Коомдук ишмер, журналист Кенжалы Сарымсаков менен коштошуу

7-SӨмүрүн руханий-интеллектуалдык күрөшкө арнады

Кенжалы агай бизге заманбап кыргыз ак сакалынын күчтүү образын жаратып кетти. Ал, адамдык асыл мүнөздү алып жүргөн нагыз интеллигент адам катары жашоосун өрнөктүү жашап өттү.

 

Биз үчүн агай атабыздай эле, колдоосу ар дайым күч боло турган. Агайдын сөздөрү, дегеле жөн гана бар болушунун өзү көңүлүбүздү ток кармачу. Агайдын профессионалдык ишмердүүлүгү  узак убакытты камтып, натыйжалуу эмгектерди берип кетти. Тилекке каршы, агайдын кылган эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай калганы өкүндүрөт. Албетте Кенжалы агайдын сөзү, ою, тилеги биздин эсибизде бекем калары шексиз, анткени агайдын бүткүл өмүрү улуттун жашоо тагдыры менен терең айкалышып, келечектүү мамлекет жана бактылуу элдин эртеңкиси үчүн болгон руханий-интеллектуалдык күрөшкө арналган. Бул багытта Кенжалы агай улуттук интеллигенциянын арасында эң көрүнүктүү жана туруктуу иши менен айырмаланган чыныгы мекенчил, ошол эле учурда ак сөөктүк тазалыкты алып жүргөн жаратман адам эле. Агайдын жан дүйнөсү заңгыраган бир чоң жарык үйдөй, анын ичи жалаң гана жакшылыкка, мээримге жана эл үчүн болгон аруу тилекке толгон. Эми ошол жарык жалпы элге чачырады…

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, «Көк асаба” гезитинин кабарчысы,  Шеньчжэнь шаары, Кытай

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *