«Алтын таажы болсо да, алмаштырбайм эч кимге, ак калпагың кийип жүр» деген ата-бабаларыбыздын насаат сөздөрүн унуткарбай аткарып жүргөн мырзаларыбыз кайда деген суроо бизди түйшөлдүрөт. Калпак – көчмөн кыргыздардын таажысын билдирген. Калпакты башка элге берүү – таажыны жоготуу менен барабар болгон. Элибиз «Калпакты жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Калпагыңды бөлөккө сатсаң, акылыңды сатасың» деген таамай сөздөрдү айтышкан.
Биздин бүгүнкү маектешибиз – калпагыбыздын баалуулугун сактаган жана барктаган адам. Ал, «ак калпакты белек катары тарата бергенди токтотолу” деген маселени көтөрүп жүргөн уз-чебер – Камчыбек МОЛДАРЫНОВ.
Tag Archives: Кол өнөрчүлүк
Наргиза ИСМАИЛОВА, дизайнер: «Кыргыз жигиттеринин бѳрү тукумундай кыйын болушун каалайм»
Жаш дизайнер Наргиза ИСМАИЛОВА Бишкектеги КГУСТА жогорку окуу жайына караган Инновациялык кесиптердин институтун ушул жылы бүтүрдү. Бул окуу жайы алты жыл бою дизайнерлерди тереңден окутуп, жылына мыкты бүтүрүүчүлѳр аяктап чыгышат. Кубантканы, акыркы жылдары улуттук ѳзгѳчѳлүктү баалаган жаштар кѳбѳйүп, улам жаңы идеяларды ойлоп таап, кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүнѳ, кийимдерине жана башкасына ѳздѳрүнүн жаратмандыгын кошуп, жашообузга жакшы жышаана беришүүдѳ.
Гүлмира КУТУЕВА, кол ѳнѳрчү: «Бала кезде сыйкырчы болгум келчү…»
Кыргыз эли негизинен иштүү, колунан кɵɵрү тɵгүлгɵн ɵнɵрлүү эл, билгенин аздектеп, кастарлап, кийинки урпакка калтырып келаткан калк. Ал эми аны улап кетүү, сактап калуу, кийинки муунга ɵткɵрүп берүү баарынын эле колунан келе бербейт… Биздин каарманыбыз – ошол баалуулуктардын укканын да, кɵргɵнүн да топтоп, тизмектеп жазып, ɵзү да жасап, азыркы кол ɵнɵрчүлүктɵ болуп жаткан кайра жандандырууда чоң салымын кошуп келаткан айтылуу чеберлердин бири – Гулмира Кутуева.
Жумагүл САРИЕВА, «Чапан» студиясынын жетекчиси: «Байыркы чапаныбыз жашап кетсин деген эңсѳѳм аз да болсо орундалды»
24-сентябрдан 27-сентябрга чейин ѳткѳн Москва шаарындагы «Россия модасынын» VI конкурсунда «Аялдардын үстүнкү кийимидери» номинациясында биринчиликти уткан «Чапан» студиясы ушул жылдын 17-мартында Кыргызстандын Жеңил ѳнѳржайынын конкурсунда Гран-при утуп алып, жогоруда аталган конкурска бара турган жолдомого ээ болгон. Азыркы алар жетишкен сыйлык – «Россия модасынын» сыйлыгы – россиялык «Текстильлегпромдун» анык адистик жана чыгармачылык үчүн бериле турган жогорку сыйлык.
Мырзалардын этно-саркеч кийимдери
Мирахим ТОКТОГУЛОВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчѳсү: “Жигит-мырзалар үчүн улуттук кийимдердин толкунун баштадык”
Мирахим Токтогуловдун кесиби философ. Анын ичинде кыргыздардагы “кайып кубулушу”. Изилдөөсү да, кесиби да кыргыздардын салттуу билимдерине байланышкандыктан, улуттук кийимдерди алып чыгууда билими ага чоң өбөлгө болду. “Кыргыз элинин философиялык билими, көрөңгөсү биз ойлогондон да алда канча терең, кенен экендигине күн сайын ынанып келе жатам” деген Мирахим мырза ушул темада кандидаттык ишин баштоо алдында турат. Бүгүнкү маегибиз жакында эле коомчулук алдына алып чыккан улуттук кийимдери тууралуу болду.
Аскат БУКАБАЕВ: «Фирма ачып, жаштарга жумуш берсем дейм»
Азыркы учурда биз өлкөбүздүн келечеги аталган жаштарбыз. Туура, келечек биздин колубузда. Бирок, бизди өкүндүрө турган нерселер көп. Арабызда өлкөнүн келечеги үчүн жан дилинен күйгөн жаштар, ошол эле учурда кайдыгер караган жаштар да көп. Мисалы, ичимдик ичип, колунан келсе да жумуш жасабай, көчө таптап убактысын текке кетирген жаштарыбыз арбын. Бул албетте өкүнүчтүү, ошол эле учурда бизди кубандырган нерсе, мүмкүнчүлүгү чектелсе да, күн сайын ооруп, кыйналып, каалаган жерине басып бара албай, каалаган нерсесин жасай албай жатып да жашоо үчүн күрөшүп, келечектен үмүт үзбөй жөн адамдын колунан келбеген иштерди жасап жүрүшөт. Ушундай жаштарыбыздын бири – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 24 жаштагы тургуну – Аскат Букабаев. Ал гемофилия деп аталган кан оорусу менен ооруйт. 11 жыл бою майыптардын арабасында күн кечирип, эки жылдан бери балдакка сүйѳнүп басууга далалаттанууда. Ушундай акыбалына карабай, кол өнөрчүлүктү өзүнүн аракети менен үйрөнүп, жакындарына кубаныч тартуулап келет.
«Кашкулак терисинин көлдөлөңдөрү ден соолукту сакайтат»
Маектешкен Улан ҮСЕЙИН уулу
Нурила МААТКЕРИМОВА, уз: «Кашкулак терисинин көлдөлөңдөрү ден соолукту сакайтат»
Териден жасалган буюмдар байыртан кездеменин ордун гана толуктабастан, адамдын ден соолугуна да пайда алып келген. Адамдын турмуш шартына жана саламатчылыгына пайдаланаарда, алардын колдонууга ыӊгайлуу болушу үчүн кийимге ылайыктуу терилерин жеӊил-желпи кылып жасашкан. Ал эми кѳлдѳлѳңдѳрдү койдун, эчкинин терисинен эле жасап чектелбей, аӊ териси болгон кашкулактын жана иттин терисинен да жасап колдонушкан. Бүгүн биз мына ушулар туурасында кенен билиш үчүн Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Нурила апа Мааткеримова менен маек курдук.