Көөдөн майрамы

Илона СУЛТАНОВА, «Кѳчмѳн эл музыка фестивалы» долбоорунун автору жана жетекчиси: «Максатым – туристтерди тартуу аркылуу экономикабызга салым кошуу»

IMG_2890

Монгол улуттук музыкасы жана Хооми кѳмѳкѳй үн менен ырдоонун чеберлери, Улуу Британиялык музыканттар Майкл Ормистон жана Кандида Валентино Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда 2-июль күнү «Түбѳлүктүүлүк кайрыктары» этникалык концертинин бет ачарын ѳткѳрүштү.

Бул жүрүш Ысык-Кѳл облусунун Тосор айылында, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Ош облусунун Ош шаарында уланып, 30-июль күнү борборубуз Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында кыргызстандык жана улуу британиялык музыканттардын биргелешкен гала концерти менен жыйынтыкталмакчы.

Ал эми бет ачаар концерти тууралуу маалымат алуу үчүн этникалык концерттин уюштуруучусу Илона Султанова менен иш-чара алдында кыскача маектештик.

IMG_2878

– Сиз Женевада жашап-иштеп, бирок Кыргызстан менен байланышты тыгыз кармап турат экенсиз. Ѳзүңүздүн ишмердүүлүгүӊүз тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

– 2000-жылы Кыргызстандан Европага окуу  үчүн кетип, Англиядан билим алып, экономисттик кесипке ээ болдум. Анан Женевага тажрыйба топтоо үчүн барып, биртоло Женевада жашап калгам. Ал жактан БУУда экономикалык сектордо, банкта иштедим. Бара-бара маданият тармагына да кызыгып, маданиятка тиешелүү долбоорлор менен кызматташып, азыр убактымдын кѳбүн маданий иш-чараларга жумшап жатам.  Учурда Женевада «Kyrgyzway» аталышындагы ѳзүмѳ таандык туризм тармагына арналган фирмам бар. Бул турфирмамдын негизги максаты Кыргызстанга туристтерди тартуу жана ошол аркылуу кыргыз элинин экономикасына салым кошуу. Быйыл ошол максатыбызга ылайык маданий-музыкалык программа түзгѳнбүз, азыр аны ишке ашырууну баштадык.

– Бул программаңыз жѳнүндѳ тагыраак айта кетсеңиз?

– Программанын башкы максаты – туристтер менен бирге Кыргызстанда саякат кылуу жана кыргыз музыканттары менен иштешип тажрыйба алмашуу, эки башка маданияттын ѳзгѳчѳлүктѳрүн бири-бирине таанытуу.

– Өлкөбүзгө Майкл Ормистон менен Кандида Валентинону алып келиптирсиз, эмне үчүн ушул эки музыкантты тандап алдыӊыз?

IMG_2928

– Алар менен былтыр Женевада койгон концерттеринен таанышып калгам. Экөө монгол элинин маданиятына кызыгып,  ал ѳлкѳгѳ алты жолу барып-келип жүрүп улуттук аспаптарын ѳздѳштүрүп алышыптыр жана кѳмѳкѳй менен ырдоо ѳзгѳчѳлүгүн абдан мыкты ѳздѳштүрүшүптүр. Биз таанышкан убакта алардын Кыргызстанга келүү кыялдары бар экенин билдим. Эбепке-себеп болуп, жол берилип, быйыл минтип келип олтурушат. Булар ойногон музыкалык аспаптар менен биздин кыргыз элинин улуттук аспаптары абдан окшош болгондуктан, бул туристтик жүрүш жакшы жыйынтык берет деп ишенем.

– Ѳзүңүздѳ жеке кандай сезимдер, түйшѳлүүлѳр болуп жатат?

– Европада жашап-иштеп жүргѳнүмѳ 15 жылдын жүзү болсо да, дайыма ичимден ѳз мекениме салым кошууну кѳздѳп жүрчүмүн. Батыш маданиятындагы ѳзгѳчѳлүк менен ѳзүбүздүн улуттук маданиятыбызга таандык музыкалык ѳзгѳчѳлүктѳрдү бири-бирине жакындаштырып, алардын тажрыйба алмашуусуна, чыгармачылыктарын байытууга кѳпүрѳ болуп берип жатканыма кубанычтамын. Кыргыз музыканттары менен жакындан иштешип, кѳз караштары эки башка болсо да, табияттагы бир бүтүндүк менен айкалышкан ѳзгѳчѳ чыгармалар жаралса деген тилегим бар.

Бул күнү өзгөчө концертке күбө болушкан таланттуу кыздарыбыздын пикирин угуп коюуну туура көрдүк.

Залина КАСЫМАОВА, кыл кыякчы:

– Улуу Британиядан келген эки музыканттын чыгармачылыгы мен үчүн өтө кызыктуу болду. Мен мурда-кийин кѳрбѳгѳн музыкалык аспаптар да бар экен. Алар ойноп жатканда аспаптарына кѳңүлүм түшүп, музыкаларын болсо жѳн гана укпастан, ыргактарын, кайрыктарын ичимден талдап жаттым. Мага да иштешүүнү сунуш кылышкан, Кудай буюрса, чыгармачылыгыма дагы бир жаңы түс кошулат экен деген ойго келдим. Башка улуттун музыканттары менен тажрыйба алмашуу, биргелешип иштешүү чыгармачыл адамга ѳтѳ пайдалуу, себеби дүйнѳ таанымың кеңейип, музыка дүйнѳсүнүн дагы бир кырын, дагы бир сырын ача аласыӊ.

IMG_2933

 Гүлзада РЫСКУЛОВА, ырчы:

– Бул багыттагы музыка дүйнѳсү менен мурдатан таанышмын. Буга чейин да бизге тектеш алтайлык, якутиялык элдердин чыгармачыл адамдары менен «Табияттын үнү», «Жандануудагы биримдик» аталышындагы концерттерди элге тартуулаганбыз. Бул жагынан тажрыйбам бар. Кѳмѳкѳй менен ырдоо – музыка дүйнѳсүнүн бийик сереси. Мындай кечелер адамга ѳзгѳчѳ эргүү гана тартуулабастан, адамдын жандүйнѳсүн аруулантат, тынчтандырат. Бүгүнкү адамзат коомуна мындай музыка абдан керек. Улуу Британиядан келген эки музыканттын дүйнѳгѳ болгон кѳз караштары, музыкага болгон мамилелери терең жана кенен экендиги кѳрүнүп турат. Батыш элинин ѳкүлдѳрү болсо да, элдик аспаптарды ѳздѳштүрүшүп, салттуу музыкаларды кѳчмѳн элдеринин дүйнѳ таанымы менен берип жаткандары жѳндѳн-жѳн эмес деп ойлойм.

 Мундуз АСАНАЛИЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *