Тарых: кечээ жана бүгүн

Атаке баатырдын Россияга жазган каттары Омск, Санкт-Петербург, Москва архивдеринен табылган

Ушул жылдын октябрь айында Россиянын Новосибирск шаарында  “Россия–Кыргызстан диалогу  – 2013” аталышындагы аймак аралык үчүнчү конференция болуп өткѳн. Конференцияга Кыргызстандан мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, депутаттар жана окумуштуулар барышкан. Бул конференциянын катышуучуларынын бири, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев менен аталган жыйын тууралуу маек курдук.

– Аскар мырза, алгач Новосибирскидеги кыргыздардын ал-абалы жѳнүндѳ сурайын..?

– Ал шаардын ѳзүндѳ эле 40 миңге жакын жердештерибиз бар экенин, баардыгы өндүрүштүн ар кайсыл тармагында  иштеп жатышканын, ѳз алдынча ишкерлик кылып, кафе, мейманкана куруп алгандар, уюлдук түйүн тармагында ишкана ачкандар да бар дешти кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү. Илимий мекемелерде, саламаттык сактоо тармагында ондогон мекендештерибиз кадыр-баркка ээ болушканын угуп, абдан сүйүндүк. Мындай жетишкендиктер менен кошо кемчиликтер да орун алгандарын айтып беришти. Жер-жерлерде расмий өкүлдөрдү дайындоодо алардын пикирлери эске алынбай жаткандыгын, экинчиден, балдарынын эне тилин унутуп бара жатышкандыгын баса белгилешти.

21-октябрдын таң эрте учуп барган мезгилибизде бизди ал жерден Кыргызстандын Новосибирскидеги вице- консулу Азиза Турдуева баштаган кыргыз диаспорасынын жетекчилери  тосуп алышкан. Форумга катышабыз дешип, кыргыз диаспорасынын Сибирь округу боюнча жетекчилери да келишиптир. Түштөн кийин алар бизди шаардан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан атактуу академиялык шаарчага алып барышты.Токой арасында кооз жерге курулган Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн жана Новосибирск мамлекеттик университетинин баардык коммуналдык, маданий, билим берүү, соода ж.б. түйүндүрү бар автономдуу шаарчасын, академиянын көргөзмө аймактык археологиялык-маданий музейин жана технологиялык паркы менен таанышып, жетишкен ийгиликтерине суктандык.

– Негизги иш-чаралар кайсылар болду?

Негизги иш-чаралар 22-октябрь күнү эл аралык “Новосибирск –Экспоборбор” көргөзмө комплексинде башталды. Үстү айнек менен жабылган эбегейсиз зор имараттын так ортосу түндүк түрүндө көтөрүлүп, айлана үч кабатка бөлүнүптүр. Акыркы кабатына кыргыз боз үйү тигилип, улуттук кийимчен балдар, кыздар нан, май менен тосуп алышса, эшик алдында комуз күүсү жаңырып турду. Боз үй ичине улуттук тамак-аш коюлуп, кооз жасалгаланганына кубанып, үйүбүздө жүргөндөй сезимге кабылдык. 350-400 киши сыйарлык 2-кабаттагы конференциялык залда пленардык жыйын өттү. Россия тараптан Россия Федерациясынын Президентинин Сибирь федералдык округу боюнча толук ыйгарымдуу өкүлү В.А.Толоконский, Новосибирск облусунун губернатору В.А.Юрченко, Новосибирск шаарынын мэри В.Ф.Городецкий баштаган 300дөй адам болсо, Кыргызстандан Жоомарт Оторбаев, Каныбек Иманалиев жетектеген топ, Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Генералдык Консулдуктун кызматкерлери катышышты. Жыйын ачылганда эки мамлекеттин президенттеринин куттуктоо сөздөрү окулуп, эки тараптан ондон ашуун баяндамалар жасалды. Баяндамаларда эки тараптуу кызматташууда жетишилген ийгиликтер, кемчилдиктер айтылып, келечекте байланыштарды чыңдоонун багыттары көрсөтүлдү. Андан кийин ар тараптуу маселелерди камтыган 6 секцияда иш жүрдү. Баардык секцияларда кызуу ой бөлүшүү, пикирлерди ортого салуу жүрдү. Өнөр жай, айыл чарба, гуманитардык–маданий багыттарда кызматташуунун жолдору кеңири талкууланды.

Күндүн аягындагы пленардык жыйында ар бир секциянын башчылары өзүлөрүндө болгон иштердин жыйынтыгын билдиришти жана жалпы жыйынтыктаган декларация кабыл алынды. Акырында эки мамлекеттин транспорт министрликтери жана Новосибирск мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишимдерине кол коюлду. Ошол борбордун чоң ресторанында сый тамак берилип, ыраазычылык сөздөр айтылды жана орус, кыргыз өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

23-октябрь күнү конференциянын экинчи бөлүгү Новосибирск мамлекеттик университетинде өттү. Аны университеттин ректору М.П.Федорук ачып, кыргыз-орус мамилелеринин тарыхы тереңге кетээрин билдирди. Өз кезегинде Ж.К.Оторбаев Кыргызстанда демократиялык коомду куруунун жүрүшүн, жетишилген ийгиликтерди жана Россия менен байланыштардын өнүгүшүн кеңири баяндады. Кызматташууда өзгөчө орун Новосибирск шаарына жана Сибирь аймагына таандык экендигин баса белгилөө менен бирге, кыргыз мигранттардын балдарына кыргыз тилин окутуу үчүн дем алыш (воскресный) мектептерин ачуу маселесин көтөрүп, ал колдоого алынды.

– Жыйында кыргыз-орус тарыхына байланышкан улуу окуяларды камтыган маселелер козголдубу, козголсо кайсыл багытта болду?

Жыйындын негизги бөлүгү, Россияга 1785-жылы биринчи элчиликти жөнөткөн кыргыздардын сарбагыш уруусунун бийи Атаке баатырдын 275 жылдык мааракесине арналган баяндамаларды угууга арналды. Жогорку Кеңештин депутаты, саясат илимдеринин доктору К.К.Иманалиев Атаке баатыр 1785-жылы жай айларында Чүй боорунан Россияга жөнөткөн кыргыз элчилигинин маанисин кеңири белгиледи. Сөзүндө, Абдыракман Күчүков жана Шергазы жетектеген элчилер атчан бүт Борбордук Азия жана Россияны аралап өтүп, оор кыйынчылыктар менен жыл аягында Санкт-Петербургга жетишкенин, 1786-жылы жазында император Екатерина IIнин кабыл алуусунда болуп, Атаке баатырдын каты менен белек-бечкектерин тапшыргандыгына токтолду. Өзгөчө басым, ошол учурда кыргыз эли Россия менен теңата мамиле түзүүгө умтулгандыгын ачып берүүгө багытталды.

Атакенин небереси болгон Шабдан баатырдын чөбөрөсү, белгилүү коомдук ишмер Жаңыл Абдылдабек кызы Атаке баатырдын урпактары жөнүндө слайддардын кошотоосунда кызыктуу баяндама жасады. Көрсөтмөлүү баяндама конференциянын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Ал, тарыхчылардын маселеге бир беткей мамиле жасашаарын, “Россиядан жардам, колдоо издешет” деген пикирин кескин сынга алып, кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүн сактоого жана коңшу мамлекеттер менен теңата мамиле түзүүгө умутулгандыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Андан кийин сөз алган академик В.М.Плоских Атаке баатырдын Россияга жиберген элчилигин алгачкылардан болуп 1960-жылдардын аягында изилдей баштаганын, ал үчүн партиялык кысымга тутуккандыгын, бирок 1972-жылы “У истоков дружбы” деген китеп чыгаргандыгын айтып, баштаган ишин окуучусу Д.Б.Сапаралиев улантып, Атаке баатырдын Россияга жазган каттарын Омск, Москва жана Санкт-Петербургдагы архивдерден таап, илимий талдоого алгандыгын сыймыктануу менен белгиледи.

– Сиз ал жыйында тарыхый баяндама жасадыңызбы же делегациянын мүчөсү катары катышып келдиңизби?

– Жасабай анан. Мен өзүм тарых илимдеринин кандидатымын да. Баяндамамда, Атаке баатырдын урпактары – Жантай кан менен Шабдан баатырдын Россия империясы кыргыздарды каратып алуу мезгилинде кырдаалды туура баалап, эл бейкүнөө кырылбас үчүн падыша өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кызматташкандыгына кеңири токтолдум. Архивдик-документалдык жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде далилдүү баяндаган билдирүүмдө, баатырдын урпактары кыраакы саясатчы, чебер элчи болгондугуна, алардын иш-аракеттери кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого багытталгандыгына басым жасадым.

Жантай кандын 1859-1867-жылдардагы падышачылыктын өкүлдөрү менен кызматташуусу Чүй боорундагы кыргыздардын белгилүү деңгээлде салттуу эркиндигин сактооого өбөлгө түзсө, Шабдан баатыр атасынын ишин улантып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштерине аралашып, кыргыздардын кызыкчылыгын ырааттуу коргогонуна кеңири токтолдум. Падыша аскерлери Кыргызстандын түштүгүн 1876-жылы күч менен басып ала баштаганда, Шабдан баатыр жигиттери менен орус аскерлерине кошулуп баргандыгынын негизги максаты боордошторун бейкүнөө кыргындан сактоого багытталгандыгына басым жасадым. Ошо кездеги Россиянын колонизатордук саясаты күч алып баштап, кыргыз элинин жерин, укугун коргоодо падыша өкмөтүнө петиция жөнөтүлгөндүгүн, анда жер, мамлекеттик иштерге аралашуу, дин эркиндиги, өз тилинде билим берүү сыяктуу орчундуу маселелелер көтөрүлгөндүгүнө басым жасадым. Сөзүмдүн аягында, Шабдан баатыр доор добушун сезе билип, жердештерин билим алууга жана өнөр үйрөнүүгө үндөгөнү жөнүндө айттым.

Аталган жыйын өтө кызыктуу жана маанилүү болгондугун жыйындын алып баруучусу жана университеттин проректору С.В.Нетесов белгилеп, мындай иш-чаралар эки элдин достугун  бекемдээрин билдирди. Ошентип, Россиянын Новосибирск шаарындагы чоң конференция    ийгилик менен аяктап, баргандар өз жерибизге жакшы маанайда кайтып келдик…

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *