Силер адашпагыла, кыздар!

Ж.Майрамкан, Тюмень шаары

Мектепти бутуп  ошол кездеги баардык бүтүрүүчүлѳр  сыяктуу эле агылып келгендердин шарында мен да Фрунзеге келдим. Медициналык окуу жайга тапшырып ѳтпѳй калдым да, Камволдук-нооту комбинатында иштей баштадым.  Бул, 1975-76-жылдар эле. Бир күнү  таежемкине барып кеч калып, кѳчѳдѳ келатып бир жигит менен таанышып калдым. Караңгыда коркуп келатканымды байкаган ал менин жаш экенимди эскертип, «чоң шаарда экинчи мындай кеч калба» деп жатаканама чейин жеткирип койду. Эртесинен тартып эле мени киного чакырып, экѳѳбүз бара-бара ынак болуп кеттик. Чогуу жашаган кыздарымдын эскерткенине карабай, сүйүүнүн кѳзү сокур демекчи, мен Таалайга берилип кеттим. Кээде анын классташтары менен, кээде группалаштары менен чогуу болобуз. Ал Айыл чарба институтунда 4-курста окучу. Ошентип жүрүп, бир күнү  кош бойлуу болуп калганымди билдим. Тойго жетпей мындай болуп калганына кабатыр боло, жигитиме ѳзүмдѳгү жаңылыкты айттым.  Ал угаар менен секирип кетти, «окууну бүтѳйүн, алдырып сал» деди. Мунусу мага таптакыр күтүүсүз мамиле эле. Башым айлан-кѳчѳк боло түштү. Анан ошол күндѳн тарта Таалай мага жолукпады, дайнымды иликтебеди. Мен болсо тааныштар аркылуу бир жакшы эженикинде жашап, окуум калды.  Алдыдагы жашоом алай-дүлѳй кѳрүнүштѳ болуп, айлам кетти, коркеунуч басты. Ай-күнүм жеткенде эркек тѳрѳп, үчүнчү күн дегенде тѳрѳтканадан качып кеттим.  Чүрпѳ уулум ошол жерде калып, ѳзүм  айылга жѳнѳдүм.

Ооруп калдым деген мени ата-энем бир жыл бакты.  Кайра шаарга келип, эми Фрунзе заводуна орношуп иштей баштадым. Бир күнү анан Таалайдын классташы ала качып кетти. Ал баардыгын билчү. «Мындай болбойт, биз жашай албайбыз, Таалай экѳѳбүздүн ортобуздагы окуяны билип туруп кантип жашаган атасың» деп боздоп-какшаганыма карабай жоолук салып алып калышты. Үч уулдуу болдук… Бирок, мамилебизди жылуулук аралабай, турмушубуз уланбады. Башымдан таяк, кѳзүмдѳн  жаш кетпеди. Адам сыяктуу бир неме болуп жашагандан, басынгандан жүрѳгүм чарчап, «ажырашам» дедим. Кайненем, күйѳѳм, анын карындаштары болуп баардыгы «сен таштап кѳнүп калгансың да, кете бер» деп менин коколой башымды айдап чыгышты. Ошентип, дагы үч уулумдан тирүүлѳй айрылдым. Уулдарыңды бермек турсун, кѳргѳнгѳ да тыюу салабыз деп кууп, аларды жыттап алууга да мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Эми миңдеген кыргыз аялзаты сыяктуу эле кѳп жылдан бери Россияда соода менен алаксып жүрѳм. Ѳзүм жалгыз, жан дүйнѳм жалгыз, жадегенде ойлорум да жетимсиреп жалгыз… Уулдарым ай, тѳртѳѳң тең кандай болуп калды экенсиңер?! Жок дегенде элесимди берер бир сүрѳтүм жок экен силерде. Үй-бүлѳдѳй болуп чогуу биригип сүрѳткѳ да түшпѳптүрбүз…

Кудайым мени жаш кездеги биринчи жаңылыштыгым үчүн ушундай жазалады. Тагдырымдын тайкылыгына кимди күнѳѳлѳйм, жаштык-мастык учурумдубу, ишеничиме кирген Таалайдыбы, тарбиямдыбы? Не болсо да менин тагдырым башкаларда кайталанбаса экен дейм…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *