Oct 17

Жашоо сабактары

10700179_266042176853057_1902864912726524660_o (1)

ЫРЫС деген эмне? ЫРЫСКЫ деген эмне?

Ырыс – табиятта, жашоодо, өмүрдө буюрган жемиш, азык, ийгилик.

Буга эмнелер кирет? – Жердеген жерибиз, ата-тектен келаткан салтыбыз, эне-тилибиз, мекенибиз, калтырган изибиз, жана уңгу болгон тарыхыбыз.

Ырыскы – адамга тийиштүү жетишкендик: ишиндеги жетишкендик, жашоосундагы бийиктик, баалаган дүнүйө байлыгы.

Толугу менен

Oct 17

Бизге ӨМҮР эмне үчүн берилген?

11-өмүр1. Ыраазычылык. Шүгүрчүлүк. Нааразычылык

Биз, адамдар, күнүмдүк жашообузда Кудайды адатта кайсы учурда эстейбиз, кайсы учурда ага ыраазы болобуз?

Албетте боорубуздан жаралган ымыркайыбызга ичибиз элжиреп аны эркелеткенде, табияттын сулуулугуна өтө суктанганда, өзүбүз өтө эңсеген нерсебизге жеткенде, көңүлүбүздү чөктүргөн ишибиз жүрүшүп кеткенде, материалдык муктаждыгыбыз күтүүсүз оңолгондо, чоң сүйүүгө кабылганда, же, алдыбызда коркунучтуу тоскоолдуктар көрүнгөндө, кайгы-капага батканда, жаныбыз зарлаганда, жакыныбызды бу дүйнөдөн жоготкондо… Кудайды эстейбиз…

Толугу менен

Oct 16

Карапайым, чынчыл, таза адам Абсамат Масалиев

4-Масалиев А

Өлкөнү башкарууга оор мезгилде келди 

1985-жылы Кыргызстан КП БКнын башчылыгына Абсамат Масалиев келди. Ачык айтчу нерсе, Масалиевге алгач кыйын эле болду.

Биринчи кыйынчылык, бу киши Турдакун Усубалиевге салыштырылып калды. Кезегинде Исхак Раззаков кеткенде да Усубалиевди ага салыштырып, Раззаковдун чечендик жагын көп айтчубуз. Чындыгында Кыргызстанды 25 жыл башкарган кишиден кийин келип иштеш Масалиев үчүн оор болду. Анын үстүнө Масалиевдин өзү да Усубалиев өстүргөн кадр эле да. Экинчи жагынан Масалиев «Перестройкага» туш келип калды. Усубалиевдин тушундагыдай баары калыпка салынган жагдай эмес, коом олку-солку болуп турган Горбачёвдун мезгилине  туура келди. Партияга да чабуул башталып калган. Ушунун баары эки доордун кырында кызматка келген Масалиевди кыйлага чайналтты. Бир чети ички дүйнөсү коммунисттик, өзү таза адамга бул кырдаал оңой болгон жок. Бирок, Масалиев Компартияга  берилгенинен, өз принцибинен өмүрү өткөнчө тайбады. Кийин заман тетири кеткенде да айрымдарча партбилетин өткөрбөдү. Тескерисинче, Кыргызстан Компартиясын көзү өткөнчө жетектеди.

Толугу менен

Oct 07

Жашоо сабактары

26Даңаза

Жашоодо даңазага жеткен адам өтө аз. Даңазага кимдер жетет, кимдер жетпейт… Даңазанын түйшүгү эмнеде, даңазанын жүгү кандай?

Даңаза – бул Кудайдын бергени. Адамдын ырысы. Жашоонун бермети. Жарык жашоодо адамдын өмүрү нуска болсо, жарыгы кубаттуу болсо, иши пайдалуу болсо, кызматы элге болсо, мээнети күч болсо – Кудай ага даңаза берет.

Толугу менен

Sep 30

Имамидин ТАШОВ, «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын башкы директору: «Бата – мансаптан да, байлыктан да жогору тураарын эске алсак»

8-2Ѳткѳн аптанын 8-августунда «KGГРУПП» курулуш компаниясы социалдык багытта мугалимдерге, врачтарга, ИИМ кызматкерлери  жана эмгек мигранттары  үчүн ѳз наркында бериле турган «Алымбек Датка» турак-жай  комплексинин капсула куюу аземине компаниянын кардарларын, ѳнѳктѳштѳрүн, ошондой эле алар менен чогуу мекенчил идеологияны тутунган жакын санаалаш теологдорду, ЖМК жана Ѳкмѳт, Бишкек мэриясы, министрликтерден ѳкүлдѳрдү чакырышып,  ѳздѳрүнүн кубанычтарын тең бѳлүшүүгѳ ниет кылышты.  Бул иш-чараны аталган компания  кыргыз салттуулугундагы  кан чыгаруу менен баштап кой союшуп, куран окутушту.

Толугу менен

Sep 25

Жашоо сабактары

10-2

Жашоодо, аймакта, заманда 2 түр адам болот: белгилүү жана белгисиз.

Белгилүү адам 4 түргө бөлүнөт:

1. Даражасы менен белгилүү
2. Кызматы менен белгилүү
3. Жоругу менен белгилүү
4. Сүйүүсү менен белгилүү

Толугу менен

Sep 25

“Саяк наме” – саяк уруусунан чыккан билгилерди баяндайт

1-саякРеспубликабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Баары өзөктөн жанат. Бул өзү табигый мыйзам. Ушул эске алынбаган шартта абал чийеленишет, ички байланышуулар сакталбайт.

Дүйнөдөгү ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхый калыптанган, өнүгүүсүнө, өз алдынчалыгына өбөлгө болуп турган өзгөчөлүк жактары бар.

Толугу менен

Sep 15

Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси – Иманалы Айдарбеков

3-пКыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө бүт акылын, күчүн жумшаган, жүрөгүн орноткон Иманалы Айдарбеков репрессияга дуушар болуп, 1938-жылы 5-ноябрда атууга кеткен.
(1884-1938)

 Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алганы менен байланыштуу. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, Олуя-Ата уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924-жылы 21-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун курамы бекитилип, 12-ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925-жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун биринчи төрагасы, башкача айтканда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган.

Толугу менен

Aug 30

Таш керемети. Карыпбек РЫСКЕЛДИЕВ,  табигый таштардагы сырларды окуган адам: «Адамдын рух жашоосу ташка чегилип калганы кызык»  

IMG_7746

Карыпбек РЫСКЕЛДИЕВ Тоң районунун Бѳкѳнбаев айылында жашайт.  Жергиликтүү элден сырткары аны чет элдик туристтер жакшы билет.  Таштардагы сүрѳттѳрдү, чиймелерди, белгилерди чечмелеп окуп, дүйнѳдѳгү, ааламдагы, кыргыздардагы сырларды, ѳткѳн тарыхты, келер чакты жана башканы кагаз бетине түшүрүп келаткан бул адамдын касиети ѳзгѳчѳ. Эмесе, аны менен болгон маек жана таштардагы сырлардын чечмелениши сиздерге жаңы ачылыштарды, жаңы жаңылыктарды тартуулаарынан күмѳн санабайбыз. Тилекке каршы, гезит бетине саналуу гана таштарды тандап бердик.

IMG_7779

 Таштарда бар улуулук,

Таштарда бар сулуулук.

Кармасаӊ, көрсөӊ, суктансаӊ,

Берип турат жылуулук. 

 

– Карыпбек агай, таштар дүйнөсүнө кандайча кирип калдыӊыз?

 Ата-энем чабан болгонуна байланыштуу бала-чагым тоо-ташта өттү. Бир сөз менен айтканда, жайлоодо чоңойдум. Жаратылыштын койнунда жүрүп, табият дүйнөнүн ажайып кооздугу мага абдан катуу таасир бергендиктенби, сүрөт тартуу адатым бала кезимден эле башталган. Кооз таштарды чогултканды жакшы көрчүмүн. Кагазга, жерге, чатырдын бетине көө менен сүрөт тарта берер элем. Кийин инилерим айтып калышчу эле күлүп, «байке, ошондо чатырга биз тартсак урушуп коюшчу да, атам менен апам сиз тартканда эч нерсе дешчү эмес» деп.

Толугу менен

Aug 30

Улуттук дем. Жалган жалаа менен атууга кеткен эл агартуучу

3-Тыныстанов

Касым Тыныстанов кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан.

Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жоопту редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаңы маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган.

Толугу менен