ЖУМАКАДЫР уулу Молдомуса
Пендени алдаса болот, Кудай менен тарыхты алдай албайсың.
***
Кылган жакшылык-жамандык жети муундан бир кайрылат.
***
Жакын адамдарыңдын жаңылыштыгын кечире бил.
***
Бечараны сыйлай жүр, кайрымы өзүңө тиет.
***
Өз катачылыгыңды балаңа кайталатпа.
***
Арманын күүгө сала билгендин жүрөгү бат сакаят.
***
Бирөөгө кыйынсынганың – өзүңдүн пастыгың.
***
Ак көңүлдү дардес дебе, дилинде арамдык жок болсо.
***
Бул жарыкчылыкта баарына тобо кыла жүргөн оң.
***
Чыныгы тарыхты жазыш – бул өтө оор иш, чындык бардыгына жага бербейт.
***
Эң негизгиси – жандүйнөңдүн оту өчпөсүн, анда жашооңдун токтогону.
***
Элинин салт-санаасын унутуу ата-бабалардын каргышына калганга тете.
***
Теңирди асман-жерден издебе, көкүрөк-көөдөндөн тап.
***
Чачымды бубак аралай баштаганда маркум ата-энемди көп эстечү болдум.
***
Кур намыс – бул чабалдыктын белгиси.
***
Ар бир адам жамандык менен жакшылыкты өз пейилинен табат.
***
Жарк этип күйүп, жалп этип өчпө, кумурскадай из калтыр, ал – түбөлүктүү.
***
Учурунда бардык жакшы нерселерди барктай бил.
***
Оорунун башаты – бул санаа.
***
Руханий дөөлөтү пас адамдарга сырыңды ачпай жүр.
***
Колуңдагы бактыңды байкабай чачып алба, чогулта албай кыйналасың.
***
Оттун жылуулугу табы өчкөндө, суунун баалуулугу чаңкаганда, жаштын баалуулугу улгайганда билинет.
***
Ар бир адамдын өз деңгээлине жараша сүйүнүч, кайгысы болот, бул тагдыр.
***
Жакшы адамдар менен пикир алышсаң, чаңкаганда тунук булактан моокум кандыргандай.
***
Ички руханий байлыгың сүйлөгөн сөзүңөн, кылган аракетиңден байкалат.
***
Турмуштун бороон-чапкынын башыңдан өткөрбөсөң, жашоонун баркын билбейсиң.
***
Итче ырылдабай, бөрүдөй көк, айткан сөзгө бек бол.
***
Шумкардын баары кыраан эмес, чогулуштун баары жыйын эмес, майнап чыкпаса.
***
Өтө боорукерчилик чекеңе аттын такасындай тийбесин.
***
Бирөөнүн жакшылыгына сугуңду артпай жүр.
***
Кеңешчиси жок жигит түйшүктү көп тартат.
***
Аракет сенден, берекет Теңирден.
***
Бийикке чыгыш өтө оор, түшүш андан да кыйын.
***
Эл менен ойнобо, агымында каласың.
***
Бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө анын каалоосу жок кирбе.
***
Жасалма акча менен жалган абийирдин айырмасы жок.
***
Булбулдун сайраганын чаташтырба, кээде баканын үнү да керемет.
***
Жер асылы кыртышында, адам асылы руханий дөөлөтүндө.
«Көк асаба» (№15(15) 04.08.2009)