сиздердин атайын кайрылып суроо бергениңиздерден улам, жана арызчылар да күчөп жок нерселерди жаза беришкенинен, “Көк асабынан” окурмандарына маалымат берип коюуну туура болот го” деп чечтим. Мен да кыргыз деп ойлоном, мен да кыргыз киносунун ѳнүгүшүн каалайм, колуман келген жардамды жаштардан аябайм. Эгерде кино тармагынын жетекчилеринин бири катары кандайдыр бир кемчиликтерди кетирсем, ал, кинонун ѳсүшүнѳ ѳбѳлгѳ болсун деген гана ниетте жасалган деп эсептейм.

– Кечиресиз, сизди каралаган суроолорум тажатып жибербесе, дагы бир акыркысын узатып коёюн:   Маданият министрлигиндеги жыйында «Кыргызфильм» студиясы боюнча атайын маселе кѳтѳрүлгѳндѳ «министр Султан Раев толгон-токой былыктарыңызга карабай сизди бир аз гана чымчып ѳтүптүр да, сиз болсо бир аз гана чочуп коюптурсуз». Министр экѳѳңүздѳрдүн “бир мандеми бар” мамилеңиздерди билгизген бу жыйын тууралуу ѳз оозуңуздан уксак?

– Эми ал чогулушта коюлган аргументтер далилдүү болбой, жалаа жапкандар мамлекеттик мекеме менен ишкананын айырмасын ажырата албай жатышса, сатып алуу боюнча тендердин шарттарын билишпесе, заманбап техникалык ѳнүгүүнү кѳздѳрүнѳ илишпей,  “атам замандагы кинопленкага кино тартабыз, кинопленканын технологиялары бузулду, талкаланды, 1990-жылдардагы  машиналар кайда, 1960-жылдары курулган жылуулук берүүчү «котельная» бар эле, ал кайда?”  деген сыяктуу түшүнүксүз суроолорду берип жатышса, “булар эмне болуп калышкан?” деп ойлоп, бир жагынан чын эле бир аз чочудум…

– Маегиңизге ырахмат!

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *