Төрөн ЖУМАЕВ
Ала-Тообуздун аба ырайын кылдат байкашып, кыргыздын улуттук календарын байыркы элибиз так, даана түзүшкөн эле. Улуттук календар ооздон-оозго, муундан-муунга оозеки айтылып жүрүп, биздин заманга жетти. Кыргыз календары табигат менен тыгыз байланышта түзүлгѳндүгү – анын ѳзгѳчѳлүгүн аныктап турат. 2011-2014 жылдарга арналган кыргыздардын “Ай-Күн” календары КНАУнун “Биомаданий борбору” аркылуу басмадан жарык көрдү. Бул календарга кошумча иретинде мүчөл жылдарынын таблицасы жана Ала-Тоо аймагындагы байкала турган жыл мезгилдеринин графиги камтылган.