Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар

JF9A9067

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, изилдѳѳчү, тележурналист: “Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар”

Кийинки убактарда Темирбек Токтогазиевдин Манас баатыр тарыхта жашап өткөн инсан экенин изилдеп, тактап, далилдеп жазып жүргөндүгү коомчулукка кеңири белгилүү. “Манас” эпосунун бир канча варианттарын иликтеп, Кыргыз, Алтай, Хакас, Тажик, Казак, Кытай мамлекеттеринин кыйла жерлеринде болуп, чет жердик бир канча Манас изилдѳѳчү окумуштуулар менен жолугушуп, натыйжада, былтыр “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебин жарыкка чыгарган. Мына жакында эле Темирбек Токтогазиев Кытай жергесинде бир айга жакын убакыт жүрүп, дагы бир топ ѳзгѳчѳ маалыматтарды топтоп келди. Ал тарыхый материалдар жана сүрөт топтомдору кыргыздар ѳзүлѳрү тууралуу биле элек, уга элек дагы далай тарыхый маалыматтар бар экендигин, нечен сырлар ачылбай жатканын, ѳзүбүздү тааныш үчүн кѳп эмгек, узак убакыттар сарпталаарын далилдеп турат. Эмесе, изилдѳѳчүнүн тѳмѳндѳгү сапар баянына кѳз жүгүртсѳк.

– Манас баатыр тарыхта жашаган деп бири айтса, бири жомок каарманы катары карап, ар бири ѳз оюнан кайтпай талашып эле келатышат. Ушул жагдайдан алганда, ѳзүм да, дегеле Манас атабыз болгонбу же окумуштуулар айткандай, бир канча каармандардын образдарынан чогулган “персонажбы” деген ойдо болуп жүрдүм. Эгер “образ” эле болсо, анда эмнеге дүйнѳнүн ар тарабындагы бийик-бийик чокулардын аттары, өзөндөрдүн, жерлердин, шаарлардын аттары “Манас” деп коюлат деген ой мени түйшөлтүп жүрдү. Ошентип, “Манас баатыр басып ѳткѳн” деген жерлерди изилдѳѳгѳ кириштим. Ал изилдѳѳлѳрүм “Айкөл Манас – тарыхый инсан” китебинде жазылып берилген.

Жакындагы Беш Бээжинге болгон сапарым тууралуу айтсам, эпопеянын – Сагымбай Орозбаковдун, Багыш Сазан уулунун, Мамбет Чокморовдун, Шаабай Азизовдун, Жусуп Мамайдын, Жайсаң Үмөт уулунун, Тыныбек Жапый уулунун, Тоголок Молдонун (Байымбет Абдракманов) варианттарын окуп чыкканымда Айкөл атабыздын  Беш Бээжин, Бешбалык, Бейтин, Аньси (Кучар)  деген жерлерге казат кылганы айтылат. Ошол Беш Бээжинге барып, ал жерди изилдеп келүүгѳ болгон кѳксѳѳмдү колдон келишинче ишке ашырдым десем болот.

Бул үчүн кѳптѳн бери аракет кылып жүрүп, кытайлык Макелек Өмүрбайга китебимди бергенимде, ал: “Кытайда Жаң Юңхай деген бир профессор да Манасты тарыхый адам катары жазды эле. Ал киши өзү Пекинде турат” деди. Макелекке: “Маке, профессор Жаң Юңхайга кандай жолугам? Мүмкүн болсо ошол кишинин макаласын таап бербейсизби?” деген өтүнүч менен кайрылдым. Макелек мырза өзү жетектеген “Тил жана котормо” журналынын 2007-жылдын №2 санында жарык көргөн макаласын берди. Кытай окумуштуусу өз макаласында Бээжиндин (Пекиндин) жанында Орто Бээжин, Чет Бээжин деген беш Бээжиндин бар экенин белгилептир, “ошол Бээжиндерди көрүп келбейлиби” деп калдым. Бирок, баардык нерсе каражатка барып токтоп, ал жакка баралбадым. Бир күнү Макелек Өмүрбай: “Бээжиндерди тактап койдум, кел” деп Кытайдан кабар бергенде, эптеп колумда болгон тыйынымды чогултсам, каражатым бир кишиге араң жетет экен. Экинчи кишиге да каражат издей баштадым. Бул оюмду Карганбек Самаковго айтсам, ал ѳзү да барууга белсенип калды.Чогуу даярданып атканыбызда, тилекке каршы, Карганбек бошобой, “ЮНЕСКОнун иштерине “Манас” үчилтиги боюнча бүтүрчү иштер болуп жатат, өзүңүз эле барып келиңиз, каражатын таап берейин” деди.

Ошентип, Кытайга жалгыз жөнөдүм. Ал жактан Макелек Өмүрбай экөөбүз Беш Бээжинге даярдыктарыбызды бүтүрүп, жол картабызды түзүп, билеттерди алдын ала алып, ар бир Бээжинде жатаканалардын дарегин тактап, заказ берип анан жолго чыктык. Пекинге келээрибиз менен профессор Ху Чженхуа, Адыл Жуматурду, Жаң Юңхайга жолугуп, сапарыбыздын максаты боюнча алардын кеп-кеңештерин алдык. Сапарга чыгаар алдында бир катар манасчылардын айтуусунда “Бээжиндер” кандай айтылганын, сүрөттөлгөндүгүн тактадык. Сагымбайда мынча жолу, Саякбайда мынча, Жусуп Мамайда мынча жолу эскерилет экен деп тактап алдык.

Пекинде болгонубузда Манас изилдөөчүлөр, профессорлор Жаң Юңхай жана Ху Чжиң Хуа үйлөрүнө чакырып интервью беришип, Манас атабыздын ушул биз бараткан Беш Бээжинге чейин барганын айтып, тастыкташты. Ху Чженхуа агай кыргыз тилинде түш жооруганы менен айрымаланган окумуштуу. Ал эми Жаң Юңхай агай 1957-1961-жылдары Пекин университетинин кыргыз тил факультетинде билим алган, “Манасты” Жүсүп Мамайдын айтуусунда жазып алуу группасында эмгектениптир. Жаң Юнхайдын зайыбы Шаң Шижиң аны кыргыз тилинен кытайчага которгон экен. Мына ушул котормону адабиятташтырууга катышкандыктан “Манастын” ичиндеги окуяларды жакшы билет экен. Ошондон улам ал өзүнүн изилдөөлөрүндө Манас тарыхый инсан болгон деген пикирди карманганы кубандырды.

Кытайдын Манас изилдѳѳчүлѳрүнѳн тастыктоо уккандан кийин, биз Пекинден нары 200 км аралыктагы Чың Ды деген жерге бардык. 18-кылымда, Кытай императору Чың Дыда кыргыздардын элчилерин кабыл алыптыр. 1757-1766-жылдар аралыгында кыргыздардын Нышаа, Бүргө баатырлар баш болгон 8 баатырын кабыл алыптыр. Бул окуяны далилдеген чоң сүрѳт мурда ушул Чың Дынын музейинде дубалда илинип турарын уккан элем. Бул сүрөттү италиялык сүрөтчү Императордун  буйрутмасы менен тартыптыр, бийиктиги 4,5 метр, туурасы 3,5 метр.  Тилекке каршы, бул сүрөттү Чың Дыдан таба албадык. Бирок, бүгүнкү күндө бул сүрөт мамлекеттик Гу Гуң (Императордук сарай) музейинде сакталганын тастыктадык, жана анын компьютердик көчүрмөсүн алып келдик.

Чоң Бээжинде (Пекинде) болгонубузда кытай өкмөтүнө караштуу “Аз сандуу улуттар комитети” деген уюмдун директору Пу Ёңшең мырза менен жолугуп, сапардагы негизги максатыбыз тууралуу сүйлөштүк. Биздин Беш Бээжинге баратканыбызды угуп Пу Ёңшең мырза: “Силер Манастын келген жолун эми туура таапсыңар” деди. Кѳрсѳ, алар Манас жѳнүндѳ жакшы билишет экен, бирок ѳтѳ маданияттуулукту сакташып, сурасаң айтышат, сурабасаң унчугушпайт көрүнөт. Бул адамга жолукканыбыздын себеби, тигил шаарларды кыдырып жүргөнүбүздө бийлик органдары текшерип калса, “биздин жүргөнүбүздү мамлекеттик бийлик өкүлү билет” деп айтканыбызга туура келсин үчүн эле.

Андан соң биз Леояңпу шаарына бардык. Бул шаар “Манастагы” Чет Бээжиндин өзү. Ошентип, Манастагы айтылган Беш Бээжинди четинен кыдыра баштадык. Алар: Чет Бээжин (Леояңпу), Түп Бээжин (Лин Хуаңпу, бүгүн Чыфың деп аталат экен), Орто Бээжин (Нин Чиңпу), Чоң Бээжин (Нан Жиңпу – азыркы Пекин), Бээжин (Датуңпу) шаарлары. “Манаста” сүрөттөлгөн Чоң Казат өткөн жерлерди, бүгүн ал көөнө шаарлардын чалдыбарлары мамлекет тарабынан корукка алыныптыр, ошондой эле, Чоң  Инген, Чанбайсен тоолорун өз көзүбүз менен көрдүк. “ Манаста” сүрөттөлүп-айтылган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндө бул  шаарлар, тоолор, суулар, ашуулардын турмушта оорду бар болуп, чын болуп чыкты, бул албетте Манастын тарыхый инсан болгондугун тастыктаган  жаңы табылга.

БиринчиЧет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Чет Бээжинди камоого алган  кыргыз баатырына кытайлар жүгүнүп, чекеси жерге тийгенче “жансоогалап”, астына келип турган чагы. Манаска тартуу катары калталарга алтын-зерлери салынган  замбил арткы планда көрүнүп турат.

 

 

ЭкинчиЧет Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Бул жердеги тамдар кытайча салынып, Калпакчан алп кишинин Алтын такка отурушу тартылган. Мен бул сүрөттү ”инагурация” деп атап койдум. Такта отурган кыргыз калпакчан алп адамга падышалык белги тапшырып жатышат.

 

 

Сүрѳттѳгү картада кыргыздардын жери экиге бөлүнүп калганы көрүнөт. Ысык-Көл, Талас, Баласагын жерлери Карахандар имппериясынын аймагында болсо, Кыргыз империясы Кытайдын түндүгүн ээлеп жатканы көрсөтүлгөн. Биз Манас атабыздын  Казат жолун үч түрдүү боёкто чийдик. Сары түс менен көрсөтүлгөнү боюнча узак убакыт бою чөлдөр (Тарым жана Гоби) аркылуу жүрүшү керек эле. Мындай болсо, аскеринин көбүн, улоолорун кырып алмак.  Экинчи жолду көк менен сыздык, мында да аралыктын арбын бөлүгү чөлгө туура келет экен. Ал эми, Саян-Алтай жак менен келген жолдо чөлдүк азыраак болуп, негизинен түзөң жерлер менен бөксө тоолор аркылуу баскан жолду кызыл менен белгиледик. Биздин оюбузча, Алмамбет Манас атанын колун мына ушул жол аркылуу Чет Бээжинге (Беш Бээжинге) баштап барса керек.

ТортунчуТүп Бээжиндеги музейден тартылган сүрѳт. Беш Бээжиндин географиялык жайгашуусу.

 

 

 

 

(Уландысы бар)

Жазып алган Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ

5 thoughts on “Кытайда Манастын тарыхый инсан экенин тастыктаган сүрѳттѳр бар

  1. Ассалам алейкум Урматтуу Темирбек Токтогазиев!

    Манас атабыздын омур баяны жонундо Ислам тарыхынан да мааалымат тапсаныз болот.
    Анткени кыргыз эли илгертен мусулман болушкан. Манас атабызда, анын атасы Жакып да (“Якуб” араб тилинен. илгерки пайгамбардын атынан коюлган).

  2. Манас Мухаммет пайгамбардан мурда жаралган ,аны мусулман кыла албайсынар.Якуб араб эмес,ал еврей. Жакыптын аты кийин кыргызга ислам дини келгенде озгортулуп айтылып калышы мумкун.Манас эпосунда исламдын аты-жыты да жок,Манастын доору исламга чейинки доор болгон.Бизди кудай кыргыз жараткан,Манас бизди кыргыз кылып сактап келди.Манаска коп эле асыла бербегиле.Манас кыргыз улутунун асыл-ыйык баалуулугу.Манасты окуган кыргыз баласы озунун кыргыз болуп жаралып калганына сыймыктанат жана озунун кыргыз экенин унутпайт. Манасы бар кыргыз эч-качан олбойт, Манас кыргызды бир эл,бир журт кылып бириктирип турат. Манаска асылган адам кыргыз эмес,ал кыргыздын душманы.

    • Сөзүңүз туура-түз. Биз кандай акыбалда калбасакда чындыкты айтышыбыс керек. Кыргызда кошулган калмак- түрктөр көп, ошолор кыргыздын Улуу Манасыбызды калпка чыгарабыз деп атат. Өңү кыргызга окшош болгону менен дини-дили кыргыз эместер жерибизди, элибизди, рухубузду сыйлабайт.

  3. Урматту “Көк Асабанын” окурмандары!
    “Манас” эпосуна жана Манас аттуу каарманга жана башка эпостогу каармандарга жаңыча мамиле жасай турган кез келди. Мен ушул жерде бир ойду бөлүп-бөлүп окурманга жеткирсем дейм.
    Манас десе эле, жоо-жарагын камдап, Аккуласын алкынтып, казатка аттанып жаткан баатыр жөнүндө ойлобош керек. “Манас” дастаныбыз – бул диний-теңирий нерсе эмес, же “жомок” эмес, же жөн эле “элдик оозеки чыгарма” эмес. Бул жерде али чети оюла элек сыр, башы ачыла элек илим жатат. Биздин манас изилдөөчү окумуштуулар да “Манаска” туура интерпретация бере алышпай келет.
    Бул феноменде миңдеген, жүз миңдеген жылдар илгерки Жер үстүнөн ада болгон цивилизациялардан калган архетиптик код жатат. Бул – генетикалык эстутумга гана берилчу касиет. Аавалкы Кыргыз эли- көчмөн турмуштан мурда атланттар, лемурлар жана башка аалам таануу илими менен өркүндөгөн маданий-интеллектуалдык доордо жашаган. Алар Кайып дүйнөнүн сырларын билишкен. Арийне, табыгый кыйроолор аз келгенсип, адамзаттын да пейли бузулуп, акырындап баягы өркөну өскөн калктар майдаланып, чачылып, кедерине кеткен. Бул эми өзунчө тема.
    Ошол рухий цивилизациянын тушунда жашаган элдин урпактары гана “Манас” айта алат. Бекеринен кыргыздын алп манасчылары аян аркылуу, түш көрүүдө параллель-кайып дүйнөнүн термелүүсүнө (орусча: “тонкостная вибрация”) кирип, жан дүйнөсү козголууга учураган эмес. Жан дүйнөсү кайыптык “ойгонууга” дуушар болгон киши токтоно албайт, ал эки дүйнөнүн ченеминде “элчи” болуп кызмат өтөйт.
    Дагы бир таңкаларлык нерсе, манасчы эмне үчүн талыкпай-чарчабай сааттап-суткалап “Манас” төгөт? Эр болсоң, эпосту ачып алып, манасчыдай күпүлдөп көркөм окуп көрчү! 15 мүнөттө тилиң кургап, шайың ооп калат.
    Суфийлердин “латихан” деген термини бар: ал рухий толкундануунун эң күчтүү ыргагын билдирет да, ырлар, сөздөр, сүрөттөөлөр улам жаңырып, айтуучунун оозуна келе берет. Мээнин когеренциялык резонанстык абалы жогорку чыңалүүга жетет. Адам атайын ойлонуп, миңдеген саптарды өз оюнан чыгарып төкпөйт: ал параллель дүйнө менен толкун-энергетикалык байланышка кирип кетет да, аурасы электр заряды сыяктуу микро-толкун, альфа, бета, дельта сымал түркүм деңгээлдеги термелүү абалына кирет. Бекеринен улуу манасчы “Манас” айтып жатканда бир заматта аба ырайы өзгөрүлүп, нөшөр, кар-бороон болуп, айгайлаган ызы-чуу жаңырып, миңдеген аттардын дүбүртү, курал-жарактардын дабыштары угулуп, адамдардын үрөйүн учуруп, ар кандай психикалык абалга алып келбесе керек.
    Атайын приборлор менен манасчынын аурасын ченеп туруш керек. Ошондо билинет, бул не касиет экендиги. Бизде манасчыны 10-20 минута менен чектеп коюп, “мына эми бысмылда” деп жаңы жыштыкка кирип келе жатканда сахнадан кууп чыгышат. “Манас” айттыруу “дежур нерсеге айланды. Бул деген театралдык декламация же ыр эмес! Ушуну эстеп койбойлубу жана манасчыларга башкача, терең сый-урмат менен мамиле жасабайлыбы? Бирок. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы кезде күндөп-түндөп “манас” айттыруу идеясын чыгаргандарга миң мертебе алкыш! Туп-туура! Ал эми канча көрүүчү-угуучу күбө болуп жатат? Аз, абдан аз!
    “Манасты” дин менен салыштырууга, ишеним менен чаташтырууга болбойт! Дин өз жолу менен, теңирчилик дүйнөтааным өз жолу менен болсун. Ал эми “Манас” – бул таптакыр башка феномен (кубулуш), кыргыздын канына, жанына Кайыптан берилген космикалык касиет. Кыргыз тили – универсал тил, жатык тил. Ошондуктан “Манас” ушул тилде гана даана, таасын, мазмундуу айтылат. Башка тилдерге которулганда мааниси таптакыр жоголуп кетип жатканына баарыбыз күбөбүз. Ал эми казакча, өзбекче “манас” айтып көрчү… Кайыптар жактырбайт болуш керек антип Улустан бери кыргыз тилде сакталган Улукту сынаганды. Ошондуктан, кыргыз тилин сактап, аны өнүктүрүү – коомубуздун толкун вибрациясын калыптандырып, элдин рухун көтөрөрүндө кенедей да шек жок. Азыркы шаарда өскөн балдарыбыз, неберелерибиз кыргызча сүйлөбөй калыптыр. Бул улуттук трагедия. Өз тилин чанган адамдардан патриот чыкпайт. “Максимдер” чыгаар. “Айдарлар” чыгаар. Акыры арам тамак жашоого өтөөр.
    “Манасыңды” урдум” деген карачечекей кыргыз жигит, “Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырза шерменде” деген ажылар, “пора избавляться от таких ложных идолов как “Манас” и Айтматов” деген “киргиз” журналист, “манасчыларыңды койчу!” деп текеберленген катардагы эле жердештерибиз сыяктуу Улук Касиетке түкүргөн адамдар – түркөйлүктүн курмандыктары десек болот.
    “Манас” дастанындагы каармандарды кара: баары тең элитардык, бийик даражалуу образдар. Каныкей энебиз не деген аялзатынын эталону! Айкөл менен кыргыз эли үчүн кара жанын карч уруп кызмат кылды го! Кааласа, Каныша (Первая Леди) болуп ак өргөөдө кошоматчы катындар менен каткырып ушак айтышып, чардап жата берсе, бирөө апасына айтмак беле!
    Жок! Каныкей эне бир күн да санаасыз жашаган эмес: Айкөлүм кантер экен, алабармандыгы бар эле, оңбогон калча (Коңурбай) кыябын келтирип жайлабаса экен, эл тынч болсо экен, туугандар ынтымакта жашаса экен деп Элдин тагдыры үчүн күйгөн касиеттүү байбиченин элесин көрөсүз. Чоң казатка Манас баштап чыгаарда Айкөлүнун кырк чоросу менен кошо ээр токумунан баштап, курал, зоот-чопкутуна чейин “кара көзү оюлуп, кашка тиши жоюлуп” күн-түну иштеп жүрүп, “готовность №1” кылып бергени – бул эмне? Бул – үлгу. Бул аялзатына таалим, эркектерге намыс.
    Алмамбеттин адамгерчилиги менен космикалык деңгээлдеги шердиги – Манаска эгиз тугөй сыяктуу касиет. Бакай көсөм – пайгамбарлык бийик деңгээлге чыгып кеткен инсан. Ушундай адамдар “Асман менен Жердин тирөөчү” эмей эмне?
    Эми “Манас” феномени жөнүндө том-том далилдерди жазса болот. Болгону “Фейсбуктагы” кызыл чеке талаштар пастаса экен деген тилек менен азыноолак өз оюбузду коштук.
    “Манаска” абдан аяр, ыйык мамиле керек. Ошондо Кыргыз деген эл өзүн сыйлаган калк экендиги билинет да, журтчулугубуз ынтымакта жашамакчы. Манас – кыргызды бириктирүүчү, жерибизди гүлдөтүүчү касиетке ээ. Бул – бир эле Баатыр эмес, рухний бийиктикке чакырган улуттук бренд болуш керек. Ушуну унутпайлык.
    PS. Темикеме табылгалары үчүн зор алкыш! Чоң эмгек кылып жатат! Арийне, ал Кытайдан таап келген сүрөттогү кыргыз ханы сөзсүз эле Манас баатыр эмес, башка инсандардан болушу мүмкүн. Манас баланчанчы кылымда туулган деп метрика берип, баланча иштерди кылган деп Жер пендесинин деңгээлине түшүргөн да туура болбойт калат го дейм. Манас Баатыр, Айкол деген туюнтмаларды жалпыланган түшүнук катары бааласа болот. Мен “Манас” дастанын – Жерге сыйбаган космикалык феномен деп кабылдайм. Мына ошондо Кыргыз деген элдин өзгөчо табияты, рухий улуулугу жарк деп көрүнө калып жатпайбы.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *