Жашоо сабактары

643885-1680x1050

Адамдын ою
Адамдын ою өтө күлүк. Ошону менен кошо ой төрт касиетти камтып турат:
1.Биринчи касиет – Ойдун кубаты зор, болбосту болтурчу ой.
2.Экинчи касиет – Өзгөртүү касиети. Бул ойдун кубаты менен, демдин күчү менен касиеттин алкагында айланага өзгөртүү киргизүү. Мисалы :катуу шамал, бороон, куюн, жаан, туман, мемиреген тынчтык ж.б.у.с. өзгөрүүлөр. Буга өтө сейрек адамдардын кубаты жетет.
3.Үчүнчү касиет – Жашоону ой менен өзгөртүү.
4.Төртүнчү касиет – Мезгилге таасир берүү. Убакытка ээ болуу. Өлчөлүү мезгилди токтотуп же улап кетүү. Башка өлчөм болуп калат, өзү үчүн токтотуп, көп нерсеге үлгүрүп калат.
Төртүнчү касиетке ээ адамдын саны өлчөлүү.
Үчүнчү касиетке бүт адамдар ээ. Жашоону ой менен өзгөртүүгө болот. Жашоодо санаага алдырса ошол улана берет, кандай ойлосо ошол турмушуна келе берет. Мисалы: Ой менен баарын оңдоп койсо болот.
Экинчи касиет кээ бир элде такыр жок, кээ бир элдин арасында бар.
Тилек ойго караганда күчтүү, тилек тилегенде адам күч коротот. Ойго күч анча коробойт.

Адамдын кыялы
Ар бир адамда өзгөчө кыял болот. Кыял – бул адамдын муундан муунга чогулткан жакшы жана жаман сапаттарынын айкалышы. Кыял жакшы болсо, адамды ийгиликтер жолдойт. Кыял жаман болсо адамдын тосмолору көбөйөт. Кыялды акыл менен оңдосо болот. Жашоонун негизин тааныган адамдын көбү кыялын оңдой билет. Акыл адамдын медери. Акылсыз адамдын кыялы чатак, жашоосу кыйбат.

Кыялдануу

Адамдын кыялында уйгу-туйгу
Адамдын кыялында боштук болот
Адамдын кыялында эргүү болот
Адамдын кыялында санаа болот
Адамдын кыялында эңсөө болот
Адамдын кыялында бүчүр болот
Адамдын кыялында жаз да болот
Адамдын кыялында шамал болот
Акылды тууралыкты туткан маалда
Адамдын кыялында өсүү болот
Мезгил бир өткөн сайын өзгөрүлөт
Кыялга жашоо нугу басым коет
Жашоодо мезгил санап өсүү болсо
Кыялда эргүү болот бийиктеткен
Жашоодо мезгил санап кемүү болсо
Кыялга санаа толот жүрөктү эзген
Коркунуч белги берет болк дедирген
Жашоодо коркунучтар көп болгондо
Кыялга эргүү келбейт демди берген
Ошондо жардам сура сен Кудайдан
Жашоодон негиз изде кубандырган
Бир жарык нурду карма жүрөктү ээлеген
Түшүндүрүү: Жашоодо ар бир адамда нур болот. Ошону кармап, негиз тутуп, ошол жакшы, жарык, кубанычтуу учурду эстеп, ошону багып, анан өйдөлөп кетиш керек. Жарык нур – адамдын сүйүүсү, жеңиши, кубанычы же кыялында кармап турган бир элес. Ушуну ар бир адам билет, бирок кармап кете албай калат. Кудайдан жардам сурап, кубатка келип, бийиктеп кетсе болот.

Тилектин кубаты
Адам жашоосунда көп нерсеге маани бербей келет. Көп нерсени көңүлүнө албай чалынууга дуушар болот.
Адамдын күчү, кубаты, түйшөлүүсү бир нукка келгенде – адамдын жигердүүлүгү 10 эсеге чейин көбөйөт, бирок адам ушул нукту кармаган учур аз болот.
Тилек тилеп аткан учурда адам үч нерсени камтыганы оң:
1)Көңүл менен каалаш керек.
2)Акыл менен туюш керек.
3)Сезим менен ошого жетерине ишениш керек.
Көп учурда адам экөөсүн кармайт: көңүл менен каалап, акыл менен туят. Бирок, сезим менен кармабай калат.
Тилек тилегендеги мүчүлүштүктөрдүн бири – айтылып жаткан сөз каалаганына дал келбейт, ошондон көп адам жаңылат.
Тилек тилегендеги дагы бир мүчүлүштүк – сөздү жеткиликтүү айтпайт. Каалаганын туура айтат, бирок жеткиликтүү айтпай калат.
Тилек тиленүүдөгү дагы көңүл бөлүүчү бир ыкма – адам өзүнө сүңгүп кирип туруп тилеген тилек күчтүү болот. Буга кандай жетет? Буга эң биринчиден адам тынчтануу керек, ойду токтотуп, өзүнө-өзү сүңгүү керек. Сүңгүп туруп үч жолу тиленсе абдан күчтүү болот. Медитацияга берилген адам ошону билет.
Ой менен тилеген тилек күчтүү болот, бирок так, даана, таамай тилениш керек. Сөз айтып тиленгенге караганда ой менен тилек кеткенде жеңил кетет. Сөз айтып тиленгенге абдан чоң күч, мээнет керек.
Биринчи өзгө тиленүү керек, күч кубатың көбүрөөк болгондо жакындарыңа тиленсең болот.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *