Украин элине тынчтык каалайлы да, Майданды эңсеп “майдаланбайлы”

3-киев

Дүйнөлүк саясый абал өтө кооптуу мезгилди өтүп жаткан учур. АКШ өзүнүн мамлекеттик коопсуздугун сактайм демиш болуп, ислам өлкөлөрүнө “демократия” орнотом деген жалган миссионерлик саясаты бара-бара согуш талаасына айланып калды. Жакынкы эле эки-үч жылдын ичинде ислам мамлекеттердин ичинен эле оппозициялык багытта экстремизм курчуп, бир эле эл, бир эле улут бир туугандыгын кечип, курал көтөрүүдө. Эми ошол оппозиция тарапты ким каржылап жатты экен деген суроо туулат? Албетте, Пентагон! Ал эми “пендечил” исламчы экстремистке керек болсо шайтандын өзү каржыласа макул болчудай абал.

Тилекке каршы, Украина граждандык согуштун алдында турат. Аягы бүтпөгөн каргаша МАЙДАНы бир Украин мамлекетти экиге бөлгөнү турат. Ою жаман Евросоюз Украин элинин ыркы кетээрин каалап, президентине каршы тукуруп жатканы маалым. Согушту гана каалаган америкалык эки жүздүү “каракчы” Маккейн украин оппозиция элин аралап тамак таратып жүрөт. Токтото турайын сынтакпай.

Эми кепти Кыргызстанга буралы. Илгери, КМШ өлкөлөрдө митингдер, төңкөрүштөр болуп жатса, Аскар Акаев: “Биздин Кыргызстанда саясый кырдал туруктуу” деген эле,  кошуналарга сын тага. “Орто Азияда биздин Кыргызстан биринчи…” – деп мактанганын да бир айтып бир, эки айтып эки койчу эмес. Ошондо Назарбаев менен Каримовдун кыжыры келээр эле: “Шашпа, Аскар!” деп. Жыйынтыгында, митингдин санынан адашып да калдык көрүнөт. Мактанып жатып баткакка да малындык.

Сөөмөйүн сүрөп, Курманбек “баатыр”: “Силердиби!” деп коркутуп жатып, “АТА” атка конгон “Батьконун” колтугунан чыкпай жатат. Бүтүн кыргыз элин койго теңеген “көзү сонун” уулу Максым бизди дагы эле кайрып алчудай болуп, оюнда: “ Эх, Абрамчик досумдай байлыгым болсо, беш миллион коюмду кайра кайтарып алат элем” деп жүрсө керек ичи тарып. Баса, Жаныш жүрөт дейт, Үрүмчүдө, “урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай”. Ким билет, балким Кытай тараптан уйгур улутундагы он бир “мокочону” каржылап жиберсе керек, “Силердей баатырларга Кыргызстанды – керек болсо Уйгурстан кылам”  деп.

Ал эми Кыргызстандын “жоокерлери” Максым укасынын “суусундугун” сагынганбы же тынчы жок Батыш “бандеровчуларды” жөн эле туурап жатканбы, айто-ор, “Майдан” гезитинде “бах” эте “мыктылардын” жүзү жүрөт “баатырлык” мүнөзү менен.

Бийлик талашууда Түндүк-Түштүк элди бөлүп-жарабы деген коркунуч бар. Жакырланган элдин үмүтүн көксүтүп, “мен-менсингендер” бийликти кандай жол менен болсо да алгылары келет. Көрсө, балээнин баары бийликте турбайбы, кашайып. Бийликти колго алсаң эле “байлыкка” малынчудайсың алкымы чоң кокодон. Болбосо, Акматбек Келдибеков күнөөлүү эмес экен. Күнөөнүн баары өзү убагында отурган “отургуч”! Ошол “отургучту” камагыла! Анткени, ошол отургучка отургузбай эле койсок, балким, байымак эмес! Дагы бир “майданчы” Ташиев Камчыбек дубалдын найзаларына сайылганы, билгиңер келсе, бул чоң курмандык, эр жүрөктүк да, ээ туугандар? Эр болсоң барып секирип көрчү? Анысы аз келгенсип, бир жаш жоокерди ат таскагындай “камчыланып” кууп алганычы? Шумдугуң кургур БИЙЛИК кыргыздын жакшы эле жигиттерин бузасың да каласың! Оңбой кал, сен, байлыктын төрүн көксүткөн БИЙЛИК!

Мамлекеттин коопсуздугуна таасир берген күч ар-тараптан чыгышы мүмкүн. Мына Атамбаев президент болор алдында Курман айтта аянтка чыгып, ислам динине ызаат көргөзөм деп, тизесин бүктү. Бул абалды көргөн жумурай журт, “А, буйурса Кудайдан коркот экен” деп жатып, баарыбыз көтөрдүк такка. Мына ошондо ичимен “исламдык багытка тизесин бүктү, а бирок кыргызга эмес” деп, намыстана ичим күйдү эле. Президент кимге бүктү тизесин??? Тереңирээк ойлонолучу? Анткени, исламизация өзүнө Кудайдын аты менен жибитип жатып, акыры кыргыздын улуттук өзөгүн бузат. Өкмөт канчалык аракет кылбасын, көбөйүп кеткен диний багыттарды көзөмөлдөй албайт. Анткени, ар бир мусулман фанаттык сокур сезиминде “зомбилик” болгон кыргызды – нукура кыргыз кылуу оңойго турбайт.

Учурда Киев борборундагы башаламандык МАЙДАНЫ Украин элин, жерин эки тарапка бөлгөнү турат. Бул украин эли үчүн өкүнүчтү окуя. Элди бөлүп-жаруу оңой, а бирок ортодогу жараланган биримдикти оңдоо оңойго турбайт. Кандай болгон күнү да, украин элине тынчтык каалайлы. Бөлүнүп-жарылбаса экен украин эли дейли! Тобо дейли! Ошондуктан, суранам, МАЙДАНды эңсеп, – “МАЙДАЛАНБАГЫЛА!”

Элин ойлогон, Ата Журтун коргогон – “ЭЛ АТАСЫ – МАНАС!” “СӨЗ АТАСЫ – БАКАЙ!” “ЖУРТ АТАСЫ – КОШОЙ, КӨКӨТАЙ!” деп, эл барктап, нарктаган аталарыбыз бар эле… Өз эли үчүн “баштарын канжыгага байлап койгон” АЛМАНБЕТ, ЧУБАК, СЫРГАК, СЕМЕТЕЙ, КҮЛЧОРО, СЕЙТЕК баатырлар – силер кайдасыңар, оо АТАЛАР?

Абдылдабек ТУРГАНБАЙ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *