Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист, кыргыз чоросу
Бишкектеги «Манас Айылы» этнографиялык комплексинде 20-март күнү жети боз үй тигилип, 25 уюм, коом, фонддордон турган мекенчилдердин «Кыргыз Таануу» коомдук уюмдар тилектештигинин тушоосу Улустун улуу күнүн белгилѳѳ менен бирге кесилди.
Салттык баалуулуктун негизинде адегенде малга бата кылынып, токтогулдук Токторбай ага байыркы кыргыз элинин бакшылык-шаманчылык өнөрүнүн негизинде зикир чалды. Умай энелер Жаңылкан Короолу кызы жана Гүлжамила Шакирова элибизге аруу тилектерди каалап Нооруз майрамына келгендерди аластаса, Жапаркул Раимбеков Кыдыр Атанын батасын ыроолоду. Ак таңдай акындар жар салып, манасчылар рухий баалуулукту ааламга таратты. Ырчылар, комузчулар, жаңы жаш таланттар, ыр-күүнү сүйгөн элибиздин шыктуулары да өнөрлөрүн элге тартуу кылды. Нурак Абдрахманов, Бакыт Мамаев, Токтобек Асаналиев, Фатима Султанова, «Достор» тобу, өспүрүмдөрдүн «Жаз» бийчилер тобу, ошондой эле бул майрамда өздөрүнүн да тушоосун кесишкен Рая Нурказиева жетекчилик кылган №86 орто мектептин жаш окуучуларынан түзүлгөн “Насыйкат” тобунун комузчулары майрам шаңын чыгарды. Удаасы менен үч бѳбѳктүн тушоосу да кесилип, жел тамандар жарышка түштү. Ал эми Кубанычбек Тезекбаевдин «Тай тебиш» боюнча шакирттери жана Актан Ажымамбетов жетектеген «Таймаш спорт» федерациясынын балбан билек шамдагай жигиттери бабаларыбыз басып өткөн тарыхыбызды эске салып, Кошой ата менен Жолойдун таймашын көрсөтүштү…
Толугу менен