Тарыхыбызды тактаганга ѳмүрүн берген Осмонаалы Сыдык уулу

3-Осмонаалы Сыдык уулуЭлдин өнүгүүсүн чын дилден каалаган, ага жетүү үчүн алгач элдин тарыхын, тегин, учурун жана келечегин таанып жана талдап чыгуу керек экенин жетик түшүнгөн атуулдар элдин аң-сезиминин ойгонуусун камсыз кылаары бышык. Абалды анык көрүп, андан соң туура максатты коюп, ага жетүү үчүн бар күчүн, бүт өмүрүн арнаган аталарыбыздын бири –  кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу болгон.  “Элдин жолу кенен жол, ээрчиген киши адашпайт” демекчи, элдин жолун таанып, багытын улап кеткен улуу устат, кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысы, агартуучу Осмонаалы Сыдыковдун кызы, 76 жаштагы Бүбүш апабыз менен маектешип, анын кызыктуу баянына кулак түрдүк.   

“Билимсиз эл – ѳз жерин тарттырат”

 Атам Букарада окуп, билимге өтө терең маани берип, “Билимсиз болсоң, айбандан айырмаң жок болуп калат” деп нускачу экен. Элдин билими жетишсиз болгондуктан жерин тарттырды, билимсиздиктин айынан эртең жерин тартып алгандардын алдына барып кул болуп иштейт. Татыктуу жашоо үчүн билим алгыла” деп дайыма айтчу экен. Көзү өтөөр алдында да апама “балдарды окут, билимдүү кыл” деп керээз калтырыптыр. Апам атамдын керээзин орундатып бизди окутту.

Айрым макалаларда Осмонаалы атамды Үч Турпандан окуган деп да жазып жүрүшөт. Бул такыр туура эмес. Атам Арабияга, Түркияга, Пакистанга, Ооганстанга чейин тарых изилдеп барган. Бирок Үч Турпандан окуган эмес.

Ата-тегин айтсам, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында 1875-жылы туулган атам Сарыбагыштын ичинен Манап, андан сүрө келгенде Черикчинин Абайылдасынын 12 уулунун эң кенжеси Кыдык (Сыдык), Кыдыктан Осмонаалы атам.

 

Башка улуттардын шылдыңы кыргызды изилдѳѳгѳ түрткѳн

 Атам Букарада окуп жүргөндө бирге окуган башка улуттун өкүлдөрү атамдын тек-жайын сураганда, атам кыргызмын деп жооп берчү экен. Кыргыз болсоң сенин тарыхын, ата-тегиң жок деп намыстантып, шылдыңдагандыгы үчүн балдар менен мушташып, кумган менен койгулаша кеткен күндөрү да болгон экен. Ошентип жүрүп атама гана эмес, кыргызга каршы айтылган мындай мазак сөздөргө чыдай албаган атам кыргыздын тарыхын, тегин тактап жазганга белсенип жер кыдырып чыгып кетет. Бул тууралуу атам өз сөзүндө минтип айтат: “Биз бул китепти кыргыз туугандарга кызмат үчүн жана кийинки урпактарга мурас болуп калсын үчүн жаздык. Биздин кыргызда тарых жазуучу адам жок болгондуктан, кыргыз кырккыздан таралган деген Шах-и Мансурдун бир нече акылга сыйбаган жомоктору келтирилген. Мындан башка жалган сөздөр да жаныма батып, 15 жылдан бери аңтарып-теңтерип 200 миң кыргыздын ата-бабаларын тактап, сүрүштүрүп, тээ Адам алейкисаламга жеткиздим”. Мындан сырткары: “Кыргыздын атасын мен бир зор китептен таптым” деген да сөзү бар. Бул чоң же калың китеп деген маанини эмес, асыл китеп маанисинде айтылган болушу керек деп ойлойм. Бул китепти кайдан көрүп, кайдан окугандыгы тууралуу так маалымат калган жок. Балким сыр болгондур. Адам алейкисаламдан тарта Өгүзканга чейин сүрүп олтуруп Өгүзкандын жыйырма төрт небересинин бири Кыргыз деп берет. Өгүзкан өзү 116 жыл падышалык кылган киши болгон экен. Мындан сырткары китепте Кыргыз Мухаммед пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келген делип баяндалат.

 

Алгачкы эмгеги – “Кыргыздардын кыскача тарыхы”

 Атамды “дайыма окуп, жазып отураар эле” деп көргөндөр көп айтышчу. Күнү-түнү жазчу дешет. Бош жүрүп калган учуру эч болчу эмес экен. Ошондой кыйынчылыктарды басып жүрүп китеп жазат. Изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында биринчи китеби 1913-жылы Уфа шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”) деген ат менен басылып чыккан. Китеп чыгарганы Уфага баргандагы абалын минтип баяндайт:

Осмонаалы мен өзүм,
Дагы калды көп сөзүм.
Жатып шаар Уфада,
Мусапырлык бу кезим, – дейт.

Атам ал жакка китеп бастырууга барганда айлап-жылдап жатып калчу экен.

“Тарых-и Кыргыз Шадманийа” (1914) деген экинчи китебин “Шабданга багышталган кыргыз тарыхы” деп туура эмес атап жүрүшөт. Бул кыргыздагы “шатыра-шатман”, “ шатман” же “кубаныч” деген маанини берген сөз, б.а. бул эмгек “Кыргыздын кубанычтуу тарыхы” деп аталат. Анда кыргыздагы тарыхый орчундуу окуяларды жана атактуу адамдардын жашоосун жазган сындуу эле, Шабданды да жазат. Бирок, эмгеги Шабданга гана арналган эмес. “Кыргыздын теги такталды, биз асылзаттанбыз. Улуу Өгүзкандан тараган элбиз” деген кубанычтуу маалыматтар жазылган. Ошондуктан туура аташыбыз керек.

Биринчи жолу 30 жашында 60 нускадагы китеп, ал эми 40 жашында болсо 700 нускадагы китеп чыгарган экен. Бүт эмгектерин өз күчү менен чыгарып, элге бекер тараткан. Анткени ал кезде элдин калың катмары сабатсыз болгондуктан, атам эл агартууга басым жасаган.

 

Куугунтуктоо. Кытайга качканы

 Элдин аң-сезимин көтөрүп, агартуу иштерин жүргүзүп жүргөн кезде, анан 1930-жылдары “эл душманы” деп жалаа жабышып, атамды өлүм жазасына буюрушат. Ошентип, Бишкектен Ташкент түрмөсүнө алып барышат. Ал түрмөдөн атамды чоң апам куткарып чыккан экен. Айылга келгенде Осмонаалы түрмөдөн качып келди деген сөз чыгарышып, Дөң-Алыш деген айылдан кайрадан кармап кетишет. Жолдон заара кылганга да уруксат бербей коюшканда атамдын денесине заара тарап кеткен экен. Атам ѳтѳ кыйналганынан жанындагы кызыл чоктун (милициянын) мылтыгын тартып алып, аны мылтыктын кундагы менен чаап өлтүрөт да,  Кочкорго келип татар доктурдан дарыланат. Андан чыгып Сокулуктагы эжелериникине барып, 15-20 күнчө жүгөрүнүн арасына жашынып жашаган экен. Андан соң үй-бүлөсү менен бирге Тажикстанга барат. Ал жерден да тажиктер “сенин окуганың китеп, жазганың барак, сен жөн адам эмессиң, кызыңды бер, болбосо оруска кармап беребиз” дешет. Силерге кызымды бергенче кеткеним жакшы деп Ошко келет. Оштон “Осмонаалы милицияны өлтүрүп түрмөдөн качкан, аны кармагыла” деп куугунтукка алышат. Элдер Алайдын Гүлчөсүнѳн атамдын алдына ат тартып качырышат. Ошентип, куугунтук токтобой, айласыздан Эркечтам аркылуу Кытайга жалгыз жөнөп кетет. Жолдон да көп азаптарды тартып, Жаныбек корбашыга кармалып, ал да атамды өлүм жазасына буйурат. Бирок Жаныбек корбашы атам менен  маектешкен соң анын кыргызды изилдеген илим-билимдүү киши экенин түшүнүп, аны сыйлап бошотот да, өзүнүн алтын таягын белекке берип, алдына ат тартат. Жаныбекти басмачы, корбашы дешкени менен, ал билимди сыйлаган, кыргыздын таламын талашкан жөн адам эмес экенин атамды бошотуп жибергенинен билсек болот.  Атам 1930-жылдан тарта 2 жыл Кашкарда болот. Ал жакка да артынан куугун бара берет. Андан атам бир айлык жол жүрүп Кулжа-Текеске жалгыз кетет. Ортодо Муз-Ашуу деген зор ашууну ашкан экен. Кулжадан атам, 1935-жылы өз апам Гүлбарага үйлөнөт. 1936-жылы 26-июнда байкем, 1939-жылы 26-июнда мен төрөлгөм. Бул жакта, кыргыз жергесинде калган Алтынай чоң апамдан (атамдын биринчи аялынан) тапкан Шарипа эжем дагы 26-июнда төрөлүптүр. Аны Кытайдан келгенимде паспортунан көрүп алып таң калгам.

Акырында баягы куугун Кулжага да барат. Ошондо куугундарга Жаныбектен алган алтын таягын берип акыры кутулган экен.

 

Эл кыдырып сабак ѳткѳндѳ мал-мүлк  жыйылып калчу

 Атам жашоосун кыргыз тарыхына арнагандыктан жана илим-билимге терең маани бергендиктен тарыхка, санжырага, илим-билимге кызыккандардын, ата-тегин тактагысы келгендердин арасында бийик урмат-сыйга татыган. Эл агартуу менен эмгектенгендиги үчүн эл ичинде да кадыр-баркы жогору болгон. Кытайда жүргөнүндө кышкысын гимназияда сабак берип, жаздан баштап болуштуктарга барып мугалимдерди окуткан. Атам агамды, апам мени өңөрүп алып болуштуктарды кыдырып сабак өтчү экен.

Сабактардын жыйынтыгында “балдарды, мугалимдерди окуттуң, билимин өстүрдүң” деп элдер ыраазычылык иретинде мал-мүлк чогултуп беришкендиктен, болуштуктан кайтаарда бир короо мал толуп калчу экен. “Эртең кетебиз деген күнү бир жылкыны сойдуруп кошуна-колоңдорго тамагын тартып, калган мал-мүлктүн баарын жардыларга, муктаждарга тең таратып берип туруп, атаң экөөбүз эки атка силерди өңөрүп алып эле кетип калчубуз” деп апам айтаар эле. Үйдөн киши, мамыдан ат үзүлчү эмес эле дешет. Бири тарых, бири ата-тегин, бирлери дин жолун сурап атама көп адамдар кайрылышчу экен.

1942-жылы ооруп калганында “менин жаназамды сарыбагыштын молдолору окусун” деп, Кулжадан Текестеги Чекирти деген жерге чейин ат араба менен келет. Атам ордунан тура албай тѳшѳктѳ жатып, ошол жерден 1942-жылдын күзүндө каза болот. Бирок биз жетимдиктин кыйынчылыгын көргөн жокпуз. Текесте сарыбагыштын бай-манап деп куугунтук жеген молдолору бар эле. Ошолордун кароосунда өстүк.

1956-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Ысык-Кѳлдүн Кой-Сарысында туруп калдык. Апам 86 жашында 1991-жылы бу дүйнѳдѳн ѳттү.

2009-жылы атамдын жайын сураштырып бардым, биз бала кезде апам бизди бир дөңдүн жанына жетелеп барып отуруп алып ыйлаар эле. Ошол жерди болжоп барсам, атамдын жайы чындап эле ошол жерде экен. Түшүмдө да атамдын жайын дал ошол жерден көргѳм.

 

Атамдын өзгөчө асыл сапаттары

 Атамдын асыл сапаттары жана өмүр жолу тууралуу замандаштары, окуучулары жана Алтынай чоң апам, Гүлбара апам көп эле эскерип айтып беришти. Эгерде аял уй, кой саап, короо-жай түйшүгүнѳн бошобой жатканда эркек көмөктөшпөсө, же башка маселелерин айтып ага наалып турса, анда андай эркекти атам айбанга теңеген экен. Аялзатын абдан сыйлаган, өтө март, беттегенин бербеген өжөр, чыдамкай, кайраттуу, өткүр жана чынчыл киши болчу. Жасалмалуулук, кошоматчылыкты эч билген эмес. Атам ар-намысты туу туткан, ак көңүл, эч бир кишиге жаман айтпаган адам болгон экен.

 

“Кыргыздын кубанычтуу тарыхы” кайрадан басылып чыкты

Кытайда араб ариби менен 1985-жылы 2700 нускада атамдын эки китеби бир китеп болуп, “Кыргыздардын кыскача тарыхы. Кыргыздын кубанычтуу тарыхы” деген аталыш менен кайрадан басылып чыккан. Атамдын айрым сөздөрүнө терең түшүндүрмө берген жана атамдын эмгегин абдан баалаган кишилердин бири Анвар Байтур болду. Мен бул китепти кирил арибине которуп 500 нускада чыгардым. “500дү гана чыгарып калдым, суроо-талап жакшы болсо,  дагы чыгарып берейин” деп ойлогом. Бирок азырынча суроо-талап жакшы болбой жатат. Бул китептин бет ачары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өттү, ага Үкүбаева Лайли сиңдим жана башкалар салым кошушту. Кийинчерээк сарыбагыш уруусунда да китептин ачылышын өткөрдүк.

Атам Кытайда 10 жыл жашады. Ошол убакыт ичинде атамдын кадыр-баркы бийик болду. Кытай кыргыздарына жылыга барып турам. Анткени аларда атамдын кол жазмалары калды болуш керек. Китептерин сурасам жок деп, сандыгын ачышпайт. Алар китепке абдан аяр мамиле кылышат. Жазган эмгектеринен сакталып калса керек деген ойдо Кытай архивине да көп кайрылдым. Быйыл архивди караганга уруксат беришти. Менимче, атамдын дагы көп байлыктары көмүскөдѳ жатат. Бишкектеги “Кол жазмалар фондунда” да атамдын эмгектери бар дешет, бирок таба албай жатам. Табылып калса, атамдын эмгектеринин экинчи өмүрү уланат эле.

 

Кѳзүм тирүүсүндѳгү негизги тилегим

Атамдын жашоосу тууралуу кошумча-алымчасы жок кылып, жалгыз атчан  ашууларды ашып, дайраларды кечип, таалааларга түнөп, атынан айрылганда мойнуна куржунун артынып алып жөө басып, кордуктарга чыдап, кайратынан кайтпай, калкты агартууга бел байлап өмүр кечиргендиги, кыргыздын тегин, тарыхын тактаганга жумшаган эмгеги жана китептерин кыйынчылыктарга карабай басып чыгаргандыгы тууралуу документалдык фильм тартылып чыкканын көзүм тирүүсүндө көрсөм дейм. Буга менин жеке күчүм жетпейт экен. Президенттин аппаратына кайрылуу кылгам, бирок 2015-жылдын каржы бөлүштүрүүсү бүтүп калды, 2016-жылдыкында көрөбүз дешти. Кыргыздын тунгуч жазма тарыхчысынын кылган эмгегин, жашоосун изилдеп же ага көмөктөшө турган атуулдарыбыз бардыр.

 Жазып алган Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

P.S.: Урматтуу окурмандар, Осмонаалы Сыдык уулунун жаңы басылып чыккан китебин сатып алууну каалагандар болсо, бул телефон номери аркылуу байланышыңыз: 0772 172-103.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *