Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу
Байыркы кылымдардан баштап Совет дооруна чейин чечендикке байланыштуу ар кандай окуялар, айтыштар, алым сабак айтым кептер бир болгон окуядан кийин эл арасында ооздон оозго айтылып, жазылган китептерге караганда, бүгүнкү күнгө чейин калк ичинде оозеки сакталып, муундан муунга айтылуучу сөздүн күчү, мааниси бузулбай жашап келген.
Орус элинин улуу жазуучусу Н.М.Карамзин орустардын тарыхын бурмалап, жокту бар кылып, орустарга «медвежья услуга» кылып келсе да, эл арасында китепке түшкөн нерсе оозеки чыгармаларга караганда көп багыттарын жогото тургандыгын байкаган. Себеби, анын улуту кыпчак болуп түпкү аталардан бери калган көп окуялар ооздон оозго тарап, көпчүлүк эл китеп окуганга караганда угуу сезими менен көп нерселерди биле тургандыгын аныктаган. Адам китептеги нерсени кайра качан болсо да окуп алам деп көңүлкош мамиле кылат. Ал эми оозеки айтылган нерсени өз убагында кармап түшүнүп калбасаң, эң сонун айтылган ойлор, чечендик сөздөр жоголуп, маани-маңызсыз болуп калышы мүмкүн деп ар бир уккан адам өзүнчө ой кылат. Ошондуктан, оозеки айтылган кызыктуу аңгемелер, атургай жомоктор, уламыштар, ырлар укумдан-тукумга, муундан-муунга берилип, жалпы кыргыз элибизде ушул күнгө чейин сакталып келет. Бул айтылып келген ар башка доордогу окуялар ар бир чечендин талантынын өсүп-өнүгүшүнө жараша кооздолуп айтылып, ал эми уккан эл бул окуяларды ушул күнгө чейин кечээ эле болгон сыяктуу сактап келген.
Толугу менен