Учурунда Болот Мамбетовду билбеген киши жок эле. Бирок, кийинки муундар билбей баратат. Бул киши менен иштешип калганым үчүн атайы эскере кетейин деп жатам. Ал ага татыктуу.
Болот Мамбетов – Кыргызстандын өтө көрүнүктүү мамлекеттик жетекчиси, ири советтик-партиялык ишмери болчу. Жеке пикиримде, анын айтылбай, эскерилбей жүргөнүнүн негизги себеби, ал өтө жөнөкөй, жулунуп-жутунбаган, көрүнүп калайын дебеген адам эле.