Жанара МУРАТОВА, визажист: «Сулуулук – көздөрдө күйүп турган аялзатынын оту…»

«Адамдын кылып жаткан иши ага эркиндик менен ырахат тартуулаш керек, ошондо гана ал туура психологиялык абалда жашайт. Учурда мен ушул нерсени көп байкап келем, адам баласы көңүл бурууга жана жылуу мамилеге муктаж. Аны материалдык байлык эмес, адамдардын ички жакшы сапаттары гана камсыз кылып бере аларын көпчүлүк кабыл алгысы келбейт» дейт визажист Жанара Муратова.  

16-Жанара1

Биздин каарманыбыздын  сулуулук салонунда эмгектенгенине эки жарым жыл болду. Жогорудагы анын сөздөрүнөн байкаганыңардай, Жанара адам жүзүнүн гана сулуулугу менен алышпастан, ички сулуулук, жан дүйнөнүн тереңдиги, жашоонун жылуу жана ырахаттуу болушу үчүн да түйшөлөт.

– Жанара,  визажисттик ишиңизге чейин кайсы кесипте иштедиңиз эле?

– Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келгем. Ал жерде, өзүңүздөр билгендей, такыр башка чөйрө. Чыгармачыл адамдарга ал жак кайсы бир деңгээлде орунсуз сезилет. Кийин мен мамлекеттик кызматтан кетип, өзүмдүн ички табиятыма жакын болгон сулуулуктун сырларын изилдөөгө түштүм десем болот. Ошонун бир багыты катары визажисттик өнөр  жагып,  ушул тармакты аркалап калдым.

Негизи башынан эле аялзатынын сулуулугуна,  кийинсе кийимине, боенсо жүзүнө, жасанса чач жасалгасына кызыгып, аны дааналап ачып берүүгө болгон дегдөөм чоң болчу.

Ар бир адам жашоосунда философиялык суроолорго жооп издеп келет. Менин визажист болуп калганымдын түпкү себебинде жалпы эле адам таанууга болгон умтулуум, адамдар тууралуу  суроолор  жатат десем жаңылышпайм. Мисалы, өкмөттө иштеп жүргөнүмдө адамдардын  бир гана кырдуу образга чектелип калганынан  кысылып кетчүмүн. Демек, тандап алган кесибим мени түйшөлткөн суроолордун чечилишине жардамын тийгизет деп ойлойм.

– Бул тармакка ыктаганыңыздын себеби, демек, адамдын өзү болгон турбайбы?

– Ооба, адамга адам кызык. Болбосо, коомдук мамилелер кайдан түзүлөт эле. Менин азыркы кесибим түздөн-түз элдер менен иштешүүгө багытталгандыктан, кабыл алган  кардарларым  менен иштешүү биринчиден адам таанууга карай багыт алган жана алардын сулуулугун ачып берүүдө кулк-мүнөзүн, табиятын, кыялын түшүнүү мен үчүн абдан маанилүү. Себеби, ар бир кыз бири-бирине окшошпогон өзгөчөлүккө ээ, ал эми ошону таба билүү – менин ишимдеги орчундуу маселе.

Визажисттин жумушу сөзсүз түрдө изденүүнү талап кылат, мында чыгармачылык дарамет болбосо болбойт. Боектордун табиятын жана эрежесин так билүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, визажист – бул сүрөткер. Анын иши өтө жоопкерчиликтүү.

55

– Сиздин түшүнүгүңүздө сулуулук деген эмне?

– Кыздардын, эжелердин бардыгы эле сулуулук издешет, бул табигый нерсе. Мага мектеп окуучуларынан баштап улгайган апаларга чейин келишет.

Ар кайсы курактагы аялзаты менен маектешип отуруп,  менде мындай көз караш калыптанды:  сулуулук  – бул аялзатынын табияты. Чыныгы сулуулук ичтен сыртка чыгат. Башкача айтканда,  аялзатына мүнөздүү  касиеттер менен тарбия  нак сулуулукту жаратат.

Шаар аралап басканда сулуулукту издеп калам. Азыркы кыздардагы сулуулук кыргыз кызына мүнөздүү болгон колориттүү сулуулуктан алыстап кеткендей сезилет. Биз билген Таттыбүбү эжекебиздин сулуулугун караңыздарчы, кандай терең катмарлар чөгөрүлгөн: мээрим, назиктик, сезимталдык, бирок ошол эле учурда эмне деген кайрат жана акылмандуулук камтылган.

Азыр бизде сулуу кыздар жок эмес, бирок басымдуу көпчүлүгүндөгү сулуулук жасалма түрдө калып калгандай, кашка каш, тырмака тырмак  кошуу жана башка ушул сыяктуу. Нуру жок, супсак сулуулук адамды тартпайт. Сулуулук  – көздөрдө күйүп турган аялзатынын оту болуш керек. Көздөрдөгү от канчалык жалындап күйүп турса, аялзатынын жүзү ошончолук нурдуу жана жылдыздуу болот.

Ал эми кыздар канчалык жасалма сулуулукка умтула беришсе, ошончолук өз бактыларын кырка баштайт, ошону түшүнүш керек. Сырткы келбет ички дүйнөнүн абалына жараша боло тургандыгын билүү маанилүү. Себеби, кыз кишинин коом тарбиялоодо орду чоң, ошондуктан, адегенде кыздар өздөрүн аялзаты катары таанымайын, эркек балдардын жүрүм-турумунун оңолушу кыйын.

Нукура сулуулукту жок кылган сайын визажист адам дагы өз бактысын кырка баштайт. Балким, салондордо иштеген көп кыздардын багы ачылбай келгенинин да сыры ушундан болсо керек деп ойлоп кетем.

16-Жанара

– Демек, сиздин визажист катары иштөө ыкмаңыз адаттагылардан айырмаланат десек болобу?

– Менин ишимдин мүдөөсү – мага келген кардарлардын табигый сулуулугун ачуу. Мен эч кандай  химиялык каражаттарды колдонбойм.  Адамдын нукура сулуулугун жоготпой  иштөө – менин ыкмам.

– Аялзаты эмне үчүн боенуп-жасанат?

– Аялзатынын жүзүн сулуулап жакшыртуу убактылуу нерсе, аны бир канча убакыттан кийин жууп салышат эмеспи. Болгону, ошону менен аларга өзүн башкача көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет жана жеке өзүнө болгон ишенимин арттыруу сыяктуу сезимдердин тарбияланыша да  жардамын тийгизет.

Бирок, эң негизги нерсени унутпашыбыз керек: аялзатынын жашоодогу милдети – бул ички сулуулугун ойготуу болуп саналат. Аялзатынын ички табиятынын сулуулугу канчалык ачылганына жараша, анын ошончолук бактылуу болушу аныкталат.

Аялзатынын мээриминен өткөн жылуулук жок, коомду оңдоо жана өнүктүрүү сөзсүз түдө аялзатынын энергиясына байланыштуу. Аялдары аялдык касиетин карманган, кыздары ыйманга келген элдин жана аялзатын сыйлап-урматтаган элдин гана уучу узарып, көкөлөп өсөт.

Кымбат ЖОЛДОШЕВА

88

 

One thought on “Жанара МУРАТОВА, визажист: «Сулуулук – көздөрдө күйүп турган аялзатынын оту…»

  1. Абдан жакшы, ойлорунуз баалуу экен. Ишинизге ийгилик каалайм. Бирок Руси аттуу жигиттин жубайы менен уулу бар экени эсинизде болсун!

Leave a Reply to Б.А.К. Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *