Ар бир адам эл-жеринин өсүшүнө, гүлдөшүнө, өнүгүшүнө өз иши, өнөрү, таланты менен салымын кошот эмеспи.Ырчылык да, алып баруучулук да өнөрү менен Гүлбү айым элге жакшы маанай, эргүү, ички байлык тартуулап, кыргыздын сөз казынасынан терип сүйлөп, элдин көңүл канатын күүлөп, сулуу чырайына төп келген жарык дүйнөсү менен элине жан дүйнөнүн жарык учурларын арнап келет.
Кыргыз тамак-аштарын таптап жасаган, узчулук өнөрдү да аркалаган, мөгдүрөгөн адамга жаркын маанайы менен үмүт бере алган, жакшынын кадырын барктай алган Гүлбү Орозкул кызы менен бүгүнкү маегибизде “Сармерден” оюнунун тегерегинде сөз кылдык. Continue reading