Камчыбек МОЛДАРЫНОВ, уз-чебер: “Той-топурда “приз” деп калпакты таратуу, чет элдиктерге кийгизе берүү – өтө одоно иш”

Ak_kalpak

«Алтын таажы болсо да, алмаштырбайм эч кимге, ак калпагың кийип жүр» деген ата-бабаларыбыздын насаат сөздөрүн унуткарбай аткарып жүргөн мырзаларыбыз кайда деген суроо бизди түйшөлдүрөт. Калпак – көчмөн кыргыздардын таажысын билдирген. Калпакты башка элге берүү – таажыны жоготуу менен барабар болгон. Элибиз «Калпакты жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Калпагыңды бөлөккө сатсаң, акылыңды сатасың» деген таамай сөздөрдү айтышкан.
 Биздин бүгүнкү маектешибиз – калпагыбыздын баалуулугун сактаган жана барктаган адам. Ал, «ак калпакты белек катары тарата бергенди токтотолу” деген маселени көтөрүп жүргөн уз-чебер – Камчыбек МОЛДАРЫНОВ.

– Камчыбек агай, бүгүнкү күндөгү кыргыз калпагынын абалы жөнүндө айтып берсеңиз?

– Мейли бай болсун, мейли кедей болсун, байыркы убактагы ата-бабаларыбыз улуттук

баш кийимдерин эч кимге берген эмес, ал тургай алмашып кийүүгө да уруксат берилген эмес. Кыргыздар үчүн баш кийим өтө ардактуу болуп эсептелип, ал эч качан төмөн, жапыс жерге коюлбай, бийик жерге, жүктүн үстүнө кастарланып коюлган. Калпакты бирөөгө арнап атайын белек кылуу үчүн тигишкенде да, ага татыктуу боло турган, кадырлап кие ала турган адамга гана белек кылышкан. Ал да болсо кыргыз улутундагы адам болгон.

Ал эми бүгүнкү күндө калпагыбыздын көргөн күнү, абалы оор. Себеби, чет элден келген конокторго, жогорку кызматтагы чет элдик адамдарга калпак сувенир катары белекке тынбай берилип келатат. Алар болсо биздин баш кийимдин кадырына, баркына жетишпей, мончого барганда кийип алышат. Ушундан улам биздин ак калпактын наркы кетип, ал нарк менен кошо улуттук баркыбыз да өзүнөн-өзү жоголуп баратат.

Аткаминерлер калпагыбызды башка улуттарга белек кылып койгондору аз келгенсип, аны сүрөткө тартышып, сыналгыдан көргөзүп мактанып жатышат. Бул эч нерсеге сыйбаган жоопсуз жорук болуп жатпайбы. Касиеттүү Ала-Тообузга тең келген ак калпагыбызды кытай сувенирлериндей эле таратып жатышат. Калпагыбызды алган ошол башка улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук баш кийимин бизге сувенир кылып бердиби? Жок. Алар эч убакта мындай жолго барышпайт, себеби, өздөрүнүн улуттук баркынын жогорулугун билишет жана сакташат.

 

– Бүгүнкү күндө калпак сатылчу жерлерле ак калпак нукура кийизден жасалбай, синтетикадан жасалып, баасы да арзан болуп жатат. Буга не дейсиз?

– Туура, калпакты кандай материалдан тигишет, кандай баада сатат – ал ар кимдин өз иши, башкалар аларга кийлигише алышпайт. Бирок, кыргыз элинин салттуулугун жоготуп, мындай арзан баадагы калпактарды даярдап сатуу менен нукура ак калпактын баркын кетирип жатабыз. Абдан өкүнүчтүүсү, арзан калпак деп дүңүнөн сатып алышып, той-топурларда ырдап-бийлегендерге эшиктен туруп алып, «приз» деп эле таратып жатышат. Муну көргөндө жүрөгүм ооруйт. Деги ушул кантип туура болсун, кантип жакшылыкка алып келсин? Болгондо да эл багуучулардын, эл коргоочу эр жигиттердин башында кастарланып кийилген баш кийим туш келди жерге чабылып, туш келди таратылып жатат. Бул жоругубуз үчүн өткөн муундар, ата-бабаларыбыз, энелерибиз бизди кечиреби?

 

Калпакты кандай жолдор менен сактай алабыз?

– Адегенде, ар кимибиз өзүбүздөн баштайлы, ар ким өзүнүн калпагын барктап, баалап-сактап, баркын көтөрсүн. Экинчиден, калпакты ыгы жок белек кылып таратканды токтотолу. Үчүнчүдөн, чет элден келген меймандарга, делегацияларга жана алардын башчыларына кийгизип алып, бийликтегилердин алар менен кошо сүрөткө түшүп мактангандарын таптакыр жоюу керек. Төртүнчүдөн, калпакты кытайдын синтетика материалдарынан  тигүүнү токтотуу зарыл. Бешинчиден, калпакты нукура кийизден гана жасоого аракет жасайлы жана аны ишке ашыралы. Алтынчысы – калпак улуттун байлыгы деп эсептелгендиктен, аны атайын мыйзам менен коргоп, өзгөчө көңүл бөлүп, кол жеткис бийиктикке чыгаралы.

 

– Калпактын түзүлүшү боюнча кыскача айта кетсеңиз?

– Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип, кыргыз эли байыртадан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекендин символун берет. Калпактын нукура кийизден жасалгандыгы – анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларыбыздын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат.

Учурда калпакты мыкты жасаган уздар чыгып жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата ага жарашыктуу кылып, нукура кийизден жасашканы эң жакшы эмгек. Кээ бирлери өздөрүнүн оюндагы оюларды чагылдырып, аларга кыргызча эмблемаларды, жазууларды калпактын маңдай жагына кастарлап жибек жип менен саймалашып, көрктүү кылап жасап жатышат. Мындай иштерди бүгүнкү күндө колдоого алып, өркүндөтүү зарыл.

СИЗ АК КАЛПАКТЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КИЙЕСИЗ?

8-Дамир НарматовДамирбек НАРМАТОВ кинопродюсер, Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрынын директору:

– Мен калпакты кыргыз болгонум үчүн кийемин. Калпактын баркы биздин улуулугубузду, бийиктигибизди, касиеттүү экенибизди далилдеп турат. Өзүн кыргызмын деп билген ар бир атуул калпакты эч качан уялбай, сыймыктануу менен кийүүсү керек. Дегеле өсүп келе жаткан балдарыбызга кичинекейинен туура тарбия берип, кыргыздын керемети жөнүндө толук маалыматты жеткирип үйрөтсөк, алардын да улуттук деми күчтөнүп, өркүндөп, калпакты башынан түшүрбөй  кийип жүргөнгө үйрөнүшөт.

 

8-Болот СувановБолотбек СУВАНОВ, информатик:

– Калпакты ата-бабаларыбыз жылдап философиялык жана турмуштук колдонуу жагынан өнүктүрүп келишкен. Калпактын түзүлүшүн баардык жагынан алып караганда да бир кемчилик таппайсың. Калпакты мен эң бийик баш кийим деп көрөм жана дайыма кийип жүргөнгө ыңгайлуу деп эсептейм. Кыргыз болгонубуздан кийин эр-жигиттер калпакты сөзсүз кийишибиз керек.

 

8 -Улан УсейинУлан ҮСӨЙҮН уулу, студент:

– Мен ак калпакты дайыма башымдан түшүрбөй кийип жүрөм. Ал ыйгайлуу жана мен аны кийгенде өзүмдү бийик тоолорубуздай бийик сезип, дем-күч алам. Кыйынчылык болгондо башымдагы ак калпакты карап туруп, бул иштин оңунан чыкпасам, калпак кийгенге татыктуу эмес экенмин деп кайра чыйралып, ал жумушумду бүтүрөм. Улуу тарыхты өзүнө камтыган, кыргыз элин алыстан тааныткан калпак мен үчүн абдан ыйык. Себеби, биринчиден ак калпак менин кыргыз экенимди аныктаса, экинчиден мага эрк, дем-күч берип туруучу күчтүү кудурет зат. Ошондуктан мекендештериме калпактын кадырын билип, ар дайым башыбыздан түшүрбөй кийип жүрөлү деп чакырам.

 

8-ЖакшылыкЖакшылык ЫНТЫМАК уулу «Ак Шумкар Кут» коомдук жаштар уюмунун мүчөсү:

– Калпакты башымдан түшүрбөй дайыма кийип жүрөм. Калпак  биздин кутубуз. Өсүп келаткан муунду нукура кыргыздык аң-сезимде тарбиялап жетилгенибизде гана калпак кийгенден уялбай калуу токтойт. Болбосо, аң-сезимин башка баалуулуктар ээлеп алган шартта калпак кийгенден уялганды кой, калпак кийген кыргыздарды сабап салгандан кайра тартышпагандар бар. Ошондуктан, өз баалуулуктарыбызды өсүп келе жаткан муунга сиңиргенибизде гана көп маселе чечилет.

Маектешкен Гулира МУРАТОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *