Ѳзгѳлөрдүн маданиятын сагаалабайлы

madaniyat

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ

Көчмөндөр цивилизациясынын нукура өзүнө таандык болгон  баалуу элдик оозеки чыгармачылыгын, улуттук аспаптарын, кол ѳнѳрчүлүгүн, мүнүшкѳр, саяпкерлигин, улуттук оюндарын жана башкасын  кыргыз эли кылымдап жоготпой сактап келди.

Бирок, улуттук өнөрдүн түрлөрүнүн сейректеп  бара жатканына азыркы мезгилде сырттан кирген идеология менен маданияттын таасири тийип, көп нерседен өксүк кылып, руханий дүйнөбүздү жарды кылып жаткан жокпу?..

Көп жылдардан бери сырткы идеологиянын билинбеген экспанссиялык саясатынын астында калып, андан чыгалбай келген болсок, өткөн доордун жат көргөзгөн саясат таасиринен улам өзүбүзгө таандык болгон көптөгөн ыйык нерселерибизди эскичилик деп танып калган жагыбыз бар. Азыркы мезгилде да ар тараптан терс таасирлер болуп жатканы коомчулукка айкын. Мында эки нерсени атоого болот. Биринчиси ислам динине байланыштуу болсо, экинчиси компартиянын доорундагы бир жактуу саясаттын таасири.

Биз, мусулман элбиз дегенибиз менен, араб, түрк, өзүбек, татар, перс элдерине салыштырмалуу ислам динин кабыл албаган жагыбыз бар. Себеби, кыргыз элинин ѳз дүйнѳ таанымы байыркыга тамырлап турат.  Учурунда, ислам дини Борбордук Азияга тарай баштаганда, кыргыздар жашап турган аймакка бүтүндөй жайыла алган эмес. Башка элдерге караганда, кыргыздарга кеч кирген. Буга тарых өзү күбө болуп, Аксы чөлкөмүнүн Ала-Букадагы  Гүлүстандын  “Шах-Вазил тарыхый музейи” тастыктап турат. Өткөн доордун XI кылымында, сырттан келген кожолордун (арабдардын) кыргыздарга динди зордоп кийирүүдө аксылык кыргыздардын кандай каршылык көргөзгөнү Кыргын мечиттин тарыхында жакшы жазылуу. Ислам динин киргизем деп келген кожо Шах-Жарирдин 12 миң колун, кыргыздардын кол башчысы Кербенбос менен Ыштыктын жасактары динге каршы туруп талкалап салгандан кийин, Шах-Жарир арабияга качып кете берген.

Кожолор кыргыздарга динди жайылта албаса да, үлгүргөн жерлеринде ала барман калыптанган. Ошол кыргында аман калган кожолорго боору ачыган, динден чала-бучук кабары бар, кыргыз баатырларынын ичинен чыккан Мачак баатыр кожолор адамдык парздарын аткаруусу үчүн аларды тоо-ташка жашыруун бекиткен. Аксынын тоолоруна бекинип жүрүп дербиштик кылып жашап, динге баш-оту менен берилген кожолор анан акырындап динди жайылта берген. Ошо кожолор жүргөн тоо-таштардын аттары алар каза болгондон кийин ысымдарын алып, азыр да аталуу.

Кыргындан кийин 40 жыл өткөндө, Шах-Жарирдин уулу Шах-Фазил келип, дин идеологиясын кайрадан жайылткан убактарда, кыргыздын улуттук маданиятына, фольклордук чыгармачылыгына  залака таасири тийгенби, деген суроо бар. Ооба, тийген. Кийим маселесине келгенде, бүтүндөй кыргыз жерин камтый албаса да, өзүбектерге  жакын жайгашкан айыл-кыштактарда беттери жарым-жартылай чүмбөттөлгөн жоолук, шөлбүрөгөн узун көйнөк, буттардын кызыл ашыктарын жапкан узун чаарала дамбалдарды кыз-келин, аял кишилерге кийгенге мажбур кылышкан. Эркектерине узун, этеги жырык ала-була чапан, баштарына арабдардын ысыкта кийип жүрүүчү топуларын кийгизишкен.

Ата-бабадан бери уланып келе жаткан өнөрпоздорго – ырчы, чоорчу, жамакчы, комузчуларды эл астында ырдап, бийлеп чыгууларына дин аркылуу чектөө коюп: “шайтандын азгырыктары”, “кудайдын кааарына калып, кеселге чалдыккандар” деген чакырыктарды жайылтышкан. Кыргыздардын дин анча жайылбаган жагында  аял-эркектер обу жок чектѳѳдѳн алыс болуп, алардын арасында ырчы, жамакчылар көбүрөөк болгону тарыхыбызда белгилүү. XIX кылымдагы айтылуу Ажыбек датка чоң манасчы Балыкоозду жаш кезинде Кетментөбөдөн Талас жеринен алып келип, үйлөнтүп-жайлантып ырчы, манасчы катары аздектеп алып жүргөн мезгилинде, бир күнү Кокон кандыгынан өкүлдөр келип даткага кадырлуу мейман болуп калышат. Датка меймандарды даражасына жараша  сыйлап, кыргыздын салты боюнча Балыкооздун ырдап берүүсүн суранат. Бардык элге тең болгон Манастан айтып берейин деп, алка-шалка терге түшүп Манасты айтып бүтүп, бул меймандарды ыраазы кылдым го, эми эмне сөз айтаар экен деп, алардын төбөлүнөн жакшы сөз күтөт. Ошондо, ашкере динчил төбөл–мейман: “Бул ырыңда ислам дининин кыпындай да сөзү жок болбогон ыр экен, минтип ырдабай жүр! Менин айтканымды укпай, ушул Манас деген ырыңды ырдай берсең, бир күнү даргага тартылып кетесиң!” деп чочутат. Балыкооз ошо сындан кийин Манас айткандан чочулап калгандыгы анын өмүр таржымалында белгилүү.

Экинчи жагы, Кеңеш (Совет) доору орногондон тарта, компартиянын идеологиясы бара-бара бөлөк элдердин каада салтын, үрп-адатын тескеп, бир гана компартиянын идеологиясын жайылтуу керек деген ар кандай улуттун чыгармачылыгына кийлигишкен убактары болбой койбогон. Жакшы жактары да болду, аны танууга болбойт. Илим, билим жөнгө салынды, классикалык музыкабыз, операбыз өнүгүп-өстү, адабият, маданиятыбыз идеологияга карата жалаң бир жактуу болду. Ал эми улуттук маданиятыбыздын туу чокусу болгон  Манас эпосун, бул реакциячыл көз караштагы чыгарма, биздин идеологияга териден-тетири, бул болбогон жомок деп, жасалма танды. Бул деген, кыргыз элинин кылымдап келе жаткан улуттук фольклорун  караманча тааныбай, тануу эле. Элдик оозеки чыгармаларга караңгылык, эскичилик, улутчулдук деген жарлыктар таңууланды. Арстанбек, Молдо Кылыч, Калыгул, Ысак Шайбеков ж.б. чыгармаларын басмадан бастыртпай, цензурага шылтоо кылып чектөө койду. Комуз күүлөрүнө чейин киришип, компартияны үндөгөн күүлөр болсун деди. Анын айынан күүлөр жазылбай, күүчүлөрүбүз күү чыгарбай  арасы суюлуп кетти. 1980-жылдар аралыгында манасчыларыбыз, дастанчыларыбыз, акын-ырчыларыбыз кескин азайып, филармонияда 3 акын, 1 манасчы калып, концерт учурунда  алардын убактары сахнада чектелүү болду.

Кийин Кеңеш мамлекети урап, ар республика бет алдынча кеткенде, эгемендүү эл болдук. Уучубуз кур эмес экен, фольклордук абалыбызды оңоп алдык. Манасчыларыбыз, акын- ырчыларыбыз, комузчу-чоорчуларыбыз, кыл кыякчылар кудая шүгүр чыга келишти. Көргөндүн көзү, уккандын кулагы сүйүнчү абалга жеттик. Өз киндигибизди өзүбүз кесип калдык. Фольклордук чыгармачылыгыбыз өстү. Өлкөбүздөн сырткары чыгып, ээн-эркин дүйнөнүн элдерин кыдырып өнөрлөрүн көргөзчү болушту. Кол өнөрчү уздарыбыз, оймочу-чиймечи, жыгач усталарыбыздын жасаган буюмдары чет элдиктерге тартууланып, качандыр Кеңеш өкмөтүндө тыюу салынган көкбөрүбүздү “ушундай да улуттук оюнубуз бар” деп  даңазалап, башка улуттук оюндар менен катар кѳтѳрүп алдык.

Бирок, мындан ары кандай болот (?) деген суроо, дайыма түйшөлтөт. Кийинки кездерде Батыштын маданияты, Чыгыштын дин саясаты дагы деле болсо жаштарыбызды тескери жетелеп жаткандай. Бир жагында чүмбөттөлгөн кыз-келин, эркектер көбөйдү. Айрым эркектердин кийинген кийимдери эркектики эмес же аялдын кийими эмес,  аялдардын шөлбүрөгөн көйнөгү сымал этеги жырык, узун  кийимдерди кийгендери пайда болду. Буттарынын тамандары болсо дайыма капкара чор болуп турат. Батыштын таасиринен болсо жарым-жылаңач кыздар, денесине сүрөт тарттырган көк–жашыл ала болуп боёнгон, мурун-кулактарына сөйкө салынган жаш уландар бара-бара арбып бараткандай. Батыштын жаштарын туурап, көрүнгөн элдин сырайган жарашыксыз, киндиктерин көргөзгөн кийимдерин кийгендин ордуна, кыз-балдарыбыз, келиндерибиз кыз кылыгын, келин каадасын сактап, абийирдүү “саркечтүү” кийимдерден кийсе, ургаачы көркүнө чыкпайбы. Жарашпаган кийим, салтсыз динди ээрчип жаткандар айыл-апада, шаарда көзгө суук көрүнүп, жек көргөзгөндөн башка жакшы нерселерди алып келбеси айтпаса да түшүнктүү. Дин жагында, ар кандай диний агымды ээрчиген жаштар гана эмес, улгайган эркек, аялдардын катары жетишерлик. Эрксизден суроо келет, ата-бабалар мурас катары калтырып кеткен баалуулуктарыбызды аздектеп, даңктап, улантып кете алабызбы, сырткы күчтѳргѳ туруштук бере алабызбы?

Эми кыргыздын баа жеткис руханий мурасы болгон СѲЗ тууралуу макаламдын соңунда кыстара кетейин.  Кылымдап келген кеп бар: “Кандар кетет калк калат, кадырлаган нарк калат, канча кылым өтсө да сыйлашарга салт калат”  деп. Аксакалдар же улуу адамдар чогулуп олтуруп калган кезде илгеркидей нарктуу, салттуу кептен кеп салган адамдарыбыз жокко эсе болуп кетти. Той-аштарда эки сөзүнүн бири саясат, ушак, бирөөнү жамандоо, көрө албастык. Биз келечекте ушак сөз, жамандоо менен балдарыбызды тарбиялай алабызбы? Тарбия жомоктон, макал-лакаптан, насыят кептен башталат эмеспи. Үй-бүлөдө неберелерге жомоктор айтылбай калды, жомок китептер басылбай калды. Кыргыздын эли аз болгону менен, жери жакшы эле кенен. Памир элинин жомогу, Алай жеринин жомогу, кытайлык кыргыздардын жомогу, аркалык менен ичкиликтин жомокторунун жыйнагы чыкса кана. Анын ордуна репродуктивдик-порно китептерди басып чыгарып калдык. Кайда кетти биздин кол өнѳрчү, уз, акылман апаларыбыздын баалуу кеби. Макал-лакаптарыбызда ыйманга, адамгерчиликке, аруулукка, тарбиялуулукка үндѳгѳн кандай гана баалуу маани жатат! Азыр кыз апаны, бала атаны укпай калган чакта, тескерисинче улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган салтыбызды да калыбына келтирсек деген тилек. Чет элдин жат маданиятын сагалап ээрчий бербей, өз маданиятыбызды, улуттук кийимибизди, наркыбызды, салтыбызды,  тилибизди, фольклорубузду сактай  да, көтөрө да билсек, кыргызыбыздын улуулугун, түбөлүгүн сактап калабыз…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *