Убунту, убунту! Ынтымак, ынтымак!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

«Чыныгы эл башчы жарды бойдон өлөт»
Индей элинин накылынан 

IslBG

Биз эмне себептен салттуу коомдун эски түзүлүш моделин бүгүн актуалдуу маселе катары көтөрүп жатабыз. Бул тенденция чынында адам баласынын өнүгүү этабындагы табигый түрдө жаралган көрүнүш.

Жаӊы жашоо формациясына өтүш үчүн адамзат алдында чечилбей келген бир чоӊ маселе бар. Ал, бүгүнкү жашоо түзүлүштүн негизине салынган идеялык баалуулуктардын системасын өзгөртүү болуп саналат. Буга биз кыргыздар кандай альтернатива сунуштай алабыз. Салттуу коомдук түзүлүштүн идеялык өзөгүнүн негизин биздин учурда ЫНТЫМАК деп карай турган болсок, бул түшүнүк кыргыз коомчулугунун жашоо этикасын абдан так көргөзүп айтып берет. ЫНТЫМАК кыргыз үчүн универсалдуу баалуулук. Ошондуктан ынтымак баалуулугунун маанисин ачып көргөнгө аракет кылалы.

ЫНТЫМАК, албетте, коомдогу адамдардын физикалык түрдө бир тартип менен туруп калышын түшүндүрбөйт (аскердик ыраат). ЫНТЫМАК – руханий түшүнүк. Ал адамдардын мамилесинин кристаллдык түзүлүшүн, башкача айтканда, адамдардын ортосунда бирдей калыстыктагы бири-бирине болгон көз карандуулукту жараткан кубулуш. ЫНТЫМАК – эӊ башкысы ишенчиликтүү мамиленин жыйындысын көргөзөт. ЫНТЫМАК  – бул мамиледеги адамгерчиликтүүлүк. Руханий жактан ынтымак жетилбесе, коомго биримдик менен тартип орнобойт. Бул аксиома миӊдеген жылдар бою далилденген турмуш чындыгы. Ошондуктан, «Ийгиликтин башаты – ынтымак» деп айтылган.

Кыргыз ынтымагы коом түзүлүштүн руханий-маданий жагын гана эмес, социалдык-экономикалык жагын дагы кошо камтыган комплекстүү көз караш. Бул жагын тереӊирээк ачып бериш үчүн дүйнөдөгү салттуу коомдордун ичинен бизге көрүнүктүү болуп саналган Түштүк Африкадагы элдердин маданиятына параллель жүргүзүп көрөлү. Түштүк Африка дегенибизде эле дароо Нельсон Мандела, расалык дискриминация жана Убунту түшүнүгү эске келет (алмазды эске албаганда). Биз бүгүн сөзгө ала турган – бул, Убунту идеологиясы болмокчу.

Кайсы бир антрополог Африкадагы балдарга оюн уюштуруп бермекчи болуптур. Ал бир куржунга толгон мөмө-жемишти бактын түбүнө коюп мындай дейт: «Ким биринчи келсе, баардык жер-жемиш ошонуку болот». «Чуркагыла» деген белгини берген соӊ, антрополог балдардын бири-биринин колдорун бекем кармап чогуу чуркап келип, куржундагы жемишти чогуу бирдей бөлүшүп жегенин көрүп алып аӊ-таӊ болот. Бул эксперименттин жыйынтыгына түшүнбөй таӊ калган окумуштуу балдардан эмне себептен баардыгыӊар чогуу чуркап келдиӊер десе, отурган балдар «убунту» деп кыйкырып жооп беришкен. УБУНТУ – бул Африканын этикалык окуусу же болбосо гуманисттик философиясы деп дагы атаса болот. Убунту сөзү Африкадагы зулу жана коса тилдеринде бирөөгө карай адамгерчилик же бир бүтүмдүүлүктүн бөлүгү катары дүйнөлүк биримдиктин күчүн түшүндүрөт. Убунту африка элдеринде бүгүнкү күнгө чейин практикаланып келет.

5-ынтымак

Англикандык архиепископ Десмонд Туту: «Кечиримдүүлүксүз келечек жок» аттуу китебинде мындай деп жазат: «Убунтуга ээ болгон адам ар дайым ачык жана жеткиликтүү, башкалардын ийгилигине көз артып кыйналбайт, анткени ал дүйнөлүк бүтүмдүүлүктүн бир бөлүгү экенине ынанып, баардык нерсе бири-бири менен байланышкан ырааттуулукта экенине ишенет, жана кимдир бирөө жабыр тартса ошого жаны сыздайт». Убунтунун башкы принциптери – бул адамдын бармандыгынын маанисин түшүндүрүү жана ошол процессте адам өзүнүн адамдыгын реалдуу түрдө жашоосуна алып кирүү болуп саналат.

Убунту мындан бөлөк IT-сферасында операциондук система катары белгилүү. Бул программалык камсыздандыруу интернет тармагында керектөөчүлөр үчүн акысыз, бекер берилет. Убунту идеологиясы кыргыздын «Алып жашаганча, берип жаша» принцибине толук дал келип үндөшүп турат.

Эми өзүбүздүн Ынтымакка келсек, анын экономикалык аспектисин кандайча көрсө болот деген суроо туулат. Эӊ жөнөкөй. Ынтымак – бул байлыкты теӊ бөлүштүрүүнүн ыкмасы, башкача айтканда, чарбаны уюштуруудагы коллективизм. Бирок, ошол эле учурда ынтымактын ички маанисинде эркиндик чөгөрүлгөн. Жеке адамдардын эркиндиги гана ынтымакка жол ачат. Муну өз эрки жана ниети менен салттык жана кандык тереӊ байланышты айкалыштырган жашоо системасы деп түшүнсөк болот. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар». Бул жерде башкы приоритет акча-соода мамилесине эмес, адамдык мамилеге берилген. Биз азыр рынок шартында акча-товар мамилеси үстөмдүк кылган коомдо жашап келе жатабыз. Мындай коомдо ынтымак болушу мүмкүн эмес, эмнеге? Анткени ар бир адам жеке кызыкчылыгынын изоляциясында калып калган. Жеке менчик адамда ээлик кылуу сезимин өөрчүтүп келет. Менчик кандай жол менен келгени маанисиз, жана аны менен адам эмне кылат – ал дагы маанисиз. «Мыйзам чегинде жүргөнгө чейин менин менчигиме болгон укугум чексиз жана абсолюттуу» деген сезим адамдарды материалдык байлык жыйноого жана сактап калууга болгон ач көздүгүн күчөтүп салат. Мындай, ээлик кылып алуу сезими топтолуп калган учурда,  ички дүйнөсүнө кѳзѳмѳл кылынбай адам бийликке умтулууга түртүлөт. Себеби, бийлик анын топтогон дүйнөсүн сактап калууга кепилдик берүүчү ишенич катары роль ойноп берет. Ушундан улам адам бирөөнүн менчигине көз артуу, кол салуу, уурдоо, өлтүрүү сыяктуу көрүнүштөргө кириптер болуп жатканын күнүгө көрүп келебиз. Бул конфликттик потенциалдын башы кайда барып такалаарын  жана анын келип чыгуу очогун түшүндүӊүздөр окшойт. Демек, биз күн какшап жаткан коррупция адамдардын аӊ-сезиминде жана жашоо образында бекем орноп калганын эми байкасак болот. Совет мезгилинде жер мөөнөтсүз жана бекер берилген, бирок менчик укугу мамлекеттин колунда болгон. Байыркы кыргыз коом түзүлүшдө дагы жер жалпы элдин ээлиги болгонун жакшы билебиз. Формалдуу түрдө эч нерсе өзгөргөн жок, болгону менчик укугу мамлекеттен алынып жарандарга берилгенден баштап ынтымак ыдырай баштады.

Байыркы кыргыз коомчулугунун экономикасын мүнөздөй турган болсок, мында ээлик кылуу аркылуу чарбачылык жүргүзүү болгон эмес. Ал экономиканы шарттуу түрдө «ынтымак экономикасы» деп атасак болот. Бул эмнени түшүндүрөт? Мындай экономикада алуу, табуу, сактоо эмес – берүү, ыйгаруу, энчилөө башкы рольду ойногон. Коомдо биринчи орунга мамиле коюлуп, ошондон улам эмгекти баалоо жана кылган  жумушуна теӊ келе турган татыктуу жооп кайтаруу сыяктуу көрүнүш болгон. Мисалы, мергенчи уудан келген соӊ, шыралга бөлүштүрүү жөрөлгөсү эч кандай акысыз жана милдетсиз, бирок алган адам ага кайсы бир күнү башка нерсе менен кайтарым кыла албаса дагы батасын берген. Ырыс-кешик бата-тилек менен келип, үй-бүлөдөгү ырыскы-кутту сактап келген. Мергенчи болобу, жылкычы же бий, хан болобу – ал доордо бул системанын иш жүзүндөгү реалдуулугун жакшы түшүнүшкөн. Маселен, ошол эле көрүндүк, бирөөнүн жакшылыгы үчүн белек ыйгаруу, ырымын жасоо жөрөлгөсү – бул дагы экономикалык мамиленин дипломатиялык кылдаттыгын жана руханий мамиленин өтө тереӊ ойлонуштурулгандыгынан кабар берет. «Айдаган мал элдики», «Эрден ашмак бар, элден ашмак жок» деп айтылган кыргыз макалдары коомдун социалдык жиктелүүсүнө барбагандыгын айгинелейт.  Кыргыздын салттык жашоосу өзүнчө илим. Анда жашоо концепциясы ийни-жибине чейин так көргөзүлүп берилген. Жыртыш, кешик берүү, устукан бөлүштүрүү – мунун баардыгы символдук маанисинен бөлөк кыргыз экономикасынын мүнөзүн дагы көргөзөт. «Хан таламай» – байыркы салт. Эл башына келген адам болгон байлыгын, мүлкүн элге таратып берген. Жүрөгүӊ байлыгыӊа ооруп турса, башыӊ материалдык кызыкчылыктан бошобойт. Элдик кызмат – бул жакырчылык же кедейлик эмес, бул элдин тагдырын колго алуудагы жоопкерчилик. Ал эми жоопкерчилик байлык менен ченелбейт. Таратылган мүлк же ыйгарылып берилген мал менен байлык эл тарабынан жетим, жесир, муктаждыгы чоӊ үй-бүлөлөргө берилген. Жоомарттык, берешендик, калыстык чарба жүргүзүүдөгү негиздүү принциптер экендиги туурасында элдик оозеки чыгармаларда жакшы айтылып келет. Социалдык гармония узак убакыт бою согуштардын интенсивдүүлүгүнө карабастан көчмөндүк жашоо образын 20-кылымдын босогосуна чейин алып келип берди.

NZ-KouPL8dc

Америкадагы түндүк-батыш индейлерде «потлач» деген түшүнүк бар. Потлач – бул демонстративдик түрдө белек алмашуунун салттуу церемониясы. Максаты – уруудагы байлыкты бөлүштүрүү жана коомдук мамилени жакшыртуу болуп саналат.

Демек, ЫНТЫМАК адамдын жеке өндүрүмдүүлүгүнө жана аӊ-сезимдик өсүшүнө түрткү гана берип койбостон, мамлекет куруудагы платформа катары дагы биримдиктин бийик үлгүсүн көргөзгөн концептуалдык баалуулук. Демек, кыргыздын экономикалык саясаты коомдук мамиленин философиясын өзгөрткөнгө багытталышы керек.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *