Нурак Абдрахманов, Аман Тѳрѳгелдиева: “Аппак сүйүү” – биздин жан дүйнѳбүз”

nurak abdrahmanovАкыркы күндѳрдѳ теледен да, сыналгыдан да ырчы Юлия Руцкаянын аткаруусундагы  “Аппак сүйүү” аттуу ырдын жаңы клиби угуучулар тарабынан суктануу менен жылуу кабыл алынып, байма-бай кайталанып, интернеттен да эл ичине тез тарап, жакшы ой-пикирин билдиргендер күндѳн-күнгѳ кѳбѳйүүдѳ. Кыргыз эл артисти, күүчү, комузчу Нурак Абдрахмановдун бул ыры бир кезде чет элдиктерди да багынткан, тамшанткан жайы бар. Биз бүгүн ушул ырдын тегерегинде кеп куруу үчүн автордун ѳзүнѳ жолугуп, ырдын тарыхы тууралуу айтып берүүсүн ѳтүндүк.

– Агай, сѳзү да, обону да керемет бул ырдагы аппак сүйүүңүз кимге арналды эле?

– Ырды байбичеме, өмүрлүк жарыма арнагам, аны байбичем экөөбүз республикалык деңгээлдеги майрамдардын сахнасында ырдаганбыз убагында.

– Ошондо, кайсы жылдары жазылган бул ыр?

 – Ырдын башаты 1980-жылдарда жаралган, “Күткүн махабатымды” деген тема менен. Анан обону кѳңүлүмѳ ороло берип, ороло берип экинчи варианты жаралды. Аны “Махабат ыры” деген аталыш менен 90-жылдары Саламат Садыкова аткарып жүрдү, бирок ал аз эле убакыт ырдады. Бирок ырдын обону дале көңүлүмө толбой, бөксөрөөк болгонсуп жүргөм. Анан дагы ойлонуп-ойлонуп жүрүп, ушул азыркы, акыркы варианты өзүмдүн көңүлүмдөгүдөй жаралды.

– Француз кыздардын коштоосунда ѳзүңүз ырдаган ушул акыркы вариантын 4-5 жыл мурун уккан элек. Абдан жакшы жазылган, ырыңызды чет тилде ырдаган кыздын үнү да ѳзгѳчѳ…

– Ооба, ал күтүүсүздѳн эле Прагадан жазылган. Жанагинтип үчүнчү варианты жаралгандан кийин эч жерде деле ырдабай жүрсѳм,  Чехияга, Германияга, анан  Польшага фестивалга катышканы барып калып, Прагага токтоп конуп калганыбызда ал жердеги “Азаттык” радиосунда иштегендер“Бир чех композитору сизди бир жылдан бери күтүп жүрөт” дешти. Макулдугумду берип, белгиленген убакта ал экөөбүз жолуктук. Шым кийбей юбка кийип алган, бадылдап сүйлөгөн жигит экен. Прагадан чыккан, ошол жакта сатылып жаткан менин дисктеримди сатып алыптыр. Франциядан чыккан дисктеримди да алыптыр. Ошолордун ичинен Мусанын “Ойгоном” аттуу ырын коюп берди да: “Муну сиз ырдадыңыз беле, мен ушундай үндү көп жылдан бери издеп жүргѳм. Эгерде бир ыр ырдап берсеңиз, сизди дүйнөгө таанытат элем” деди. Ырдаса ырдап берейин деп макул болгонумдан кийин студиясына алып барып, компьютерин күйгүзүп, музыканын ритмин коюп койду, “ушуга туура келген ырды ырдап бериңиз” деп. Анысы “чак-чук”, “чак-чук” эткен ылдамдыкта экен. Мындайга биздин бир да эски ырыбыз туура келбейт да. Анан ойлонуп көрсѳм, ыргагы ушул “Аппак сүйүүгө” туура келет экен, болуптур деп ырдап берип коюп, Польша, Германиядагы фестивалда бир жумадан ашык жүрүп, Прагадан учуп кетем деп кайра келсем, баягыл ырды Любаша деген чех кызга англис тилинде кооздотуп, өзгөчө кылып ырдатып коюптур, жана ѳзүң мактагандай. Мен ырдап жатам, ал кыздын назик үнү арасында кошула калат. Бир дискин алып келип анан бул жактан сурагандарга берип коюп таппай калдым. Ал ырды “Азаттык” радиосунан” беришиптир, анан бул жактагы радиодо иштегендер угуп, “Кыргыз радиосуна” тапшырбайсыңбы деп калышты. Прагадан кайра суратып, дисктен бирди алып келип бергиле дедим. Ал жактан Жаңыл Жусупжан деген кабарчы кызыбыз алып келип берип, радиого тапшырып койгом. Радиодон бере баштагандан кийин эле элдин баары мактап жатып калышты.

suiuu– Азыркы учурда Юлия Руцкая кандайча аткарып калды “Аппак сүйүүңүздү”?

– Былтыр республика боюнча комуз мугалимдерин, кружок жетекчилерин чогултуп, мен жазып чыккан “эн белгиси боюнча комуз үйрөтүү ыкмасын” жайылтабыз деп жети дубандан чакырып, маал-маалы менен семинар өткөрдүк. Мугалимдердин баары “сиздин ыкмаңыз менен комузду үйрөтүү оңой экен, балдардын баары бат эле үйрөнүп жатышат, батыштын нотасы менен үйрѳтѳ албай шайыбыз ооп жатчу. Нота менен үйрѳнүп жаткандар тарап кетип калышчу, эми жаңы ыкмаңыз менен үйрѳнгѳндѳрдүн жыйынтыгын элге көргөзүп, концерт берип алып чыксак болот эле отчет катары” дешти. Анан “Айгине” фонду акча каражатын таап, былтыр декабрдын 22синде концерт бердик. Менин ыкмам менен комуз үйрѳнгѳн 70тен ашык бала келип катышты. Мына ошол концертте сюрприз болсун деп “Аппак сүйүүнү” орус кызга ырдаталы деп чыгышты. Орус кыз болсо ырдай албайт го деп күмѳн санадым. Анан баары эле ырдай алат дешкенинен “мейли эми, ырдаса ырдаар” деп ырды берип койгом. Кызыгы, бул концертте баарыбыздан ал кыздын ырдаганын жогору баалашып, шатырата кол чаап, аны макташты. Кийин, жазында, Юлия клип жаздырам деп мага келиптир, “жаздырагой” дедим. Бирок ѳзүм ооруп, операция болуп, клибине тартылалбай калдым. Ал барып Казакстандан тартылып келиптир. Мени кийин клипке кошобуз деп, Кѳл тарапка алып барып тартышты.

– Ѳзүңүз бул клипти кандай бааладыңыз?

– Юлия жакшы аткарган, мен кандай жазсам, ошондой ырдаган эч нерсесин ѳзгѳртпѳй. Нукура кеткен. Кѳрсѳ, ушунусу менен да утушка ээ болуптур. Клип мыкты тартылган. Жанагы батыштын клиптери алаң-салаң, чааралекей эле боло берет го, муну режиссер Саша жакшы тарткан. Юлия ѳзү ушундай  сунуштады дешти. “Ээн жерде адамдын ою башка жакка алагды болбой, кызга, анын ырдап жатканына, ырдын маанисине гана топтолот экен, ийгиликтүү тартылган” дешкенден кийин мен да ошентип эсептеп калдым. Юлия клипти интернетке жүктѳгѳндѳн кийин чет өлкөлүктөр да көрүп, абдан кѳп жакшы пикирлерин жиберип жатышыптыр.

– Ушул ырды байбичеңиз менен чогуу аткарып жаздырып коюуну ойлогон жоксуздарбы?

– Эми мен ѳзүмдү күүчү катары эсептейм да. Обондорума кызыкчылык катары эле мамиле жасап, минтип таанымал болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Эми болсо обондорумду жаздырып радиого тапшырып кѳрсѳмбү, эл кабыл алат турбайбы деп жатам…

appak suiuu– Эл кантип сиздин обондоруңузду кабыл албасын?

– Кабыл алат деп ойлочу эмесмин, обонду жеңил, майда нерсе деп эсептечүмүн. Атам да ошондой айтчу, “балам, ыр деген жеңилирээк нерсе, чыныгы чыгарма – бул, күү. Адамдын сезимин, жан дүйнѳсүн  күүгѳ келтире турган  күч күүдѳ болот, ошол үчүн күү деп аталат, ошого кѳңүлүңдү бур, ѳлбѳс чыгармаларды ошондо жаратасың” дечү. Мисалы, 100 жыл ѳтсѳ да Карамолдонун, Токтогул, Ниязаалы, Атайдын күүлѳрү дайыма эле сахнада ойнолуп жатпайбы, ал эми 100 жылга жеткен ырлар чанда болот. Демек, терең сезимдерди күүгѳ келтирип козгогонго күчү жеткени үчүн күү деп аталып, күү деп жашап келатат.

Нурак Абдрахмановдун байбичеси Тѳрѳгелдиева Аман эже дайыма анын жанында чогуу жүрүп, ѳйдѳдѳ ѳбѳгү, ылдыйда жѳлѳгү болуп, үйдѳ, сыртта, чыгармачылыгында гана эмес, ѳмүрлүк жолдошунун бүтүндѳй жан дүйнѳсүнѳ дем-кубат берген жубайы экенин бир кѳргѳн эле киши байкайт. Маегибиз Аман эжеге арналган аппак сүйүү саптары тууралуу болгондуктан, жолдошун эч качан атынан атабай сыйда сүйлѳгѳн “Аппак сүйүү” ырынын каарманына да суроо узаттык.

–  Эже, “Аппак сүйүүгѳ” тартылган клипти сиз кандай кабыл алдыңыз?

–  Юлия Руцкая “Клип бүттү,  келип көрөсүздөрбү” деп бизди чакырып калды. Экөөбүз, анан Юлиянын апасы, кыргыз тилинен сабак берген мугалими, клипти тарткан режиссер бала болуп чай ичип олтурганыбызда көргөзүштү. Клип башталганда эле кѳлдүн жээги, булуттар, анан агайыңыз кѳрсѳтүлүп, бир убакта эле бүркүт пайда болуп, анан жылкылар чыгып келатат… Кыз кыргыздын оюсу салынган кѳлкүгѳн кѳйнѳк кийип, кеңдикке чыгып… Кыскасы, мага аябай жагып, көзүмдөн жаш чыгып кетчүдөй болуп өзүмдү араң эле кармап олтурдум. Мындай бурулуп агайыңызды карасам ал да көзүнүн жашын аарчып жатыптыр. Экөөбүздө ушундай бир толкундануу болду, анткени, бул биздин жан дүйнөбүз да…

Клипти көргөн элдин баары кары-жашына карабай Юлия менен агайыңызга ыраазычылык каттарын жазышып, каалоо-тилектерин билдирип жатышат. Ошолордун бири улуу эле апа экен, небереси менен түшкѳн сүрѳтүн кошо салып, минтип жазып жибериптир: “Кызым, сен орус кызы болсоң да кыргыз сөзүн ушунча так сүйлөп ырдап, жүрөгүмдүн түпкүрүн эриттиң, бактылуу бол” деп. Бул ырдан кийин агайыңызга эргүүлѳр келип, тээ жаш кезиндеги унутта калган эски обондорун кайра жасап, жаңыртып чыксам деп аракет кылып жатат. Буга чейин деле бул ырды башкалар ырдап келген, аларга да ырахмат. Бирок бул клипке ѳзгѳчѳ бир нерсе кириптир. Андагы кѳрүнүштѳрдүн баары Юлиянын  өзүнүн элестѳѳсү экен, ошого жараша жакшы режиссер да жолугуптур.

– Сиздерге чоң ырахмат, “Аппак сүйүү” ыры да, аппак сүйүүгѳ айланган жан дүйнѳңүздѳрдүн жарыгы да эч убакта ѳчпѳсүн!

Маектешкен Кымбат ЖОЛДОШЕВА

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *