Nov 01

Кубан ЧОРОЕВ, экономист: «Акча системасынын туура эместигинен  туңгуюк абалдабыз”

Улуттук банк кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштебей жатканын жана аны улутташтыруу менен кошо акча системасын алмаштыруу керектиги тууралуу коомчулук арасында кийинки мезгилде байма-бай сөздөр жүрүүдө.

5-Чороев

Бул олуттуу маселе маалымат булактарында экономист Кубан Чороев тарабынан иликтенип элге жеткирилип отурат. Өлкөдөгү финансылык системаны турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча сунуш-кеңешмелер буга чейин тиешелүү бийлик бутактарына айтылганы менен, бул маселе боюнча чечкиндүү кадамдар жасалбады. Акча системасында кандай реформа керектиги жөнүндө жана анын мамлекет үчүн мааниси тууралуу интернет булактарында кеңири айтылууда. Ал эми Кубан мырза менен болгон маекте биз бул маселенин  негизги түшүнүктөрүнө токтолдук жана  жеке адамдык өсүү боюнча суроолорго  орун бердик. Continue reading