“Кыргыз таануу” коомдук уюмдар тилектештиги
Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз элдик бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, элибиздин элдик дөөлөтү учтан түпкө уланар.