Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, журналист, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын башкы директору
(Уландысы)
Пекиндин (Чоң Бээжиндин) мамлекеттик музейинен тартып алган картага аябай сүйүндүм. Ушул күнгө чейин мындай картанын бар экендигин билген эмеспиз. Макелек Өмүрбайдын да кубанычы зор болду. Кечинде, жатакка келгенде, картаны “ноутбуктун” экранына чыгарып алып, кыргызчага которуп, ушул Ляо (кидандардын) империясынын убагындагы байыркы картага көпкө үңүлүп тиктеп, өзүбүзгө белгилүү болгон тарыхый маалыматтар боюнча узакка чейин пикир алмаштык.