Жашоо сабактары

7-фото

АТАЛАР СӨЗҮ

Кыйынчылыкка жан дүйнө менен багынбагыла!

Тоонун башында мѳңгүлѳр азайды. Эгерде адамдар жакшы сапатка толсо, мѳңгү толот экен. Эгерде адамдарда жакшы сапат азайса, мѳңгү азаят экен. Ошону баамдай жүргүлѳ. Азыркы учурда адамзат боюнча мѳңгү азайып жатат.

Кѳбүнчѳ кубат топтолсун. Ата-бабалардын баягы алгырлык сапаты кайра келип, баатырдык сапатка кайра толуш үчүн эмне кылыш керек? Сѳздү оңдош керек, анан пейилди оңдош керек.

Ар бир адамдын жолунда тоскоол болбой койбойт. Тоскоолго кез болгондо шалпайбагыла. Бул биздин бабаларда кезикпеген сапат. Азыр тоскоол кезиксе эле ийинин түшүрүп коюшат экен. Бир аз кыйынчылык келгенде эле, ошол кыйынчылыкка багынат. Адам биринчи кайсы жактан багынат, бул жан дүйнѳсү менен багынып калат. Ошол жан дүйнѳ менен багынбай эле үмүттүү жашаса, кыйынчылык бат кетет экен. “Ушул болбой калды” дебей кѳкүрѳгүндѳгү жан дүйнѳсүнүн кубатын жоготпосо, кѳп кыйынчылыкты байкабай, “кыйналып жатам” деп бир аз тердеп коюп ѳтүп кетет. Ал эми кѳкүрѳгү менен багынып койсо, шордуу катары кыйналып кетет.  Ошондой болбогула. Кыйынчылыкка адам акыл менен багынса да, кѳкүрѳгү менен багынбаш керек. Ошол кѳкүрѳгү менен багынып койгондор кѳбѳйүп баратат. Тоскоолго чыдамдуу болуп, кѳтѳрүмдүү, калың болгонду үйрѳнгүлѳ!

Сүйүүгө, мээримге, кечиримдүүлүккө толгула!

Азыркы адамдар мүнѳздү оңдогонго багыт алган кыймыл башталса абдан жакшы болот эле. Бал сѳздүү, май сѳздүү, мээрим менен сүйлѳгѳн адамдар кѳбѳйсүн.

Кѳбүнчѳсү түйшүккѳ, кыйынчылыкка кѳкүрѳгү менен багынып бергендер мээримди, сүйүүнү, кечиримдүүлүктү билбей калат. Ар дайым кыжаалатта жүргѳн киши башка бирѳѳгѳ мээрим чачканды билбейт. Ар дайым ѳзүнүн тагдырына, оорчулугуна баш ийген адам мээримге толо албайт. Акыл айта албайт. Акыл айтса урушуп, үрүп айтат. Жардам сураган кишинин жан дүйнѳсүн түшүнѳ албайт. Азыркылар кѳбүнчѳ “сенсиз да башым ооруп жатат, сенсиз да жүгүм кѳп, сенсиз да ишим кѳп” деген сѳздү кѳп айтып калган. Ошондуктан, жан дүйнѳңѳрдү кыйынчылыкка багынтпагыла. Жан дүйнѳңѳр багынса, силерден сапат кетет, мүнѳз оордойт, мүнѳз байлоодогу итке окшоп калат. Кичине эле туура эмес болсо беттен алган сапатка ѳтѳт. Ошондуктан, жан дүйнѳдѳ, кѳкүрѳктө кубат болсун, кѳтѳрүмдүү болгула. Кѳкүрѳгү багынган адам кичинекей түйшүккѳ сына берет, улам багынса, улам сына берет.

Акыл менен багынып кыйналгыла, ойдон кыйналгыла, бирок жан дүйнѳңѳрдү кыйынчылыкка багынтып бербегиле. Кыйынчылык келди деп кѳп адам ѳзүнүн мамилеси менен тегерегиндегилердин сыйына жетпей, кадырга жетпей, ошону бузуп алат. Мындан чоң жутта, чоң кыйынчылыкта, согушта жашап, бирок биз ошол сапатты жоготкон эмеспиз.

Дүнүйѳ дѳѳлѳт алып келбейт. Азыркы учурда дүнүйѳ топтойм деп, ошол чоң кыжаалатка баткан, дүнүйѳгѳ малынып, дүнүйѳнүн аркасынан майдаланып кеткен адамдар кѳп.

Кудай берген ырысты, ырыскыны баалап, жарыкты жүрѳгүңѳрдѳн, кѳкүрѳктѳн жоготпой, мээримдүү сѳз, жылуу кеп, акылдуу насаат айткан адамдардан болгула!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *