Кѳл кылаасынан чыккан Тилекмат аке жѳнүндѳ эл ичинде кеңири айтылып келе жаткан санжыралар, тарыхта жазылган окуялар, уламыштар кѳп. Тилекмат аке из кылып калтырган ойлору, жасаган кыймылы, аткарган иши Түндүк Кыргызстандагы эл арасындагы топтордун, уруктардын, уруулардын, улуттардын кагылыштары учурунда ѳткѳн экен. Анын айтканы, кылганы атаандашкан уруктардын, уруулардын, манап, бий, султан, хандардын арасына табылгыс дары болуп, кансыз жеңишке жетип, чексиз даражага кѳтѳрүлүптүр. Жашаган жерине, журтуна, элине, эгемендүү коопсуздук, салтанаттуу багыт, дѳѳлѳттүү жол, жеңиш алып келиптир. Толугу менен
May
02