Даанышман, касиеттүү кеңешчи, тымызын элчи Тилекмат Жылкыайдар уулу (1800-1863)

7828

Кѳл кылаасынан чыккан Тилекмат аке жѳнүндѳ эл ичинде кеңири айтылып келе жаткан санжыралар, тарыхта жазылган окуялар, уламыштар кѳп.  Тилекмат аке из кылып калтырган ойлору, жасаган кыймылы, аткарган иши Түндүк Кыргызстандагы эл арасындагы топтордун, уруктардын, уруулардын, улуттардын кагылыштары учурунда ѳткѳн экен. Анын айтканы, кылганы атаандашкан уруктардын, уруулардын, манап, бий, султан, хандардын арасына табылгыс дары болуп, кансыз жеңишке жетип, чексиз даражага кѳтѳрүлүптүр. Жашаган жерине, журтуна, элине, эгемендүү коопсуздук, салтанаттуу багыт, дѳѳлѳттүү жол, жеңиш алып келиптир. 

Бугу уруусу негизинен үч уруктан – Алсейит, Арык, Тынымсейиттен турат. Тынымсейит уругу Нарындын тѳмѳн жагынан Сарыбагыш, Саяк, Моңолдор, Черик урууларынын ортосунда турушат. Тынымсейиттен Мортук, Мортуктан Токтогул, Жаманак, Жаманактан Сарык, Сарыктан Апыке, Апыкеден Табылды. Табылды Нарындагы Тынымсейит уругунда жаш кезинен бий болгон экен. Белек тукуман Балбай баатыр, Сарыбагыштан Тѳрѳгелди менен теңтуш экен. Табылды Кѳл бетине келип, атайын Боромбайга акыл салат. «Сиздер Алсейит, Арыктан болсоңор биз Тынымсейиттен, бир атанын балдары. Мага караган элдин жери тар болуп жатат. Бизге Кѳл бетинен жер бергиле, чубурап келсек да кѳчүп келе берели», – деп, сүйлѳшүп кеткен экен. Боромбай «Бугу элинин манаптары менен кеңешип кѳрѳлү, ылайыгы табылса жер бѳлүп берели», – деп, кийинки кезигүүчү күнүн болжолдошуптур. Боромбай жер берүү жѳнүндѳ, Тилекмат менен да кеңешкен экен. Болжошкон күндѳ Табылды жигиттери менен Боромбайдын ѳргѳсүнѳ келип түшѳт.  Боромбай билермандарды чакыртып, Тилекмат кеңешчи жанында болуп, «Табылды баатыр эки Бугунун башын бириктирип, бир жерде канатташ жашап, биримдик күчүбүз кѳбѳйсүн, жер бѳлүп бергиле деп жатат», – деп токтоду. Тилекмат озунуп, сѳзүн баштап, оюнун аягына чыга электе, Табылды жаштыгына, курчтугуна жеңилип, ѳзүнѳн улуу Тилекматка ѳтѳ орой сүйлѳп, басынтып:
«Дѳбѳт жокто, короодо канчык үрѳт.
Суу ээн болсо, дѳбѳгѳ чыгат.
Куураган элди кул билет.
Керек болсо кулга билдирбей эле жер аламын», –  деди.

Тилекматтын кызыл ѳңү бозоруп, шаа бою сууп, санын мыкчып, Табылдыга октой жооп кайтарган экен:
«Ата тапкан уулдан,
Акыл тапкан кул озот.
Перзенттей уул тапкан зайыптан,
Перзент тапкан кул озот.
Маңдайга бүткѳн бактымды
Кудайдан башка ким тозот.
Сүйсѳ кудай саа берер,
Сүйсѳ кудай маа берер.

Жубарымбек, жыл айланганда меникине сен, же сеникине мен чыгыбызга кол салгыбыз бардыр», – деп Тилекмат катуу ызаланган экен. Маселе талкууланып, аягына чейин чечилбей, дагы бир жолу кезигүүдѳ каралыптыр. Кийинки жылы Тилекмат аке жигиттери менен Соң-Кѳлдү ашып, Үч-Куурадагы Тынымсейит элин аралап  Анжиянга бара жатканда Табылды баатырды кѳчкү алып, кыркын берип жатканын угат. Кудайга сѳзүм эки болбосун деп кайрылып, Табылды баатырга ѳкүрүп түшүп, куран окуган экен. Ошондо, Табылды баатырдын энеси Тилекматка кайрылып, «Эки элди бириктире да, ажырата да билчү элең, ары курч, ары таш бир баланын тилин кечире алган эмес экенсиң го, касиеттүүм!», – деген экен. Тилекмат аке: «Кечириңиз байбиче, сѳзүм ѳтүп кеткенден кийин ойлонуп калдым  эле», – деп жооп берген экен.

Бугу элинин аксакалдары Тилекматты Кытайга барып, Кытай губернаторунан жардамга кол сурап кел деп сунуш кылышат. Ошол кезде ички кытайлыктар Дунган элинин кѳтѳрүлүшүн кандуу басып, дунгандар Ырдыкка чогулуп, калган эле. Тилекмат: «Кытайдан жардам сурап, жардам күтүүгѳ болбойт, Омбудагы Орус мамлекети менен сүйлѳшүүлѳрдү тездетиш керек» дейт. Тилекмат Сарбагыштар менен болгон тирешүүнүн абалын жеңилдетиш үчүн, орчундуу иштерге катышып, манап Качыбекти тез жабдып, тымызын Омбуга жиберишет.
Чүй, Талас, Ат-Башыдан кабарлар орундуу келсе дагы, бугу элинин даярдыгы күчѳйт. Боромбай баштаган билермандар Ормон хандын кыркылыгы ѳтүп, Сарыбагыштар ѳлүктѳн бошогондо, Боромбайдын Ак ѳргѳсүндѳ чогулган аксакалдар кеңешинде «Эки бир тууган элдин, Бугу менен Сарыбагыштын ортосу ажырашпасын. Ормон хандын кунун айткыла, айыбыбызды тарталы» деп, тымызын элчиликке ѳзүң барып келгин деп  Тилекматты чечишти.

Эки жактан кан тѳгүлүп, Бугу, Сарыбагыш жоо болушуп, бирин-бири аңдый баштаганда Тилекматтын Сарыбагыш элине барышы, анын эл үчүн кара башын канжыгага байлап, элинин бейпил болочогу үчүн ѳмүрүн кылычтын мизине талдап ѳтүүгѳ мажбурлаганы эле.

Баарын баамдаган Тилекмат, айсыз караңгы түнгѳ салып, кайра Сарыбагышка кѳчүп кеткен Калыгул карыяныкына келип түшѳт. Калыгул карыя Тилекматты кѳрүп,  элчиликке келгенин туюп, катуу үшкүрдү.  Тилекмат «Кулаарда кол токтотот, ураарда тирѳѳч токтотот, Жер жарылып, суу чыгып, дарыяга айланып, жээктен жээке ѳтүүгѳ болбой калчудай болуп турат. Дарыянын бир жак жээгинде тирѳѳч болуп,  экинчи жагында  тирѳѳчү болбосо, кѳпүрѳ салынчудай эмес ко? Эки жээкти бириктире турган бүтүм табылар бекен? Бугу менен Сарыбагыш бир тууган эл. Бугунун билермандары чогулуп,  «Эки эл ажырашпасын, айыбыбызды тарталы, кунун айткыла» деп келдим, аба. Эптеп, жардам кылып, жыйынтыктап бере турган биздин таянычыбыз Сарыбагыш элинде жалгыз эле сиз болуп турасыз», – деди.

«Кѳпүрѳнүн бир устунуна жараймын деген жакшы тилекте келипсиң. Экѳѳбүз эки элди ажыратпай, устун болуп сунулуп калсак, туура ташталып, жабылуучу кѳп шыкактар керек. Атаганат, андай шыкактар табылар бекен? Кѳпүрѳ менен ѳткѳн адамдар кѳбѳйѳр бекен?» – деди карыя Калыгул. Тилекмат: «Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт. Башка жол жок калды, тобокелге салып кѳрѳлү, ава! Элге кеңешип, бүтүм чыгарып бериңиз», – деп кыстады карыяны. «Балам,  элчи болсоң дагы, менин жанымдан чыкпай жүр, мен турганда сага тийише коюшпас. Чакырып кеңешпей, барып, ѳтүнүп кеңешели», – деп Калыгул кабар берип, элди чакыртып, Тилекматты алып, Ормон хандын уулу Үмѳтаалынын ѳргѳсүнѳ келишти.  Тѳрдѳ кара топучан Тѳрѳгелди, андан жакалай босогого чейин ак сакал, кѳк сакал, кара сакал адамдар үйгѳ толуптур. Эшик кѳтѳрүлүп Калыгул киргенде, Тѳрѳгелди жылышып оң жагынан орун бошоткон. Калыгул тѳргѳ барып олтурду. Тилекмат киргенде эч ким кыймылдаган жок. Салт боюнча элчи жаралуу Үмѳтаалынын маңдайынан орун алыш керек эле. Үмѳтаалы үйдүн ээси катары, эшикке жакын отурган. Тилекмат буйдалбай Үмѳѳтаалыдан эки киши ылдый, бош орунга малдаш урду.

«Камчысын мойнуна салып, айыбын тарталы, кунун айткыла деп, Боромбай элчисин жибериптир, сѳзүн уккула», – деп жарыя салды Калыгул. Үмѳтаалынын карышкан колу, кемерине кыстарылган кылычка үч жолу барып кармап, үч жолу кайра тартылды. Үмѳѳталынын сакал-муруту бириндеп, үнү ызгаарлуу чыкты: «Элчилик эми түшүптүрбү эсине? Катуудан казанын талкалап, жумшактан күлүн сапырып, анан эл болобуз», – деп ызырынды. Тѳрдѳгү  Тѳрѳгелди  да бул сѳздү колдоп чыкты. Калыгул чыйралып, «Жѳн теминишпей, жиниңерди күнѳѳлүнүн ѳзүнѳ бѳрккүлѳ. Эл атынан келген элчинин айтканын угуп, адамча жооп бергиле!» – деди. «Элчилик  укугум болбосо, олтургандардын кѳбүнѳн кичүүмүн. Жеке айыбым болсо кечиргиле», – деп, Тилекмат сѳзүн улантты: «Битке ѳчѳшүп, кѳйнѳгүңдү отко салба »  дейт эмеспи. Боромбай бит болсо, кѳйнѳгү Бугу эли. «Ичээр сууңа түкүрбѳ» дейт эмеспи. Суусу эл болсо, түкүрүгү шойкум баштагандар. Мен мына ошол элдин жиберген тапшырмасы боюнча, элдин атынан келдим. «Айыбыбызды тартып, кескен кунду тѳлѳп, бир эл болуп, ынтымактуу жашайлы» деп жиберишти мени», – деп айтып бүтүп, Тилекмат Тѳрѳгелдинин кѳзүнѳн баштап, баарынын кѳзүнѳ-кѳзүн уруп, кыдырып келип, Үмѳтаалынын кѳзүнѳ сайылып келип токтоду.  Үмѳтаалы: «Ормондун кыздарынын бетине тырмактары тийип, издери бир жылда да бүтпѳйт. Кыздын кызылына кырк кыз бересиңер.  Атамдын улуу-кичүү аялдары -келиндеринин карасына алтымыш келин бересиңер», – деп токтоду. «Ага миң жылкы, жүз тѳѳ кошосуңар», – деди Тѳрѳгелди. «Кун башы ал эмес.  Балбай менен Алыбек, анан Мураталы, Ѳмүр баатыр, Молдо баатыр, Солтонкул, Сарт аке, Тилекмат, Качыбек баштаган жети эрдин башы болот», – деп, ызырынып чыкты Үмѳтаалы.

«Кундун да ченеми болоор. Сиз айткан кун ченеминен чыгып кетти, кун алуу эмес, кысым болду го. Эл эмне дээр экен, баатыр», – деди элчи Тилекмат.

«Эл найзанын учунда, кылычтын мизинде кездешет.  Атамдын ашы ѳтсүн. Дагы кеңешээрбиз?» – деп, Үмѳтаалы башын ылдый салып, кабаарып токтоду. Эч ким үндѳбѳдү. Башка сѳз айтылбай калды. Үмѳтаалы дагы, Тѳрѳгелди дагы чечим ушундай деп чыгып кетишти.  Олтурган жеринен Тилекмат элчини Калыгул карыя ээрчитип кетти…

Сүйлѳгѳндѳ куюлуштуруп, сѳздүн майын чыгарып кеп курган  Тилекмат аке тубаса элчи болуп жаралган эле. Ал ким менен сѳздү кандай баштап, кандай мазмунда сѳз боло турганын терең билген. Башка кыргыз элчилеринен айырмаланып, элдик каада-салтты, үрп-адатты катуу сактаган. «Сѳз атасы – Тилекмат» деген сѳз да эл ичинде бекеринен айтылбагандыр.

(«Улуу кыргыз кѳчү» китебинен)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *