Jul 03

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата – 7

Оо, адамдар!
Өмүр – сапар,
Жол жүрсөңөр
Жолуңар шыдыр,
жолдошуңар Кыдыр болсун.
Тилек ак, ниет таза, ишиңерди Кудай оңдосун.
Өрүшүңөр – малга,
Кырманыңар –данга,
Дасторконуңар – нанга,
Оозуңар – майга толсун.
Жакшы адамды Теңир
Жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон эр азаматтардын
Башынан сыймык кетпесин.
Карылар –дөөлөттүү,
Жаштар – мээнеттүү
Келиндер – келбеттүү,
Жигиттер алибеттүү болсун.
Барчылык болуп, токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жагып ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун.
Ата-баба арбагы жылоолоп,
Теңир колдосун…
Оомийин…