Коомдук ишмер, журналист Кенжалы Сарымсаков менен коштошуу

7-Кенжалы агайКыргыздын нукура ак сөөк адамы

Кенжалы агай көзү өтөрүнөн 20 күн  мурун телефон чалып, “Мен ооруканага жаттым, эртең операцияга киргени жатам. Буйруса операция жасаткандан кийин эл-жерге кызмат кылган адамдар тууралуу бир макала жазып берейинчи” деди…

Жарык адамдын элге айткан сөзү да, өзү да, кылган кызматы да жарык болорун ушул карапайым, жөнөкөй мүнөздүү агайымдан көрдүм. “Улуу жөнөкөйлүк” дейт кыргыз. Жөнөкөй жашоо-шарты менен, жөнөкөй кызматы менен, жөнөкөй жүрүм-туруму менен ата-бабаларыбыз улуулукка жеткен, ошол улуулуктун барк-баасын сактап калууну  ыйык тутушкан. Азыр эми улуу жөнөкөйлүктү турган турпатына, кан-жанына сиңирип ала жүргөн  адамдар өтө эле сейрек экенин эч ким тана албас. Бул заманда издеп санаса кол манжасына жетпеген сейрек адамдардын бири сиз болчусуз, агай.

“Элдин арасында көптүн бири катары жашап, бирок, кандайдыр бир кырдаал болгондо өзүнүн сөзү, жасаган иши аркылуу элди оң жолго салып, бир багытка буруп  жол көрсөткөн, жана анысын эл алдында өзүнүн милдети катары көргөн; кулк-мүнөзү, акыл-эси, адамдарга жасаган мамилеси аркылуу  үлгү болгон; көпчүлүк ага баа берип, талдап, жактырып турган адам – кыргыздарда Ак Сөөк адам деп аталган” деп жазуучу Абдымамбет Сариевдин жазганы бар.  Азыркы интеллигенциянын, аксакалдардын арасынан чанда гана кездешчү ушул Ак Сөөктүк касиетиңизди, ушул даражаңызды  акыркы сапарыңызга узатуу учурунда эл баса белгилеп айтып жатты.

“Сөөгү көрдө жатса да, сөзү элде калган киши – тирүү киши. Элге кылган жакшылык – жерге жайган суу менен тең”  дегендей, бүтүндөй өмүр жолуңузда кыргыз сөзүнүн сөөлөтүн сактоого, сөз тереңин, сөз кадырын, сөздүн түбөлүктүү экенин эл-журтка жеткирүү далалаты менен жашадыңыз, кайсы тармакты албайлы көйгөйлүү маселелерине токтолуп, теледен, радиодон, гезит беттеринен калыс пикириңизди, ѳнүгүүгѳ карай үндөө сөзүңүздү айтуудан чарчабадыңыз.

“…Эл-жерге кызмат кылган адамдар тууралуу бир макала жазып берейин” деп телефон чалган күнүңүздөн көп күн өтпөй арабыздан кете бердиңиз. Тирүү кезиңизде сизди даңазалап коомчулук мактап жазбаптыр, дайыма башкаларды сиз жаздыңыз. Тирүү кезиңизде биз, “Көк асабанын” жамааты сизге моралдык да, материалдык да, маанай тартуулачу майрамдык да күндү белек катары бере алган жокбуз. Дайыма атабыздай болуп сиз колдоп, “мен бул мекенчил-руханий гезиттин жаралышын 15-20 жыл бою күтүп келгем” деп, алты жылдан бери ар  дайыма биз менен бирге болуп, тез-тез телефон чалып акыбалыбызды сурап, “Көк асабанын” калыптанышына негизги чоң жардамды, мээнетти сиз берип кеттиңиз.

…Эми болсо, элге-жерге кылган кызматыңызды, өлкөнүн оңолуу жолуна түшүүсүнө багытталган  ойлоруңузду,  дегеле жөнөкөй адамдык сапаттарыңыздын улуулугун  элге үлгү катары жеткирүү биздин милдетибиз…

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *