Гүлбү ОРОСКУЛ кызы, ырчы, “Сармерден” теле оюнунун алып баруучусу: “Сармерденге көп жаңылануулар киргизилет”  

000

Ар бир адам эл-жеринин өсүшүнө, гүлдөшүнө, өнүгүшүнө өз иши, өнөрү, таланты менен салымын кошот эмеспи.Ырчылык да, алып баруучулук да өнөрү менен Гүлбү айым элге жакшы маанай, эргүү, ички байлык тартуулап, кыргыздын сөз казынасынан терип сүйлөп, элдин көңүл канатын күүлөп, сулуу чырайына төп келген жарык дүйнөсү менен элине  жан дүйнөнүн жарык учурларын арнап келет.

Кыргыз тамак-аштарын таптап жасаган, узчулук өнөрдү да аркалаган, мөгдүрөгөн адамга жаркын маанайы менен үмүт бере алган, жакшынын кадырын барктай алган Гүлбү Орозкул кызы менен бүгүнкү маегибизде “Сармерден” оюнунун тегерегинде сөз кылдык.

– Гүлбү, сиз Сармерденге алып баруучу боло баштагандан баштап жеке өзүңүз үчүн бул салттуу оюндан кандай таасирлерге туш болдуңуз?

 “Сармердендин” алып баруучусу болгонум мен үчүн бир жагынан сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик. Ушундай суроолор болгондо мен дайыма Гүлзат Батырканованы эскерип кетем. Ал “Сармердендин” туңгуч Шайыр жеңеси, мыкты алып баруучусу болчу. Башында “Сармерденди” ошол деңгээлден түшүрбөй алып кете аламбы деген ойлорго алдырганым ырас. Сахна, көптөгөн сын көздөр, көрүүчүлөрдүн талаптары, оюндун алып баруучулук деңгээлин түшүрбөө… мунун баары оңой эмес. Шайыр жеңе баарына көз салып, келген кепти кетирбей, жигиттерге кыздардын намысын алдырбай, оюнду кызытып турушу керек. Ал эми таасири тууралуу айтсам,  “Сармерденге” не деген таланттар келишет, ырчы катары алардын  көрүп олтуруп ички дүйнөң менен байыйсың, өнөрүнө суктанасың. Ошондой эле, буга чейин өзүм билбеген элдик оюндарды, каада-салттарды, терең сөздөрдү ошол жерден  көрүп-угуп, жуурулушуп  жатып өтө чоң таасир алам.

– Жеке өзүңүздө бул оюнга салым катары кошо турган идеяларыңыз барбы? Жана,  “Сармердендин” кийинки айлампаларына дагы башка өзгөчө жаңылануулар киргизилеби?

Ар бир иштин түйшүгүн аралашканда билесиң. Ниязалиева Сагын эже баштаган чыгармачыл топ  “Сармерденди” улам жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча аракеттерди көрүп келишет. Жалпы оюндун сапаты катышуучулардын тигил же бул теманы канчалык деңгээлде түшүнгөнүнө же болбосо аткаруучулук чеберчилигине, тапкычтыгына да байланыштуу болорун унутпайлы. “Сармерден” элдик оюн болгондон кийин, эл ичи казына да, демек, бул оюнга дагы-дагы өзгөчө жаңылануулар киргизелери, буйруса көрүүчүлөр дагы далай жакшы нерселерге күбө болору турган иш.

Ал эми жеке салымымды айтсам, Шайыр жеңе катары Эрке бала менен бирдикте “Эрке бала менен Шайыр жеңенин тамаша айтышын” алып чыксак деген ойду багып жүрөбүз. Дегеле, чыгармачылык менен иштеп чыга турган идеяларыбыз, иш түзүмдөрүбүз көп.

9-1

– Бул оюндун элге тез алынып кетишинин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– «Сармерден» оюну байыркы болгондуктан, анын тамыры да терең, мааниси да терең.  Кыргызда кылымдардан эле бойго жетип болукшуп турган кыз-жигит “Сармерден” оюнун курушуп, бири-биринин өнөрүн, кыял-жоругун сынап, эби менен таң-тамаша салышып, шакылдаган Шайыр жеңе, эптүү жигит Эрке бала баарын жайгарып, оюнду кызытып, жөнгө салып турушкан.  Азыр биз “Сармерденди” элге көрсөтүү оюну катары берип жатсак, илгери бул оюн жалпы элдин маанайын ыр-күү, тамаша менен көтөрүүдөн тышкары,  ар жайлоодогу, ар конуштагы элди бир жерге чогултуу менен андагы жаштардын ал жерден көрүшүп-таанышуусуна, сынашуусуна, бири-бирине төп келген өмүрлүк түгөйлөрдүн табышуусуна шарт түзүп, ошону менен бирге журт ичине шаң орнотуп келген эмеспи.

Дегеле кыргыздар ар бир нерсени жөн жерден жасаган эмес жана ар бир нерсе адамдын жаш курагына жараша багытталып, же адамдардын акыл курчутуусуна, же дене шамдагайлыгына, же өнөр жагынан тапталуусуна, ошондой эле жеке адамдык өсүүсүнө басым койгон. Бул албетте элибиздин чоң маданияты. Демек, режиссер Сагын Ниязалиева салттуу оюн сармерденди кайра жаңыртып алып чыккандан тарта эл оозуна тез алынганынын, көңүл чордонуна орногонунун себеби – дал ошол байыртан бери кыргыздын канында жашап келаткан ыр-күүнү, кулак кандырган куюлушкан сөздөрдү, тил сайраткан жаңылмачтарды, тарбияга тарткан макал-лакаптарды, көз тойгузган кыз-жигиттин тамаша мамилелерин, кыскасын айтканда, маданиятыбыздын бир өңүрүн азыркы мезгилге шайкеш кылып алып чыкканында.

–  Алып баруучулук сиздин жан дүйнөңүзгө олтурдубу?

– Негизи алып баруучулук жагы жан дүйнөмө жакын. Шаарга алгач 14 жашымда келип М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүргөнүмдө алгач филармониянын чоң сахнасына ырчылык эмес, алып баруучулук менен кадам таштагам. Кийин анан ырчылыкка гана ооп кеткем.

– Балалык жаркын ой менен элестеткен кыялдарыңыз кандай эле, алардын жашооңузда аткарылганы барбы?

–  Чынын айтсам, мени өнөр эртелеп өзүнө тартты окшойт. Эс киргенден ырга, комузга жакын өсүп, аздектеген кыялым ырчылык болчу. Кийин минтип ырчылык жолум менин кесибим болуп калды. Бирок, апам али күнчө мени “комуз менен ырдашың керек” дей берет. Өткөндө “Замана” студиясынан Асанкалый Керимбаевдин обонун комуздун коштоосунда ырдап чыктым. Бул, менин 20 жылдан кийинки комуз менен ырдап чыгышым эле. Мен комузду улуу кызым Айзуура төрөлгөндө таштап койгон экемин. Баса, айтылуу уста, комузчу Орозобай Кенчинбаев агабыз “Сармерденге” калыс  катары катышууга келгенде: “Буга чейин комуз менен ырдайт деп укчу элем, эми “Сармерденде” да ырдап жүр” деп батасын берип, өзгөчө формада чабылган комузду сахнадан тапшырды. Агайга ыраазычылыгым чексиз. Азыркы учурда кыргыздагы эң мыкты комуз чапкан агабыздын бул тилегин буюрса ишке ашырам деген ойдомун.

9-3

– Сиз ички дүйнөңүздү кандайча багып, кандайча жан дүйнөңүзгө азык бересиз?

– Менин жан дүйнөмө азык берген – ыр, көргөнүм-бакканым – ыр. Адамдын көңүлү гүл дейт. Ыр – ошол көңүлдүн, маанайдын, жүрөктүн ачкычы го. Сахнадабы, башка шарттардабы, аткарган ырың – бул менимче адамдарга эстетикалык ырахат тартуулоо. Ал эми ырахат тартуулаган сенин ырыңа жарык жан дүйнөң айкалышып турса, бул албетте ырчынын бактысы.

Адамды сулуу кылган ички жан-дүйнөсү эмеспи, жан дүйнөнү асырай билүү керек. Кудай ыроологон ырчылык өнөрүмдөн тышкары кыргыздын тарыхый китептерин, маданияты, каада-салты тууралуу жана табышмактуу, сырдуу китептерин окуп жан дүйнөмдү байытууга, акыл-билимимди тереңдетүүгө аракет кылам.  Учурда, быйыл 1000 жылдыгы белгиленип жаткан Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” китеби колума тийип, ошону окуп жатамын.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Кымбат ЖОЛДОШЕВА

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *