Кыргыз салты – кыргыздын мыйзамы
Президент А.Ш.АТАМБАЕВдин:“Биздин аялдар улуттук кийимди кийүүнүн ордуна арабга таандык – паранжа, хиджаб жана башка кийимдерди чүмкөнүп, кие башташты» деген сөзүнө комментарий.
Акыйкатынан алганда арабдардын пайгамбары Мухаммед ошол замандагы араб аялын кордуктан, зордук-зомбулуктан, жок болуудан алып чыккан. Ошол заманда көпчүлүк арабдар кыздарды киши катары көрбөй, туулганда эле тирүүлөй кумга көмүп, өлтүрүп турган. Ошон үчүн Мухаммед: “Үч кызды аман эсен тарбиялап, чоңойтуп, жайына узатсаң, мен сени менен бейиште бирге боломун” деп насаат айткан. Арабдар ошондон кийин Мухаммед пайгамбар менен бейиште бирге болгусу келип, кыздарды өлтүрбөй калган.