Мургаб районундагы кыргыздар кыйын абалда калышты

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу Жантөрө Жолдошевич!

Урматтуу Асилбек Шарипович!

Өзүңүздөргө маалым болгондой, Тажик Республикасынын Тоолуу Бадахшан Автономиялык облусунун Мургаб районунун жашоочулары Сары-Кол аталышындагы өрөөндө тээ илгертен бери жашап келет. Сары-Кол кыргыз элинин жери экени, Манас Атабыздын Ата Журту катары (Ак-Байтал, Музтаг-Ата, Опол-Тоо, Шаймак, Токтомуш, Жыланды аттуу топонимикалык аталыштары азыркы учурга чейин аталып турат) белгилүү экендиги талашсыз. Бул фактылар кытайлык, англиялык, француз жана немис изилдөөчү-саякатчылардын калтырып кеткен эмгектеринде кенен белгиленет.

Өткөн кылымдын башколониалдык саясатынын курмандыгынын айынан, бир ууч элибиз Тажикстан, Кытай, Ооганстан өңдүү мамлекеттерге чачырап кеткен. Тажикстандагы граждандык согуш учурунда өтө кыйналып, көптөгөн замандаштарыбыз Кыргызстанга көчүп келүүгө аргасыз болушкан.

Азыркы учурда, Мургаб районунда 17000 (он жети миң) чамасындагы калк жашап, анын 95%ын кыргыздар түзүп, райондогу 14 мектептин 13үндө сабактар кыргыз тилинде окутулат. Мургаб району Тажик Республикасынын 37%ын, Тоолуу Бадахшан Автономиялык Облусунун дээрлик 60%ын түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын кыш айларындагы Баткен облусундагы чегарадагы болгон жагымсыз окуялардан кийин кыргыз-тажик чегарасынын жабылышы айрыкча Мургаб району үчүн өтө оор болду.

Мургаб району географиялык, экономикалык жактан Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен катташууга ыңгайлуу болгондуктан, элдин тууган-уруктарынын көпчүлүгү Кыргызстанда жашагандыктан, студенттеринин 90%ы Кыргызстандын ЖОЖдорунда окугандыктан, жана райондун климаты өтө оор экендигин эске алып, боордошторубузга кол сунуу менен “Бор-Дөбө”–“Кызыл-Арт” чегара бекетин ачып берүү жагын кароону өтүнөбүз.

 

Боордош-замандаштарыбызды колдоо менен:

М.Аскарбеков, “Эркин Эл” Саясый Партиясынын төрагасы

С.Дыйканов, “Асаба” Саясый Партиясынын төрагасы

С.Дүйшеналиев, “Кыргыз Эл” Коомдук Бирикмесинин төрагасы

М.Жолдошбаев,  “Кайрылман-Мекендеш” Коомдук Бирикмесинин төрагасы  

Ч.Капарбек уулу , “Ак Шумкар КУТ”  Коомдук Бирикмесинин төрагасы

И.Раимбердиева, “Кыргыз ӨзөгүКоомдук Фондунун жетекчиси

Т.Саралаев, “Жаңы муун” Бириккен Коалициясынын төрагасы

 7-феврал, 2014-жыл  

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *