“Ар бир ырымда тагдырымдын үзүмдөрү сыйдырылган”

11-Э Иманалиев (2)

 

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, тѳкмѳ акын

Бир гана тѳкмѳ акындык эмес комузчулукту, обончулукту, ошону менен бирге манасчылыкты да аркалап, элдин купулуна толгон кайрыктары менен эл сүймѳнчүгүнѳ айланган ѳнѳрпоз Элмирбек Иманалиев менен маектештик. Бир сырдуу, миң кырдуу талант ээси менен кайсы тармакта баарлашсаң да кызыктуу. Ар тараптуу маектешүүбүз сиздердин назарыңыздарда.

-Чыгармачыл эргүүңүзгѳ быйылкы жаз кандай таасир берди?

– Ушул жазда салыштырмалуу кѳп эргүү деле ала алган жокмун, анын да себептери бар. 25 жашыма чейин жазды абдан эңсеп күтчүмүн, жаз келген сайын  чыгармачылыгыма  жаңылык кылыш керек деген аракет мындан кѳп жыл мурун мага абдан мүнѳздүү эле. Эмнегедир кийин күз мезгилин сүйүп, күз мезгилиндеги кооздуктарды күтүп самачумун, азыр мезгил деле тандабай калдым.

– Тар чѳйрѳдѳ манасчылык ѳнѳрүңүз менен да беделиңиз жогору, деги эле кайып дүйнѳсү менен болгон мамилеңиз кандай?

– Кѳзүбүзгѳ кѳрүнгѳн жок деп эле кайып дүйнѳнү жокко чыгаруу туура эмес. Жеке инсан катары айтаарым, кѳзүм кѳрүп турган дүйнѳгѳ, табиятка, чындыкка канча ишенсем, бизди коштоп турган кайып дүйнѳнүн бар экендигине, анын адамга тийгизген таасирине да ошончолук ишенем. Мага дайыма жогорку күчтѳр жардам берет, мен да аларга таасир эте алам. Муну ким кандай түшүнѳт, кандай түшүндүрѳт, билбейм.

– Чыгармачылыгыңыздын башаты кантип башталган ?

– Мени тѳкмѳлүккѳ, обончулукка, акындыкка жанаушул тагдырга, ушул милдетке алып келген вазыйпамдын башаты «Манас» болгон. Себеби, 5 жашымда мектепке бара элек кезимде эч ким үйрѳтпѳсѳ деле шар окуп, басма түрүндѳ жазганды ѳздѳштүрүп алдым дагы, ѳз алдымча шатыратып жаттап алганым «Манас» жомогу болду. Ошол кезимде элдин баары тең эле мендей болуш керек деп ойлочумун. Бир күнү үйүбүздүн артындагы таш короого жалгыз барып алып манас айтып калдым. Эстесем, ѳзүм айтып жаткан манасты эч жерден окуган эмесмин, бирок ичимдеги бир албуут күчтүн таасири менен уйкаштырып айтып жаттым. Аны угуп калган менден беш жаш улуу Айдарбек деген байкем «Сен каяктагы калптарды айтып жатасың, «Манасты» толук окугам, сен айткандай жерлери жок» деп мени абдан уяткарып койду, ошондон кийин элдин кѳзүнчѳ да, ѳзүмчѳ да манас айтууну токтотуп койдум. Себепсиз эч нерсе болбойт, мүмкүн туура болгондур. Бирок «Манас» дүйнѳсүнѳ болгон сүйүүм чоң болду, Саякбай атабыздын манас айтканын радиодон укканда кѳкүрѳгүмѳ кѳлкүлдѳп толгон күчтүн таасиринен ѳзүмдү кандайдыр бир күч алып учуп кеткендей сезчүмүн. Азыр дагы жан дүйнѳмдүн түпкүрүндѳ катылып жаткан бир кѳксѳѳм бар, табияттын кучагында, элдин арасында ушундай бир келиштирип манас айтып жатканымды элестете берем, бул кѳрүнүш сѳзсүз бир күнү болчудай ишенем.

– Түш кѳрүүгѳ кандай маани бересиз?

– Кээ бирѳѳ түстүү түш кѳрбѳйм дей беришет го, мен болсо кѳп түштѳрдү ѳңүмдѳгүдѳй кѳрѳм. Бир жолу түн бир оокумда кадимки Токтогул атабыз келип ѳңүмдѳ эле ырдап жатты. Саатты карап койгом,  үч жарым саат ырдады. Эч кандай коркуу сезими болгон жок, тек гана угуп жаттым, бирок дайыма ушинтип калбайбы деген чочулоо болду. Кээде 2-3 күндѳп уйкусуздукка кабылып калам, бирок уктабаганым менен ѳзүм түшүнүп-түшүнбѳгѳн дүйнѳлѳр менен байланышта болгонумду даана сезем.

– Демек, сиз жараткан чыгарма ошол учурдагы ыргактын таасиринен жаралат турбайбы?

– Эч качан тажрыйбама таянып же атайын буйрутма үчүн мээнеттенип ыр же обон жаратып кѳргѳн эмесмин. Чыгармаларым дайыма күтүүсүздѳн жана ички толкунум менен сырткы таасирдин күчүнѳн жаралат.

– Сиз жараткан ырлардын саптарында, обондордун ыргагында кѳңүлдүн шаңы эмес, кѳңүлдүн муңу  баяндалат, себеби эмнеде?

– Туура, чындыгында ошондой. Ырларымдын кѳпчүлүгүн 20 жашыма чейин чыгаргам. «Жалгыздыкта коштошуу» 15 жашымда, «Булбулум» 17 жашымда, «Жамгырдагы кусамат»  19 жашымда, «Убайым», «Мунарым» деген ырларымдын баары 20 жашыма чейин жаралган чыгармаларым. Ошондон бери кѳпкѳ чейин тыным болуп жүрүп «Аруузатым» 2008-жылы жазылды. Чыгармаларым ички абалымдын болуп турган, толуп турган ыргактары менен берилген. Жүрѳгүмдѳгү ыза, бук бышып жетилгенде гана обону да, сѳзү да бири-бирине жуурулушуп жаралат. Бирок, ошол абалымды чыгарма аркылуу берип салып, ѳзүм жашоодо андай муңдуу эмесмин. Демек, ар бир ырымда менин тагдырымдын үзүмдѳрү сыйдырылган, бир да ырым жѳн салды жаралып калган эмес. Кыскасы, бир ырым ѳзүм жѳнүндѳ жазылган саптар, ыргактар.

– Элибизге тѳкмѳ акын катары кеңири таанылсаңыз да, сизди жандаган башка ѳнѳрлѳрүңүз жана алѳнѳрлѳрүңүздүн мүнѳзү бар. Сурайын дегеним, кайсы мүнѳз сизге кѳбүрѳѳк таасир берет?

– Ѳнѳрдүн бир нече түрү менен алпурушкан адамда башкаларга түшүнүксүз бир мүнѳз болот. Маселен, мен тѳкмѳ акын катары эл менен тыгыз аралашканым  коомдогу болуп жаткан кѳрүнүштѳргѳ тез реакция берип, тез баамдаганга абдан жакшы. Ал эми обон жаратаарда, тескерисинче, кѳпчүлүккѳ аралашкым келбей, ѳзүмчѳ оолактап калам. Чѳйрѳ тандап, жер тандап, жай тандап, түнт болуп калам. Бул абалымды жеткиликтүү кылып түшүндүрүш ѳтѳ кыйын. Адам ѳзү чоң сыр, адамдын ички туюмунда, аң-сезиминде код болуп калган маалыматтар, клеткалар бар. Бизде кандан-канга ѳтүп келаткан ѳзгѳчѳ сыр бар, ал бирде болбосо бирде ойгонот. Ал учурда адам дүйнѳнү башкача кабылдап, башкача кѳрѳт. Мындай учурда адам аян кѳрдүм, сыр берди деп ашыкча толкунданып же коркуп, ѳзүн башкара албай калганы ѳтѳ коркунучтуу нерсе. Мен деле ѳзүмдѳгү болгон айрым «жарылууларга» ээ болуп, ѳзүмдү тизгиндеп, убагында токтотуп калбаганда, ким билет, балким жин оорусуна кабылып калмакмын. Маселен, тѳкмѳ акынга артыкча келген илхом адамды делѳѳрүтүп жибериши мүмкүн. Азыр 30-40тай балага сабак берип жатам, ошол шакирттеримен дагы байкайм, кээ бирѳѳнүн аалам тартуулаган жантуюму чындап күчтүү, бирок ѳзүндѳ мээнет аз, китеп окубайт, изденбейт, билим албайт дегендей. Ошондуктан анда эргүүнүн ѳзү гана бар, бирок сѳзү жок. Ал эми кээ бирѳѳнүн аракети, мээнети күч, бирок аалам ага ѳзгѳчѳ жантуюм ыроологон эмес. Демек, качан гана ага берилген ѳзгѳчѳ жантуюму менен билими, мээнети айкалышмайынча, башканы ѳзүнѳ оп тарткыдай чыгарманын жаралышы кыйын.

– Тѳкмѳ акындыкты үйрѳнүүгѳ болобу?

– Казактар бул тажрыйбаны жасап кѳрүшкѳн, үнү бар, домбрада ойной алган жазма акынды тѳкмѳ акын боло алат деп болжошкон.  Бирок андай болбостугун бир мисал менен айтып берейин. Кадимки Байдылда Сарногоевдин да тѳкмѳ акын болсом деген кыялдануусу менен жазган тѳмѳнкүдѳй саптары бар:
Кѳк-Арык менин мектебим,
Кѳп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди,
Осмонкулга жетпедим» деп, тѳкмѳ акындарды кумир тутуп, ошондой болгусу келген. Бирок тагдыр аны М.Горький атындагы адабият институтунан окутуп, жазма акын болууга түрттү. Комузду да черткенди билчү экен, жамактатып  10-12 саптарга чейин айтчу экен, айрым теңтуштары «Байдыке, сен деле тѳкмѳ акын болбойсуңбу?» дегендерге: «Мага ал касиет берилбесе кантип болом» деп, эл алдына чыккандан баш тартып койчу дешет. Муну менен айтайын дегеним, Теңирдин ѳзүнѳн бир чымчым касиет берилмейинче, ким канча аракет кылса да тѳкмѳ акын боло албайт. Муну казактар тажрыйба кылып кѳрүп, болбостугун чындап моюндарына алышкан.

– Турмуш-тиричиликке кандайсыз?

– Чыгармачылыкка 14 жашыман баштап аралашкандыктан, жалаң чыгармачылыгым менен алпурушуп жүрүп, бир чети шылтоо болуп тиричиликке анча тың эмесмин.

– Азыр үйрѳнүп, ѳздѳштүрсѳңүз болбойбу?

– Эч нерсенин кечи жок, ансыз да үйрѳнѳйүн деп аракет кылып жүрѳм. Негизи таланты бар адамдар эмнени болсо да тез ѳздѳштүрүп алат. Курулуш тармагына шыгым бар, кѳз болжолум менен ченеген ѳлчѳмдѳрүм кѳп учурда так болот. Ѳзүм тиричиликке мыкты болбосом да башкалар менден кеңеш алып, тиричилигин тыңдап кеткендер кѳп. Тиричилик кылуу жагынан негизи теориясын абдан жакшы билем, маселен кѳчѳт олтургузууга кызыгып калсам, ал жѳнүндѳгү китептерди топтоп алып, четинен дыкат окуп, тийиштүү адамдар менен сүйлѳшүп, баарын бышыктап коём, бирок бир да жолу кѳчѳт отургузуп кѳргѳн эмесмин.

-Бала кезде эмнеге кызыгып, эмнеге шыктуу элеңиз?

– Кичине кезимде жыгачтан адамдардын ар түрдүү образдарын жаратчумун. Мени жыгач уста болот деп айтышчу. Айылдагы бузулуп калган сүт тарткан машинелерди, дагы башка майда-чүйдѳ техникаларды агам экѳѳбүз оңдоп берчүбүз, негизи эле бузулганды оңдогонду жакшы кѳрчүмүн. Чыгармачылыкка аттангандан баштап, ѳнѳрдүн артынан жүрүп, бала кезимдеги кѳп жѳндѳмдѳрүмдү ѳркүндѳтѳ албай калдым. Күнүмдү, ѳмүрүмдү, тагдырымды чыгармачылыкка арнагандыктан, кошумча жумуш кылууга убактым болгон жок.

Мундуз АСАНАЛИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *