Учурда Жапониянын Киото шаарында окуп жүргөн кезим. Бул жакка «Саат-Билим тил жана маданият борбору» аркылуу келгениме 4 ай болду. Ушул мезгил ичинде дароо байкаганым бул болду: жапондуктар өз Мекенин көздүн карегиндей аяр сакташат экен. Төрт тарабын океан курчап турган Жапония сууга чөгүп баратса да кучактап алып кошо чөккөнгө даяр эл экенине ынандым. Жерин, элин ушунчалык сүйүшкөндөрү чындап суктанаарлык.
Apr
24