Бизге ӨМҮР эмне үчүн берилген?

11-өмүр1. Ыраазычылык. Шүгүрчүлүк. Нааразычылык

Биз, адамдар, күнүмдүк жашообузда Кудайды адатта кайсы учурда эстейбиз, кайсы учурда ага ыраазы болобуз?

Албетте боорубуздан жаралган ымыркайыбызга ичибиз элжиреп аны эркелеткенде, табияттын сулуулугуна өтө суктанганда, өзүбүз өтө эңсеген нерсебизге жеткенде, көңүлүбүздү чөктүргөн ишибиз жүрүшүп кеткенде, материалдык муктаждыгыбыз күтүүсүз оңолгондо, чоң сүйүүгө кабылганда, же, алдыбызда коркунучтуу тоскоолдуктар көрүнгөндө, кайгы-капага батканда, жаныбыз зарлаганда, жакыныбызды бу дүйнөдөн жоготкондо… Кудайды эстейбиз…

Ооба, адам жок дегенде ушундай учурларда Жогорку Күчтүн бар экенин эсине келтирип, жүрөгүн катуу бир силкинтип, акылын терең калчап, айлана-чөйрөсүнө күчтүү сезим менен бир сыйра сереп салса – бул анын Кудайга карата болгон алгачкы кадамдарынын, кыймылынын башаты болот, эгер ал сезим чын эле көкүрөк түпкүрүнөн – ДИЛден козголуп чыкса.

Ал эми, жогорудагы саналып өткөн жагдайлар, жашоонун урунттуу учурлары делген көз ирмемдер кимдир бирөөлөрдү Кудайды эске алууга түрткү бербесе, жүрөгүн козгобосо, анда алар пендечилик пастыгында жашагандар, караңгылыкка чулгангандар деп эсептегенден башка арга жоктур…

Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй жер бетиндеги элди алып карап көрөлүчү. Канчасы майкөл-сүткөл жашоого жетсе да жан дүйнөсүнүн жардылыгынан азап чегип, канчасы жакырчылыктын, ички дүйнөсүнүн жалгыздыгынын, оорунун, бөөдө кырсыктын, ырайымсыздыктын көрүнүштөрүнө туш келүүдө? Ал эми канчасы адилеттиктин жоктугунан жаны сыздап, акыйкатка жете албай жетимсиреп, алсызы алдуусуна, кедейи байына, байкушу мыкаачысына, карапайымы мансаптуусуна кор болууда?

Окурман, адамзаттын канчасы бактылуу да, канчасы бактысыз? Ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Же болбосо, эмне үчүн күндүзгү күндү түнөртүп, түнкү бейпилдикти бузуп, Жер Эненин бетине өрт коюп Сирия, Ирак, Украина, жана башка өлкөлөрдө согуш болууда; алааматты жаратып жаткандар, адамзатты оюнчуктай ойноткондор кандай адамдар, алар эмнени көздөйт; ар кандай диндерге жамынып заарын чачкан айрымдар эмне үчүн адам чыдагыс, айбан кылгыс мыкаачылыктарды жасашууда (мисалы, Сирияда ушул мезгилде сириялык исламдык топтор христиан болуп жаралганы үчүн гана ымыркайлардын, жеткинчектердин, өспүрүмдөрдүн башын денесинен бөлө мууздап ата-энесинин алдына таштоодо, бойго жеткен христиан кыздарды жылаңачтап элдин көзүнчө мазактап, анан ошол эле элдин көзүнчө кекиртектерин кесип ырахатка батып (!), соңунда ата-энелерин да мыкаачылык менен өлтүрүүдө); эмне үчүн эки өлкөнүн ортосунда гана эмес, эки айылдын, эки достун, эки бир туугандын, ата менен баланын, эне менен кыздын ортосунда да кулак уккус, көз көргүс тескери көрүнүштөр болуп кетүүдө; ал эми табигый кырсыктарчы, анын бир заматта бир нече миңдеген адамды жайпап өтүп кеткени эмнеликтен?

“Адамзатта мындай алаамат жашоо болгон жана боло берет” дегендер четтен чыкпай койбойт.

“Жамандыгынан жакшысы көп жашоодо жашасак экен” деп тиленгендер болот.

“Ар бир адамдын көкүрөгү тазарып Кудайга түздөлсө экен, жер бетине керемет жашоо орносо экен” деп күнүгө ДИЛден тиленип, көксөп жашагандар бар. Бирок, мындай тилекке астыртан күлүп, “керемет жашоо болушу эч мүмкүн эмес” деген пас адамдар жашоодо жетиштүү.

Биринчилери – “Адамзатта мындай жашоо болгон жана боло берет” дегендер – кайдыгерликтин чегинде турган, бул жашоого ӨМҮР деген баалуу нерсени Кудай эмне үчүн бергенин иликтеп көрбөгөн, ага тартуу катары берилген бул кымбат өмүрүндөгү жасай турган вазыйпасы тууралуу таптакыр ойлонбогон, Жашоонун Билиминен кабар алайын деген түшүнүгү, адам катары өсөйүн, өзгөрөйүн деген эңсөөсү жок, жакшыдан да жаманды көргөн, жаманды жакшыга өзгөртөйүн дебеген, өмүрүнүн жарымынан көбүн нааразычылык ыргакта туруп өткөргөн пенделер.

(Эске алчу нерсе, жашоодо нааразычылык ыргакта туруунун түрлөрү болот. Бул жердеги текстте – жогорудагы адамзаттык аянычтуу көрүнүштөргө “мындай жашоо боло берет” деп мерез бүтүм чыгарган “биринчилерге” карата гана айтылган ой болду. Өз жашоосуна нааразы боло бергендер тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз.)

Экинчилери – “Жамандыгынан жакшысы көп болуп турган жашоодо жашасак экен” деп тиленгендер – жакшылыкка умтулган, бирок, ыраазычылыкка караганда шүгүрчүлүккө көбүрөөк басым койгон адамдар. Ал эми мындай шүгүрчүлүк ыргагына гана дайыма басым коюп жашагандардын турмушу бирде өйдө, бирде ылдый болуп тураарын, жашоосунда жакшылыктары канча болсо, жагымсыз жагдайлары да ошончо боло берерин, “шүгүр” деп көп айтып жашагандан көрө, “жакшы” деп айтып жашаган алда канча баалуу  экенин унутпайлы. Мындай адамдардын көбү акылын туура иштетсе да ички сезимин тереңдетүүгө көңүлүн толук койбогон, өздөрүн Жаратканга толук арнай албаган, Жашоо Билимине тереңдебеген адамдар.

Үчүнчүлөрү – “Ар бир адамдын көкүрөгү тазарып Кудайга түздөлсө экен, жер бетине керемет жашоо орносо экен” деп ДИЛден көксөгөндөр – булар ар убак ак сезимди баккан, бүтүндөй адамзаттын оңолуусуна тырмак учундай болсо да салым кошкусу келген,  айланасындагы адамдарды туура сөзү менен агарткан, Жашоо Билимин өмүр бою үйрөнүүдөн талыкпаган, туруктуу туура ойду карманган, өзүнүн нугун таап аккан, турмушундагы сыноолордон сынып калбай, тескерисинче ал сыноолордон бышкан, ар кандай жагдайлар учурунда акыл издеп иликтөө кыла алган, адамгерчиликтин асыл сапаттарына толгон, элинин кубаттуу болуусун тилеген, элине да, Кудайга да кызмат кылып жаткан адамдар. Булар – ыраазычылык ыргагында тургандар.

(Бул жерден да эске алчу жагдай – “үчүнчүлөрдүн” өмүрүндө нааразылык ыргагы таптакыр болбойт дегенден алыспыз. Күнүмдүк жашоонун ар кандай көрүнүштөрүнө, жагдайларына жараша аларда да нааразычылыктар болот. Нааразычылык  туугандар ортосундагы, жамаат арасындагы, коомчулуктагы туура эмес иштерде акыйкатка жетүү үчүн же ызадан, таарынычтан жана башкадан чыккан нааразылык болушу мүмкүн. Бирок алар көкүрөгүндөгү нааразылыкты сактап жүрө берүү өзүнө зыян экенин билишкендиктен, аны көкүрөктөн чыгарып салуу ыкмасы менен иштешет. Ал эми канча убакытта, жана кандай деңгээлде иштешээри ар бир адамдын эрк-күчүнө жараша болот.)

Албетте, мындай адамдар күчтүү, бийик, билги болууга жеткичекти тагдырынын далай кыйынчылыктарын басып өтүшкөн. Жашоодогу адашууларга кабылып, жан дүйнөсүнүн жабыркоосун тартып, ар кандай жоготууларды, азаптарды көрүшкөн. Бирок кыйын сыноолордон өтүүдө өздөрүн чүнчүтүп, пастатып, жоготуп жибербей, түйшүк алардын үстүнөн баскан сайын чыйралып, кайраттанып, шар аккан сууда кылымдар бою жаткан агынды жыгачтай болуп улам сокку жеген сайын тазарып, жылмаланып, өзүнүн көркөмүнө келип, “Жашоо” деген соккудан ички дүйнөсүн байытып чыккандар. Алар, кандай күндү кечирбесин, “Ушул жарык өмүргө келгениме ыраазымын” деп, баардык тоскоолдуктарды уламдан-улам жеңип өтө берген сайын Кудай жолуна жакындаарын түшүнүп билишкен адамдар. Булар – тирүү жашап турган ар бир күнүнө, күнүмдүк жакшылыктарына терең ыраазычылык келтирип, Кудай мындан да жакшысын берерин унутпасын деп бекем ишеним менен жашагандар, кетирген туура эместиктерине кечирим сурап тургандар.

Эмне үчүн кыргыздар “Жакшымын”, “Жакшы” деген сөздөрдү ооздон түшүрбөй мыйзамдуу сөз катары колдонуп келген? Анткени, “Жакшы” деп терең ыраазычылыкта турган адамдарга гана Кудай дайыма жакшылыгын тартуулап, берерин унуткан эмес. “Баарыбыз эле күнүгө жакшымын деп айтып жүрбөйбүзбү, кана жакшылык көргөнүбүз?” деп суроо койгондор албетте дароо пайда болот. Бирок, бир нерсени дыкаттык менен эске алалы: ошол “жакшы” деген сөздү кандай сезим ыргагы менен айтканыңызды талдап көрүңүзчү. Ал дил түпкүрүнөн чыктыбы, же болбосо мээңиздеги “эптеп-септеп жүрөм да” деген оюңуз ички нааразылыкты жаратып, бул терс сезим “жакшы” деген сөздү басып салдыбы? “Жакшымын” деген ыраазычылык дайыма эле жүрөгүңүзгө орнойбу, акылыңызга толобу, оозуңуздан бекем чыгабы? Көздү ирмеп, оозду күбүрөтүп айта салган баарыбыздын колубуздан келет, а бирок, кандай гана муктаждык кыйнабасын, кандай гана жагдай мүңкүрөтпөсүн, бар нерсебизге ыраазы боло, көңүл толо “жакшымын” деп өз өмүрүбүздө канча жолу айттык экен? Канча жолу Кудайга жактык экен?

ЖАНДЫ Кудай жараткан, Жанды Кудай көзөмөлгө алат, өзү баалайт, өзү таразалайт. Кудай сенин көк көз, кара көзүңө, шайы же баркыт көйнөгүңө, бай же кедей экениңе, сулуу же ырайың суук экениңе карап баалабайт. Кудай – Жан Дүйнөңдү бүтүндөй толтуруп турган көңүлүңдүн бийиктигине, актыгына, жарыктыгына карап баалайт. Ошондуктан, Жан Дүйнөсүнө ЖАРЫКТЫ жашаткан адамдын гана ак тилеги Кудайга жетип орундалат экен. Жан дүйнө адамдын жүзүнөн чагылып турат эмеспи, демек, дүйнөсү жарыктын – маңдайы жарык. Ал эми ачууга алдырган, каары кайнаган мүнөздөгү адамдарды болсо азгырык жандап, кесир сүйлөгөн сайын жашоосу да кемип, кыргыз макалында айтылгандай “Кесирдүү баш – келген бактысын да кетирет” болот.

“Көзү сокурдан көңүлү сокур жаман”, “Көңүлү куунактын өмүрү узак” дейт дагы бир кыргыз макалдарында. Демек, “Жакшы адам ай менен күндөй, жакшылыгы ар кимге бирдей” дегендей (жашоо мыйзамын түзүп турган кыргыз макалдарына таазим этсе болот), ыраазычылыкта турган адамдар өздөрүнүн жакшы ыргагын жанындагыларга жуктураары анык. Буга мисалды  турмуштук көрүнүштөрдөн издеп көрүңүзчү. Өзүңүздүн туугандарыңызды, жолдош-жоролоруңузду, же болбосо мектепте, окуу жайда окуткан эже-агайларыңызды эстеңизчи. Алардын арасында сиздин элесиңизден кетпеген, эстегенде жылуулук тартуулаган, кол үзүүгө ниетиңиз барбаган адамдар бар бекен? Албетте бар. Дайыма эстүүлүк менен иш кылып, маңдайы жарык, сүйлөгөн сөзү жүрөккө жугумдуу, өздөрү жагымдуу болуп, ичиндеги күнүмдүк көйгөйүн же бирөө бузуп кеткен маанайын “балп” эттирип көрүнгөнгө төгүп салбай, алдындагы адамдарды ички дүйнөсүнүн байлыгы менен тарбиялап, агартып, өздөрү билип-билбей элди ак жашоону көздөй алгалаткандар алар. Мына ушул адамдар –  көңүлү ыраазычылыкта тургандар. Биз өз жашообузда дайыма ушундай адамдардан, кубаттуу сөз, жөндүү акыл, жылуу көңүл, мээрим, эргүү, жарык маанай алып жан дүйнөбүздү азыктандырабыз. Ал эми наалыма, кабагын ачпай үтүрөйгөн, жулкунуп какшана берген, куулук-шумдукту негиз кылган, же кечке эле кейип-кепчий берип ак дүйнөсүн карарткан адамдан ким жарык ала алат, ким андай адамдын жанында болгусу келет? Жүрөгүндө жалаң нааразычылыктын ыргагы турса, жарыктын бүлбүлү да көрүнбөсө, Кудайга анын тилеги кайдан жетет да, Кудай аны кантип колдоого ала алат? Себеби, Жараткан  – бул жан дүйнөңдөгү Жарык, Жараткан – бул дил түпкүрүңдөгү сүйүү. Ошондуктан жашообузду жарыкка, сүйүүгө айлантуудан башка жол жок.

Бул жолдогулар өтө аз, бирок бар… Дил түпкүрүнөн жакшыны көксөп, Адамзатка, Жер Энеге, Көккө тынччылык тилөө, өз элиңе, Кудайга кызмат кылуу – биз менен сиздин да бул өмүрдөгү милдетибиз. Анткени, азыркы Доордун, Мезгилдин талабы боюнча мындан башка – жан дүйнөнү өзгөртүүдөн, адамдык асыл сапаттарды өстүрүүдөн, Кудайга болгон ишенимди күчтөөдөн башка жол жок. Ал эми бул жол тууралуу кененирээк сөзүбүз эмкиде болсун…

 

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *